• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Оштун шыңга бойлуу чемпион кыздары

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 27, 2026

Шыңга бойлуу, сөөк-саактуу, узун буттуу кыздарды көргөндө, көз алдыбызга дароо тор аркасында топ кубалаган волейболчу селкилер тартылары бышык. Ажарына акылы, сымбатына спорттун деми айкалышкан мындай кыздар бүгүн кыргыз спортунун көркүн ачууда. Жакында эле Ош шаарында кыз-келиндер арасында КРнын Улуттук лигасынын XVIII чемпионаты жыйынтыкталып, анда Ош шаарынын кыз-келиндер волейбол клубу биринчи орунду багындырды. Көп жылдык талыкпас эмгекти, үзгүлтүксүз машыгууну жана командалык ынтымакты туу тутунган бул жеңиштин артында кимдер турат? Бул тууралуу клубдун башкы машыктыруучусу Нуркыз Исмаилова жана команданын бел байлаган оюнчусу Айдана Абдыкадыр кызы менен маектештик.

Тор артындагы айыгышкан салгылашуу жана алтын медаль

– Нуркыз эже, Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты өз маарасына жетти. Түштүк борборундагы бул спорттук мелдеш кандай маанайда өттү?

– Быйыл Ош шаарында 9-11-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулган улуттук лигалардын XVIII чемпионатынын үчүнчү, жыйынтыктоочу финалдык туру жогорку деңгээлде өттү. Буга чейин бул жылдын эсебинен эки тур Бишкек шаарында ойнолгон. Жалпысынан кыз-келиндерден 4 команда, мырзалардан 4 команда катышып, чыныгы спорт майрамын тартууладык. Оштук күйөрмандардын сүрөөнү астында биздин Ош шаарынын командасы баш байгени, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду “Дордой”, үчүнчү орунду “Салам-Алик”, төртүнчү орунду “Бишкек” командалары багындырды. Ал эми жигиттер арасында “Бек Жалал-Абад” командасы чемпион аталса, “Кара-Суу” экинчи, “ВВ МВД” үчүнчү, “Аскерлер” төртүнчү орунга татышты.

Канаттуу кыздар кайдан тандалат?

– Командага оюнчуларды тандоодо негизги талаптар кандай жана алар кайсы аймактардан келишет?

– Биздин «Ош шаары» волейбол клубу 15 жылдан бери түштүк аймагынын, Ош шаарынын намысын коргоп келет. Курамыбызда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын чыгаан кыздары топтолгон. Биз оюнчуларды өспүрүмдөр жана мектеп лигаларынан, студенттердин арасынан издеп табабыз. Кыздардын оюн техникасына, тактикалык даярдыгына, шыгына өзгөчө көңүл бурабыз. Волейболдо бойдун узундугу абдан маанилүү болгондуктан, шыңга бойлуу кыздарга артыкчылык берилет. Клубга 16 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндерди кабыл алабыз. Ушул күнгө чейин мен өзүм 12 спорт чеберин тарбиялап чыгардым.

– Бир чоң мелдешке даярдануу үчүн канча убакыт кетет? Сыйлыктар, каржы маселеси кандай чечилген?

– Атайын графигибиз бар. Жайында бир-эки ай тыныгууну эсептебегенде, жыл бою тынымсыз машыгуу үстүндөбүз. Ноябрда өтүүчү Кыргызстандын кубогуна азыртадан катуу даярданып жатабыз. Буга чейин өлкөнүн үч жолку чемпиону болгонбуз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын президентинин кубогунун төрт жолку чемпионубуз. Негизи, федерация тарабынан акчалай сыйлык каралган эмес, кубок, медаль жана дипломдор берилет. Бирок, быйыл Ош шаарынын мэриясынын алдында жаңы волейбол клубу түзүлүп, бизге чоң колдоо көрсөтүлүүдө. Мэрия мелдештерге барууга кеткен бардык чыгымдарыбызды каржылап, ар бир оюнчубузга атайын стипендия төлөп берет. Мындан сырткары, биздин команданын 4 кызы улуттук курамда ойноп, Азия оюндарында чемпион болуп келишти.

Түштүктүн менталитети жана спортко келген кыздын бактысы

– Сиз спортто 25 жылдан ашык убакыттан бери жүрөсүз. Команда менен, өзгөчө кыз-келиндер менен иштешүүнүн кандай татаалдыктары бар?

– Эркек балдар менен иштегенден көрө кыз балдар менен иштеген бир топ татаал деп айтар элем. өзүңүздөр билгендей, биздин түштүк чөлкөмдө өзүнө таандык менталитет, ата-эне, тууган-урук тарабынан тыюулар көп болот. Кыз бала телефонго алаксыбай, спорт менен алек болсо ден соолугу чың болот деп түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Биз волейбол менен бирге кыздарга “Кыз бала кандай болушу керек, келечектеги эне кандай болушу керек?” деген насааттарды айтып, турмушка да кошо даярдап келебиз. 2012-жылы алгачкы ирет “Алай-Датка” командасын түзгөндөн бери 200дөн ашык кызды тарбияладым. Кыздар келет, 1-2 жыл ойноп, анан турмуш жолуна аттанышат. Бирок баары менен эже-сиңдидей тыгыз байланыштабыз. Менин түшүнгөнүм – спортко келген адам турмуштан өз ордун табат. Кыздарымдын баары бактылуу болуп, жакшы жумуштарга орношушту.

Айдана Абдыкадыр кызы:
«Волейбол – менин кесибим, хоббим»

– Айдана, спортко кандайча келип калдың жана бул жеңиш сага кандай сезимдерди тартуулады?

– Мен волейболго 9-классымда келгем. Профессионалдык спорт үчүн бул бир аз кечирээк. Айылда жүргөндө ыр-бийге караганда ушул спортко жүрөгүм бурулду. Кийин ОшМУнун дене тарбия факультетине тапшырып, машыгууну уланттым. Аракеттин арты менен улуттук курама командага кабыл алындым. Былтыр өлкө чемпионатында экинчи орунду алган элек, быйыл чемпиондукту бербейбиз деп бекем бел байлап максатыбызга жеттик. Бул биз үчүн чоң кубаныч! Бизди ар тараптан колдоп турган клуб жетекчилигине, демөөрчүбүз мэрияга, Масуда Айдарбековага ыраазычылык билдирем.

– Жашооңду волейболсуз элестете аласыңбы?

– Жок, элестете албайм. Себеби бул менин кесибим, менин хоббим. Менимче, ар бир аялзатынын өзү сүйгөн иши болушу керек. Стресске кабылганда же маанай чөккөндө, майданга чыгып топту шилтегенде бардык күнүмдүк түйшүктөр унутулуп, өзгөчө бир дем, таза энергия аласың. Волейбол – менин жашоомдун маанилүү бир бөлүгү.

Ош шаарынын кыз-келиндер воллейбол клубунун оюнчулары

Пазылова Айтурган: 2007-жыл, бою 1,71м

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *