Кээде айланабыздагы эле адамдардан «менин маанайым жок, депрессия болуп жатам» деген сөздү көп угабыз. Акыркы убакта бул түшүнүктү тренд же мода кылып алгандар да жок эмес. Бирок чыныгы депрессия бул убактылуу маанайдын чөгүүсү эмес, адамды ичтен жеген оор психологиялык абал. 20 жылдык тажрыйбасы бар психолог Дөөлөткан Кабыкова депрессиянын коомдогу орду, анын жалкоолуктан айырмасы жана бул туңгуюктан чыгуунун жолдору тууралуу айтып берет.
-Депрессия деген эмне жана ал кандай түрлөргө бөлүнөт?
-Медициналык тил менен айтканда, депрессия бул – жөн эле мүнөздүн алсыздыгы эмес, мээдеги химиялык заттардын: серотонин, дофамин, норадреналин балансынын бузулушунан келип чыккан олуттуу психикалык оору. Ал пайда болуу себептерине жана карата негизги бир нече түргө бөлүнөт:
- Эндогендик депрессия: Бул түрү сырткы себептерсиз (эч кандай жаман окуя болбосо деле) ички генетикалык же биологиялык факторлордон улам пайда болот. Адамдын организминде «бакыт гормондору» жетишсиз иштелип чыкканда келип чыгат.
- Психогендик (реактивдүү) депрессия: Жашоодогу катуу соккуга, кайгылуу окуяга (жакын адамынан айрылуу, ажырашуу, кырсык) жооп катары өнүгөт.
- Соматогендик депрессия: Башка физикалык оорулардын (мисалы, калкан безинин иштеши бузулганда, инсульттан кийин же онкологиялык ооруларда) кесепетинен пайда болот.
- Төрөттөн кийинки депрессия (Постнаталдык): Жаңы төрөгөн аялдардын гормоналдык фону кескин өзгөргөндө жана психологиялык чарчоодон улам келип чыгуучу оор абал. Бул жөн эле убактылуу чарчоо эмес, дарылоону талап кылган процесс.
- Маскаланган (жашыруун) депрессия: Эң коркунучтуу түрү. Мында адамдын маанайы сыртынан жакшы көрүнгөнү менен, оору организмдик симптомдор аркылуу (баштын, жүрөктүн, ашказандын өнөкөт оорушу) «маскаланып» алат. Адам дарыгерлерди канча кыдырса да, денесинен эч кандай оору табылбайт, анткени себеби психикада болот.
Оордугуна жараша депрессия жеңил, орто жана оор (клиникалык) болуп бөлүнөт. Эгер жеңил түрүндө адам өзүн мажбурлап ишке бара алса, оор түрүндө ал төшөктөн тура албай, атүгүл өзүн караганга, жуунуп-тазаланууга да кубаты калбай калат.

-Дөөлөт эже, көпчүлүк «менин маанайым жок, депрессия болуп жатам» деп айтышат. Жөн эле маанайдын түшүшү менен чыныгы депрессияны адам өзүнөн кантип айырмалай алат?
-Бул эки абалды чаташтырууга таптакыр болбойт. Маанай күнүмдүк ар кандай окуяларга байланыштуу тез-тез өзгөрүп турушу мүмкүн. Бирок жөн гана маанайы түшкөн адам жакшы бир кабар укса же жагымдуу чөйрөгө туш келсе, кайра тез эле калыбына келет.
Ал эми депрессия – абдан терең жана оор процесс. Ал турмуштагы чоң жоготуулардан, өлүмдөн, ажырашуудан же ири банкроттуктан кийин пайда болушу мүмкүн. Же болбосо, майда стресстер топтоло берип, акыры адамдын нерв системасы туруштук бере албай калганда өнүгөт. Бул абалга кабылган инсан жашоонун маңызын таптакыр жоготот, келечектен үмүтүн үзөт жана айланадагы бир дагы жакшы нерсени байкабай калат.
-Депрессияга кабылган адам сыртынан кандай көрүнөт?
-Көпчүлүк депрессиядагы адамды «күнү-түнү ыйлап, бөлмөсүнө бекинип отура берет» деп элестетет. Бул дайыма эле андай эмес. Негизги белгиси -адамдын коомдон обочолонуусу. Ал мурда жакшы көрүп жасаган иштеринен, жадакалса өзүнүн бала-чакасынан, досторунан жана жумушунан сууп калат. Эч нерсе кубаныч алып келбейт. Атүгүл жакшы музыка, жылуу сөз же шаңдуу той-топурлар да анын кыжырын келтирип, андай жерлерден кача баштайт.
Кээ бир адамдар бул ички боштукту жана жан дүйнө оорусун басуу үчүн ичкиликке же баңгиликке берилип кетишет. Эгер зыяндуу адаттары жок болсо, жөн гана элден качып, жалгыздыкка кирип кетет. Акыр түбү бул абал «жашоодон кантип кутулсам болот?» деген коркунучтуу ойлорго, өзүнө кол салууга алып келиши мүмкүн.
-Бизде депрессияны жалкоолук деп урушушат. Адам чын эле жалкоолуктун айынан төшөктөн турбай жатабы же ага күчү жетпей жатабы?
-Эң туура суроо. Биздин коомдогу эң чоң ката — депрессияны жалкоолук же эркелик деп түшүнүп, адамды урушканыбыз. өзгөчө өспүрүм курактагы балдар ушул абалга кабылганда, ата-энелер «окугусу келбей, эркелеп жатат» деп күнөөлөшөт. «Биз сендей куракта мындай болгон эмеспиз» деп акыл үйрөтүп, баланы андан бетер туңгуюкка түртүшөт. өспүрүмдөрдө депрессия агрессия, кыжырдануу, урушчаактык, сабакка жетишпөөчүлүк жана коомдук эрежелерге каршы чыгуу түрүндө сыртка чыгат. Эгер балаңыз күтүүсүздөн агрессивдүү болуп өзгөрсө, аны урушуудан мурда психологиялык абалына көңүл буруңуз.
Адам чын эле жалкоолуктан төшөктө жаткан жок, анын турууга, кыймылдоого чындап эле физикалык жана моралдык күчү жетпей жатат. Табият адамдарды ар кандай жараткан: бирөө сабырдуу келип, соккуларга чыдаса, экинчисинин нерв системасы назик болуп, сынып кетиши мүмкүн. Эгер жадырап-жайнап жүргөн жакыныңыз күтүүсүздөн өзгөрүп, түнт болуп кетсе, ага акыл үйрөтүп, мазактабай, «жүрөгүңдө эмне болуп жатат?» деп сурап жылуу мамиле кылуу керек.
-Адам өзүндө депрессиянын белгилерин байкаса, өз алдынча кантип биринчи жардам көрсөтө алат?
-Психологияда «кайнатылган бака эффекти» деген түшүнүк бар. Эгер баканы муздак сууга салып, астына жай от жагып койсо, суунун жылып, акыры кайнап жатканын бака сезбей калат да, тирүүлөй бышып калат. Депрессия да ушундай. Адам кичинекей капачылыктан баштап, коомдон качып отуруп, акыры терең туңгуюкка кантип сүңгүп кеткенин өзү байкабай калат. 20 жылдык тажрыйбамда «мен депрессия болуп калдым, мага жардам бергиле» деп өз каалоосу менен келген бейтаптар өтө аз болду. Себеби алар бул абалды моюнга ала алышпайт же сезишпейт. Чыныгы депрессиядан адам өз күчү менен жалгыз чыгып кетүүсү мүмкүн эмес.
-Окурмандарыбызга кеңеш катары айтсаңыз, депрессиядан толук айыгып, мурункудай бактылуу жашоого кайтып келүү мүмкүн да…
-Албетте, мүмкүн! Депрессиядан толук айыгып, жашоону кайрадан ачык боёктордо көргөн инсандар абдан көп. Бул жерде эң башкы роль -жакындардын колдоосунда. Эгер сиздин досуңуз же үй-бүлө мүчөңүз ушундай абалда болсо, жардам сурагандан коркпоңуз. Кыргызчылык кылып дем салдыруунун деле өз пайдасы бардыр (менталитетке байланыштуу), бирок андан сырткары сөзсүз түрдө кесипкөй психологго же психотерапевтке кайрылуу зарыл.
Кээде адамдар үчүн депрессия абалы «комфорттук зонага» айланып, андан чыккысы келбей калган учурлар болот. Аларга жашоонун маңызын кайрадан табууга көмөктөшүү керек. Психологияда бизге кайрылгандарды бейтап дебейбиз, анткени бул медицина эмес, бул биргелешкен иш. Ошондуктан аларды кардар деп атайбыз. Айыгып кеткен көптөгөн кардарларым кийин күлүп: «Эже, ошондогу абалымды эстесем өзүмө ишенбейм. Көрсө, жашоонун маңызы ушунчалык сонун жана кооз экен го!» деп ыраазычылык билдиришет. Эң башкысы — убагында адиске кайрылып, жашоо үчүн күрөшүүнү токтотпоо керек.
Социалдык тармактар бизди кантип туңгуюкка түртөт?
Бүгүнкү күндө депрессиянын трендге айланышына жана жаштар арасында күч алышына социалдык тармактардын салымы чоң. Биз Instagram же TikTok баракчаларын барактап жатып, башкалардын «кемчиликсиз, бактылуу жана бай» жашоосун көрөбүз. Бул сырттан бейпил көрүнгөн виртуалдык дүйнө адамдын ичинде өзүн кемсинүү, ийгиликсиз сезүү сезимдерин козгойт.
Мунун илимий себеби да бар: социалдык тармактардан лайк же билдирүү күтүү мээде жасалма дофамин (кубаныч гормону) гормонун бөлүп чыгарат. Ал виртуалдык кубаныч жок болгондо же виртуалдык жашоо менен реалдуулук дал келбей калганда, адамдын нерв системасы туруштук бере албай, тез эле депрессивдүү абалга түшүп калат.

«Күлүп жүргөн депрессия»
Көпчүлүк депрессиядагы адамды чачы-башы үрпөйгөн, караңгы бөлмөдөн чыкпай ыйлаган бирөө катары элестетет. Бирок бул да жаңылыштык. Бүгүнкү күндө коомдо абдан активдүү, жумушунда ийгиликтүү, дайыма шайыр, тамашакөй жүргөн адамдар да ушул оорудан жабыркашат. Муну психологияда «жогорку функциялуу» же «күлүп жүргөн депрессия» деп аташат.
Мындай бейтаптар ичиндеги туңгуюкту, жалгыздыкты, коркунучту жана чарчоону сырткы «жылмаюу» маскасынын артына абдан чеберчилик менен катышат. Алар айланасындагыларга жүк болбоо же алсыз көрүнбөө үчүн өздөрүн мажбурлап күлүп жүрүшөт. Бул унчукпай ичтен жеген оору абдан кооптуу, анткени мындай адамдар эч кимге билдирбей күтүүсүз кадамдарга өзүнө кол салууга барышы мүмкүн. Ошондуктан дайыма шайыр жүргөн жакындарыңыздын да көзүнө карап, жүрөгүн өйүгөн маселесин угууга убакыт бөлүңүз.

Спорт – эң табигый антидепрессант
Эгер сиз өзүңүздөн жеңил маанай чөгүүсүн же алгачкы симптомдорду байкасаңыз, оор клиникалык депрессияга өтүп кетпөө үчүн күнүмдүк жашоого төмөнкү жөнөкөй адаттарды киргизүү зарыл:
- Уйку гигиенасы – мээнин химиялык балансы жана серотониндин бөлүнүшү үчүн караңгыда жана өз убагында (саат 23:00гө чейин) уктоо шарт.
- Физикалык кыймыл – күнүнө болгону 20-30 мүнөт таза абада жөө басуу же жеңил көнүгүү жасоо стресс гормону болгон кортизолду азайтып, эндорфинди бөлүп чыгарат.
- Маалыматтык детокс – күнүнө жок дегенде 1-2 саат телефон, компьютерди толук өчүрүп, мээге эс алуу бериңиз. Түн бир оокумга чейин жаңылыктарды окуу нервди гана чарчатат.
- Антидепрессант-меню — рационуңузга банан, апельсин, кара шоколад жана жаңгак (Омега-3) сыяктуу мээнин иштешин жакшыртуучу азыктарды кошуңуз. Ошол эле учурда таттуу, газдуу суусундуктарды азайтыңыз, анткени алар депрессия коркунучун жогорулатат.
Жылдыз Султан