• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Депутат айымдын фарфор дүйнөсү

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 14, 2026

Дүйнөдө коллекционерлер жөнүндө абдан кызыктуу маалыматтар көп. Мисалы, Том Хэнкс машинкаларды жөн гана байлык үчүн эмес, алардын үнүн, механикасын жана эски доордун атмосферасын жакшы көргөндүктөн чогулткан. Ал эми Кыргызстанда Тимур Акманов эски жаңы жылдык оюнчуктарды жыйнаса, Абдымиталип Мурзакметов значоктор, открыткалар жана сувенирлерди коллекциялайт. үтүктөрдү чогулткан коллекционер Сатыбек Молдалиев 25 жылдан ашык убакыт бою эски үтүктөрдү коллекциялап, анын коллекциясында 500дөн ашуун үтүк болгон. Анын максаты коллекциясын 1000 үтүккө жеткирүү, андан кийин мамлекеттик музейге өткөрүп берүү экен. Эски үтүктөр аркылуу адамдардын турмушу, тиричилик техникасынын өнүгүшү жана ар кайсы мезгилдеги технологиялар тууралуу түшүнүк алууга болот. Эң кызыктуу нерсе коллекциянын өзү гана эмес, адамдын эмне үчүн ошол нерсени жыйнаганы. Каарманыбыз Ош шаардык Кеңешинин депутаты Хулкар Исамова болсо фарфор статуэткаларын бала кезинен бери чогултуп келет. “Ар бир фарфор статуэтка өзүнчө маани, тарых жана эскерүү”,- дейт Хулкар айым. Кызыгы коллекция боюнча атайын илим жок. Бирок, коллекциялап жаткан буюмуңа кызыгып чогулткан сайын ал өзүнчө илимге айлана баштайт экен.

“Турмушка чыкканда апам статуэткаларды да себиме кошуп берди”

— Сиз жыйнап жүргөн коллекция жөнүндө айтып бериңизчи. Качантан бери жыйнайсыз?

— Менин коллекцияга болгон кызыгуум бала кезимден башталган десем болот. үйүбүздө сервантта кооз фарфор статуэткалар турчу. Мен бала кезимде аларга абдан кызыгып, колума алып ойногум келчү, бирок апам: «Буларга тийбе, сынып калат», — деп уруксат берчү эмес. Кийин турмушка чыгып жатканда апам идиш-аяктарым менен кошо ошол статуэткаларды да себиме кошуп берди. Ошентип, бала кезимдеги ошол кичинекей кыялдарым мени менен кошо жаңы үйүмө көчүп келди. Кийинчерээк өзүм да фарфор статуэткаларды сатып алып чогулта баштадым. Айрыкча совет мезгилинде чыгарылган буюмдар кызыктырат. Анткени алардын ар биринде өзүнчө тарых, ошол доордун табити жана эстетикасы бар. Ошентип, башында апамдын сервантында турган бир нече статуэткадан башталган нерсе бүгүн менин сүйүктүү коллекциям болуп калды. Эң кызыгы бала кезимде «тийбе» деп карап гана жүргөн статуэткалар азыр менин өз коллекциямда турат.

— Сиздин коллекцияңыз эмнеден турат?

— Негизинен совет мезгилинде чыгарылган фарфор статуэткаларды чогултам. Айрыкча адамдын образын, балалыкты, эмгекти, улуттук каармандарды жана ошол доордун жашоо-турмушун чагылдырган статуэткалар мага жагат. Бирок сөзсүз совет мезгилиники гана болушу керек деген принцип карманбайм. Эгер жаңы чыгарылган буюм мага жакса, жасалышы, образы же өзгөчөлүгү көңүлүмө толсо, аны да коллекцияма кошом. Жумушума байланыштуу чет өлкөлөргө командировкага көп чыгам. Ошол сапарлардан да сөзсүз эстелик катары өзгөчө фарфор буюмдарды алып келүүгө аракет кылам. Кээде коллекциямды менин кызыгуумду билген досторум да толуктап турушат. Атайын издеп таап, белек кылып коюшат. Ошондуктан коллекциямдагы айрым буюмдардын өзгөчө баалуулугу бар: алар кайсы бир сапарды, адамды же жакшы окуяны эстетип турат.

“Коллекционерлик – жан дүйнөгө эс алуу тартуулаган кызыгуу”

— Коллекцияңыздын тарыхый мааниси канчалык?

— Менин коллекциямды албетте, чоң тарыхый музейлердеги баалуу экспонаттар менен салыштыра албайм. Бирок мен үчүн ар бир статуэтканын өзүнүн тарыхы жана маданий мааниси бар. Айрыкча совет мезгилиндеги фарфор ошол доордогу искусствонун өзүнчө бир бөлүгү. Статуэткалардан ошол мезгилдеги сүрөтчүлөрдүн дүйнө таанымын, адамдардын образын, кийим-кечесин, эмгегин, каармандарын жана коомдогу баалуулуктарды көрүүгө болот. Ал эми фарфордун жасалышы, боёкторунун колдонулушу, майда деталдары ошол кездеги чеберлердин эмгегинен кабар берет. Ошондуктан мен үчүн булар жөн гана полкага коюп коё турган кооз буюмдар эмес. Ар бир статуэтка өз доорунун кичинекей тарыхы. Балким, анын баасы акча менен өлчөнбөйт, бирок убакыт өткөн сайын анын тарыхый жана эстетикалык баалуулугу дагы даана сезилет. Ал эми менин коллекциямдын өзгөчө мааниси анын ар бир буюму менен байланышкан өзүнчө эскерүү бар. Кээ бирин бала кезимден тааныйм, айрымдарын сапарларымдан алып келгем, кээ бирлерин раматылык жолдошум же досторум белек кылышкан. Ошондуктан бул коллекция мен үчүн тарых менен жеке эскерүүлөрдүн айкалышы.

— Коллекционерлик хоббиби?

— Ооба, мен үчүн бул биринчи кезекте хобби жана жан дүйнөгө эс алуу берген кызыгуу. Кээде адам чарчаганда же маанайы жок болгондо өзүнө жаккан нерселер менен алектенип, башка дүйнөгө алаксып кетет эмеспи. Мен үчүн статуэткалар да ошондой. Ар бирин карап туруп, анын жасалгасын, жүзүн, майда деталдарын көрүп, «бул эмнеси менен өзгөчө?» деп кызыгып калам. Кээ бир буюмдар адамды сөзсүз өзүнө тартат.

“Хобби акырындык менен билимге жана изилдөөгө айланат”

— Коллекция жыйноону илимге кошсо болобу?

— Менимче, коллекция жыйноону жөн гана хобби деп чектеп коюуга болбойт. Коллекционер буюмдарды чогултуу менен эле тим болбостон, убакыт өткөн сайын алардын тарыхына, чыгарылган жерине, авторуна, фабрикасына, жасалган жылына жана өзгөчөлүктөрүнө кызыга баштайт. Демек, өзүнчө изилдөөгө айланган учурлар көп. Илимий жактан алганда, сейрек кездешүүчү жана тарыхый буюмдарды чогултуу коллекционерлик, ал эми коллекцияларды изилдөө музей таануу, искусство таануу, археология, нумизматика сыяктуу ар кандай илимий багыттар менен байланышат. Менин коллекциям фарфорго байланыштуу болгондуктан, бул жерде өзгөчө фарфор жана керамика искусствосунун тарыхы кызыктуу. Мен үчүн коллекционер болуу бир нерсени көп чогултуу эле эмес. Ар бир буюмдун артында кандай тарых турганын билүүгө аракет кылуу. Ошондо хобби акырындык менен билимге жана изилдөөгө айлана баштайт.

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *