1895-жылдын 2-мартында өлүм жазасына тартылган Камчыбек менен Акпалванды азыркы эски автобекеттин тушундагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги тегирмендин жанына атайын курулган бийик секичеге алып келишти. Аянтка аябай көп адам топтолгон. Ошондогу окуяны көзү менен көргөн Алай районунун Ак-Босого айылында туулуп, Миязды кыштагында жашап, 1975-жылы 96 жашка чыгып каза болгон карыянын оозунан уккан Жакишев Мати мындайча сүрөттөйт: “Камчыбек менен Акпалванды мылтыкты мүрүлөрүнө аскан желдеттер тегеректеп коштоп келишти. Алардын саны 16 болчу, Камчыбек Меккеден алынган төөнүн жүнүнөн жасалган чепкен, башында “ак-суп допу”, бутунда намеркен өтүк кийген, узун-бойлуу, нооча, дабердес, кара каш сулуу жигит экен. Ал эч нерсе болбогондой, капарында эч нерсе жоктой салмактуу басып оң жагына бир, сол жагына бир бурулуп салам айтып келди. Салабаттуу, көзү оттой жайнаган Камчыбектин саламына эл дуулдап алик алып турду.
Акпалван кең далылуу, жоон-жолпу, толмоч, бапыйып басып келди, жүзүнөн шоргологон терин улам-улам жеңи менен аарчып коёт. Жигиттер дарга жетип токтоп калышты. Алардын мойнуна асылган темир чынжыр колуна да, бутуна да байланган. Миршаптин бири (желдеттин) күрсүнү (бутка койгон жумуру дөңгөч) Камчыбектин алдына коюп боюна өлчөп дардын жибин даярдады. Камчыбек миршапка карап, «намаз окуп алайын» деп кайрылганда, солдат Повало Швыйковскийди карап калды. Облустун губернатору башын ийкеп макулдугун билдиргенде, колу-бутундагы кишенди чечип алышты. Ошол каргашалуу учур эл оозунда сакталган аңызда төмөндөгүчө сүрөттөлөт:
Ай айланып тергеди,
Ай ордуна келбеди.
Күн айланып тергеди,
Күн ордуна келбеди.
Камчыбектин боз аты,
Дар астында токулган,
Камчыбектин намазы,
Дар астында окулган.
Камчыбек намазын окуп бүтүп дарга басып келди да, күрсүнүн үстүнө чыкты, аса турган жипти эки колу менен керип тарта кармап элге кайрылды.

Камчыбектин дарга асылышы. А. Хасанов тарткан сүрөт.
«Оо калайык калк! Менин силерге айтар сөзүм бар! Мен ушул иштен ак элем, башынан менин оюм каапырларга чап эле, күнөөсүз караланып, жалган жалаа менен баратам, бирок менин ак экендигимди далилдеген күбөм бар» деп Камчыбек саамга тунарып, токтоп калды. Эл тымтырс болуп угуп турушту, дейт карыя андан аркы сөзүндө, «бул ишти мен уюштурган болсом күн чыгышты карап калам. Эгерде батышты, кыбыланы карап токтоп калсам ак болом, күбө болуп койгула!» деп сыйыртмакты мойнуна салмак болгондо, аттын дүбүртү чыгып, элдин баары бурулуп чаң чыккан жол тарапты карап калышты, уюлгуган чаң арасынан жоон топ атчандар чыга келишти. Ар кандай кырдаалга даяр болууга көрсөтмө алган желдеттер мылтыктарын мээлеп туруп калышты. Айлана заматта тынчып, күүлдөп турган эл бир саамга тымтырс боло түштү.
«Датка эне келатат!» деген сөз катуу шамал жүргөндөй жөөлөшүп турган элге тарады. Кара жорго минген, көгүш кымкап кийген, ак элечегин бапыйтып оронгон Курманжан датка түз салдырып келип дардын алдында аттын оозун чукул бурду. 80 жаштан ашкан байбиченин атка чабандес, ыкчам экендигин баамдагандар таңданып карап калышты. Жанында Баатырбек, Мамытбек, Асанбек, жандаган жигиттери, Датка эненин жакын туугандары бар эле.
Курманжан датка дардын жанына жакын келип, башындагы элечегин артты көздөй түртүп боюн түздөп алганча Камчыбек бурулуп карап, “Апа, келдиңби!” — деди. Ошондо жүрөгүнөн кан аккан эне түйүлдүктөй болуп түйүлүп, бирок боюн чыңап, чымырканып ботосуна карап: “Камчыбек! Башыңды көтөр, балам! өлүмгө тике кара! Сенин ата-тегиң жаздыкта жан берген эмес! Кайраттуу бол! Балам! Ак сүтүмө ыраазымын!”- деп кайрылды.
Дагы кандай болуп кетет деп алактаган солдаттар тез арада жипти тартып, шашып дөңгөчтү бутуна коюп Камчыбектин мойнуна сыйыртмакты салмак болгондо, “тийбе!” деп Камчыбек өкүм сүйлөдү. Камчыбек желдеттин колунан сыйыртмакты акырын алып, мойнуна салды да, буту менен күрсүнү тээп жиберди. Аңгыча дардын жиби үзүлүп, Камчыбек тикесинен-тик туруп калат. Ошол замат Курманжан датка Повало-Швыйковскийге карап, “Жараткан Алла өзү актап жатат! Баламдын күнөөсү жок! Жаза да бир! өлүм да бир! Баланы бошоткула!” деп өкүм менен кайрылат.
Жарданып карап турган эл да толкуй түшүп, бул жакшылыктын жышааны го дегенсип көз ирмемдей убакытта жакшылыктан үмүт кыла жооп күтүшөт. Бирок Повало-Швыйковский кайрадан аскын дегендей ишарат бергенде, желдеттер алдасташып буйрукту тез аткарганча шашышты. Курманжан датка Повало-Швыйковскийге кылчая карап, “сен канкорсуң, адилетсиз мыкаачы!” деп аттын оозун бош коюп чаап жүрүп кетти. Камчыбекти экинчи ирет асышканда, ал узун болуп созула түштү, кайра жыйрылды, оңго бир, солго бир чимирик болуп айланды, селкинчек болуп күүлөнүп анан акырындай айланкөчөк болуп термелип туруп, күн батышты — кыбыланы карап так токтоду.
Ошондогу элдин узатып ыйлаган үнүнөн Ошто кара көчкү жүрүп кеткендей болду. Эң өкүнүчтүүсү анын ак экендигин далилдегендей, кыбыланы карап калганы элдик лакап болуп айтылып келет. Повало-Швыйковскийдин макулдугу менен Камчыбектин сөөгү туугандарына берилди.
Мөөнөт Акпалванга келди, ал эки кадам басып барып мүдүрүлүп жыгылып ошол бойдон жан берди. Андан кийин «Мамытбек, Мырзапаяз, Арстанбек Сибирге сүргүнгө айдалды деп акыркы өкүмдү угузду».
Ошол окуянын эл оозунда оозеки айтылганы:
Сөздү күтүп Асанбек,
Дилинде турду Алла деп,
Арканы дардын үзүлдү.
Актыгын Аллах, эл билет.
Күнөөсү бар Акпалван,
Дарга жетпей жан берди.
Карап турган калайык,
Камчыбекке тан берди.
Эрдиги анын билинип,
Экинчи жолу кайрадан,
Бегиң дарга илинип.
Каары катуу «ак паша»,
Камчыбекти жайлады,
Калганын Шыбыр айдады.
Ошентип, мындан 130 мурда болгон адилетсиз окуяны эл укумдан-тукумга оозеки айтып сактап калган.
Сот болгонго чейин эле Курманжанга Камчыбектин абалары, кадыр-барктуу аксакалдар кайрылышып: «Бектерди бошотуп алалы, абакканадан алып чыкканда, эң ишенимдүү жоон топ азаматтардын капыстан кол салуусу менен орустардын колунан куткарып, Алайды көздөй алып кетели, жанга күч келсе чек арадан Кашкарга өткөрүп жиберсек да болот», — деген сунуш менен кайрылышкан. Жигиттер түрмөгө кол салууга даяр экенин билдиришкен. Эгерде Курманжан даткадан макулдук болсо, ошол замат Анжиянда болгондой кызыл кыргын, кара сүргүндү кайталаган кан төгүлүү башталмак.
Бирок Курманжан анык ханышалык жообун ушул учурда берген: «Эне үчүн көз алдында баласын оо дүйнө узаткандан катуу азап жок, өзөгүм өрттөнүп, от кечип, чок чайнаган абалдамын, каапырларга кайрылып барбаган жерим калбады. Баламды сактап калсам эл кырылат, элимди сактап калсам, баламдан айрылам. Мен түпсүз туңгуюктун арасында, жылчыксыз ордун түбүндө калдым, балам деп караламан элди кыргынга салсам, бу дүйнө, тиги дүйнө мага кечирим болбойт. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы? Кудай бешенеге ушул тагдырды жазыптыр, күнөөсүз өлүм-шейит өлүм, Камчыбектин аркы дүйнөсүн бейиштен берсин деп дуба кылгыла!» — деп жооп берген дейт урпагы Инаят Кадырбеков.
Анын сөздөрүндө темирдей бекемдик, алыскыны көрө билген даанышмандык, жалпы элдин тынчтыгын баласын жоготуудан жогору койгон кажыбас кайраттуулук касиеттер жатат. Бирок, моюнга алып, айтып койчу жагдай, Датка эненин ааламы аңтарылып, бүт жан дүйнөсү талкаланып, жарык дүйнө караңгы болуп, карбаластаткан эң оор учурда «тоодой азапты көмүрүп, көлдөй кайгыны шимирип» ичине салып, өзүн жоготпой, кармай билген кайраты ушул азаптуу күндөрдө таасын көрүндү. Ошол учурдагы Кыргыз каникесинин кайраттуулугуна душмандары да тан беришкен. Каргашалуу окуяны Камчыбектин небереси Инаят абам мындайча айтып берген: «Камчыбекти асуу үчүн алып келген күнү Ак-Буура суусунун оң жак жээгине эл абдан көп топтолгон эле, эл толкуп турган, бирок даткадан уруксатсыз күзөтчүлөргө кол салууга эч ким батына алган эмес. өкүм аткарылганча, эл демин ичине алып, онтоп турду, кээ бири акырын бышактап ыйлап, кээ биринин өңдөрү корккондуктан купкуу болуп кеткен, дагы алда кандай болуп кетет деп коркуп, алаңдаган көздөр. Аңгыча Датка элге кайрылып:
“Баланы Мадыга алып баргыла! Абийири ошол жакта жасалат!” — деп өзү күн чыгышты, Алайды көздөй жол алып жүрүп кетти. Эл узап кеткен датканын артынан көч баштаган серкедей ээрчип агылды».
Датка эненин кошогу
Камчыбектин асылышы Санкт- Петербургдун коомчулугуна массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири маалымдалгандыгын төмөнкү саптар айкындайт: «2-марта 1895 г. в г. Оше Туркестанского края, приведен в исполнение приговор временного военного суда по делу об убийстве таможенных стражников, конфирмованный начальником Туркестанского края бароном Вревским. Главные виновники убийства Камчыбек Алимбеков и Палван Пехтыбаев подвергнуты к смертной казне через повешение. 6 киргизам принимавших участие в убийстве, смертная казнь заменена ссылкой на каторжные работы, Мамытбек Алимбекову казнь заменена ссылкой в Сибирь. Семья Алимбековых в киргизском населении края пользуется особым уважением и почетом, как потомки ханского министра Алымбека».
Ошондогу датканын кошогу азырга чейин эл оозунда сакталып калган:
«Апа!» деп жүрөк эзилип.
Ар-намыс үчүн эр-жигит,
Эңилбес башы кесилип.
Эзелтен кандуу күрөшкө,
Баатырлар кирген чечинип.
Мезгилсиз келген өлүмгө,
Чыдайм го шордуу сезилип.
Ичимден боздоп турганда,
Ирмебей кирпик жумганда,
Иргесем акыл — ажалды,
Дабалап душман туйбасын.
Ийнедей сайып жүрөккө,
Моокуму канып турбасын.
Кесирим тийип элиме,
Касташкан душман кырбасын.
Көк көйнөк кийип турганым,
Көөндө жок аза кылганым.
Ак сүтүмдү актадың,
Ажалды күтүп турганың.
Мойнуңда аркан кыл чылбыр,
Койнума түшкөн жыландай,
Армандуу болгон тагдырдан,
Кудурет кетип жыла албай.
Кол куушуруп жалынып,
Куткарып сени калалбай,
Кадырман элге бейпилдик,
Каалагандан бара албай.
Калкалап элди калдымбы?
Курманга сени чалдымбы?
Кайыр кош, ботом, кайрылгыс,
Кут болсун, шейит жолдоруң…
Курманжан баласы Мамытбек, неберелери Мырзапаяз жана Арстанбек Сибирге сүргүнгө айдалганда кошкон кошогу:
Жарылгансыйт жүрөгүм,
Мен эмнеге күйөмүн.
Мырзапаяз жоодугер,
Бек кеткенге күйөмүн,
Ага, тууган аман бол,
Деп кеткенге күйөмүн.
Уезддеги акимдер,
Пул салганга күйөмүн.
Тобу менен айымдар,
Тул калганга күйөмүн.
Кара дарга асылып,
Баш кеткенге күйөмүн.
Он үчтөгү Арстанбек,
Жаш кеткенге күйөмүн.
Мейманкана ак сарай,
Бош калганга күйөмүн.
Так Сулайман ыйык жер,
Ош калганга күйөмүн.
Генерал Н.И. Корольков «Причастность его (Камчыбека — Т.0.) а также Мамытбека, Мырзапаяза и Арстанбека к убийству так и не была доказано», — деп мойнуна алган. Камчыбектин күнөөсүз асылганын Ю. Головнина мынтип жазыптыр «Камчыбек был казнен по подозрению весьма слабо мотивированному, в участии в убийстве русского — впоследствии было почти доказано, что в день убийства он был за 150 верст от места преступления».
Адилетсиз өкүмдөн кийин генерал Повало-Швыйковский ойлогондой өз алдынча, эркин жашоого көнүп калган тоолук кыргыздар корккондон тынчып, кол куушургандын ордуна, арадан көп өтпөй тарыхта Анжиян көтөрүлүшү деп аталган көтөрүлүшкө чыгышкан. Генерал өзү да элдин кыжырдануусун, жек көрүүсүн кадам сайын сезип, тоодой толкуган эл басып келаткандай, көзүнө коркунучтуу нерселер көрүнүп белгисиз оору менен ооруп, жанын коёрго жер таппай кыйналып жатып өлгөн. Ал өлөрдөн мурда эле мемиреген терең тынчтыкта жергиликтүү элдин орус аскерлерине кол салышына жол бергендиги үчүн деп айып коюлуп, отставкага чыгарылган.
Ал жөнүндө орус басма сөздөрүндө: «Негизи Повало Швыйковский Түркстанда өзү жөнүндө өтө жагымсыз пикир калтырды», — деп белгилешкен.
Соттун чечими менен Сибирге айдалган Мамытбек Алымбеков жана Баатырбектин 12 жаштагы баласы Арстанбек Иркутский губерниясындагы Нижеудинский уездине караштуу Тюмень волостунун Тумино кыштагында темир жол курулушунда иштешкен. Ал эми Абдылдабектин баласы Мырзапаяз Енисей губерниясындагы Каинский округунун Ирбеевский волостунда катталып, 1897-жылдын март айынан ошол эле областтын Нижеудинский округунун Куйтунский кыштагында сүргүндү өтөгөн. Ушул окуядан кийин соттун өкүмүнүн адилетсиздигин тымызын моюндарына алышып, орус бийлик төбөлдөрүнүн арасынан адамдык абийири тынчын алып, Датканын күнөөсүз айдалган балдарынын элине кайтып келүүсүнө жардам берүүгө бел байлагандар табылган.
Турсунай өмүрзакова,
“Доор инсандары” китеби