• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Садырбек Сагынбаев, актёр, жыгач уста: “Жасаган комузумду көрсөм, баламды көргөндөй болом…”

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 14, 2026

Кыргыз киносунда түрдүү образдарды жаратып, ал эми устаканасында унчукпас жыгачка жан киргизген өзгөчө инсан бар. Ал көрүүчүлөргө “Миллиондук мелдеш 2”, “Аят”, “Аманат” тасмалары аркылуу жакшы таанылган белгилүү актёр Садырбек Сагынбаев. Актёрдин улуттук куттуу аспапты кастарлап жасаган кайталангыс комуз устасы экенин көпчүлүк билбейт. Каарманыбыздын айтымында комуз жөн гана музыкалык аспап эмес, канында агып жаткан улуу Токтогулдун аманаты, өзгөчө касиетке ээ ыйык мурас. Жыгачты жылдап кургатып, ар бир бөлүгүнө мээрим менен мамиле кылган устанын өнөр дүйнөсүнө бирге саякат жасап, комуз чабуунун көшөгө артындагы сырлары тууралуу кеп кылдык.

“Кыйын кездер өттү”

Садыр аба, комуз жасоо өнөрүнө кантип келип калдыңыз? Бул өнөрдү кимден үйрөндүңүз?

Комуз жасоо өнөрүнө мен тээ бала кезимден эле кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөн кезимде атам ээр же комуз жасаганда жанына отуруп алып карап турчумун. Мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырдым. Кийин Москва шаарында сүрөт факультетинде, кинематография багытында окудум. Советтер Союзу тараган, Акаев маданият тармагын жоюп салган убак. Жумуш жок тентип жүрүп Европага барып, сүрөт тартып, эптеп жан багып жүргөн күндөрүм болду. Оор тумуш кыйынчылык, жаңы үйлөнгөн кез. Бакен Кыдыкеев атындагы Жаштар театрында башкы сүрөтчү болуп иштеп калдым. Ошол учурда Нурадин Абдразаков деген досум камчы, комуз жасап жүрчү. Мен театрда иштесем, досум куурчак театрында эмгектенчү. Бош убактысында сыртта, бактын түбүндө олтуруп алып комуз чаап калчу. Ал белгилүү комузчу Орозобай Кенчинбаевдин шакирти экен. Досум мени устаты менен тааныштырып, мен да үйрөнүп, бара-бара өзүм да комуз чапкан уста болуп калдым.

Эң биринчи комуз чапкандагы сезимдер эсиңиздеби?

Биринчи чапкан комузумду театрда иштеп жүргөндө жасаган элем. Аламүдүн базар тарапта кыдырып жүрүп, бир жарым миң сомго же 1600 сомдун тегерегинде саткан элем. Ал убакта кыйынчылык кез болчу. Ошол убактар эч эсимден кетпейт. Ошондон кийин кызыгуум күчөп, комуз чаап баштагам. Алгач кыйналып, карагайдан жасап жүрдүм. Кийин устаттарым комузду өрүктөн, жаңгактан жасаш керектигин айтышты. Акырындан үйрөнүп отуруп, өрүккө өттүм. Чындыгында өрүктөн абдан сонун комуз чыгат экен.

“Дарак чабылгандан кийин 5-6 жыл кургатылат”

Комуздун үнүн эмне аныктайт, күүсүн кантип табасыздар?

Комуздун үнү дээриңде болушу керек экен. Калың болуп калса да үнү жакшы чыкпайт, өтө жука болуп калса да үнү талаптагыдай болбойт. Комуздун өзүнө тиешелүү үнүн табууда кылына таккан кичинекей жыгачтын да ролу абдан чоң. Эң жакшы үн берген жыгачтар Көлдүн, Жети-өгүздүн тегерегиндеги тоолордо өскөн, көп жылдык, кучак жеткис карагайлар. Карагайдын ичинде «мари» деген түрү болот. Ошол мари карагайынан капкак жасасаң, абдан жакшы болот жана комузга өзгөчө сонун үн берет.

Бир комуз жаралганга чейин кандай жолдон өтөт?

Комуз жасоо үчүн биринчи кезекте жыгачты кургатып алыш керек. Мисалы, дарак чабылгандан кийин 5–6 жылдай кургатылат. Кургатып бүткөндөн кийин формасына келтирип, сомдойсуң. Бул иш өтө кылдаттыкты талап кылат. Бир комузду жасоого орточо 3–4 күн убакыт кетет. Жасаган комуздардын ичинен бири эле эмес, ар биринин өзгөчөлүгү болот. Мисалы, сүрөтчү чоң сүрөт тарткандай, актер чоң роль жараткандай же музыкант дүйнөгө аты чыккан чыгарма жазгандай эле, ар бир комуз да өзүнчө жаралат. Музыканттын бир чыгармасы өтө сонун болуп, экинчиси анчалык болбой калгандай эле, комуздар да ошондой.

“Бир бактан үч комуз жасасаң, үчөө үч башка чыгат”

Комуз чабуу сизге кандайдыр бир өзгөчө сезим береби?

Мен комуз жасаганда өзгөчө эс алам. Кээде таң атканча иштеп каласың, кээде тамак ичкениңди да унутуп коёсуң. Ишке ушунчалык берилип кетесиң. Комуз ушунчалык ыйык аспап, дубалап койгондой эле байкабай берилип кетесиң. Комуз жасоо жеңил жумуш эмес. Ушунчалык чеберчиликти талап кылат. үнүн жөнгө салуу үчүн өзүң да комуз черткенди билишиң керек. Бир бактан үч комуз жасасаң, үчөө үч башка болуп чыгат. Ыйык аспап экен, муну сөз менен айтып жеткирүү кыйын.

Сиздин оюңузча, комуз жасоо – жөн гана кесиппи же адамдын жан дүйнөсү аралашкан өзгөчө өнөрбү?

Комуз жасоо жөн эле кесип эмес. Жөн эле кесип катары жасагандар деле жок эмес. өзү эсептелүү эле комуз усталары бар. Бири-бирибиздин жасаган комуздарыбыз оңдоп-түзөөгө келип калат да. Ошондо кармап көрүп, сезип-билип, «ушундай бир өзгөчөлүгү болот экен да бул өнөрдүн» деп ойлойсуң. Мен бул өнөрдү эң жакшы өнөрлөрдүн бири деп эсептейм. Мисалы, мен жасаган комузду бирөөлөр алса, ичтен кызымды узаткандай эле сезим болот. «Ии-й, жакшы жерге барса экен, жакшы бир комузчунун колуна түшүп, сыналгыдан, концерттен, филармониядан көрсөм экен» деп ойлоп калам. Мен ошондой сезимге жетип эле калдым. Филармонияда концертте же маданият, музыкалык берүүлөрдөн өзүм жасаган комуздарымды көрүп калсам, ушундай бир сонун болом да. Бул сезим эми мындай. өзүңдүн бир кызыңды, балаңды, небереңди же апаңды, атаңды көргөндөй болосуң. өзүмдүн бир тууганымды көргөндөй сүйүнөм да. Ошондо ичте ушундай бир жылуу сүйүнүү сезими болот.

“Кино азап менен тартылат да”

Сизди баарыбыз актёр катары тааныйбыз да, сахнадагы чыгармачылык менен комуз жасоонун кандай окшоштугу бар?

Мен өтө профессионал актёр эмесмин. Тасмада сүрөтчү болуп иштеп жүрүп, кээ бир эпизоддорго режиссёр чакырып калчу. «Кел, мобул жерин ойноп берип кой, бул жерин тигинтип кой» деп чакырганда бирин-экин ойноп берип койчумун. өзүм деле артисттик кесипке кызыгат элем. Мурда ыр дагы жазып калчумун. Сахнада көп деле ойногон эмесмин. Жаш кезимде театрда иштеп жүргөндө эсептелүү эле ролдордо ойногом. Тасма да, сахнада да роль ойногом. Бирок сахнаныкы башка, ал эми кинонуку такыр башка. Биз кинону айтып калабыз кино бул – кыйноо деп. Ушундай азап менен тартылат да, роль жаратуу да оор болот. Агайларым айтып калчу: «жаман роль болбойт, жаман актёр болот» деп. Мен роль тандабайм, чакырган жагына барып турам. Сахнада кээде комуз көрүп калам, комуз күүсүн угуп калганда кадимкидей баламды сагынгандай сагынып калам. Комуз жасап жатканда киного чакырып калса, кадимкидей кечирим сурап, жыйнаштырып, бешикке жаш баланы бөлөгөндөй комузумду жакшы жерге коюп, анан съёмкага кетем. Сценарийди паркта же кечинде огородго чыгып, сөздөрүн жаттап, уйку да келбей калат. Менин досторум да: «атаң өлүптүр же апаң өлүптүр, топурак салып кел десе да киноңдон кетпейсиң. Баш-отуң менен кирип кетесиң», — деп айтып калышчу. Актёрлук кесип менен комуз чабууну өз баламдай көрөм. “Ата-бабаларыбыздын да айткан сөзү бар. Комуз үйдө илинип туруш керек. Жөн эле илинбей, күндө чертилип турса, үйгө ырыскы кирет, жакшы болот” деп айтып калчу эле атам. Мен да комуз алгандарга «комузду ным жерге койбой, суу тийгизбей, күнгө койбой, жаткан бөлмөңө илип коюп, күндө чертип турсаң, үйүңө ырыскы кирет» деп айтам. Комуздун жакшы жери дүйнөдөгү белгилүү бир аспаптар менен музыканы ойногондо кээ бир музыкаларды ойной албай калат, ал аспаптарга келбей калат. Ал эми комузда дүйнөдөгү бардык музыкалар ойнолот. Керек болсо жаныбарлардын үнүн да комузга келтирип койсо болот экен. Менин апам азыр 103кө чыгып калды. Бир туугандарымдын арасынан маданият тармагында жүргөн, комуз чапкан да бир эле менмин. Сагынганда, чогуу отуруп калган кезде апам «тайларыңды тартыптырсың, садагаң болоюн, айланып кетейин, балам» деп эркелетип калат. Көрсө, Токтогул Сатылгановдун жээн чөбөрөсү экенмин.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *