Сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева кайра кайтып келгендей элес калтырган, сулуулугу менен өнөрү төп келишкен бүгүнкү күндүн жылдызы Арууке Абдыкалыкова Аравандын кызы. “Раймаалы менен Бегимай” этно мюзикли мага бүт баарын берди. Зал толо кол чабуулар үчүн биз мюзиклди жакында 49-жолу койдук” дейт. Эскерте кетсек, бул мюзикл жакынкы коңшу өлкөлөрдө да коюлуп келет. “Раймаалы менен Бегимай” мюзиклинин көркүн ачкан актриса Арууке Абдыкалыкованын аруу дүйнөсүнө көз чаптырыңыз.

“Ныязалы музыкалык окуу жайы – мени чоң сахнага даярдаган улуу мектеп”
-Бала кезимде так эмнени кыялданганым эсимде жок. Бирок, көңүл бурулганды жакшы көрөт элем. Таятамдын үйүнө көп барчубуз. Таятамдын бүт неберелери чогулганда ар ким өз талантын көрсөтүп, ырдап-бийлеп, конок келсе аларга да ырдап берчүбүз. Атамдын айтышы боюнча кыялымды көрсөтүп отуруп айтканымды айткандай жасаткан көк бет болупмун. Мектепте окуганда да биринчи партага отурчумун. Кайсыл чөйрөдө жүрсөм ошонун алды болсом деген аракетим көрсө бала кезден бар нерсе экен. Азыркы курагымда искусстводо да алдыда болсом деп ойлогон кезим. Чөйрөгө жараша кыялдарың да өзгөрүп, өсүп кете берет экен.
Таятамдын үйүндө аккордеон, комуз, музыкалык ыр китептер бар болчу. Ибрагим Жунусовдун кичинекей ыр китебиндеги ырлардын баарын билчүмүн. Атам аябай шайыр киши. Ырдаганды жакшы көрөт. Эсимде “Ак Бакай” күүсүн атам кулагыма “дүл-дүл-дүл” деп айтып берчү. Ушунун баары мени музыкага алып барган. Оштогу У.Салиева атындагы жатак-лицейинде окуп жүргөндө “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу конкурка катышып, Бишкектен 2-орунду алганмын. Кийин мугалимдеримдин сунушу менен Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып калдым. Ассистент, кийин мага концертмейстер болгон Жумабаева Максат эже “флейтага окубайсыңбы” деп флейтаны көрсөтүп, флейта мага жагып калды. 4 жыл бою фортепианодо флейтамы коштогон Кенжебай уулу Курбанали агайдын классында 4 жыл окудум. Агай мага флейтадан аябай жакшы билим берди. Флейтаны Курбанали агайдын шыктандыруусу менен окуганмын. Жакшы окуп бүттүм. Бишкекке келгенге чейин классикалык-инструменталдык музыкага берилип кеткенде “дүйнөлүк деңгээлдеги флейтистка” болом деп кыялданчумун. 1-курсуман баштап өзүмдүн үстүмдөн иштешиме жардам берип, жол көрсөтүп, дайыма мени колдоп, кеңешин айткан Абдуманап Тургунбаев деген агай бар эле. Ал кишинин көзү өтүп кетти. Менин азыркы жетип аткан ийгиликтеримде Абду агайдын салымы чоң. Себеби, мен Ошто окуп жүргөндө деле агай мени Бишкектеги музыкалык окуу жайларга алып келип турчу. Флейтадан сырткары кошумча вокалды үйрөтчү. “Күтүү” деген сыяктуу сонун ырларды өзү фортепианодо ойноп мени ырдатчу. Райхан Самидинова, Гүлжамал Ташматова, Нурлан Каримов, Ильяз Ташболот уулу деген окутуучулардын тарбиясын, билимин алдык. Окуу жайды кызыл диплом менен флейтаны сүйүп окуп бүттүм. Консерваторияга да Курбанали агай менен Абду агай “сен тапшыр, окушуң керек” деп айтып отуруп тапшыртышты. Мени алдыга үндөп, “сен мындай кылышың керек” деп кеңеш берген Курбанали агай менен Абду агай болду. Ныязаалы атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып жатканда вокалга тапшырам деп, бирок кайра арыз жазып флейтага тапшырып калганмын. Консерваторияга келгенде вокалдан сабак окуткан класстардагы үн мени тарта берди. Анан Абду агайга чалсам “вокалга окугуң келип жатабы, анда оку” деди. “Мен сага 10 жыл убакыт берем. 10 жылда сен чоң сахналарга чыгышың керек” деп айтты. Агайдын кеңеши менен вокалга окууга өттүм. өзү Бишкекке келип да кеткен. Мен буюрса чоң ийгилик жаратып, чоң концерт бергенде биринчисин ата-энеме, андан кийинкисин Абду агайыма арнайм деп ниет кылып жүрөм. Жалпысынан консерваторияда опера жаатында окууну бүтүп, аспирантурага да ошол эле багыт боюнча тапшырдым. Учурда улуттук филармонияда солист катары иштейм. Багытым туура деп ойлоп жатам.
“Раймаалыны таап, Бегимайды көпкө издешиптир”
-Вокалда окуп жүрүп, флейтаны унутуп калбайын деп Балдар музыкалык мектебине жумушка кирдим. Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда К. Орозов атындагы оркестр бар. Ал жакта оркестрант, артист болуп 2 жыл иштедим. Ошол иштеп жүргөн кезде “Раймаалы менен Бегимай” мюзиклине кастинг болуп, Раймаалыны таап, бирок Бегимайды аябай көпкө издешиптир. Мюзиклге кастинг 3 күн болду. Режиссёрдун ассистенти Жаннатта эже кел деген. Бирок мен бара албайм го деп барбай жүрө бердим. 4-курста опера ырчысы болом деп окуп жатсам, Бегимайдын ролунда домбра ойноп, элдик ырларды ырдаш керек да деп барбай койгонмун. Кастингдин үчүнчү күнүндө чалып келишиң керек дешти. Барсам биринчи эле бийле деп айтышкан. “Булуттарды” ырдап бергенмин. Эмоционалдык деңгээлди текшериш үчүн ар кандай ролдорду аткартышкан. Кастингден кийин филармонияда Түгөлбай Казаковдун концертин күтүп отурсам башкы режиссёр Умарбек Кадыров келип, “Сага Бегимайдын ролун берсек кандай дейсиң?” деп сурады. Менин коркконум эле мугалимим болгон. 1-курстан эле “эч жакка, той-пойго ырдабайсың” деп тыюу салган. Мугалимден уруксат сурап, бир топ этаптардан өтүп насип экен, Бегимайдын ролун аткарып калдым.
“Мюзикл башталганда мен эмес, чын эле Бегимай болгондой сезилет”
-“Раймаалы менен Бегимай” мюзикли мага өзүмө болгон ишенимди берди. Бардык чыгармачыл кишилердин бышып жетилиши керек болгон кезинде бир нерсе түрткү болуш керек деп ойлойм. Мүмкүн мюзикл болбосо дагы деле жүрө бермекмин. Мүмкүн барып-барып “классиктерге жетиш кайдан” деп өзүмдү чүнчүтүп салмакмын. Мага түрткү болгон нерсе мюзикл болду. Мюзиклден бүт бардыгын алдым. өзүмө болгон ишеним, зал толо кол чабуулар, элдин алкоосу, таанымалдуулук, баары. өзүмдүн багытымды аныктай алдым. Мен ушул жол менен кетем деп айта албайт экенсиң. Аны Кудай берген ийгиликтер, мүмкүнчүлүктөр чечет экен. Мени сахнада ачкан Бегимайдын ролу болду. Мюзиклди эки курам менен 49 жолу койдук. Бардыгында зал толо эл болуп жатты. Андан сырткары айлап-жумалап даярдандык. 29-сентябрда 49-коюлумун элге тартууладык. Бегимайдын ролун аткарганда ар дайым чоң жоопкерчилик, ар башкача сезим болот. Мюзикл башталганда мен мен эмес болуп калам. Форманы кийгенде өзүмдү башкача сезип, чын эле мен Бегимай болгондой сезимдер болот. Көшөгө жабылганда гана кайрадан өзүмө келип, үстүмдөн жүк түшүп, Аруукеге айлангандай сезимде болом. Сахнанын жылдызы болуу жоопкерчилик менен өзүңдү жоготпоо экен. Дайыма кол чабууларды күтүп каласың да. Ал үчүн ар дайым сахнага чыкканда кемчиликсиз болууга тырышат экенсиң. Кичинекейимдеги кыялдарым акырындан орундалып келатат. Орундалды деп айтсам дагы болот. Улам чоңойгон сайын кыялдарым дагы улам чоңоюп барат. Кыялдарга жеткенге көзүм дагы жетип баратат. Ошол багытыма карай аракет кылып жатам.

“Жолдошум биринчи күйөрманым”
-Консерваторияда 3-курста окуп жүргөндө турмушка чыктым. Жолдошум менин башкы күйөрмандарымдын бири. Колдоп дем берип турат. Артисттердин жашоосу — жылтырак көйнөктөр, жылтырак көздөр, макияж, гримм. Анын баарын чечкенден кийин үйдө сен жалгыз отуруп кайгырсаң, ыйласаң, бир нерсе жетпей атса, жаман сезип атсаң ошонун баарына көңүл бөлүп, колдоп, “карачы сенин жетишкендиктериң мынча болду. Кудайга шүгүр десең. Сенин жасай турган ийгиликтериң алдыда. Эртеңден мынтип башта” деп мени дайым колдоп-кубаттап турган жолдошум, ата-энем, кайненем. Башкысы Кудай буюрган жол. Кудай буюрган үчүн мен ушинтип аракет кылып жашап атсам керек.
Блиц суроо
Толук аты-жөнү: Абдыкалыкова Арууке Замирбековна
Туулган жери: Араван району, Гүлбаар айылы
Туулган жылы: 2001-жыл
Окуган окуу жайы: Учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы
Аткарган ролдору: “Раймаалы менен Бегимай” этно мюзиклинде башкы каарман Бегимайдын ролу, “Агатай” тасмасында башкы каарман Аймончоктун ролу
Аткарган чыгармалары: Классикалык чыгармалар жана “Бул сүйүүнүн баяны”, “Ардагым”
Жашоодогу урааны: “Кызыккан, кыял туткан нерсенин баарын жасап, даамдап көрүү. Мейли ал ыр болсун, операдагы ария болсун, кино, сериал болсун, бизнес…”
Эң көп колдонгон сөзү: “Шүгүр”
- Өзүңдү үч сөз менен сүрөттөп берсең:
- Өжөрлүк, аракет, ишеним.
- Өзүңдөгү эң баалаган сапат:
- Баштаган ишти аягына чыгаруу жана ишенимди жоготпоо.
- Ийгиликке жетүүдө талант маанилүүбү же эмгекпи?
- Талант маанилүү, таланттан дагы эмгек маанилүү.
- Жашоодо эч качан баш тартпай турган нерсе сен үчүн?
- Кудайга болгон ишеним жана үй-бүлөм.
- Кайсы нерсеге «жок» деп айтууну үйрөндүң?
- Менин убактымды уурдаган нерселерге жок дегенди үйрөндүм.
- Сен жөнүндө кызыктуу факт:
- Менин аты-жөнүм мурда Айжамал Замирбек кызы болчу. Арууке болуп калганымдын узун тарыхы бар.
- Көрүүчүлөр сени бир гана нерсе менен эстеп калса, ал эмне болсо дейсиң?
- Жакшы өнөрүм менен. Анын ичинде жакшы чыгармалар жана жакшы ролдор бар.
Бүкалча Маматали кызы