• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Чок сураган күндөр жана «AYGEN» баштыктагы береке

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 27, 2026

“Илгери бир үйдө казан кайнаса, анын жагымдуу жыты менен даамы бүтүндөй көчөгө таралчу. Той-топурларда кошуналар кошо кубанып, кайгы келсе тең бөлүшүп, кол сунууга шашышар эле. Ал эми бүгүн… бир дубалдын эки жагында жашап, бири-бирин тааныбаган, атүгүл таанышкысы келбеген коңшулар көбөйдү”, — деп кат жазыптыр бизге жүрөгү өйүгөн шаар тургуну. Бул каттагы ар бир сап замандын ачуу чындыгын күзгүдөй чагылдырып тургандай. Келиңиз, окурман, чогуу ой калчап көрөлү: биз качантан бери кошунабызга чоочундай карай баштадык?

«Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык»

Кыргыздын коңшулук философиясы бул жөн эле бир аймакта жашоо эмес, бул тамырлаштыктын, бир туугандыктын өзгөчө бир формасы эле. «Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» деген учкул сөздүн артында канчалаган улуу ынтымак жатат! Илгери бир үйдүн кожоюну дубал көтөрүп, там баштаса, бүтүндөй айыл жапа-тырмак жабылып, ашардын шаңы башталчу. Мырзалары курсанттана баткак жуурса, аялдар үйдөгү болгон даамын аябай, кезек-кезеги менен ысык тамак ташып, берекенин көркүн ачышчу. Ал кезде коңшудан бир буюм сурап баруудан эч ким уялчу эмес. Балалыктын эң таттуу элестеринин бири очокто от өчүп калганда, энебиздин колубузга эски темир челек менен калакты карматып: «Тур балам, тиги коңшудан чоктун кызылынан сурап келчи» дегени эмес беле… Эки нанды заматта бөлүшүп жеген ал күндөрдүн пейили кенен, ичи аруу болчу. А бүгүнчү? Бүгүн бирөөдөн бир нерсе сурагандан уялып, же тескерисинче, колунда жогунан намыстанып, адамдар бири-биринен обочолонуп, жактырбагандай түр көрсөтүп калышты.

Уюлдук телефондор жана баштыктагы береке

Илгери жаш балдардын үнү көчөдөн басылбай, оюндун көркүн кыздырышчу. Апалар күүгүм киргенде сыртка чыгып, өткөн-кеткенди кеп кылып, балдарына көз салганча узак баарлашып олтурушар эле. Ал кезде уюлдук телефон деген балээ жок, балалык табиятка, жерге жакын болчу. Чөп-чардан «тамак» жасап, таштардан «үй» куруп, жан дүйнөсү таза өсчү. Азыркы ата-энелер балдарын сыртка чыгарбай, колуна санарип дүйнөнү телефонду карматып, өз бөлмөсүнө камап коюуну коопсуз деп эсептеп калышты. Коңшулук катнаш болсо болгону ооз учунан саламдашуу жана алик алуу менен гана чектелүүдө.
Ал эми Айт, Курман айт майрамдарындагы шаттык кайда кетти? Бүтүндөй айылдын балдары топтолуп, колдоруна ошол доордун символу болгон чоң «AYGEN» баштыктарын кармап алып, үймө-үй айттап чуркашар эле. Ар бир үйдүн босогосунан жылуу жүз тосуп, баштыктарга таттуу, боорсок, нан, жаңгак, атүгүл жаңы бышкан ысык эттен берип «мегиле, айтыңар маарек болсун!» деп чын дилден салып беришчү. үйгө келгенде ошол баштыктагы берекени дасторконго төгүп, бүт үй-бүлө менен бата кылгандын өзү бир улуу бакыт эле. Азыр айылдарда да, шаарда да айттап чуркаган балдардын карааны суюлду.

«Эч ким жасаган жакшылыгын милдет кылчу эмес»

Эгер коңшу ооруп, мал-жандыгын караганга дарманы келбей калса, экинчиси муну суратпай билип, тамагын бышырып, малын сугарып, өзүнүн короосуна кошуп багып койчу. Кары-картаңдар эртең менен талаага мал айдаган балдарга «балам, менин малымды да кошо айдай кетчи» деп ишенип тапшырышчу. Эң башкысы эч ким, эч качан коңшуга кылган кызматын милдет кылган эмес, акы сураган эмес.
Айылда той-топур болуп калса, короз үн ката электе, жер жарый элек маалда коңшу аялдар өздөрү эле келип, жең түрүнө киришишчү. Бири камыр жуурса, экинчиси очокко от жагып, үчүнчүсү боорсок кесип тизип жаткан болот эле. Коңшу бул күн сайын көрүшкөн, кубанычыңды кошо майрамдап, кайгыңды тең көтөрүшкөн эң жакын адамың болчу. Араздашып кеткендер болсо, айылдын кадырлуу адамдары ортого түшүп, дароо элдештирүүгө шашышчу. А бүгүн ар ким өз арабасын өзү сүйрөп, өз тиричилигинин кулуна айланды.

Ал эми бүгүнчү?..

Адамдардын пейили тарыдыбы же заман ушунчалык материалдык көз карандысыздыкты алып келдиби? өзгөчө шаар турмушунун ыргагы ушунчалык тез, адамдар жумуш, окуу, күнүмдүк түйшүк деп чарчап, бош убактысын виртуалдык дүйнөгө гана коротуп калышты. Шаарда коңшулар тез-тез алмашып тургандыктан, адамдар бири-бири менен аралашууну, ашыкча түйшүктү каалашпайт. Бирок ынтымак ар дайым өзүбүздөн башталат. Коңшулук мамилени жандандыруу үчүн тоо томкоруунун кажети жок. Эртең менен жумушка жөнөгөндө жылуу жана чын дилден салам берип кой. Жаңы көчүп келген коңшуга колуңдан келсе жардам сунуштап, тааныш. Кыйын абалда турган адамды көргөндө кайдыгер карап өтпө, жардам колун сун. Бул оңой эле адамдык мамиле да…
Мурдагы ошол аруу, пейли кенен кошуналар эч жакка кеткен жок. Алар бизбиз. Болгону, биз бири-бирибизге убакыт бөлүүдөн, жылуулук берүүдөн качып калдык. Бирок ынтымакты кайра жандандыруу үчүн эч качан кеч эмес. Бир гана адамдын жылуу саламы бүтүндөй бир көп кабаттуу үйдүн маанайын өзгөртүшү мүмкүн. үйдүн дубалы адамдарды бөлүп турушу мүмкүн, бирок адамгерчиликтин ортосуна дубал тургузуунун эч кандай зарылдыгы жок.

Акзыйнат

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *