• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Өлкө базарларында мектеп китептеринин мыйзамсыз сатылышы текшериле баштады

Автор:Osh Shamy

Сен 16, 2026

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө базарларында мамлекеттик окуу китептеринин сатылышын чукул текшерүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Мындай чара жаңы окуу жылынын башталышы менен мектептерде китеп жетишсиздиги курч бойдон калып, ошол эле учурда окуучуларга акысыз бериле турган китептердин базарларда акчалай сатылып жаткандыгы тууралуу даттануулардан улам кабыл алынды.Тапшырмага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ), УКМК жана Агартуу министрлиги өлкө аймагында биргеликте рейддерди өткөрүп, акысыз китептерди сатыкка чыгаргандарды аныктап, аларга карата мыйзам чегинде катуу чараларды көрүшү керек болот. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган жана бюджеттин эсебинен басылып чыккан окуу китептерин сатууга эч кандай укук жок экенин эскерткен.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *