Кымбат баалуу кийим-кече, алтын менен кооздолгон улуттук оймо-чиймелер жана кылымдар бою сактала турган маданий мурас. Кыргызстанда чыныгы люкс сегментинде бренд түзүү-көпчүлүк үчүн ишке ашпас кыял же ашыкча тобокелчилик көрүнүшү мүмкүн. Бирок дизайнер үчүн бул жөн гана бизнес эмес, өлкөнүн атын дүйнөгө таанытууга багытталган улуттук миссияга айланган. «Батырова Люкс» бренди кандайча пайда болду, эмне үчүн “Булгари” менен “Картьедей” кылымдарга кала турган мурас калтыруу зарыл жана улуттук буюмдарды жогорку баада сатуунун артында кандай философия турат. Бренддин негиздөөчүсү дизайнер Каныкей Батырова менен маектештик.

-Каныкей эже, «Батырова Люкс» брендин түзүү идеясы сизге алгач кантип жана кайсы учурда келди?
-Бул идеянын жаралышына эки чоң окуя жана ички кыял түрткү болду. Биринчиси — Москвада жүргөн кезде, 2017-жылы пайда болгон тилек. Ошондо мекениме жөн гана кайтып келбестен, ага из калтыра турган бир чоң нерсе жасасам деген ой келген. Мага Парижге көргөзмөгө баруу, Парижди багынтуу кыялы тынчтык бербей турган. Биздин Кумтөрдүн алтынынан атайын мончок жасатып, аны кийимдерге тигип көрсөтөм деп кыялданаар элем. Экинчи чоң түрткү — Газа менен Израиль ортосундагы куралдуу кагылышуу башталганда болду. Ошол учурда “Булгари”, “Шанель” сыяктуу дүйнөлүк бренддер Израилди колдоп чыгышканын көрдүм. Ошондо мени бир нерсе катуу ойго салды, эмне үчүн дүйнөдө мусулмандардын кызыкчылыгын, алардын баалуулуктарын жана маданиятын дүйнөлүк деңгээлде коргоп, колдой турган мусулмандык люкс бренд жок? Эмне үчүн биз дайыма бирөөлөрдүн брендин ээрчишибиз керек? Ошол учурдан баштап мен кыялымды ишке ашырууга бардык күчүмдү жумшап келе жатам.
-Эмне үчүн дал ушул кыргыздын улуттук баалуулуктарын люкс форматта көрсөтүүнү чечтиңиз?
-Франция, Италия сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө карасаңыз, алардын люкс индустриясы абдан жогору өнүккөн. Алар өздөрүнүн тарыхын, маданиятын кымбат таңгактап, бүткүл дүйнөгө сатат. Ал эми бизде Кыргызстанда, миң жылдык тарыхыбыз, бай маданиятыбыз, кайталангыс оюу-чиймелерибиз туруп, бир дагы эл аралык деңгээлдеги люкс бренд жок болчу. Биз улуттук кийимдерди же буюмдарды жөн гана сувенир же арзан чапан катары көрүүгө көнүп калганбыз. Мен бул стереотипти бузгум келди. Биздин Кумтөрдүн алтыны, табигый кымбат кездемелерибиз жана кол эмгегибиз дүйнөнүн эң кымбат салондорунда турса жарашат. Бул кыргыздын мурасын кылымдарга сактап калуунун эң ишенимдүү жолу.
-Бренддин негизги символдорунун бири болгон айгүл гүлүн тандооңуздун өзгөчө тарыхы барбы?
-Айгүл гүлү бул жоголуп бара жаткан, дүйнөдө сейрек кездешкен, жылына бир гана жолу гүлдөгөн Баткендин сыймыгы. Бул гүл өзүнүн назиктиги, кайталангыстыгы жана чыдамкайлыгы менен айырмаланат. Биздин бренд да дал ушундай өзгөчө, эксклюзивдүү жана тандалган гана адамдарга буйруган буюмдарды жаратат. Айгүл гүлүн бренддин символу катары тандоо менен биз жаратылыштын сулуулугун, кыргыз жеринин кайталангыс казынасын зер буюмдарыбызга жана кийимдерибизге сиңирүүнү максат кылдык.
-Брендди баштаганда сизге ишенбегендер болдубу? «Мындай бренд Кыргызстанда өтпөйт» деген пикирлерди уккансызбы?
-Ооба, андай сөздөр абдан көп болду. Ишти жаңыдан баштаганда «Кыргызстанда ким мынча кымбат нерсени алат?», «Бизде люкс рынок жок, элдин сатып алуу жөндөмү төмөн, банкрот болосуң» дегендер толтура чыкты. Бирок менде чоң ишеним жана так максат бар болчу. Эгерде продукт чындап сапаттуу, эксклюзивдүү жана баалуу болсо, анын кардары дайыма табылат. Согушту баштоодон мурда жеңишке ишенүү керек. Мен элдин сөзүнө эмес, өз кыялыма ишендим.



-Брендди түптөөдө эң чоң кыйынчылык эмне болду — каржы, кардар табуу, сапаттуу усталарды табуу же идеяңызды түшүндүрүүбү?
-Бул суроонун жообу жогоруда айтылгандардын бардыгы, бирок эң башкысы — сапаттуу усталарды табуу жана алардын деңгээлин жогорулатуу болду. Чыныгы люкс буюмду жасоо үчүн жөн гана тигүүчү же зергер болуу жетишсиз. Алардан тактык, чыдамкайлык жана жогорку эстетика талап кылынат. Мындай усталарды табуу, аларды жаңыча иштөөгө үйрөтүү эң оор болду. Экинчи жагынан, кыргыз элине «улуттук буюм дагы люкс боло алат» деген идеяны сиңирүү, премиум кардарлардын ишенимине кирүү да бир топ убакытты жана эмгекти талап кылды. Сырттан караганда баары кооз, жаркыраган, люкс көрүнүшү мүмкүн. Бирок анын артында уйкусуз түндөр, стресс, чоң каржылык тобокелчиликтер турат. Кээде кабыл алынган туура эмес чечимдерден улам чоң чыгымдарга учураган убак болду. Колекцияны көрсөтүүгө жетишпей, суткалап цехте жүргүзүүгө туура келди. Мен өзүмдүн жеке убактымды, ден соолугумду жана тынчтыгымды ошол кыялым үчүн курмандыкка чалдым десем болот.
-«Батырова Люкстун» башка кыргыз бренддеринен эң негизги айырмасы эмнеде?
-Айырмасы — биз массалык өндүрүшкө масс-маркетке умтулбайбыз. Биздин ар бир буюм бул искусство. Биз Кыргызстандагы чыныгы Кумтөр алтынын, эң жогорку сапаттагы табигый жибек, кашемир, мех жана атайын буйрутма менен жасалган зер таштарды колдонобуз. Ар бир чапан, ар бир зер буюм уулудан атага, энеден кызга кала турган мурас катары жаралат. Биз жөн гана кийим сатпайбыз, биз статус, маданият жана тарых сатабыз.
-Брендде учурда кандай буюмдар чыгарылат? Кайсы продукцияга суроо-талап эң жогору?
-Бизде негизинен эксклюзивдүү автордук чапандар, көйнөктөр, Кумтөрдүн алтынынан жана күмүшүнөн жасалган улуттук стилдеги зер буюмдар, ошондой эле булгаарыдан жасалган аксессуарлар чыгарылат. Эң жогорку суроо-талап алтын жиптер менен саймаланган, баалуу таштар менен кооздолгон эксклюзивдүү чапандарыбызга жана колдон жасалган зер буюмдарыбызга.
-Буюмдарыңыздын баалары канча сомдон башталып, эң кымбат буюм канча турат?
-Биз люкс сегмент болгондуктан, баалар да тиешелүү түрдө калыптанган. Чоң эмес аксессуарлар же күмүш зер буюмдар орто эсеп менен 15 000 – 30 000 сомдон башталат. Бирок Кумтөрдүн алтыны, асыл таштар колдонулуп, айлап колго тигилген VIP-коллекциядагы эксклюзивдүү чапандар жана топтом зер буюмдардын баасы бир нече ондогон миң долларга чейин жетет. Эң кымбат буюмдарыбыз бул жеке буйрутма менен бир гана нускада жасалган коллекциялар.
-Кымбат баа коюуда кардар так эмнеге төлөйт: алтын-күмүшкөбү, материалгабы, кол эмгегине, дизайнгабы же бренддин атынабы?
-Кардар ушул айтылгандардын бардыгынын синтезине төлөйт.
- Материал биз эң таза, жогорку сапаттагы алтын-күмүштү, табигый кездемелерди колдонобуз.
- Кол эмгеги бир чапанды же зер буюмду жасоого бир нече уста 2-3 айлап талыкпай эмгектенет.
- Идея жана дизайн ар бир оюунун өзүнүн философиясы жана мааниси бар.
- Статус жана бренд кардар «Батырова Люкс» буюмун сатып алуу менен өзүнүн статусун жана өзгөчө табити көрсөтөт. Кардар жөн гана буюмду эмес, анын тарыхын жана эксклюзивдүүлүгүн сатып алат.
-Кээ бир адамдар «кыргыздын улуттук буюмдарын мындай кымбат баада сатуу ашыкча» деп сын айтса, аларга эмне деп жооп берет элеңиз?
-Мен аларга мындай дээр элем, эмне үчүн биз италиялык Louis Vuitton же Chanel баштыгын бир нече миң долларга сатып алууну нормалдуу деп эсептейбиз да, өзүбүздүн кыргыздын таза алтыны менен саймаланган, тарыхы бар мурасыбызды арзанга баалашыбыз керек? Улуттук баалуулукту арзандатуу бул маданиятыбызды арзандатуу. Эгер биз өзүбүздүн эмгекти жана тарыхты жогору баалабасак, аны дүйнөгө да баалата албайбыз. Люкс формат — бул улуттук буюмду төмөндөтүү эмес, тескерисинче, аны эң жогорку даражага көтөрүү. Учурда кардарларыбыздын курамы абдан кызыктуу. Кардарлардын болжол менен 50-60% — Кыргызстандагы жогорку элита, белгилүү инсандар, бизнесмендер жана маданият өкүлдөрү. Ал эми калган 40-50% — чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиз, ошондой эле Араб Эмираттарынан, Түркиядан, Россиядан жана Европа өлкөлөрүнөн келген чет элдик кардарлар. Чет өлкөлүктөр өзгөчө биздин алтын зер буюмдарыбызга жана нукура кол эмгегин абдан жогору баалашат. Биз сыймыктануу менен айта алабыз «Батырова Люкс» өндүрүшү толугу менен Бишкек шаарында, өзүбүздүн атайын адистештирилген цехте жана өнөрканада жайгашкан. Бирок чийки зат боюнча айтсам, металл катары өзүбүздүн ата мекендик сыймыгыбыз Кумтөрдүн алтыны жана Кыргызстандын күмүшү колдонулат. Ал эми эң жогорку сапаттагы жибек, кашемир, баалуу таштар Дубайдан, Италиядан жана Түркиядан атайын келишимдердин негизинде алдырылат. Массалык сатуу бул бизнес, ал эми эксклюзивдүүлүк бул искусство. Мага миңдеген бирдей чапан тигип сатуунун кереги жок. Мага жылына 50 же 100 гана буюм даярдалса да, алардын ар бири музейге койгондой кайталангыс, ээсине жагымдуулук тартуулаган жана кылымдарга кала турган шедевр болушу маанилүү. «Батырова Люкс» бул чектелген нускалардагы бренд.
Эл аралык сертификация жана маркетинг
-Дүйнөлүк люкс рыноктун өзүнүн катаал эрежелери бар. Экинчиден, Париж, Милан жана Дубай өңдүү мода борборлорунда туруктуу бутигибизди жана флагмандык шоурумдарыбызды ачуу. үчүнчүдөн, сырткы кадрларды жана зергерлик мектепти андан ары чыңдоо. Идеябыз жана сапатыбыз даяр, эми дүйнөлүк деңгээлдеги туура стратегиялык пиар жана дистрибуция керек.
Дүйнөлүк рынокко чыгуу жөн гана кыял эмес, мен күн сайын иштеп жаткан ачык жана конкреттүү план. “Булгари”, “Картье”, “Шанель” менен катар турган заңгыраган бутиги бар бренд катары көрөм. Мен Франциянын же Италиянын люксу сыяктуу эле, «Made in Kyrgyzstan» деген жазуу дүйнө жүзүндө байлыктын, жогорку табиттин жана сапаттын символу болуп калышын каалайм. Мен балдарыма, элиме дал ушундай өчпөс мурас калтырам.
Айша Нуридинова