• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

“Бир адамдын өмүрүн изилдөөгө бир адамдын өмүрү жетпейт”

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 14, 2026

Тарых илимдеринин доктору, профессор, Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Турсунай өмүрзакова өз сөзүндө “бир адамдын өмүрүн изилдөөгө бир адамдын өмүрү жетпейт”дейт. Жакында Турсунай өмүрзакованын “Доор инсандары” китеби жарык көрдү. Китепте Тилеке бий, Ажы бий, Алымбек датка, Абдылдабек датка, академик М. Адышевдердин өмүр жолун изилдеген тарыхый маалыматтар камтылган. Алардын ичинен даткалардын уулу Камчыбек жөнүндө сунуштайбыз. Курманжан датканын тарыхый тагдырындагы эң оор окуя Камчыбектин дарга асылышы болгон. Автор өз көзү менен көргөн аксакалдардан жана тарыхый булактардан изилдеген маалыматтарды сандан-санга жарыялап турууну эп көрдүк.

Алымбек датка жана Курманжан датка жөнүндө

-Алымбек датка темасын баштаганда бир топ улуу инсандардын басып өткөн жолун изилдөөгө туура келди. Изилдеген сайын терең, жаңы маалыматтар чыгып, анын баарын “Доор инсандары” деп аталган эмгекке жыйнадым. Негизги максатым Алымбек датка жөнүндө жазуу болгон. Изилдей келгенде Алымбек датканын ата-теги да жөнөкөй адамдар эмес. Тилеке бий ойрот-жунгарлар менен Чыйырчыктын белинде салгылашып каза болсо, баласы Ажы бий дагы 1706-жылдары кыргыздарды коргойм деп Эрдене бий менен салгылашта дарга асылган. Андан кийин Алымбек датка дагы 19-кылымда кыргыздардын башын бириктирип, Кокон хандыгына, Цин империясына көз каранды болбогон бирдиктүү, улуттук кыргыз мамлекетин түзсөк деген идеясын кыргыз төбөлдөрү, уруу башчылары колдобой койгон. Кыргыз бириксе ким хан болот деген маселе алардын жүрөгүн өйүгөн.
Тун уулу Абдылдабекке дагы “датка” наамы берилген. Абдылдабек датка Россия империясы басып киргенде 1873-76-жылдардагы элдик көтөрүлүштө Полот хан Исхак Асан уулу менен үзөңгүлөш жүрүп, көтөрүлүшкө бирге жетекчилик кылган. Алайдагы Бүлөлүнүн Жаңырык ашуусунда генерал Скобелевдин армиясына каршы, “чек арадан орустарды өткөрбөйм” деп катуу салгылашкан. Чыккынчылардын Абдылдабек жайгашкан жерди көрсөтүп койгонунун кесепетинен курчоого алынып, тең эмес согушта Абдылдабек чегинүүгө аргасыз болгон. Ооганстанга жетип, алардын шахынан курал-жарак, аскер алып орустардан жеримди бошотом деген. өзү жарадар абалында Меккеге барып зыярат кылсам деген ниет менен жолдо баратып каза болот.
Бул китепти 4 жыл жаздым. Архивдик материалдар, тарыхый булактар, этнографиялык маалыматтарды колдондум. Алайлык акылы тунук, эстутуму бекем, куйма кулак аксакалдардын айтымдарынан дагы бир топ маалыматтарды топтоп, китепти чыгарганыма бир ай болду.
Курманжан датка Орто Азияда эмес, дүйнөлүк тарыхта тарыхый феномен аял. Борбордук Азиянын тарыхында эки жолу датка наамын алган. Батыштан келген саякатчылар, Чыгыш таануучуларды бийик ала тоолордун арасындагы ак элечекчен кара кемпирдин алардын цивилизациялык билиминин деңгээлине тең келген акылмандыгы, данакерлиги, теңата сүйлөшкөндүгү абдан таң калтырган. Курманжан датканын тарыхый тагдырындагы өтө оор окуя – Камчыбектин дарга асылышы. Орустарда “даңктуу адамдын баласын дарга аса турган болсок элдин жүрөгүнүн үшүн алып, коркунучта кармайбыз. Кандай болбосун Камчыбекти каралап дарга асыш керек” деген тапшырма болгон. Бир жарым жыл жалган маалыматтарды чогултуп, Камчыбек жана жигити Акбалбанды дарга асуу чечимин чыккан. Ошондо Курманжан датка Камчыбекке: “Уулум, башыңды көтөр. Сенин ата-тегиң жаздыкта жан берген эмес” деп айткан экен. Чын эле тарыхый маалыматтар менен таанышып отурсаң Тилеке бий ойрот-жунгарлар менен согушуп, Ажы бий Кокон бийи Эрдене бий менен салгылашып, Алымбек датка болсо чоң идеянын курмандыгы болуп, Кокондо каза болгон. Абдылдабек орустар менен салгылашуунун кесепетинен каза болгон. Булардын арасында 20-кылымда жашап өткөн академик М. Адышев дагы бар. Алымбектин баласы Абдылдабек, Абдылдабектин баласы Мурзапаяз, Мурзапаяздын баласы Мусулманкул, Мусулманкулдун баласы Адыш, Адыштын баласы – Муса Адышев. Геология илими боюнча илим коргогон. Кыргызстанда Бишкекте геология илимин түптөп, геология илимин ачкан киши болгон.

Камчыбек – орус падышачылыгынын баскынчылык саясатынын курмандыгы

Тарыхта бийлик, байлык атадан балага, урук-тукумуна мурас катары берилсе, Алымбек датканын чоң аталарынан бери келе жаткан үй-бүлөлүк мурас – бул мекенчилдик. Алымбек датка менен Алай ханышасы Курманжандын балдарынын тагдырына 1890-жылдардын башында орус колонизаторлору тарабынан катуу сокку урулган. өзбекстандын мамлекеттик архивинде Түркстан генерал-губернаторлугунун канцеляриясынын №1768 архивдик иш папкасы сакталып турат. Анда дээрлик мындан бир кылымдан ашыгыраак убакыт болуп өткөн окуяга байланышкан орус аскердик төбөлдөрүнүн билдирүүлөрү, телеграммалары, отчёттору, иш кагаздары жана бейкүнөө балдарын канатына калкалап, карандай каралоодон актап калууга, мезгилсиз өлүмдөн сактап калууга аракет жасаган эненин падышалык бийлик төбөлдөрүнө жазган өтүнүч каттары сакталып калган.
Андагы маалыматтар боюнча, 1893-жылдын октябрь айынын акыркы күндөрүндө Кашкардан төөгө буюм-тайым артып келаткан кербен Бүлөөлүнүн чатында Эркечтам бажыканачылары тарабынан токтотулат, ал кербен айтылуу Алымбек датка менен Курманжан датканын кенже баласы Камчыбектин аялы Асел айым артып келаткан жүк болгон. Адатта, Камчыбектин эркеси Асел айым жибек кездемелерди тандоо үчүн Кашкарга (базарга) өзү барчу, аны аялдар коштоп жүрчү. Асел айымды жана анын жүгүн артып келаткан кербендин башчысы Камчыбектин жайлоо чарбасын башкарган Акпалван эле.
Архивдик маалыматта, «Бажыканачылар кербенди токтотушуп, жүктөлүп-таңылган таңгактарды чечүүнү жана сандыктарды ачып көрсөтүүнү талап кылышкан. Бажыканачылар төртөө болгон, бирөө унтер-офицер Боровков, үчөө жергиликтүү «туземдер». Аларга жеткен маалыматга караганда, «чек-арадан алып өтүүгө тыюу салынган контрабанда товарлары өтөт» деген тымызын кабар бар эле. Жүк артып келе жаткан жигиттер «аткезчилердин» “сандыкты ачкыла” деген талабын аткаруудан баш тартышкан. Айтымда контрабанда катары шылтоолоп, бажыканачылар пара алмак болушкан, бирок «Алымбек датка менен Курманжан датка» дечүлөрдүн келини аларга пара бермек түгүл, сандыктын ачкычын бербей койгон.
Ошондо бажыканачылар Асел айымдын чачпагы тагылган чачын кылыч менен кесе чаап, ачкычты алып, сандыкты оодарышкан.
Сандыктан чай, кытай жибектери, күзгүлөр, шуру-берметтер жана башка буюм-теримдер чачылган. Ошол доордо “наша” контрабанда катары эсептелчү эмес экен. Нашанын түрүн чайканада, базарларда ээн-эркин эле чегип отурушчу дешет. Тескерисинче, шуру-берметтерди алып өтүүгө тыюу салынган. Албетте, Жибек жолун көзөмөлгө алган Камчыбектин зайыптары шуру-берметтерди тагынышкан.
Күүлөнгөн жигиттер менен бажы кызматчыларынын ортосунда мушташ чыгып, Акпалван «эмне карап турасыңар, өйүзгө алып өтүп жайлап салгыла» деп Бозборчукту көрсөтөт,- деп эскерет Мати карыя.
Тарыхый маалыматтарга караганда, күз мезгили болгондуктан, чөп оруп жүргөн орокчулар да кошулуп кетишет, ошентип бектин аялынын чачын кескен “ээнбаштарды” — бажы кызматчыларын муунтуп өлтүрүп салышат.
Ошондогу окуялар архивдик булактарда мындайча баяндалат: «Эркечтамдагы өтмө пункттун көзөмөлдөөчүсү Цагин Ош уездинин начальнигинин жардамчысы капитан Мамлеевди жолуктурат да, андан ал төрт бажы күзөтчүсүнүн өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү ишти тергөөгө баратканын билдирет. Бул окуяны Гүлчөнүн волосттук башкаруучусу кабарлады», — деп билдирген Цагин. Ал эми, Гүлчө волостунун башкаруучусу Мамытбек Алымбеков эле. Көп узабай Мамытбек «бул окуяны жаап-жашырганы үчүн» деп айыпка жыгылып, камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалат.
Ошондогу чиеленишкен окуяны архивдик маалыматтарга таянып изилдөөдө негизги факт, бул окуяга Камчыбек да, Мамытбек да, Мырзапаяз да катышкан эмес. Ал эми 12 жаштагы Арстанбек жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес эле. Ошого карабастан, андагы каралоо Камчыбек жана анын жигити Акпалвандын асылышы жана Мамытбек, Мырзапаяз, Арстанбектин Сибирге сүргүнгө айдалышы менен аяктайт.

Камчыбектин айыпталышы

Каргашалуу окуяга түздөн-түз катышпаган бектерди каралоо үчүн алыскы Санкт-Петербургдан жана Түркстан генерал-губернаторлугунун борбору Ташкенден рапорттор, телеграммалар, жашыруун каттар, калп жеринен токулган чагымдар биринин артынан бири Ош уездине жөнөтүлүп турган.
Фергана облусунун аскердик губернатору Повало-Швыйковскийдин жазган рапорту падышалык геноциддик саясаттын чыныгы жүзүн көрсөтүп турат. Ал Түркстан генерал-губернатору А.Б. Вревскийге «№1768 иштин өтө маанилүү экендигин эске алып, бул окуяга байланышкан тергөөнү облустук соттун алдында турган сот тергөөчүсүнө тапшырылгандыгы тууралуу Фергана областынын прокуроруна билдирдим» — деп кабарлайт. Бул падышалык баскынчыларга тереңде былгып жаткан саясатты иш жүзүнө ашырууга түзүлгөн эң ыңгайлуу учур болгон.
Каргашалуу окуяга себеп болгон кербен айтылуу Алымбек датка менен Алай ханышасынын кенжеси Камчыбектин токолу Асел айым болгондугу анык. Бирок Камчыбекти айыптоого эч кандай далил болгон эмес, анткени ал жогорудагы кагылыштын учурунда кербен сарай салдырып жана Оштун жака белиндеги Отуз-Адырда күзгү түшүмдү оруп-жыйноо аракети менен алектенип жүргөн. Жалган-жашык фактыларды топтоп, бектерди айыпка жыгуу максатында сот ишти кийинкиге жылдырган. Фергана облусунун губернатору Повало-Швыйковский бул ишти граждандык соттун кароосунан аскердик талаа сотуна өткөрүп берүүгө өзгөчө ынтызарлык менен аракет кылган.
Фергана облусунун прокурору Л.Н. Комаровдун «камакка алынган бектердин түздөн-түз күнөөлөрү жок» деп мойнуна алууга аргасыз болгон билдирүүсүнө карабастан, Фергана облусунун аскердик-губернатору Повало- Швыйковский жана Түркстан генерал-губернатору Вревский кандай болбосун ишти алар каалагандай аягына чыгарууну талап кылышкан. Эл оозунда сакталган айтымдарга караганда, Камчыбекке тагылган айыптын бирден-бир далили «Камчыбектин бир түндө Оштон Алайга барып, кайра таң атырбай Ошко жетип келе турган күлүк боз жоргосу бар» деп жеткирген душмандын чагымы болгон.
Мазмуну жана аткарылышы боюнча калыстыктан караманча алыс болгон падышалык соттун чечими менен Камчыбек жана анын жигити Акпалван өлүм жазасына, Гүлчө волостунун башчысы Мамытбекти жана Алай волостунун башчысы Мырзапаязды жана Баатырбектин 12 жаштагы баласы Арстанбекти Сибирге сүргүнгө айдаганга өкүм чыгарылган.

(Уландысы кийинки санда)

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *