Сандар адамдын мүнөзүн, келечегин жана тагдырын аныктай алабы? Акыркы жылдары өзүн таанып-билүүгө кызыккан адамдардын арасында нумерологияга болгон кызыгуу да артууда. Айрымдар сандардан жашоосуна жооп издесе, башкалары аны жөн гана ишеним же дал келүү катары кабыл алышат. Каарманыбыз психолог, сандык психолог жана нумеролог Субанова Карлыгач Жыргалбековна менен нумерологиянын адам жашоосундагы орду, сандардын символикалык мааниси, психологиядан айырмасы жана ага ашыкча ишенип алуунун мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу маек курдук.

-Карлыгач айым, сиз үчүн нумерология илимби, интуициябы же ишенимби?
-Мен үчүн нумерология адамдын өзүн таанып-билүүгө болгон аракетинин бир жолу. Адам көбүнчө өзүнүн мүнөзүн, күчтүү жана алсыз жактарын толук түшүнө бербейт. Ошондуктан ал өзүн изилдөөгө, ички дүйнөсүн түшүнүүгө кызыгат. Нумерология да айрым адамдар үчүн ушундай кызыгуунун бир бөлүгү. Мисалы, адам өзүнүн кандай сапаттары бар экенин, эмнеге көбүрөөк кызыгарын же кандай максаттарга умтуларын ойлонуп көрүшү мүмкүн. Бирок нумерология илимий жактан далилденген ыкма эмес экенин да түшүнүү керек. Аны адамдын мүнөзүн же келечегин так аныктап берген илим катары кабыл алууга болбойт. Менимче, эң негизгиси алынган маалыматты туура түшүнүп, адам өзүнүн жашоосундагы чечимдерди акыл менен кабыл алышы керек. Ал эми динге жана ишенимге байланыштуу ар бир адамдын жеке көз карашы бар.
—Сандардын чечмеленишин айтып бересизби.
-Ар бир туулган күн өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү, жөндөмдөрдү жана сапаттарды камтыйт. Нумерологияда туулган күн адамдын мүнөзүн жана мүмкүнчүлүктөрүн символикалык түрдө чечмелөө үчүн колдонулат.
1 санына киргендер: 1, 10, 19, 28 — лидерликке умтулган, өз алдынча чечим кабыл алганды жакшы көргөн, демилгелүү адамдар.
2 санына киргендер: 2, 11, 20, 29 — сезимтал, боорукер, адамдар менен тил табышууга жөндөмдүү, мамилени баалаган адамдар.
3 санына киргендер: 3, 12, 21, 30 — чыгармачыл, шайыр, сөзгө чечен, жаңы идеяларга бай адамдар.
4 санына киргендер: 4, 13, 22, 31 — тартипти сүйгөн, жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана туруктуулукту баалаган адамдар.
5 санына киргендер: 5, 14, 23 — эркиндикти сүйгөн, өзгөрүүгө даяр, изденгич жана жаңы тажрыйбаларга кызыккан адамдар.
6 санына киргендер: 6, 15, 24 — камкор, мээримдүү, үй-бүлөнү жана жакындарынын бактысын жогору баалаган адамдар.
7 санына киргендер: 7, 16, 25 — терең ой жүгүрткөн, байкоочу, билимге кызыккан жана ички дүйнөсүнө маани берген адамдар.
8 санына киргендер: 8, 17, 26 — максатка умтулган, уюштуруучулук жөндөмү бар, ийгиликке жана материалдык туруктуулукка кызыккан адамдар.
9 санына киргендер: 9, 18, 27 — боорукер, кең пейил, адилеттүүлүктү баалаган жана башкаларга жардам берүүгө умтулган адамдар. Бул мүнөздөмөлөр нумерологиядагы символикалык түшүндүрмөлөр болуп саналат.
-Сизге адамдар көбүнчө кандай суроолор менен кайрылышат?
-Адамдар көбүнчө каржы, сүйүү, үй-бүлөлүк мамилелер жана жашоодогу максаты тууралуу суроолор менен кайрылышат. Айрымдар өздөрүнүн кайсы багытта өнүгүшү керектигин билгиси келсе, башкалары мамилесинде эмне үчүн кыйынчылыктар болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылышат. Мисалы, бир адам: «Мен эмнеге баштаган ишимди аягына чейин жеткире албайм?»-деп сурашы мүмкүн. Дагы бирөө: «Эмне үчүн адамдар менен мамиле түзүү мага кыйын?» — деп кайрылат.

-Өзүңүзгө белгилүү болгондой кыргыздарда 7 саны ыйык деп эсептелет эмеспи. Нумерологияда эң күчтүү сан кайсы?
-Кыргыз элинде жети санынын өзгөчө орду бар. Мисалы, «Жети ата», «Жети казына», «Жети күн» деген түшүнүктөрдү билебиз. Бул сан кыргыз маданиятында жана салттарында өзгөчө мааниге ээ. Ал эми нумерологияда ар бир санга символикалык маанилер берилет. Айрым түшүндүрмөлөрдө бир сан лидерлик менен, экинчиси чыгармачылык менен, дагы бири туруктуулук менен байланыштырылат. Бирок мен бир санды башкаларынан күчтүү деп бөлүп көрсөтпөйм. Себеби сандардын мындай маанилери нумерологиялык ишенимдерге байланыштуу жана илимий жактан далилденген эмес.
-Адам аты-жөнүн өзгөртсө, тагдыры өзгөрөбү?
-Адам аты-жөнүн өзгөрткөндө өзүн башкача сезиши мүмкүн. Мисалы, жаңы ысым адамга жаңы жашоону баштап жаткандай сезим берип, өзүнө болгон ишенимин арттырышы мүмкүн. Бирок бул ар бир адамда сөзсүз ушундай болот дегенди билдирбейт. Нумерологияда ысымдагы тамгаларга сандарды тууралап, алардын символикалык маанисин чечмелеген ыкмалар бар. Айрым адамдар бул ыкмаларга ишенишет. Бирок аты-жөнүн өзгөртүү адамдын тагдырын же келечегин автоматтык түрдө өзгөртөт деген пикир илимий жактан далилденген эмес.
-Скептиктер «бул жөн гана дал келүү» дешет. Аларга сиз эмне деп жооп бересиз?
-Мен скептиктердин пикирин сыйлайм. Ар бир адам маалыматты өзүнүн билиминe, тажрыйбасына жана ишенимине жараша кабыл алат. Бир адам нумерологияга кызыкса, экинчиси аны жөн гана дал келүү катары карашы мүмкүн. Чынында эле адам кээде өзүнө туура келген маалыматтарды көбүрөөк байкап, туура келбегендерине анчалык көңүл бурбай калышы мүмкүн. Ошондуктан нумерологиядагы мүнөздөмөлөрдү ар дайым так чындык катары кабыл албоо керек. Менин оюмча, ар кандай көз караштагы адамдар бири-бири менен талашпай эле, өз ойлорун маданияттуу түрдө бөлүшө алышат. Эгер нумерология адамды өзүнүн мүнөзү жөнүндө ойлонууга түрткү берсе, ал адам бул мүмкүнчүлүктү пайдалана алат. Бирок аны илимий далилденген маалыматтар менен теңештирбөө зарыл.
-Кардарга жагымсыз нерсени айтууга туура келген учурлар болобу?
-Адамдар кээде өздөрү үчүн маанилүү болгон суроолорго жооп издешет. Алар мамилеси, келечеги же каржылык абалы тууралуу тынчсызданышы мүмкүн. Мындай учурда адамдын сезимдерине этият мамиле кылуу керек деп ойлойм. Мен адамды коркутуп, анын келечеги жаман болот деп айтууну туура көрбөйм. Анткени мындай сөздөр адамдын тынчсыздануусун күчөтүп, өзүнө болгон ишенимине терс таасир тийгизиши мүмкүн. Мисалы, адам мамилесинде кыйынчылык болуп жатканын айтса, аны сөзсүз ажырашасың деп коркутуунун ордуна, кырдаалды түшүнүүгө жана мамиледеги көйгөйлөрдү талдоого жардам берген жакшы. Адамдын жашоосунда кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок бул анын келечеги сөзсүз жаман болот дегенди билдирбейт. Менимче, ар бир адамга сый-урмат менен мамиле кылып, анын өз алдынча чечим кабыл алуу укугун сактоо абдан маанилүү.
-Нумерология адамды коркутуп, өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайбы?
-Ооба, эгер нумерология туура эмес колдонулса, адамга терс таасир тийгизиши мүмкүн. Мисалы, бирөөгө «сенин саның жаман, ошондуктан жашооңдо ийгилик болбойт» деп айтуу адамды коркутуп, өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүшү мүмкүн. Айрым адамдар мындай сөздөргө өтө олуттуу мамиле жасап, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп алышы ыктымал. Ал тургай маанилүү чечимдерди кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн. Ошондуктан адамга ар кандай маалыматты түшүндүрүүдө жоопкерчиликтүү болуу зарыл. Нумерология адамдын ордуна чечим кабыл албашы керек.
-Нумерология менен психологиянын ортосунда кандай айырма бар?
-Нумерология сандарга символикалык маанилерди берип, адамдын мүнөзүн же жашоосун ошол маанилер аркылуу чечмелөөгө аракет кылат. Ал эми психология адамдын психикасын, жүрүм-турумун, эмоцияларын, ой жүгүртүүсүн жана башка адамдар менен болгон мамилесин изилдеген илим. Психологияда илимий изилдөөлөргө, далилдерге жана текшерилген ыкмаларга таянган багыттар бар. Мисалы, адам эмне үчүн бат ачууланат, тынчсызданууну кантип жеңсе болот же өзүнө болгон ишенимин кантип өнүктүрө алат деген суроолор психологиянын алкагында изилденет. Нумерология менен психологияны бирдей нерсе катары көрсөтүүгө болбойт.
-Сиз сыяктуу нумерологияга кызыккан адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз жана маегибиздин аягында окурмандарга эмне айткыңыз келет?
-Биринчи кезекте, өздөрүн жакшыраак таанууга кызыккан адамдарга бул процесстен ырахат алууну каалайт элем. өзүңөргө суроо бергиле, максаттарыңарды аныктагыла жана кандай сапаттарыңарды өнүктүргүңөр келерин ойлонгула. Эгер кандайдыр бир мүнөздөмө силерге туура келбесе, өзүңөрдү ага мажбурлап ылайыкташтыруунун кереги жок. Эч бир сан силердин жөндөмүңөрдү, мүмкүнчүлүктөрүңөрдү же келечегиңерди толугу менен аныктап бербейт. өзүңөрдүн кызыгууларыңарга, билимиңерге, тажрыйбаңарга жана чыныгы каалоолоруңарга көңүл бургула. Эң негизгиси, башка адамдардын пикирине гана таянып жашабагыла. өз алдынча ой жүгүртүп, туура маалыматтарды изилдеп, чечимдериңер үчүн жоопкерчилик алууга үйрөнгүлө.
Жаңылай Арстанбек кызы