• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Рулдагы өмүр – жоопкерчиликтүү кесип

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 27, 2026

Замандын өнүгүшү менен адамзаттын тарыхында техниканын дагы чексиз мүмкүнчүлүктөрү пайда болууда. Жөнөкөй ат арабадан башталган транспорт бүгүн асманга учту, сууда сүздү. Адамга кызмат кылган унаалардын түрлөрү көбөйдү. Аны адамзат татыктуу пайдаланып жатат. Ош шаарында да транспорттун түрлөрү менен кошо биз кыялданган мектеп автобустары жүрө баштады. Метролор иштеп, поезддер жүрүп калчу күндөр да алыс эмес экенине ишенебиз.

Фура айдоочусу Чолпонай Алиева:
“Фура айдап баратканымды көрүп жол берген кыргыз мырзаларына таазим!

-Алай районунун Талдык айылында туулуп-өстүм. Азыркы учурда Ош шаарында жашайм. 32 жаштамын. Кичинемден чоң машина айдоону кыялданчумун. Бирок, фура айдоо түшүмө да кирген эмес. Менин оюм да жетчү эмес. Кантип эле мен айдайм деген суроо бар болчу. Кытай кыздарынын фура айдап иштеп жүргөн видеолорун көрүп абдан кызыгып калдым. Кудайдын буйругу экен, аракетимдин арты менен ийгиликке жетип отурам. Фура айдоонун өзү аялзаты үчүн ийгилик эмеспи. Башында атам аябай каршы болгон. Азыр Кудайга шүгүр, атам биринчи мага ишенет. Кыргызстандын бардык региондоруна жана коңшу өзбекстан, Тажикстанга чейин жүк жеткирем. Фура айдоочусу болуу мүнөздү өзгөрттү. Оор басырыктуу жана сабырдуу болууга үйрөндүм. “Жол азабы – көр азабы” дегендей алыс жолго жүк менен чыккандын өзү жоопкерчилик. Жолго чыкканда каратып, текшертип чыксаң деле техника деген бузулуп калышы мүмкүн. Унаа бузулуп калган кезде шаарга жакын жерлерден уста чакырам. Же болбосо фура айдаган мырзалар токтоп “жардам берели” деп жүргүзүп жолго салып койгон учурлар көп эле болот. Жолдо мырзалар менин фура айдап баратканымды көрүп калса, дароо жол беришкени сүйүндүрөт. Ар дайым жол берген кыргыздын мырзаларына таазим кылам. Аял башым менен фура айдасам да, өз элимде, өз жеримде иштеп, жашап жатканым үчүн кубанам. Азырынча Кыргызстанда менден башка фура айдаган айымды кездештирбедим. 70-80 тоннага чейинки жүктү 12 баскычтуу редуктор менен жабдылган жүк ташуучу механикалык унаа менен жеткирген Кыргызстандагы жалгыз айыммын.

112-маршруттун айдоочусу, бригадир Мухаммед Добутов:
“Кичи автобус айдоочусу үй сала албайт, бирок үй-бүлөсү менен болот”

-2015-жылдан кичи автобус айдап, 2019-жылы бригадир болуп шайланганмын. Ошондон бери 112-маршрутта иштеп келем. 112-маршрут каттамы өтө таза кичи автобустар деп мактана алам. Кээ бир адашып чыгып алган адамдар, акырын айдасаң “тез айдабайсыңбы” дегендер менен кызыктуу бул жумуш. Кээде конкуренттерди карап эртерээк чыгып алып, шаар ичинде акырын айдап жүргөнгө туура келет. Жол бою жүргүнчүлөр менен мамиле кылуу, жол тыгыны абдан чарчатат. Буга кошо эмгек акыбыз аз болуп жатканы өкүндүрөт. Бригадир катары айтсам, азыр жол акысы биздин чыгашаларыбызга жетпегендиктен көпчүлүк айдоочуларды “иште” деп эле кармап турабыз. Көбү миграцияга кетти. Көбү фура айдап кетти. Кээ бирлери жайында мал алып, жайлоого чыгып кетишет. Эгер маршрутта көйгөй болбогондо алар бизде иштей бермек. Солярка да, унаа тетиктери да, оңдогон усталардын акысы да кымбат. Мисалы, бир жерден 20-30 окуучу чыккан болсо 300 сомго барасың. Көпчүлүк айдоочулар унааны оңдоткондо банктардан насыя алышат. Маршрут айдаган адам үй сала албайт, чоңураак иш жасай албайт. Бирок чет элдеп жүрбөй күндө бала-чакаңдын маңдайында, күнүмдүк казаның кайнап турат. Маршрут айдап Кыргызстандын бүт жерлерине бардым. Президент келгенде, айрым сыйлуу коноктор келгенде шаар үчүн сөзсүз кызмат кылабыз.

Троллейбус айдоочусу Замирбек Капаров:
“Колуктумду троллейбустан жолуктурдум”

-2001-жылдан бери троллейбус айдап иштейм. Ар бир адамдын сүйгөн кесиби болот. Биринчи айылдан шаарга келгенимде ток менен жүргөнү үчүн өзгөчө болуп көрүнгөн. Ошондон абдан кызыгып калдым. Башкаларга кандай билбейм, бирок мага өзүмдүн тандаган кесибим жагат. Эл менен иштешкенде көп жагдайлар болот. “Капчыгымды унутуп калыпмын, телефонум ачпай калды” дегендер болот. Биз деле туура түшүнүп, “кийинки чыкканда берип коем” десе, “макул” деп түшүрүп коебуз. Көпчүлүгү кийин эстеп калат. “Кечээ төлөбөй калдым эле ошону кошуп төлөп койдум” деп түшүп кеткен адамдарды көргөндө ыраазы болосуң. Кээ бир жүргүнчүлөр аялдамадан 100 метр жылганда кол көтөрөт же аялдамадан 100 метр өткөндө “токтотуп коюңуз, түшүп калайын” дейт. Баары эмес, бирок айрымдары жол акыны түшөрдө чукуланып, элге тоскоолдук жараткан кездер да болот. Мен күттүрбөгөнгө жана аялдамадан чыгып-түшүүгө чакырып кетет элем. Ушул кесипти тандап, ардактап иштеп келатканыма 25 жыл болду. Оштун жүргүнчүлөрүнүн сылык, жылуу мамилеси менин 25 жылдан бери бир жерде иштөөмө себеп болду окшойт. Оштун эли кең пейил эл да. Көп учурда “рахмат” деп ыраазычылык билдирип түшүшөт. Бул нерсе иштегенге дем берет. Ушул кесипти тандап жаман болбодум. Троллейбус айдап иштеп калганыма капа болбойм. Элден кем эмес жашап жатабыз. Адал эмгек, мээнетим менен бала-чакамды багып, окутуп атам. Колуктум менен дагы троллейбуста таанышып үй-бүлө курганбыз. 3 балабыз бар. Кудайга шүгүр, жашоомо нааразы эмесмин.

Автобус айдоочусу Туйбаева Барчинай:
“Жамаатым “автобус айдаган жалгыз кызыбыз” деп кезексиз өткөрүшөт”

-Москва шаарында такси кызматында иштеп жүргөндө автобус айдаган аялдарга абдан кызыкчумун. Кийин Кыргызстанга келип атайын “Д” категориясын алуу үчүн окудум. Ош шаарында автобус айдап жүргөнүмө 2 жыл болду. Негизи чоң машина айдаган жагат. Жаш кезимден эле машина айдап келем. Ар бир кесиптин кыйынчылыгы болот, бирок өзүңө жаккан кесип болсо ал кыйынчылыкты сезбейсиң. Мен азыркы күндө 7-каттамда иштейм. Аэропорттон Юго-Востокко чейинки жүргүнчүлөрдү ташыйбыз. Эрте мененки саат 5тен баштап ишканага барып дарыгердин текшерүүсүнөн, механиктен өтөм. Андан кийин саат 6:00дө линияга барып туруп калышыбыз керек. 6:00дөн баштап иш башталат. Таңкы саат 6дан кечки 21:00гө чейин токтобой автобус айдайбыз. Күндө кечинде жумуш бүткөндө автобустарды жууйбуз, план тапшырабыз. Бул жумуштарды аткарып бүткөнгө чейин түнкү саат 10 болуп кетет. Автобус айдоочусу болуу сабырды текшерет. Ар түрдүү адамдар бар. Бизде жүргүнчүлөр аялдамасы жок жерден “түшөм-чыгам” дей беришет. “Камералар иштейт, айып пул салат” деп түшүндүргөнгө аракет кылам. Айдоочуларга түшүнүү менен мамиле кылууну элден суранат элем. Анткени, биз айдоочулар өтө чарчап калабыз. Бирок Ош шаарында элдин кичи пейилдиги, бири-бирине болгон сый мамилеси дайым жүрөктү жылытат. Биринчиден ата-энеме ыраазычылык билдирем. Оорубай, көп жашашсын. Себеби, менин шаарга келип автобус айдап калышыма ошолордун колдоосу көп болгон. Шаарга келген сайын “кызым, качан автобус айдайсың?” деп сурай беришчү. Ата-энемдин колдоосу менен автобуска чыгып кеттим. Ишкана жетекчилигине, мени дайыма “жалгыз кызыбыз” деп кезексиз өткөрүп коюшкан коллективиме ыраазычылыгым чексиз.

Тик учак учкучу Расулбек уулу Акбий:
“Тик учактын учкучу болуу абдан адреналиндүү”

-Мен Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн учкучумун. Бул кызматты 3 жылдан бери аткарып келем. Учкуч болуу бала кездеги кыялым эле. Ошол кыялыма Аллах Таала жеткизди. Ата-энемдин колдоосу менен атайын билим алып, учурда эмгектенип жаткан кезим. Тик учактын учкучу болгондуктан, мен үчүн учуу бул өтө адреналиндүү жана ошол эле кезде жоопкерчиликтүү кесип. Бизде машыгуу учурунда же буйрук келген учурда уч десе учабыз. Бир жолу учкан адам дагы да учкусу келет. Биздин тик учактар чоң болгондуктан ата мекендин алдында болгон жоопкерчиликти сезип кылдаттык менен учууга аракет кыласың. Себеби, тик учактын башкаруусу тынымсыз башкарууну талап кылат. Самолет сыяктуу автопилоту жок. Мен учурда Кыргыз Республикасына, ата мекениме өзүм кыялданган кесип менен кызмат кылып жатканыма абдан ыраазымын!

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *