• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Төлөйкөн – Ош шаарынын тарыхый бешиги

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 27, 2026

Ош шаарынын тарыхында Төлөйкөндүн өз орду бар. Төлөйкөн аймагынын өткөнү менен бүгүнкүсү өзгөчө мааниге ээ. Ак-Буура дарыясынын жээгинде орун алган бул куттуу конуш өзүнүн байыркы издери, муундан муунга өтүп келген уламыштары жана журт тааныган асыл инсандары менен сыймыктанат. Аймактын көөнө тарыхын калыбына келтирүүдө көзү тирүү айыл аксакалдарынын эскерүүлөрү баа жеткис булак болуп саналат. Биздин “Бир айылдын тарыхы” рубрикабызда Төлөйкөндүн унутулуп бара жаткан сырларын, тарыхый жерлеринин таржымалын билүү максатында, айылдын кадырлуу аксакалы Чекир Базаров менен маек куруп, анын баалуу эскерүүлөрүн ортого салдык.

Төлөйкөндүн тамыры кайда?

Чекир Базаровдун айтымында, Төлөйкөн — түптүү, тарыхы терең эл. Анын айткандарында бул аймактын тарыхы Ош шаарынын байыркы өткөнү менен тыгыз байланышта. «Мен Төлөйкөндүн тарыхын документтерге таянып толук айтып бере албайм. Бирок ата-бабалардан уккандарыбыз бар. Төлөйкөн — түптүү эл. Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш тарабында, Ак-Буураны бойлой жайгашкан. Илгери Сулайман-Тоонун алдындагы азыркы көрүстөн жайгашкан аймак Төлөйкөн элинин кыштоосу болгон деп айтып келишет», — дейт айыл аксакалы. Анын сөзүнө караганда, Төлөйкөндүн тарыхын Жапалак, Мады жана Ош шаарынын башка байыркы аймактарынын тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Бул жерлерде жашаган элдер шаардын калыптанышына жана өнүгүшүнө салым кошуп келишкен. Санжыра боюнча Төлөйкөн Муңгуш уруусуна кирет. Аксакалдын айтуусунда, Муңгуштан Төлөйкөн, Жоош, Теке, Жапалак, Жылкелди, Кодогоч, Мангыт, Сарай, Сары, Соколок жана Көгүжат сыяктуу уруулар тарайт. Төлөйкөн уруусунан Кыргызстандын Нарын, Талас, Ысык-Көл, Аксы, өзгөн жана Араван сыяктуу аймактарында да жашашат. Бул маалыматтар санжыра аркылуу муундан муунга өтүп келген. Ошондуктан алардын айрымдарын тарыхый документтер менен салыштырып тактоо зарыл.

Коргон-Төбөдө калмактардын чеби болгонбу?

Төлөйкөндүн кире беришиндеги Коргон-Төбө деген жердин аталышы да эл арасында кызыгуу жаратат. Чекир Базаровдун айтымында, бул жерде илгери калмактардын чеби болгон деген уламыш айтылып келет. Аксакал эскерген уламышта чептин ичиндеги адамдар суу аркылуу камсыздалып турган жашыруун жол болгондугу баяндалат. Калмактарды чептен чыгаруу кыйынга турганда, ошол жердеги бир аял суу өтүүчү жолду тосуу керектигин айтып берген имиш. Ошентип, чептин ичиндегилер суусуз калып, колго түшүрүлгөнү айтылат. Бул окуянын тарыхый жагдайлары азырынча тактала элек. Бирок жер-суу аттарынын артында ушундай уламыштардын сакталып калышы элдин өткөнгө болгон кызыгуусун арттырат. Аксакал Сулайман-Тоо жана Дөңгү-Дөң аймагы тууралуу да эл оозундагы баяндарды айтып берди. Алардын биринде Сулайман пайгамбардын дөөлөрү үч кетмен чаап, суунун жолун ачканы тууралуу айтылат. Бул уламышта тоонун көрүнүшү жана аймактын өзгөчөлүктөрү элдик түшүнүк менен байланыштырылат.

Төлөйкөн — таланттардын бешиги

Төлөйкөндүн тарыхын анын белгилүү инсандарысыз элестетүү кыйын. Чекир Базаровдун айтуусунда, бул жерден илим, адабият, искусство жана коомдук турмушта из калтырган адамдар чыккан. Алардын катарында кыргыздын белгилүү кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев, акын Жолон Мамытов, жазуучу Мамасалы Бакиров бар. Мамасалы Бакировдун «Жашагым келет» аттуу чыгармасы да аксакал эскерген адабий мурастардын бири. Ошондой эле Кыргыз эл артисти Абдуманап Төрөбеков, Токон Эшпаев сыяктуу өнөр адамдарынын ысымдарын атады. Илим тармагында илимдин доктору Карим Курбаналиев, Равшан Маметов жана Расул Маметов тууралуу сөз кылды. Физика-математика илимдеринин кандидаты Рыспай Максутов да аксакал белгилеген инсандардын арасында. Ал эми Чекир Базаровдун өзү да Ош шаарындагы коомдук-саясий турмушта эмгектенген адамдардын бири. Ал “Ленин жолу” гезитинин редактору болуп да иштеген.
Аксакал бул инсандардын өмүр жолу жана эмгектери тууралуу маалыматтарды дагы тактоо зарылдыгын белгиледи. Анткени айрым ысымдар эл арасында айтылып келгени менен, алардын өмүр баяны тууралуу маалыматтар толук топтоло элек.

Тарыхты сактоо — кийинки муундун милдети

Чекир Базаров Төлөйкөндүн тарыхына байланыштуу дагы көп маалыматтар улуу муундун эсинде сакталып калганын айтат. Бирок убакыт өткөн сайын алардын айрымдары унутулуп, оозеки айтылган баяндар жоголуп кетиши мүмкүн. Анын сөздөрүнөн айылдын тарыхын жазып калтыруунун мааниси байкалат. Санжыраны, жер-суу аттарын, уламыштарды жана белгилүү адамдардын өмүр жолун чогултуу бир гана өткөндү эскерүү эмес, кийинки муунга мурас калтыруу.

ТӨЛӨЙКӨН — ТӨРДҮН ТӨРӨСҮ

Тарыхтын тереңинен тамыр тартып, байыркы Ош шаарынын айланасын курчап турган Төлөйкөн айылы жана анын эли — кыргыз санжырасынын ажырагыс бир бөлүгү. Ата теги, муңгуш уруусунун таралышы жана Төлөйкөндүн тарыхый орду тууралуу Абдыкулан Машаев менен атайын маек куруп, олуттуу баарлаштык.

Санжыра — элдин тарыхый эс тутуму

«Санжыра» деген сөз араб тилиндеги «шежере» — «бир түп дарак» деген маанини түшүндүрөт. Адам баласы да дарак сымал өнүп-өсүп, бир атадан бир канча бала тарап, кылымдар өткөн сайын өздөрүнүн аталарынын аттары менен урууларга ажырап, эл болуп калыптанган.  Санжыралык маалыматтарга таянсак, Адам ата менен Обо энеден тараган эл Топон суудан кийин Нух пайгамбардын Кам, Сам, Жапас деген үч уулунан тараган. Алардын ичинен Жапас атадан Туранийлер жана Арийлер келип чыкса, Туранийлерден түрк элдери, анын ичинде кыргыздар да тамыр тартат.  Түрктүн 8-муундагы тукуму, Угуз хандын урпактарынан Кыргыз хан тараган. Андан соң Нуркунан, Орозду, Бакай, Маатбий, Көз каман сыяктуу тарыхый инсандар өткөн. Маатбийден Долон бий, андан Ак уул (оң тарап), Куу уул (сол тарап) жана Кызыл уул (ичкиликтер) тарап, кыргыздын үч канат уругу түзүлгөн. 

Муңгуш бабадан Шабданга, Төлөйкөнгө чейин

Оң канаттын курамындагы атактуу Муңгуш бабадан Жагалмай жана Кош тамга тукумдары келип чыгат. Жагалмайдан тараган уруулардын ичинде: 

  1. Төлөйкөн 
  2. Жоош 
  3. Жылкелди 
  4. Тээке 
  5. Жапалак 
  6. Кодогочун 
  7. Мангыт 
  8. Эрке кашка 
  9. Соколок 
  10. Сарылар 
  11. Көк жатык 
  12. Сарай уруулары калыптанган. 

    А. Мониевдин «Кыргыздын Муңгушу» эмгегинде белгиленгендей, Төлөйкөндүн 9 уулу болгон: 
  1. Бекбай (Беки) 
  2. Темиркул 
  3. Карасейит (Ишкаван) 
  4. Куттук сейит 
  5. Алооке 
  6. Майна 
  7. Райымкул 
  8. Таабалды 
  9. Керимкул 

Бул бутактан андан ары Боогачынын 9 уулу жана алардын урпактары тарап, өрөөнгө кеңири отурукташкан. Ош шаарын курчаган Дөөлөт жана дүйнөлүк байланыш
Бүгүнкү күнү Ош шаарын туш тарабынан Төлөйкөн урууларынын айылдары курчап турат. Бул жөн гана географиялык жайгашуу эмес, кылымдар бою Ош шаарынын коопсуздугун, маданиятын жана соода-сатыгын камсыздап келген стратегиялык аймак.
Кызыктуусу, Ош деген ысым жалгыз гана биздин байыркы шаарыбызга тиешелүү эмес. Европанын чок ортосунда — Францияда да «Ош» (Auch) деп аталган тарыхый шаар бар. Бул окшоштук дүйнөлүк топонимикада өзүнчө бир табышмактуу жана кызыктуу факты катары каралат.
Төлөйкөндүн эли бир гана Ош өрөөнүндө эмес, убакыттын өтүшү менен республикабыздын бардык аймактарына тараган. Буга мисал катары:

  • Ысык-Көл
  • Талас
  • Өзгөн
  • Жаңы-Жол

Ана-Кызыл сыяктуу көптөгөн айыл-шаарларда Төлөйкөн уруусунун өкүлдөрү отурукташып, эмгектенип келишет.
Баш кошкон, тамыры бир болгон Муңгуш балдары жана Төлөйкөн урпактары жыл сайын салтка айланган уруулар жолугушуу той-ашын өткөрүп турушат. Алыскы Таластан, көгүлтүр Ысык-Көлдөн, Жалал-Абаддан жана өзгөндөн атайын келишкен кан өтөш бир туугандар бир дасторкондо чогулуп, ата-бабалардын арбагына куран багыштап, биримдикти бекемдешет.

Айылдын бүгүнкү келбети жана сыймыктуу инсандары

Азыркы тапта Төлөйкөн айылы — динамикалуу өнүгүп жаткан, туристтик жана айыл чарба дарамети жогору аймактардын бири. Ак-Бууранын башында жайгашкан айылдын табияты суктандырат, калкы эмгекчил.
Төлөйкөндөн өлкөгө эмгеги сиңген белгилүү мамлекеттик ишмерлер, маданият жана илим чеберлери, коомдук ишмерлер, ишкерлер чыккан. Элибиз алардын ысымдарын ар дайым сыймык менен атайт. Санжыра — бул жөн гана өткөндүн баракчасы эмес, келечек муунга калтырган баалуу мурас. Абдыкулан Машаев менен болгон баарлашуубуз кыргыз элинин тамыры канчалык тереңде жатканын дагы бир ирет далилдеди.

Айша Нуридинова

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *