Ар бир пенде жакшы ниет менен бүлө курат. Тилекке каршы, ар кандай себептерден улам эки башка жолго түшкөндөр көп. Кыргызстанда акыркы жылдары ажырашуулардын саны өсүп жатканы жашыруун эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарымында өлкөдө 7 359 ажырашуу катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (6 606 учур) 11,4%га көп. үй-бүлөнүн бузулушу бул чоң трагедия. Бул кырдаалда эң чоң соккуну жана зыянды ортодогу бей күнөө балдар тартат. Ажырашкандан кийин коомдо эң көп талкууланган жана талаш-тартышты жараткан алимент маселесине кайрылабыз.
«Баламдын акчасын тиги катынга жегизбейм!»
Коомчулукта «ажырашкандан кийин аялыма акча бербейм, ал өзүнө коротот» деген жаңылыш пикир абдан кеңири таралган. Бирок мыйзамда да, адамгерчиликте да алимент бул мурунку жубайды багуу үчүн эмес, ортодогу баланын тамак-ашы, кийими, дарылануусу жана билими үчүн гана берилген каражат. Баладан бөлөк жашаган ата же эне үй-бүлөдөн кетсе да, ата-энелик милдеттен жана жоопкерчиликтен кутула албайт. “Кыргызстанда ажырашуу процессинде эки жаштын ортосуна ата-энелердин, башкача айтканда, кайын журттун аралашуусу абдан чоң ролду ойнойт”,-дейт тажрыйбалуу психолог Айчүрөк Маматова. Психологдун айтымында, көпчүлүк кайната, кайненелер же баланын жакындары “баламдын маңдай тер менен тапкан акчасын тиги кетип калган катынга жегизбейм, ал өзүнүн көр тиричилигине, кийимине коротот” деп уулдарын алимент төлөбөөгө тукуруп, кирешесин жашырууга көмөктөшүшөт. Коомубуздагы эң чоң укуктук жана моралдык жаңылыштык ушул болууда. Бирок аталар да, кайын журт да бир нерсени аңдап билиши шарт. Алимент мурунку келинге же аялга берилген жардам же садака эмес. Бул ошол үйдөн тараган, ошол атанын канынан жаралган неберенин мыйзамдуу акысы. Ал акча эненин чөнтөгүнө эмес, баланын бакчасына, мектебине, кийимине, тамак-ашына жана ден соолугуна жумшалат. Бүгүнкү күндө баланы жалгыз багуу, аны бутуна тургузуу канчалык оор экенин коом көрүп турат. Эгер уул өз баласынан акчасын аяп качып жүрсө, ага туура жолду көрсөтүп, “бул сенин балаң, багууга милдеттүүсүң” деп айта турган биринчи кезекте ошол уулдун ата-энеси болушу керек. Неберени ач-жылаңач калтыруу бир гана мыйзам алдында эмес, адамгерчилик жана улуттук намыс алдында да уят иш.
Кыргызстанда алименттин өлчөмү кандай?
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексине ылайык, сот аркылуу өндүрүлгөн алименттин көлөмү төлөөчүнүн расмий кирешесинин (айлыгынын) төмөнкүдөй үлүшүн түзөт.
1 балага — кирешенин 25% (төрттөн бир бөлүгү);
2 балага — кирешенин 33% (үчтөн бир бөлүгү);
3 же андан көп балага кирешенин 50% (тең жарымы).
Мыйзам катаалдашты, алимент төлөбөгөндөр камалат
Акыркы жылдары Кыргызстанда алимент төлөөдөн качкандарга каршы мыйзамдар абдан катаалдашты. Бул чаралар коомдогу жоопкерчиликти арттырууга багытталган. Мыйзамда кандай каралат, карап көрөлү:
-Алиментти 3 айдан ашык убакыт бою атайлап төлөбөй качкандар 3 суткага чейин камалат. Бул көрүнүш кайталанса, камак мөөнөтү 7 суткага чейин узартылат.
-Эң чоң көйгөйлөрдүн бири Орусияга же Казакстанга кетип калып, качып жүргөндөр. Кыргызстан ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрү менен атайын эл аралык конвенцияларга кол койгондуктан, биздин соттун чечими Орусияда да таанылат. Сот аткаруучулар аркылуу ал жактагы тийиштүү органдарга өтүнүч берилип, карызкордун Орусиядагы айлыгынан же банк карталарынан акча автоматтык түрдө кармалып турат.
-Эгерде жаран дайыма баласына акча бербей, кирешесин жашырып качса, ал 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Юристтен кеңеш
Окурмандардан бизге келген каттардын көпчүлүгү юристке багытталгандыктан, бул жаатта тажрыйбалуу юрист Руслан Акималиев суроолорго жооп берет.
“Биз расмий ажыраша элекпиз (ЗАГС бар), бирок күйөөм диний жол менен “талак” бергендиктен, мен балдарым менен бөлөк үйдө жашайм. Никени расмий түрдө сот аркылуу кырктырбай туруп эле алимент өндүрсөм болобу?”
Ноокат району, Айнуска.
-Ооба, никени бузбастан (ажырашпастан) туруп эле алимент өндүрүүгө мыйзам толук жол берет.
КРнын үй-бүлө кодексине ылайык, ата-эне өз балдарын багууга милдеттүү. Мыйзамда алимент алуу үчүн «ажырашуу тууралуу күбөлүк» талап кылынбайт. Сиз балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ЗАГС күбөлүгү жана бала сиздин колуңузда жашап жаткандыгы тууралуу маалымкат менен түз эле сотко же нотариуска кайрылсаңыз болот. Сот бул кырдаалда ажырашуу маселесин карабайт, болгону ай сайын баланын акысын төлөтүү боюнча чечим чыгарып берет.
“Мурунку жолдошум расмий эч жерде иштебейт. Сотко берсем, мага “менин айлыгым жок, нөл сом төлөйм” дейт. Расмий иштебегендерден алимент кантип өндүрүлөт?» Мээрим, Куршаб айылы.
-Жумуштун жоктугу баланы багуудан бошотпойт. КРнын үй-бүлө кодексине ылайык, эгер жоопкер расмий иштебесе, алимент өлкөдөгү орточо айлык акынын же мыйзамда белгиленген эң төмөнкү жашоо минимумунун (минималдуу эмгек акынын) негизинде эсептелет. Сот аткаруучулар жоопкердин иштебегенине карабай, карызды өлкөлүк орточо көрсөткүч менен эсептеп, милдеттүү түрдө өндүрүшкө алат.
“Биз диний нике (молдо нике кыйган) менен жашап ажырашканбыз, ЗАГС жок. Алимент өндүрсөм болобу?” Айсара, Ош шаары.
-Эгерде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты-жөнү расмий жазылган болсо, ЗАГСтын бар-жогуна карабастан алимент кадимкидей эле өндүрүлөт. Ал эми күбөлүктө атасынын графасы бош калган болсо, анда биринчи кезекте сот тартибинде аталыкты аныктоо (ДНК-тест же башка далилдер: бирге жашагандыгын далилдеген сүрөттөр, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, кат жазышуулар аркылуу) доо арызы берилиши керек. Аталык далилденген соң сот дароо алимент өндүрүү чечимин чыгарат.
“Сотко кайрылып, айлап-жылдап кезек күткөнгө убактым жок. Башка тез жолу барбы?” Бибинур, Чоң-Алай району.
-Ооба, азыр эң тез жол – нотариалдык буйрук (нотариальный приказ) аркылуу кезек күтпөй алсаңыз болот. Эгерде ортодо баланын аталыгы боюнча талаш жок болсо, түз эле нотариуска кайрыласыз. Нотариус арызды кабыл алып, болгону 3 жумушчу күндүн ичинде алимент өндүрүү тууралуу буйрук чыгарып берет. Бул документ соттун чечими менен бирдей күчкө ээ жана аны дароо сот аткаруучуларга өткөрүп берсе болот.
“Бала 18 жашка толгондо алимент толугу менен токтотулабы?”
Саадат, Учар айылы.
-Жалпы эреже боюнча Кыргызстанда жашы жете элек (18 жашка толо элек) балдарга өндүрүлгөн кадимки алимент бала 18 жашка толгон күнү автоматтык түрдө токтойт. Бирок, мыйзамда эки маанилүү өзгөчө учур каралган:
- Эгерде бала 18 жашка толгондон кийин университеттин же коллеждин күндүзгү бөлүмүндө (очное отделение) окуусун улантса, алиментти 21 жашка толгонго чейин узартууга болот. Окуусу келишимдик (контракттык) негизде акы төлөнүүчү болушу шарт. Мындай учурда алименттин өлчөмү окуу акысынын 50%ын гана түзөт жана сотко доо арыз менен ата-энеси эмес, студент өзү кайрылышы керек.
- Эгерде бала балалыктан бери 1- же 2-топтогу майыптыгы бар, эмгекке жарамсыз деп табылса, ата-эне аны өмүр бою багууга милдеттүү.
“Күйөөм айлыгын жашырып, минималдуу эле төлөп жатат. Эмне кылуу керек?”
Зарина, Кара-Суу шаары.
-Мындай учурда сотко «Алиментти туруктуу акчалай суммада өндүрүү боюнча доо арыз жазуу керек. Сотко атасынын реалдуу жашоо деңгээлин далилдеген сүрөт, видео же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн берсе болот. Сот баланын мурунку жашоо деңгээлин сактап калуу үчүн айлыгына карабай, мисалы, айына түз эле 15 000 сомдон төлөсүн деп чечим чыгарып бере алат.
“Күйөөм экөөбүз таарынышып жүргөндө иштейм деп кетип дайынсыз, кайын журтум такыр жардам бербейт, балдарды жалгыз багуу кыйынга турууда. Кайын атамдар бардар эле турушат, алардан алимент өндүрсө болобу?” Алай району, Минура.
-КРнын үй-бүлө кодексинин 100-беренесине ылайык, эгер ата-энесинен алимент алуу мүмкүн болбосо, бала өзүнүн чоң ата, чоң энесинен же таята, таянесинен сот аркылуу алимент алууга укуктуу.
“Мурунку аялым менен ажырашып кеткем. Бир балам бар, алимент төлөйм. Алиментти баланын апасы өзүнө коротуп жатат. Ушул мыйзамдуубу?”.
Араван району, Махмуд.
-Мыйзам боюнча, алимент баланын гана муктаждыгына (тамак-аш, кийим, окуу) жумшалышы керек. Эгер атасы акча туура эмес жумшалып жатканын далилдесе (Опека органы аркылуу текшертип), сотко кайрылып, алименттин 50%ын түз эле баланын атына ачылган банктык эсепке (депозитке) которууну талап кыла алат. Бул акчаны бала 18ге толгондо өзү гана алат.
“Алиментке бергениме бир топ убакыт болду, мурунку күйөөм бир сом да төлөбөй келет. Майда-чүйдөгө жардам берип койгонун милдет кылат. Эми чет өлкөгө иштегени кетем, билгениңди кыл деп жатат?”
-Сотко кайрылыңыз. Алимент боюнча карыз 10 000 сомдон ашса эле, сот аткаруучу КР Чек ара кызматына билдирүү жиберип, карызкорду «Кара тизмеге» киргизет. Ал карызын толук төлөп, базадан өчмөйүнчө чек арадан өтө албайт.
Аталардын амалы
Айрымдар алимент төлөөдөн качып, ар түрлүү амалдарды жасаганы менен, мыйзамдан качып кутула албайт. Андыктан жалгыз бой бала өстүрүп жаткан апалар мына ушуларды билип коюу ашыкча болбойт.
- “Аталык укуктан ажыратылсам, алимент төлөбөйм” деши мүнкүн. Бирок КРнын үй-бүлө кодексине ылайык, аталык же энелик укуктан ажыратылган тарап бала алдындагы милдеттеринен, тагыраагы, алимент төлөөдөн бошотулбайт. Укугу жок болсо да, төлөөгө милдеттүү.
- “Бала менин фамилиямда эмес, андыктан алимент төлөбөйм” дегендер чыгат. Мында фамилия маанилүү эмес, туулгандыгы тууралуу күбөлүктө «Атасы» деген графада ким жазылса, ошол тарап төлөйт.
Кандай документ керек?
Сотко же нотариуска кайрылуу үчүн керектүү документтердин толук тизмеси:
- Доогердин (арыз ээсинин) паспортунун көчүрмөсү;
- Баланын (балдардын) туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Нике тууралуу же никени бузуу тууралуу күбөлүк (эгер бар болсо);
- Бала апасы (же атасы) менен чогуу жашагандыгын тастыктаган жашаган жеринен маалымкат;
- Жоопкердин (алимент төлөөчү тараптын) иштеген жери жана кирешеси тууралуу маалымкат (эгер бар болсо);
- Балага кеткен кошумча чыгымдарды тастыктаган чектер, квитанциялар (медициналык маалымкаттар, ийримдердин акысы ж.б. — эгер туруктуу суммада өндүрүлө турган болсо).
Жылдыз Султан