• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Бизнес куру сөздү эмес, жыйынтыкты сүйөт

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 27, 2026

Кыргызстанда бизнести нөлдөн баштап, кыска убакыттын ичинде бир нече ийгиликтүү долбоорду ишке ашыруу оңой эмес. Бул жолдо тоскоолдуктар, жоготуулар жана чоң жоопкерчилик коштоп жүрөт. өзүн Беку деп тааныштырган жаш ишкер, маркетолог бүгүнкү маегибиздин каарманы.

«Баарын жоготсом да, кайра нөлдөн бутка тура алам»

-Биринчи бизнесиңизди канча капитал менен баштадыңыз эле?

-Убагында ата-энем ишенип, колдобосо, мен бүгүн бизнес дүйнөсүндө жок болмокмун. Алардын үмүтүн актайын деген умтулуум болду. Жаман-жакшы күндөрдө дайыма жанымда болуп келишет. Биринчи кадамым инвестиция менен башталган. Мага ишенип, эң биринчи 150 000 сом каражат бөлгөн адам устазым Максат Хамзаев болду. Ошол сумма менин бизнеске болгон чоң жолумду ачып берди. «Көк суу», «Көк хостел», «Булбулум» сыяктуу долбоорлорду жүргүзүүдө негизгиси — дисциплина анан жоопкерчилик. Долбоорлор көбөйүп, жүгүртүүдөгү акча өскөн сайын жоопкерчилик да бир нече эсе жогорулайт. Мындай учурда баары туура коюлган системага жана командага көз каранды. Эгер милдеттер туура бөлүнсө, кыйынчылыктар жеңил өтөт.

-Жоготууларсыз бизнес болбойт дешет. Канча каражаттан кол жуугансыз?

-Ишкерликте чыгым болбой, киреше келбейт. Эң башкысы андан туура сабак алуу. Эгер ката кайталанса, ал чындап өкүнүчтүү. Ушул күнгө чейинки бардык туура эмес кадамдарды, жоготууларды кошкондо 40 000 доллардан ашык чыгым тартыптырмын. Сүйлөшүүлөрдө ишкердин куру сөзүнө эмес, анын бухгалтериясына, таза пайдасына жана сезондук өзгөчөлүктөрүнө кароо керектигин ушундай тажрыйбалардан кийин түшүндүм.

-Өзүңүз айтып калбадыңызбы, маркетологмун, продюсермин деп. Кайсы багыт негизги кирешени алып келет?

-Эң чоң пайданы маркетинг кызматынан таптым. Убагында курулуш тармагындагы бизнеске кирип, анын жүгүртүүсүн көтөрүп, ар бир сатуунун пайызынан жакшы киреше алчумун. Маркетолог катары элдин психологиясын, тактап айтканда, «кимге жана кантип сатуу керек?» дегенди үйрөнөсүң. Ал эми продюсер катары кардарга товардын же кызматтын чыныгы баалуулугун жеткиресиң.

-Сатууну жогорулатуу үчүн сапатсыз товарды ашыкча мактап жарнамалоого туура келгенби?

-Эч качан. Алдаган маркетингдин артынан элдин ишеними жоголот, ал эми андай бизнес көпкө жашабайт. Андай сунуштар түшкөн, бирок биз принципиалдуу түрдө баш тартканбыз.

-Акча маселесинен улам жакындарыңыз же өнөктөштөрүңүз менен мамиле бузулган учурлар болдубу?

-Элде «ишен, бирок текшер» деген жакшы сөз бар. Иштин башында так келишим түзүлбөсө, ошол бизнести баштабай эле койгон оң. Келишим мамилени да, бизнести да сактап калат.

-Кандай тоскоолдуктарга туш болдуңуз?

-Ийгиликтин артында көрө албастык, бут тосуулар көп болду. Башында ачуум келип, капа болуп жүрдүм. Кийин алардын баарын Кудайга тапшырдым. Азыр ойлосом, ошол тоскоолдуктар болбосо, менде мындай тажрыйба топтолмок эмес экен. Андыктан азыр эч кимге таарынычым жок. Ал эми жашсың деп олуттуу карабагандарга сөз менен эмес, ишим жана тажрыйбам менен жооп бергенмин.

-Азыр жаштар арасында тез байып кетүү трендде. Бизнес баштоо үчүн сөзсүз тааныш-билиш керекпи?

-Бизнестин эң башкы тартиби — туура мамиле куруу жана эл алдындагы репутация. Тез байып кетейин же бирөөгө бир нерсени далилдейин деген ниет жакшылыкка алып барбайт. Эң башкысы менин коомго кандай пайдам тийип жатат деген суроо болушу керек. Сиздин элге тийгизген пайдаңыз эртеби-кечпи өзүңүзгө эселеп кайтат.

-Эгер бүгүн бардык капиталыңыздан ажырап калсаңыз, эртең эрте менен эмнеден баштайт элеңиз?

-Бардыгын жоготсом, кайрадан товар бизнеси менен баштамакмын. Азыр мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Кымбат баага имарат ижарага алып күйгөндүн ордуна, социалдык тармактар аркылуу товарга суроо-талап жаратып, бизнести нөлдөн баштап жүргүзүп кетүү таптакыр кыйын эмес. Башкысы — тажрыйба жана тобокелчиликке болгон даярдык.

«Кардардын ишенимин жоготкондон көрө кымбат товарды ыргытып салган жакшы»

Ош шаарында косметика жана парфюмерия саткан дүкөндөр арбын. Бирок алардын арасынан өз ордун таап, кардарлардын ишенимине ээ болуу үчүн жөн гана товар сатуу жетишсиз. Бул үчүн билим, тажрыйба жана жоопкерчилик керек. PARFUM JYT дүкөнүнүн негиздөөчүсү Маматжан кызы Каныкей бизнести 40 миң сом менен баштаган.

-Каныкей айым, ишкерлик кантип башталган? Алгачкы каражатыңыз канча эле?

-Бизнести 40 миң сом менен баштагам. Башында азыркыдай деңгээлге жетебиз деп айтуу кыйын болчу. Бирок максатым так эле. үч жылдын ичинде талыкпай эмгектенип, азыркы деңгээлибизге жеттик. Албетте, мунун артында көп эмгек, аракет жана үйрөнүү турат. Бүгүнкү жыйынтыкка бир күндө келген жокпуз.

-Башында сизге ишенбегендер, колдобогондор болгонбу?

-Ооба, башында ишенбегендер да, колдобогондор да болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен баары өзгөрдү. Азыр мурда ишенбеген адамдардын арасында да бизди тандагандар бар. Менимче, ишкерликте көп нерсени сөз менен эмес, жыйынтык менен далилдеш керек. Кардардын ишеними да акырындык менен калыптанат.

-Ошто косметика саткан дүкөндөр көп. Башкалардан негизги айырмасы эмнеде?

-Биринчиден, менин дарыгерлик кесибим бар. Бул косметика тандоодо чоң артыкчылык берет. Экинчиден, бизде консультант болуп иштеген кыздар продукциянын курамын үйрөнүп, андан кийин гана кардарга териге кам көрүүчү каражаттарды сунушташат. үчүнчүдөн, кардар товарды сатып кеткенден кийин да байланыш үзүлбөйт. Кандай колдонуп жатканына, терисинде кандай өзгөрүү болуп жатканына кызыгабыз. Мындан тышкары, теринин абалын аныктоого жардам берген диагностикалык аппаратыбыз бар. Биз үчүн кардарга жөн гана товар сатуу эмес, анын муктаждыгын түшүнүү маанилүү.

-Косметиканы туура эмес тандоо териге зыян алып келиши мүмкүн. Мындай тобокелдикти кантип азайтасыздар?

-Биздин дүкөнгө товар тандоодо курамына өзгөчө көңүл бурабыз. Сапаты жана курамы талапка жооп бербеген каражаттарды алып келбөөгө аракет кылабыз. Кардардын терисине туура келген продукцияны тандоо үчүн да курамын эске алабыз. Бирок ар бир адамдын териси ар башка болгондуктан, косметикадан күтүлгөн натыйжа да айырмаланышы мүмкүн. Ошондуктан кардар менен байланышта болуп, каражатты туура колдонууга көңүл бурабыз.

-Инстаграмдагы баракчаңыздагы катталуучулардын баары кардарга айланабы?

-Жок, катталуучулардын арасында жөн гана баракчабызды көрүп жүргөндөр да, туруктуу кардарларыбыз да бар. Инстаграм биз үчүн маалымат берүүчү жана кардарлар менен байланыш түзүүчү аянтча. Жаңы товарлар, жаңылыктар тууралуу бөлүшүп турабыз. Айрыкча, туруктуу кардарларыбыз үчүн бул ыңгайлуу. Бирок катталуучулардын саны эле бизнестин ийгилигин толук көрсөтпөйт.

-Кымбат косметика дайыма эле жакшы натыйжа береби?

-Бизде кымбат да, баасы жеткиликтүүрөөк да каражаттар бар. Бирок арзан деген сапатсыз дегенди билдирбейт. Орто баадагы, курамы талапка жооп берген продукциялар да кездешет. Кардарга каражаттын айырмасын, курамын жана өзгөчөлүгүн түшүндүрөбүз. Андан кийин анын муктаждыгына жана бюджетине жараша тандап беребиз. Кардар канча каражатка ылайыктуу продукция издеп жатканын айтса, ошол мүмкүнчүлүктүн чегинде жардам беребиз.

-Косметиканын оригинал экенин кантип далилдейсиздер?

-Ар бир товардын өзүнө тиешелүү сертификаты бар. Биз продукциянын сапатына жана келип чыгышына көңүл бурабыз. Кардар сатып алган каражатына ишениши керек. Ошондуктан товар тандоодо бул маселени маанилүү деп эсептейм.

-Атаандаштык күчтүү. Башка дүкөндөрдүн кайсы ыкмасын колдонбойсуз?

-Атаандаштардын арасында мени каралаган учурлар болот. Бирок мен андай ыкмаларды колдонбойм. Башкаларды жамандап эмес, өз ишиңди жакшыртып, кардарга сапаттуу кызмат көрсөтүп алдыга жылуу керек деп эсептейм. Ар бир ишкер өзүнүн ишине жооп берсе жетиштүү.

-Пайда табуу менен кардардын ишенимин сактоо кээде карама-каршы келет. Кайсы бир товарды сатпай койгон учурлар болдубу?

-Албетте. Курамы начар же сатууга туура келбеген товарларды сатпайбыз. Кээде мындай продукцияны жараксыз деп чыгарып салууга туура келет. Биз үчүн сапат биринчи орунда. Бир жолку пайда үчүн кардардын ишенимин жоготкубуз келбейт.

-Ушундай чечимдердин айынан канча чыгым тарттыңыз?

-Эң чоң жаңылыштыгымдын бири — курамын жетиштүү деңгээлде текшербей туруп товар алып келген учурлар. Кийин анын курамы талапка жооп бербесин билип, сатпай таштоого туура келген. Мындай учурларда 500 миң сомго чейин чыгымга учураган кездерибиз болгон. Бирок буга өкүнбөйм. Анткени ошол товарларды сатып, кардарлардын ишениминен чыккандан көрө, сатпай ыргытып, чыгым тарткан жакшы. Бул мага чоң сабак болду. Азыр товар тандоого мурдагыдан да кылдат мамиле кылабыз. Бул дүкөн мен үчүн жөн гана бизнес эмес. Кичинекей кезимден бери кыялданып келген ишим. Аны өнүктүрүү үчүн дарыгерлик кесибимди таштаганмын.

-Эгер бүгүн баарын нөлдөн баштасаңыз, эмнени башкача кылмаксыз? Бизнес баштагысы келген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

-Эгер кайра баштасам, биринчи кезекте косметиканын курамын тереңирээк үйрөнүп, товар тандоого көбүрөөк көңүл бурмакмын. Ал эми жаштарга айтарым: бизнес баштоо үчүн сөзсүз чоң каражат керек деп ойлобогула. Акча аз болсо да, аз өлчөмдөгү товар менен баштаса болот. Эң негизгиси — кардарга жакшы мамиле кылуу, товар тууралуу туура маалымат берүү жана ишенимди сактоо. Ошондо бизнес акырындык менен өнүгөт. Ийгилик дароо келбеши мүмкүн, бирок тынымсыз аракет кылып, каталардан сабак алсаң, алдыга жылууга болот.

Айша Нуридинова

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *