Кыргыз улуттук маданиятынын, адабиятынын жана коомдук-саясий турмушунун тарыхында өзүнүн курчтугу, калыстыгы, терең билими жана өзгөчө мекенчилдиги менен өчпөс из калтырган инсандар саналуу. Алардын сап башында белгилүү адабий сынчы, прозаик, котормочу, коомдук ишмер жана таланттуу акын Камбаралы Бобулов турат. өмүрүнүн акырына чейин улуттук руханияттын казынасын байытууга кам көргөн бул залкар инсандын тагдыры тил жана намыс үчүн болгон тарыхый күрөшкө, Лейли менен Мажнундай уламалуу, бирок армандуу сүйүүгө жык толгон улуу дастан.

Зирек, чыйрак бала окуучу кезден гезитке кабар жазган

Камбаралы Бобулов 1936-жылы 15-майда Ош облусунун Ноокат районундагы өсөр айылында туулган. Атасы Бобул өз аймагында кадыр-барктуу, сабаттуу, кат тааныган молдо киши болгон. Теги Ноокаттын баргы уруусунан. Апасы Айкан өмүр бою колхоздо кара жумуштарды аткарып, ошону менен бирге элдик оозеки чыгармаларды, жомок-уламыштарды абдан жакшы билген, сөзмөр, чечен аял болгон. Камбаралынын кичинесинен сөз өнөрүнө канып, адабиятка баш багуусуна апасынын таасири абдан чоң болгон. Ата-энеси согуштун катаал жылдарындагы оор турмушка карабай, алты баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Алар: агалары Бакир, Алан, Амирали, Камбаралы өзү жана карындаштары Жаннат менен Урмат.
Зиректигин, дилгирлигин мындан билиңиз: 4-класста окуп жүргөндө «Пионер» гезитине кичинекей баланын колхоздун коюн кантип сактап калгандыгы тууралуу кабар жазат. Ошондон баштап макала жазууга шыктанат. Көп өтпөй мектеп директору облус боюнча «Артек» балдар лагерине 3 окуучуга чакыруу келгенин, анын ичинде Камбаралы да бар экенин айтат. Кыйынчылык заманда жаңы кийим алып бергенге акча табылбай, үйдөгүлөрдүн каршылыгына карабай, энеси экөө себине келген килемин базарга алып барып сатышат. Базардан кийим кылып кайтканын ал мындайча сүрөттөйт:
«үйгө шашканымдын өзүмдөн эч бир жан билбеген дагы бир туюк сыры бар эле, үстүмдөгү чачтарымда бит менен бүргө өрүп, түнү жанымды ачыштыра чакканынан, канымды соргон биттен кутулуп, алардан өчүмдү алганга көкүрөк кегим бар эле… үйгө келип эски кийимдеримди от жагып өрттөйүн, биттердин жазасын берип, атасын таанытайын десем, сөрүдө отургандар күлүп калышты…» деп эскерет «Армандуу биздин балалык» повестинде.
Студенттик жылдар жана илим изилдөөчүлүк жааты
Камбаралы Бобулов өзү теңдүүлөрдүн ичинен биринчилерден болуп Москвадан билим алып, кандидаттыгын жактаган. Студент кезде эле Түгөлбай Сыдыкбековдун «Тоо балдары» романындагы ошол кездеги коомдук илдеттерди ачып берген «Оморчулук деген эмне?» аттуу чоң сын макаласын жазып, адабий чөйрөгө чагылгандай атырылып кирген. Кийинчерээк ушул багыттагы изилдөөлөрүн тереңдетип, «Кыргыз прозасында реализмдин өнүгүү жолдору» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Кийин Москвадагы Коомдук илимдер академиясында окуп, билимин андан ары тереңдетет. Ал Алыкул Осмоновдун, Токтогулдун, Аалы Токомбаевдин жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын кылдат изилдеп, зор илимий монографияларды жараткан. Замандаштарынын айтымында, эгер ал илим жолун гана уланта берсе, илимдин доктору, академик болмок. Бирок аны өкмөт менен партия коомдук жана практикалык иштерге тартып кеткен. Ал өмүрүндө «Правда» гезитинин атайын кабарчысы болуп иштеп, кийинчерээк «Кыргызпатент» кызматынын жана «Учкун» басмаканасынын жетекчилик кызматтарына чейин сунушталган.
Анын эң жакын студенттик досторунун бири, Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсунов өзүнүн эскерүүлөрүндө К. Бобуловдун инсандык бийиктигин, достукка берилгендигин абдан таасирдүү сүрөттөгөн:
«Камбаралы менен мен 5 жыл университеттин филология факультетинде бирге окудум. Камбаралыны «түштүктүк» деп жектеп, бөлүп турган учурлар да болду. Мен адамдарды жерине карап мамиле кылчу эмесмин. Кээде мага “сен гана калыстык кылдың, мени түштүктөн деп бөлгөн жоксуң” деп калчу. Анын бир куржуну бар эле, анысына кулпу салып керебетине байлап алчу. Ичинде түштүктөн ала келген, май кошулган талканы бар экен. Андан аздан алып тамак жасачу да, ошол даамдуу талканынан мага гана берчү, башкаларга берчү эмес. Камбаралы абдан кыраакы, билимдүү, достуктун кадырын баарынан бийик койгон өзгөчө жан эле…»
«Менин айыкпаган дартым жана арманым – кыргыз тили»
Камбаралы Бобулов 1990–1994-жылдары эгемендүүлүктүн пайдубалын түптөгөн «Легендарлуу парламенттин» депутаты катары тарыхта калды. Ал 1989-жылы кабыл алынган тил мыйзамын иш жүзүнө ашырууну жетектеген «Кыргыз тили» коомунун туңгуч президенти болгон. 60 жашка таяп калганда атактуу сынчы эне тил көйгөйүн туу тутуп парламентке келип, А. Акаев, М. Шеримкулов баш болгон даражалуу жетекчилерди өлкөнүн башкы трибунасынан: «кыргызча сүйлө!» деп зекип, добулбас кагып турган. Бул алгачкы жылдары бийликтин аткарылбаган кагаз жүзүндөгү жарлык, токтомдоруна караганда алда канча күчтүүрөөк таасир берген. Ал Аскар Акаевге түз кайрылып, тил мыйзамын аткарбаган министрлерди жумуштан алууну талап кылган. Ошондой эле паспортто «улуту» деген графанын сакталып калышына чоң салым кошкон.
«Ааламдаштыруу жүрө берсин, бирок тилдердин, улуттардын жоюлушу тезирээк адамзатынын жоголушуна алып келет» деп эскерткен. өзүнүн «менин айыкпаган дартым жана арманым – кыргыз тили. Эл тагдыры – тил тагдыры, тил тагдыры – эл тагдыры. Тилсиз эл болбойт, элсиз тил болбойт. “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген алмаздай курч макал элдин тил эркиндигинин, сөз эркиндигинин туу чокусу» деген сөздөрү бүгүн да улут үчүн ураан сыяктуу жаңырып келет.

«Мен андан өч алгым келди…»
Камбаралы Бобулов адабиятка катаал, чынчыл жана принципиалдуу сынчы катары киргени менен, анын ички дүйнөсүндө назик, армандуу акындык жүрөк согуп турган. Анын поэзиясынын эң бийик чокусу бул биринчи өмүрлүк жары Майрам Юсуповага арналган, кыргыз махабат лирикасынын шедеврине айланган «Лалахан казалдары» жыйнагы. Бирок бул улуу махабат кийин акындын жеке жашоосунда чоң драмалуу тагдырга айланган. Ал Москвада окууда жүрөндө, жубайы Майрам Юсупова ортодогу балдарын алып, анын досу, мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдразаковго турмушка чыгып кетет. Бул турмуштук оор соккуга өкүнгөн акын жүрөгүнөн төмөнкү саптарды сыртка чыгарган:
Мен жаңылдым, өтө катуу жаңылдым,
Жүрөгүмдөн кеткис ишке кабылдым.
Эмнеликтен арам толгон ичине,
Жер куруткан бузуктарды дос кылдым?
Мен жаңылдым, өтө катуу жаңылдым,
Ошон үчүн өртүндөмүн жалындын.
Эмнеликтен жаным үрөп аңдабай,
Акылы аз аялзатты жар кылдым…
Мурунку жубайы менен кеткен эки кичинекей уулун сагынып, аталык кусалыкка баткан акын мынтип ыр жазган:
Кулундарым, кучактап жыттай албай,
Кусалыктан куурадым, канат жайбай.
Эне тили башканын колундагы,
Эки уулумду сагындым, көз жаш тыйбай…
Таштап кеттиң атаңды, аргам канча,
Жүрөк сыздайт силерди ойлогончо.
өмүр бою аркаңдан карап өтөм,
Атаңардын үмүтү үзүлгүчө…
Анын жакын досу, Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсунов акындын бул окуядан кийинки ички абалын мындайча эскерген:
«Камбаралы мага ички арманын айтып, андан катуу өч алгысы келип жүргөнүн жашырчу эмес. Бирок кийин мага “Эрнис, мен Ишенбайдан баары бир өч алдым. Менин эң чоң, эң күчтүү жана өлбөс өч алуум бул менин «Лалаханга» арналган ырларым. Ырларым аркылуу Майрамдын жан дүйнөсү, анын сулуулугу жана биздин улуу сүйүүбүз тарыхта түбөлүккө мени менен калды. Ал муну эч качан тартып ала албайт!” деп айткан эле».
Бул оор күндөрдөн кийин Камбаралы Бобулов Акация Жапаровага үйлөнүп, ортодо үч бала көрүп, үлгүлүү жаңы турмуш курган.
Тагдырдын катаал тамашасы
Мамлекеттик тил комиссиясында узак жылдар бою чогуу иштеген калемдеши Аалы Молдоканов өз көзү менен көргөн оор чындыкты мындайча эскерет:
«Кайран гана Камбар аке! Картайганда тагдырдын тамашасы менен, ошол жаш кезде жубайын тартып алган элдешкис душманын (И. Абдразаковду) жана бул окуяга ортомчу болгон экинчи эски досун (С. Жигитовду) кызматка байланыштуу аргасыздан бир мекемеде — Тил комиссиясында бет маңдай отургузуп коюшкан. Махабат мажнунунун айыкпаган эски оорусу ушинтип кайра кабылдап кетти…»
Белгилүү адабиятчы жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов да залкар инсандын өмүрүнүн акыркы күндөрүндө ооруканада өтө оор абалда жатканда атайын барып жолукканын айтып келет. Анын айтымында, акындын алсыз караган көздөрүнөн эне тилине болгон тынчсыздануусу жана өмүрлүк улуу махабатына болгон өчпөс кусалыгы даана көрүнүп турган. Камбаралы Бобулов 2003-жылдын 25-январында 66 жаш курагында Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.
Урпактарынын улуу иши
Залкар инсан бул дүйнөдөн кетсе да, анын артында калган балдары жана жакындары анын ысымын унуттурбай жашатып келишет. Алар акындын бүтүндөй адабий мурасын, кол жазмаларын, өзгөчө «Арман китебин» жана башка баалуу чыгармаларын көздүн карегиндей сактап, кайрадан басып чыгарууда. Жакында эле анын 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу эскерүү кечелеринин жогорку деңгээлде өткөрүлүшү — урпактарынын улуу инсанга болгон чексиз урматынын жана анын өлбөс ысымын тарыхта түбөлүккө калтырууга жасаган зор эмгегинин кезектеги далили болду.
Бурул Исмаилова