• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

“Жаңы кодекс жетекчиге эмес, жумушчуга чоң укук берет”

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 27, 2026

Кош бойлууларды жумуштан мажбурлап кетирүү, ооруп жаткан кызматкерди иштетип, айлыгын кесүү же концерттерге мажбурлап акча кармоо сыяктуу мыйзам бузуулар дагы деле кездешерин окурмандарыбыздан келген суроолор тастыктайт. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору Алманбет Туйбаев жумушчулардын жана жумуш берүүчүлөрдүн укук-милдеттери тууралуу жарандардын суроолоруна жооп берди.

“Кош бойлуумун, жетекчи жумуштан кет деп жатат”

-Мен учурда 3 айлык кош бойлуумун. Бул кабарды угуп калыштыбы, айтор, жетекчилик акыркы күндөрү кылдан кыйкым издеп, мени жумуштан кетирүү айласын көрө баштады. Ал тургай Кадрлар бөлүмү аркылуу “өзүң эле кет” деп айттырып жатышат. Негизи эле мыйзам боюнча кош бойлуу аялды берене (статья) менен жумуштан кетирсе болобу? өз укугумду кантип коргойм?

Кызбурак, өзгөн району.

Инспектордун жообу: Жок, кош бойлуулукта же жөнөкөй жаран болсо деле эч кандай кет дегенге мыйзам жол бербейт. Эмгек кодексиндеги талаптарды аткарбай, жумушка негизсиз келбей койсо гана жумуш берүүчү тартиптик чараларды көрө алат. Ага чейин жумуш берүүчү эч кандай кысым көргөзгөнгө укугу жок. Эгер ушундай кысым болуп жатса, укук коргоо органдарына кайрылыш керек. Жумуш берүүчү негизсиз тартиптик чараларды көрсө, сөгүш берүү, эскертүү берүүлөр болсо, анда бизге кайрылганга укуктуу.

“Ооруп жатсам отчёт бүтүр деп…”

-Жакында катуу ооруп, дарыгерден расмий түрдө эмгекке жарамсыздык баракчасын (больничный) алганмын. Бирок жетекчим “үйдө эле жатасың го, ноутбукту ач да, баланча отчётту бүтүрүп кой” деп мажбурлады. Ооруп жатсам да жумушту аткардым, бирок айлыкты эсептегенде эмгекке жарамсыз болгон күндөрүнө абдан аз акча чыгарып беришиптир. Ооруп жаткан кызматкерди иштетүүгө жана анын айлыгын кесүүгө мыйзам жол береби?

Айнура, Гүлчө шаары.

Инспектордун жообу: Жок, биринчиден, кызматкер ооруп жаткан учурда жумуш берүүчү тарабынан “милдеттүү түрдө жумушту аткарасың” деген кысым болбош керек. Эмгекке жарамсыздык баракчаңыз бар болсо, сиз ал күндөрү жетекчинин тапшырмасын аткарбай, жада калса телефонго жооп бербей коюуга деле укугуңуз бар. Экинчиден, айлык акысы боюнча айтсам, биринчи он күндүк эмгек акысы толук төлөнөт. Жарамсыздык баракчасын тапшырганда ал бир убакта ачылып, анан белгилүү бир убактан кийин жабылат. Жабылгандан кийин ал “Түндүк” тиркемеси аркылуу чыгат. Түндүктөн эмгекке жарамсыз болгон күндөрдүн баракчасын эсеп бөлүмүнө алып барып, айлыгын толук түрдө бөлдүртүп алса болот. Эгер эмгек акысы толук төлөнбөй, укугу бузулуп жаткан болсо бизге кайрылсын. Мыйзам чегинде толук түрдө айлык акысын кайтартып беребиз.

“Жаңы мыйзам жетекчиге өзгөчө укук береби?”

-Угушубузга караганда, жаңы кабыл алынган Эмгек кодексинде жетекчилерге абдан чоң укуктар берилиптир. Биздин жетекчи “азыр мыйзам өзгөрдү, мага жакпасаңар эч кандай түшүнүк кат албай, бир күндө жумуштан айдап салам” деп коркутуп жатат. Жаңы мыйзам чын эле кызматкерлерди коргоосуз калтырдыбы? Биздин укуктар кантип корголот?

Бакыт, Кара-Суу району.

Инспектордун жообу: Азыр көпчүлүгүндө түшүнүктөр ушундай. Жаңы эмгек кодекси 2025-жылдын 29-январында күчүнө кирген. Эмгек кодексинин эскисинде да, жаңысында да жумуш берүүчүнүн эмес, жумушчулардын укуктары каралган. Жетекчи “жаңы эмгек кодексинде мага ушундай укук-милдеттер берилген” деп жумуштан айдай албайт. Андай укук көргөзүлгөн эмес. Эгер жумушчу функционалдык милдеттерин аткарбай койсо гана эскертүү, сөгүш берүү деген жолдорду колдонот. Такыр жумушка келбей койсо жетекчи жумуштан айдаганга укуктуу.

“Концертке мажбурлап билет алдыртып…”

-Биздин макулдугубуз жок эле “тигил фондго жардам, бул концертке билет” деп айлыгыбыздан автоматтык түрдө акча кармап калышты.

Айсалкын, Ош шаары.

Инспектордун жообу: Эмгек акыдан концертке, иш-чараларга акча топтоп алуу мыйзамдуу эмес. Мындай укук эч кимге берилген эмес. Мыйзам боюнча органдарга кайрыла алат. Эгер жумушчунун өзүнө бекитилген эсептен акча кармап калып аткан болсо, аны кайра төлөтүп берүү боюнча бизге кайрылсын.

“Сыноо мөөнөтүндө айлык чегерилбейби?”

-Жаңы жумушка кирсем, жетекчи “бизде 3 ай сыноо мөөнөтү, бул учурда айлык төлөнбөйт жана келишим түзүлбөйт” деди. Бирок мен кадимкидей 8 саат иштеп, милдетимди аткарып жатам. Сыноо мөөнөтүндө жүргөн кызматкерге айлык берилбеши мыйзамдуубу?

Анарбек, Араван району.

Инспектордун жообу: Сыноо мөөнөтү эмгек кодексинин 62-беренесинде бар. Жумушчуга сыноо мөөнөтүндөгү иштеген эмгеги үчүн эмгек акы толук төлөнөт. Эгер кызматкер сыноо мөөнөтүнөн өтө албай калса, жетекчи актыны протоколдоштуруп, анын түшүнүк катын алып, эмне себептен аткарылбай жаткандыгын аныктап эмгек келишимин токтотсо болот.

“Жеке жактарда эмгек келишим түзбөй иштейм…”

-Мен жеке дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп 1 жылдан бери иштейм. Жетекчи ушул күнгө чейин эмгек келишимин түзбөй, эмгек китепчеме да жазган жок. Келишимсиз иштеген кызматкердин укугу корголобу?

Толгонай, Фуркат айылы.

Инспектордун жообу: Ооба, биринчиден кайсыл кызмат болбосун жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда келишим түзүлөт. Жумушчунун укук-милдеттери, жумуш берүүчүнүн талаптары так көрсөтүлөт. Эмгек келишиминде эмгек акылары, жылына чыгуучу өргүүлөрү, эмгек өргүүгө төлөнүүчү компенсациялар так көргөзүлүш керек. Эки тарап кол койгондон кийин гана эмгек келишими күчүнө кирет. Эмгек келишими жок жумушка тартканга мүмкүн эмес. Жумушка киргенден кийин беш күндүн ичинде жумуш берүүчү тарабынан эмгек китепче сөзсүз түрдө толтурулуш керек. Менчиктин түрүнө карабай бардык жеке тараптар жана мамлекеттик ишканалар келишим түзүп, салык төлөмдөрү, социалдык төлөмдөр жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт. Эмгек келишими жок жумушка тартылган кызматкер бизге кайрылсын.

Жаңы Эмгек кодексиндеги заманбап өзгөрүүлөр

Жаңы мыйзамда биринчи жолу аралыктан иштөө (дистанционная работа) жана электрондук эмгек келишими, ошондой эле электрондук эмгек китепчеси деген түшүнүктөр киргизилди. Бул үйдөн олтуруп же онлайн иштеген кызматкерлердин да укугу расмий түрдө корголот дегенди билдирет.

Мыйзамсыз жумуштан алууга каршы соттошуу акысыз:

Жаңы Эмгек кодексинин негизинде, эгер жумушчу өзүн мыйзамсыз жумуштан бошотулду деп эсептесе жана жетекчиликти сотко берсе, ал мамлекеттик алым төлөөдөн (госпошлина) толугу менен бошотулат. Сот аркылуу мыйзамсыз бошотуу жокко чыгарылса, жетекчи кызматкер иштебей калган бардык күндөр үчүн айлык акысын толук төлөп берүүгө милдеттендирилет.

Жеке ишкерлерге жана дүкөн ээлерине эскертүү:

Түштүк аймагында жеке дүкөндөрдө, базарларда же коомдук тамактануучу жайларда (кафе-ресторандарда) эмгек келишимисиз иштетүү учурлары көп кездешет. Мыйзам боюнча, жумуш берүүчү жеке ишкер болсо дагы, кызматкерди жумушка алгандан кийин 5 күндүн ичинде эмгек китепчесин толтуруп, Социалдык фондго жана салыкка төлөмдөрдү өз убагында чегерүүгө милдеттүү. Келишим түзүүдөн баш тарткан иш берүүчүлөргө ири өлчөмдө айып пулдар каралган.

Анонимдүү арыздар кабыл алынбайт, каралбайт

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жумушка кирүү, же кызмат учурунда укугуңуз бузулуп жатса Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгына кайрылыңыз.
Байланыш номери: 0322255471

Эскертүү! Мамлекеттик эмгек инспекциясына арыз менен кайрылганда, сиздин аты-жөнүңүз, иштеген жериңиз жана жетекчилик тарабынан жасалган мыйзам бузуулар так жазылышы керек. Анонимдүү (аты-жөнү жазылбаган) арыздар мыйзам боюнча каралбайт. Инспекция сиздин маалыматтарыңыздын купуялуулугун сактайт.

“Ош шамы” гезитинин окурмандары үчүн эскертме: Эгерде сиздин юристке, психологго, эксперттерге, эмгек инспекторлоруна сурооңуз болсо, редакциянын байланыш номерлерине кайрылыңыз.
Байланыш үчүн: 0550 99 69 39

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *