• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Тарых бүктөмүнөн кайтып келген Арали болуш

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 27, 2026

Тарыхты билүү өткөнгө саякат гана эмес, келечектин пайдубалын түптөө. өзгөчө эл тагдырын чечкен, журт баккан тарыхый инсандардын өмүр жолу кийинки муунга ар дайым сабак. Жакында редакциябыздын босогосун аттаган Турганбаев Акун Токоевич дал ушул тарыхый эс тутумду жаңыртуу миссиясын көздөп келиптир. Анын бабасы убагында Падышалык Россиянын тушунда ири административдик аймак саналган Куршаб волостун (болуштугун) башкарган, бостон уруусунун кадыр-барктуу башчысы Арали Рахманкул уулу болгон. Жети атасын гана эмес, алардын эл үчүн кылган кызматын баалай билген Акун мырза аталары топтогон, буга чейин көпчүлүккө белгисиз болуп келген баалуу маалыматтарды биздин карообузга сунуштады.
Көп жылдар бою тоталитардык режимдин, сталиндик репрессия саясатынын айынан Арали болуштун аткарган зор эмгектери атайын эске алынбастан, унутта калтырылып келген. Ушунун айынан НКВДнын, кийин КГБнын атайын бөлүмдөрүнүн желдеттери Аралинин балдарынын, неберелеринин турмушуна тымызын байкоо салып, текшерип көзөмөлгө алып турушкан. Мына ушундай көз көрүнөө жана көмүскө тоскоолдуктардын кесепеттеринен Арали болуштун аткарган эмгектери элге белгисиз бойдон калып, эл арасында оозеки түрүндө гана айтылып, сакталып келди.

1927-жылдын декабры. Сүрөт Ош регионалдык архивинен алынган. Сүрөтчү Георгий Зелтма.

«Эмгекчил, соодага да шыктуу, чукугандай сөз тапкан сөзмөр эле»

Азыркы өзгөн районундагы Кара-Тарык деген жердеги (эски санжыра боюнча) бостон уруусунан Арали Рахманкул уулу 1870-жылы жарык дүйнөгө келген. Рахманкулдун атасы Дубанкул устачылык менен күн өткөргөн. Дубанкул жашаган жерде «Дубанкул булак» деген суу бар. Эл аны «уста дубана балдары менен балчыктанган сууну кетмендеп ачып, жерди оюп казып койсо эгин-тегин сугаргыдай эле суу агып чыгыптыр» деп кеп кыла турган.
Бостон уруусуна байыртан эле Куршаб дарыясынын аягынан Ала-Дөбө жайлоосу, андан ары Алай жайлоосунан тийген жерлер тиешелүү болуп келген. Дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен күн көргөн Рахманкулдун 5 уулу, 3 кызы болгон. Уулдары чоңоюп, алар да дыйканчылык, малчылык кесибинде тиричилик өткөрүшкөн. Рахманкул балдарын үйлөп-жайлап, отурук жер бөлүштүрөт. Беш баласына жана өзүнө караштуу ээлеген жерлерин ага-инилери менен ынтымакташып иштөөгө өтүшөт. Рахманкулдун чоң уулу Матраим, Турсункул, Матан жана ага-инилери болуп Куршабдагы суулуу жерден Кара-Тарык, Эрдиктеги кайрак жерден бөлүп, эл катары тынч тиричиликте жашап калышат. Рахманкулдун Арали, Алайчы деген уулдары Кара-Тарыкта жашашат. Ошентип эң кичүү уулу Алайчы менен бирге ата-энеге башка балдарына караганда Аралини күйүмдүүрөөк деп аны менен бир үй-бүлөдө болушат. Рахманкулдун байлыгы жылдан жылга көбөйүп, орто байлыкка жетишет. Уулдарынын бардыгы эмгекчил, дыйкан, чарбачыл, соодагер болуп өсүшөт.
Арали менен тең Эрдиктеги Калча уулу Маматкадыр, Кара-Тарыктагы Эназар Каримбай уулу жашы боюнча тең үчүн бирге эмгектенип, бирге чоңоюп, дыйканчылык жана мал чарбачылык менен өмүр сүрүшкөн. Алардын айтуусу боюнча 27 жашка чейин Арали атасынын карамагында иштеп келген. Ал чынында дыйкан чарбачыл, соодага бышык, көзү жетик адам болгон. Аркадан агасы Турсункул экөө кой, жылкы, төө алып келип көбөйтүп, байлыкка жетишкен.

Маматкадыр аксакалдын эскерүүсүнөн:
«Арали экөөбүздүн жашыбыз тең 15те эле. Ал кезде аталарыбыз коңшулаш туруп дыйканчылык менен алектенишчү. Арали экөөбүз жарышып арпа оруп кеттик. Кечинде арпанын оруунун, боо менен байлоонун чоңдугун, сапатын таразадан өткөрмөкчү болдук. Мен оргон арпанын боолору Аралиники менен бирдей 90 боодон орулган. Бирок менин арпам жулунуп орулуп, аянты машактан тазаланат. Аралинин оргон жери таза, шалы оргонсуп тегиз кырчып оргон. Арпаны оруп-байлоодон Арали утту. Күрөшө кеткенибизде мен Аралини көтөрө калып эле баса жыгылам го деп ойлогом, анткени андан менин боюм узунураак болчу. Ал бел кармашканда эле бутума бутун орой калганда чалкаман жерге күп эткенимди билем. Экинчи ирет кайра баштадык. Бою менден бир аз пасыраак. Арали бир кезде ичиме кире түшүп, мени улам катуу сыгып эле баратат. Бир убакта бир эле көз ирмемде мен жерге катуу тийгенимди сезе түштүм. Күрөштө ошентип Арали жеңип алды. Анан ал мага: «Эгин оргондо мен эки колум менен кезекме-кезек оро берем, ошон үчүн менде чарчоо деген болбойт» деди. Арали эгин сапырганга да өтө уста эле, оң колу менен да, сол колу менен да бипбирдей иштей алат эле. Аралинин эмгекке болгон чапчаңдыгы мени дайыма суктандырып жүрдү».
Эназар байдын айтканынан:
«Мен Арали менен жылдаш тең элем, бизде да, аларда да миңге чамалаш кой бар болчу. Жаш кезибизде Коргон аймагына кумга кой айдап, кышы менен бакчубуз. Короолорубуз жакын боло турган. Арали ошондо эле 15-17 жаштагы балдарды башкарчу. Базарга барганда жанына эки бала алып, базардан күрүч, сабиз, пияз сатып алып келчү да, акчасын бардыгыбызга тең бөлүп төлөтүп алчу. Аралинин эки кичине кабы бар болчу, бирине таза кийим, экинчисине чабандык кийимин сактоочу. Бошураак эле боло калса жөн турбайт, иштегени иштеген. Таң заардан баарыбызды ныксыратпай ойготор эле. Бизге караганда эмгекчил, соодага шыктуу да, чукугандай сөз тапкан сөзмөр эле. Ылаңдаган койлорду башка бөлүп алып, сай талдан тосмо жасап дарылачу. Биз кээ бир күндөрү жалкоолонсок, Арали бизге «эй, даңгеселер, тентектер, өз малыңа өзүң кожоюнсуң, менин ишим өзүмө жетишет» дей турган. Айрыкча минген атын семиз багып асыроочу. Жемди дайым атка берип, кокус түгөнүп калса базардан да сатып бере турган».

27 жаш курагында эл оозуна алынып, журт башкарат

Арали кичинесинен эле башкаруучулукка шыктуу эле. 28 жашынан тартып эки жыл өз элине эл башы, 4 жыл старчын, 12-15 жыл Куршаб волостунда управляющий (болуш), миңбашы болуп, жалпысынан 18-19 жыл жетекчи кызматта адилет, ак көңүл, ачык жана өз кызматында катуу адам болгонун билгендер сыймыктанып айтышат.
Куршаб болуштугу 19-кылымдын аяк ченинде Фергана өрөөнүнүн аскердик-губернатору жана Ош уездинин башкаруучусунун буйруктарынын негизинде уюштурулуп түзүлгөн. Бул аймакка Куршаб дарыясынын батыш жак жээгинде жайгашкан айылдардан тартып (азыркы Жаңы-Арык айылы) Кара-Дарыясына чейинки кең аянттуу жерлер, айыл-кыштактар кирген. Арали Рахманкул уулу 1896-жылы жаңыдан уюштурулуп түптөлө баштаган Куршаб волостуна миңбашы (волостной управитель) болуп шайланат. Ага чейин эл башы, старчын болуп иштеп жүрүп, элге туура сөзү, уюштуруучулук жөндөмү бар, ар кандай талаш-тартыш маселени калыс чече билген кат-сабаттуу, илбериңки жигит катары таанылган. Ал 27 жаш курагында эл оозуна алынып, журт башына эгедер болот.
Болуштук кызматты колго алган алгачкы күндөрдөн баштап эле Арали болуш эл отурукташкан Куршаб жана Кара-Дарыянын жээктеринде жайгашкан айыл-кыштактарда жана эгин талааларга чоң-чоң арыктарды, каналдарды элдик ашар жолу менен каздырып, суу жеткирген. Анын натыйжасында азыркы эл отурукташкан Кызыл-Сеңир, Куршаб, эски Покровка, Мырза-Арык, Кароол, Шералы жана башка айылдар дүркүрөгөн бак-шактуу, мөмө-жемиштүү айылдарга айлана баштаган. Ал эми дыйканчылык менен тиричилигин өткөргөн элдин турмушу жылдан жылга оңоло берген.
Арали 12 жыл катары менен улутун, уругун ажыратпастан кыргыз, өзбек, украин, орус, уйгур, тажик дебей баарына бирдей адилет караган жетекчи болуп иштеген. Падыша өкмөтү Орто Азияга славян улутундагы элдерди зордук менен көчүрүп келип, суулуу, топурагы асыл жерлерге отурукташтыра баштаганда, Ош жергесине да 1880-жылдардын аягынан баштап переселенецтер көчүп келе баштаган. Куршаб волостунда да 1890-жылдардын баш ченинде орус, украин, беларус переселенецтери (жергиликтүү эл аларды «мужуктар» деп аташкан) көчүп келишкен. Арали болуш өзү башкарган Куршаб волостунун аймагына көчүп келип жашоону каалаган переселенецтерди ыңгайына жараша жер таап отурукташтырган. Алардын дыйканчылыгы үчүн айдоо, жайыт жана шалбаа жерлер бөлүнүп берилген. Натыйжада Куршаб аймагында Новая Покровка жана Старая Покровка деген славян улуттарынын өкүлдөрү жашаган селолор пайда болгон.
Куршаб болуштугунда переселенецтер көчүп келгенге чейин эле өзбек, уйгур, тажик, түрк сыяктуу башка элдер да жашап келишкендиктен, бул жер көп улуттун өкүлдөрү жашаган аймакка айланган. Бул жерде ар кыл улуттардын ынтымактуу, бейпил жашашына Арали болуштун интернационалист жетекчи болгондугу да зор роль ойнойт. Аралинин чарба жүргүзүүдөгү бай тажрыйбасы жана калыстык менен иш алып баруусунун, сaясий жактан дипломатиялык мамиле жүргүзө билүүсүнүн натыйжасында Куршаб болуштугунда улуттар арасында жана ар кыл диний багыттардын ортосунда ич ара келишпестиктер, чыр-чатактар болгон эмес. Волосту боюнча 12 жыл катары менен эл жакшы турмушта жашап, жер ээлери өсүп, бай жашаган кожолуктар көбөйгөн.

Сыйлыктар жана Санкт-Петербургга саякат

Арали болуштун ушул иш-аракеттери калк арасында жана Ош уездик башкаруучулар тарабынан жогору бааланган. Фергана өрөөнүнүн аскер губернаторунун атайын буйругу менен Куршаб волостуна өзүнүн кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып бергендиги, өзгөчө Россиянын ички губернияларынан көчүп келген переселенецтерди жер-суу менен камсыз кылгандыгы үчүн “За усердие” (1898-жылы) деген медаль менен сыйланган.

Арали болуштун өмүрүндөгү жана кызматтагы эң бир эсте каларлык көрүнүктүү учурларынын бири — анын 1913-жылы Россия императору Николай IIнин чакыруусу менен Санкт-Петербург шаарына Романовдор династиясынын 300 жылдык салтанаттуу мааракесине катышкандыгы болуп эсептелет. Ал Санкт-Петербургга барып, андагы курултайга жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн. өзү иштеген Куршаб волосту Ош уезди боюнча да, Фергана өрөөнү боюнча да алдыга чыгып, эмгектеги артыкчылыгы үчүн медаль менен сыйланып кайткан. Романовдордун өкмөтү Арали болуштун ак кызматын жогору баалап, медалдын арткы бетиндеги «Дома Романовных» деген жазуусуна байланыштуу эл ичинде «Романовдордун үй-бүлөсүнүн ардактуу сыйлыгы» деп аталган өзгөчө даражага татыктуу көрүшкөн. Сый-урматтан тышкары Рахманкул уулу Аралиге аты жазылган алтын саптуу кылыч, алтын чынжырлуу, бетине таажы кийген эки баштуу бүркүттүн сүрөтү түшүрүлүп кооздолгон (бул жөнөкөй медаль эмес, бул Россия империясындагы эң жогорку бийлик атрибуттарынын бири болгон Волосттук болуштун расмий кызматтык белгиси) медаль берилген. Андан тышкары, Арали болуш өзүнүн ак ниет кызматы үчүн алтын жалатылып даярдалган, эл арасында «1-даражадагы Романовдордун үй-бүлөсүнүн медалы» деп аталган «Романовдор династиясынын башкаруусунун 300 жылдыгынын урматына» чыгарылган мааракелик эстелик медалы менен сыйланып кайткан.

Кылым карыткан тарыхый курулуштар

Рахманкул уулу Аралинин жалпы эл, замандаштары жана кийинки муун үчүн деп аракет кылып бүткөргөн курулуш иштери арадан 100 жылдан ашуун убакыт өтсө да бүгүнкүдөй сакталып турат. Аларды жалпы журт азыр да пайдаланууда. Алар азыр:

1. Куршаб ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн имараты;

2. Куршабдагы В.И. Ленин атындагы №5 мектептин №2 корпусу;

3. Куршабдагы православдар чиркөөсүнүн имараты (2023-жылы чатыры жабылып, ичи-сырты акталып-сырдалган).

Падыша өкмөтү переселенецтер көчүп келип отурукташкан айылдарда эң биринчи чиркөөлөрдү, башталгыч билим берүүчү мектептерди жана ооруканаларды салууга атайын указдарды чыгарып, курулуш үчүн катуу талаптарды коюп турган. Бул жарлыкты аткаруу үчүн Фергана облусунун аскердик губернатору жана Ош уездинин башчылары Куршаб болуштугунун борборуна орус-тузем мектебин жана чиркөө куруу чечимин кабыл алышкан.
Арали болуш Фергана жана Ош шаарларына келген курулуш инженерлери менен бирдикте мектеп, оорукана, чиркөө курула турган имараттардын ордун тандашкан. Бул курулуштар катуу көрсөтмөлөрдүн негизинде 3 жыл ичинде бүткөрүлүп пайдаланууга берилген. Бул имараттардын бүткөрүлүшүнө Арали болуштун уюштуруучулук зор эмгеги, кайрат күчү жумшалганы талашсыз. Ал курулуш жумуштарын иштей турган усталарды (кыш кыноочу, темир уста, жыгач усталарды) таап, кара жумуш аткаруучу жөнөкөй жумушчуларды Ош, Фергана, Андижан шаарларынан алдырган. Эмгек шаймандарын жана унаа каражаттарын (ат, өгүз, төөгө чегерилүүчү арабаларды) таап, курулуштун жүрүшүнө жеке өзү жетекчилик кылган. Курулуш иштери толугу менен 1903-жылдын күзүндө бүткөрүлүп пайдаланууга берилгенде, мамлекет жана жалпы эл үчүн курулуп бүткөн объекттердин ачуу аземинде Арали болуш зор салымы үчүн «За усердие» деп аталган, көкүрөккө тагылуучу медаль менен экинчи ирет сыйланган.

1903-жыл. Болуштардын жыйыны Ош шаарында өткөн. Сенсарев деген саякатчынынын архивинен Санкт-Петербург мамлекеттик этнографиялык музейинен табылган.

1916-жылдагы согуш:
Элди кыргындан сактап калган көрөгөчтүк

Рахманкул уулу Арали болуштун өз элине жасаган зор, баа жеткис тарыхый кызматтарынын бири — анын Түштүк Кыргызстандын ошол учурдагы таасирдүү элдик билермандары менен биргеликте, 1915-1916-жылдары жергиликтүү калкты падышалык өкмөттүн зомбулук саясатынын оор кесепеттеринен сактап калгандыгы болуп эсептелет. 1914-жылы башталган Биринчи дүйнөлүк согуш уланып жаткан шартта, Россия империясынын өкмөтү 1916-жылы Борбордук Азиянын жергиликтүү калкынан согуштун оорук жумуштарына (мандикерликке) адамдарды алуу боюнча атайын буйрук чыгарган. Бул чечимге Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө жашаган кыргыздар катуу нааразы болушуп, куралдуу улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыгышкан. Натыйжада, падышалык Россиянын жазалоочу отряддары куралсыз элди аёосуз кыргынга учуратып, түндүк кыргыздары Кытайды көздөй качууга (үркүнгө) аргасыз болушкан.
Түндүк жергесиндеги мына ушундай кандуу окуялардан толук кабардар болуп турган түштүк Кыргызстандын билермандары Орус империясынын оорук жумуштарына (мандикерликке) өз ыктыяры менен баруучу жигиттерди чогултуп жөнөтүү чечимине келишкен. Ошол эле учурда эл башчылары эмгек батальондоруна кеткен жигиттердин үй-бүлөлөрүн үч жыл бою азык-түлүк жана зарыл каражаттар менен камсыз кылып туруу жоопкерчилигин өз моюндарына алышкан. Мындай ийкемдүү чечимдин кабыл алынышына убагында, тактап айтканда 1873–1876-жылдары Алымбек датка менен Курманжан датканын уулдары падышалык аскерлердин баскынчылык саясатына каршы чыккан кезде, жазалоочу отряддар тарабынан түштүк калкына жасалган кандуу кыргындар чоң сабак болгон. Мына ушундай татаал тарыхый кырдаалды кылдат талдоого алып, акыры элдин амандыгын көздөгөн бул акылман чечимди кабыл алууга Арали болуш да түздөн-түз катышкан. Бул кадам анын зор саясий көрөгөчтүгүнөн жана өз элине болгон камкордугунан кабар берип турат.

Совет бийлиги, уулунун эрдиги жана репрессия трагедиясы

Арали болуш төрт уулуна төрт тараптан энчилеп жер алып, дворяндык үй-бүлөлөрдүн деңгээлине карай багыт алган учурда падышалык өкмөт кулап, ал пландары ишке ашпай калат. Арали Рахманкул уулу 1918-жылдын акырына чейин кызмат үстүндө болуп, кийин уулу Маматысанын үгүттөөсү менен болуштук бийликти Совет өкмөтүнө тынчтык жолу менен өткөрүп берип, жеке чарбачылык турмушка өтөт. Анын уулу Маматыса Бухарадагы дин мектебин (медресени) бүтүрүп келгенден кийин атасына болуштук чинди таштаткан соң өзү окуп жүргөндө эле революциялык кыймылдын жашыруун кружокторуна катышып, атайын мандат алган кадырлуу кадрлардан болгон. Ал ошол мандаты менен 1919-жылдан 1920-жылдын күзүнө чейин Куршаб волосттук аткаруу комитетинин (волисполком) төрагасы болуп эмгектенет. 1920-жылы мамлекетке эгин тапшыруу боюнча кызуу өнөктүк жүрүп жаткан маалда, Маматыса Мойдунбектин басмачылык топторунун тыңчыларынын жардамы менен кармалып, кызматтык милдетин аткаруу учурунда атылып кеткен. Совет бийлигинин орношу үчүн жанын аябай курман болгонуна карабастан, атасы Аралинин падышалык доордогу болуштук кызматынан улам Маматысанын бул эрдиги кийинки Совет өкмөтү тарабынан тийиштүү деңгээлде эске алынбай калган.
Маматыса көзү барда атасына «жерди, мүлктөрүңдү өз ыктыярың менен өткөрүп берсең, тынч жашайсың» деп дайыма насаат айтчу экен. Ошондуктан, 1925-жылы Түштүк Кыргызстанда жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн Кара-Кыргыз автоном облусунун Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков өзү Куршабка келгенде, Арали болуш жерин жана мүлкүн өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берет. Алардын ортосунда туугандык байланыш болгон деп болжолдоого негиз бар, анткени экөө тең бир уруудан (бостон уруусунан) болушкан. Кийин Арали миңбашы өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген ошол жерге 1926-жылы Ворошилов атындагы орто мектеп (мурунку Дыйкан жаштар мектеби — ШКМ) курулган. Ал жердеги Аралиге таандык зор теректер жергиликтүү аткаруу комитетинин чечими менен кесилип, курулушка жумшалган. Мындан тышкары, район боюнча дагы үч мектеп курулуп, алар жергиликтүү жаштардын билим алышына негиз салган.
Мүлктөрүн өз эрки менен өткөрүп бергендигинин аркасында анын үй-бүлөсү 1927-жылдан 1932-жылга чейин бир аз убакыт тынч жашайт. Бирок, 1932-жылдын жазында «кулактарды тап катары жоюу» боюнча сталиндик репрессиялык саясаттын негизинде, «адам күчү жетишпейт» деген шылтоо менен Арали болуш үй-бүлөсү менен кошо өзбекстандын Ташкент облусундагы (айрым маалыматтарда Мирзачул/Гулистан аймагындагы) Коончу деген жерге сүргүнгө айдалат. Арали болуш жана анын байбичеси жат жердеги оор турмуштук шарттардан жана жугуштуу оорулардан улам 1933-жылы 63 жашында ошол сүргүндө жүргөн жеринде каза табышат.

Урпактардын улуу максаты

Бул тарыхый инсан тууралуу маалыматтар убагында басма сөз беттерине да жарык көргөн. Алсак, Арали болуштун небереси Турганбай уулу Токо 1992-жылдын 11-августунда облустук «Ош жаңырыгы» гезитине «Арали болуш баяны» аттуу макаланы алгачкы ирет жарыяласа, анын чебереси Козубаев Абдысамат Түмөнбаевич 2010-жылдын 28-майында республикалык «Эркин Тоо» гезитине өзүнүн көлөмдүү изилдөөсүн сунуштаган.
Арали болуштун Козубай, Маматыса, Турганбай, Абжалил, Абды деген уулдары болгон. Алардын ичинен Маматысанын уулу Мамыткан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болуп, согуш майданында бир бутунан ажырап, майып болуп кайткан, орден-медалдар менен сыйланган. Арали болуштун эң кичүү уулу Абжалил да согушка катышып, 1941-жылдан 1946-жылга чейин чыгыш фронтунда жүргөн жана орден, медалдар менен сыйланып, согуштан кийин эл чарбасында үзүрлүү эмгектенген.

Солдон биринчи отурган уулу Маматыса. 1919-1920-жылдын күзүнө чейин Куршаб
волисполкомдун төрагасы болуп турган.

Арали болуштун уулдарынан тараган урпактары бүгүнкү күндө жүздөп саналат. Раматылык Турганбай уулу Токонун баштаган ишин ишке ашырууну анын балдары жана Аралинин төрт уулунан тараган небере-чеберелери аткарууга бел байлашты. Алар аталарынан калган кол жазмаларды, архивдик материалдарды жана далилдүү фактыларды топтоп, Арали болуштун өмүр жолун калың элге жеткирүүнү максат кылышууда. Алтын дат баспаган сыяктуу эле, Арали болуш өңдүү тарых катмарында белгисиз калган кыргыз инсандары эртеби-кечпи жарыкка чыгып, тарыхтан өзүнын татыктуу ордун алары талашсыз.

Арали болуштун Улуу Ата Мекендик согушка катышкан уулу Абжалил (солдон оңго биринчи).

Убагында эл коргоп, журт баккан, өз доорунун интернационалист жетекчиси жана көрөгөч саясатчысы болгон Арали миңбашынын тарыхы бүгүнкү муун үчүн чоң сабак. Анын эл үчүн салдырган тарыхый курулуштары, ашар жолу менен каздырган каналдары бүгүн да Куршаб элине кызмат кылып, инсандын атын өчүрбөй келет. Тарых барактарындагы мындай көмүскө калган чындыктарды ачыкка чыгаруу жана элге жеткирүү биздин дагы журналисттик негизги парзыбыз. Арали Рахманкул уулу сыяктуу улут сыймыктарынын ысымы эгемен өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, татыктуу баасын алышына тилектешпиз.

Бурул Исмаилова

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *