Кыргызстанда жашы жете электердин кечки саат 22:00-23:00дөн кийин чоңдордун коштоосусуз тайм-кафе жана антикинотеатрларга баруусуна чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Ведомствонун билдирүүсүндө, мындай жайлардагы ичинен бекитилүүчү жабык бөлмөлөр балдардын жыныстык кол тийбестигине коркунуч жаратып, ичимдик, вейп жана баңгизат колдонууга жол ачары белгиленген. Түнкү убакта өспүрүмдөрдүн көзөмөлсүз жүрүшү аларга карата кылмыштардын жасалышын же өздөрүнүн тартип бузуусун шарттайт.Учурдагы мыйзам боюнча жашы жете электерге түнкүсүн коомдук жайларда жалгыз жүрүүгө ансыз да тыюу салынган. Жаңы түзөтүүлөр бул эрежени антикафе жана антикинотеатрларга да түздөн-түз жайылтууну көздөйт.ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөдө өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук акыркы убакта 11%га өскөн.