Акбар Абдуллаев — кыргызстандык аралаш мушташ өнөрүнүн (ММА) мушкери. Учурда ал дүйнөдөгү эң абройлуу уюмдардын бири болгон Ultimate Fighting Championship (UFC) мелдештеринде жеңил салмак категориясында күч сынап келет. Анын спорттук жолу талыкпаган эмгекке, тынымсыз машыгууга жана кыйынчылыктарды жеңүүгө негизделген. Мушкер үчүн ар бир беттеш — өзүнүн мүмкүнчүлүгүн сыноо менен катар, кыргыз элинин атын дүйнөгө таанытууга берилген мүмкүнчүлүк. Биз каарманыбыз Акбар Абдуллаев менен анын спортко келген жолу, UFCдеги максаттары, жеңиштин артындагы эмгек жана үй-бүлөсүнүн колдоосу тууралуу маектештик.

— Мушкер болуу бала кезиңиздеги кыялбы же бул максат кийинчерээк пайда болдубу?
— Мен 1997-жылы Ош облусунун Мады айылында төрөлгөнмүн. Россияда өсүп-чоңойдум. Учурда Кыргызстанда жашаймын. үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Мен эң улуусумун, үч иним бар. Көп нерсе адамдын кандай чөйрөдө өскөнүнө байланыштуу эмеспи. Бала кезимде байкелерим бар болчу. Аларды көрүп, артынан ээрчип, залга жөн гана ойногону барчубуз. Мени менен бир тууган иним да барат эле. Экөөбүз ары-бери чуркап, тентектик кылып жүрсөк, машыктыруучубуз «чуркабагыла, тентектик кылбагыла!» деп урушчу. Бир күнү машыктыруучубуз бизге тапшырма берди. Биз анын айтканын угуп, кайталап аткардык. Ошондо ал бизди аябай мактады. Анын мактаганы бизге абдан жагып, шыктандырды. Ошентип, орус машыктыруучубуздун колдоосу жана мактоосу менен бара-бара ММАга келип калдык.
— Алгачкы беттешиңиз эсиңиздеби? Ошол учурда кандай сезимде болгонсуз?
— Менин алгачкы дебюттук беттешим 18 жашымда кикбоксинг боюнча өткөн. Биринчи беттешимде аябай сүйүнгөм. Чынын айтсам, машыгуум жетиштүү болгондуктан, анчалык деле кооптонуу болгон эмес, көп толкунданган да эмесмин. Ал эми кийин ММАга өткөндө негизинен сокку уруу техникасына басым жасаган мушкер болгондуктан, күрөш жагынан бир аз толкунданчумун. Акыркы беттешим болсо АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Ал жактан да жеңиш менен кайтып келдик.
— Акбар ага, беттештин алдында коркуу сезими болобу?
— Албетте, болот. Эгер коркуу сезими болбой, өзүңө ашыкча ишенип чыксаң, дал ошол көйгөй жаратышы мүмкүн. Анткени реакцияң жайлап, ылдамдыгың төмөндөп, айланаңда болуп жаткан нерселерди сезүү жөндөмүң азайышы ыктымал. Ошондуктан беттеш алдында бир аз толкундануу болгону жакшы. Бул сени сак болууга, атаандашыңдын ар бир кыймылына көңүл буруп, этият аракеттенүүгө түрткү берет.

— Рингде атаандашыңыздын кайсы сапаттарына көбүрөөк көңүл бурасыз: техникасынабы, психологиясынабы же физикалык күчүнөбү?
— Биринчи кезекте атаандашымды анализ кылам. Мен өзүм бокс, кикбоксинг менен машыгуудан баштагам, башкача айтканда, негизинен сокку уруу техникасына басым жасаган мушкермин. Ошондуктан атаандашымдын техникасына өзгөчө көңүл бурам. Анын бокс, грэпплинг жана күрөш ыкмаларын байкап, кандай аракет жасашы мүмкүн экенин алдын ала талдоого аракет кылам. Ошого жараша коргонуу тактикамды күчөтүп, ар кандай ыкмаларга даяр турам.
— Эгер сизге каалаган бир мушкер менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк болсо, кайсы мушкер менен беттешүүнү каалайт элеңиз?
— UFCге келгендеги негизги максаттарыбыздын бири күчтүү мушкерлер менен беттешип, өзүбүздү көрсөтүү. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, Александр Волкановски менен беттешүүнү каалайт элем.
— UFC менен түзгөн келишимиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Гонорарыңыз кандай?
— Ооба, биз келишимдин негизинде беттештерге чыгабыз. Мага төрт беттешке келишим берилген. Бирок гонорарымдын так суммасын ачык айтууга болбойт. Андан тышкары, бул каражаттын баары эле өзүмө калбайт. Менеджердин үлүшү, даярдыкка кеткен чыгымдар, жеке машыктыруучу, диетолог сыяктуу адистердин кызматы бар. Ушулардын баарын эсептегенде, гонорардын жарымына жакыны эле ар кандай чыгымдарга жумшалат. Спорттон жакшы киреше табуу үчүн бир нече беттеш өткөрүп, тажрыйба топтоо зарыл. Жакшы акча табуу деңгээлине жетүү үчүн алты-жети беттешке чыгуу керек. Карьеранын башында гонорар анча жогору болбойт.
— Беттештерге даярданууда тамактануу тартибине канчалык көңүл бурасыз?
— Беттештин алдында сөзсүз диета кармайбыз. Тамактануубузду көзөмөлдөп, ден соолукка зыян келтире турган азыктардан жана суусундуктардан алыс болууга аракет кылабыз. Спортто жакшы формада жүрүү үчүн өзүбүзгө кам көрүп, тамактанууга өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

— Эл сизди мушкер катары тааныйт. Ал эми спорттон тышкаркы жашоодо кандай адамсыз?
— Чынын айтсам, кулактарым өзгөрүп, сынгандай болуп калбаганда, мени мушкер деп деле эч ким ойлобосо керек (күлүп). Көргөндөр банкта же башка тармакта иштеген адам экен деп ойлошу мүмкүн. өзүм деле көпчүлүктүн көңүлүн өзүмө бура бербейм. Сырткы келбетимден мушкер экеним анчалык билинбейт.
Досторум менен жолугуп, футбол ойногонду жакшы көрөм. Бильярд ойнойбуз, кээде чогулуп, «Counter-Strike» да ойной калабыз. Убактым болсо, ат минүүгө да аракет кылам. Кыскасы, башкалар сыяктуу эле жөнөкөй жашоо кечирип жатабыз.
— Мушкер болуу тобокелчиликке толо, кооптуу кесип эмеспи, ата-энеңиздин мушкер болуу чечимиңизге көз карашы кандай болду?
— Башында мени колдогон. Бирок бир мезгилде тандоо жасоого туура келген учурлар болду: же спортту улантам, же иштеп, үй-бүлөмө жардам берем. Ошондо 16 жашымда Россияга кетип, ал жакта ишти да, машыгууну да бирге алып жүрдүм.
Кыйынчылык көп болду. Кээде акча жагынан кыйналган учурлар кездешсе, кээде спортто да алдыга жылуу оңой болгон жок. Азыр ата-энем мени жакшы түшүнүп калышты. Спорт менен машыгуумду токтот деп айтышпайт, бирок, албетте, мен үчүн кабатыр болушат.
-Апам беттештеримди көрбөйт, анткени аябай тынчсызданат. Атам болсо беттештеримди көрүп, мени колдоп турат. «Баштаган ишиңди аягына чейин жеткир» деп айтат. Мен да ушул жолду аягына чейин улантууга аракет кылып келем. Инилерим мушташ өнөрүнө кызыгышат, бирок профессионалдык деңгээлде машыгып, беттештерге катышышпайт. Мен өзүмдөн кийинки иним менен бала кезибизден бери машыгып келгем. Кийин анын жашоодогу артыкчылыктары башкача болуп, башка тармакка кетти.
— Жеңишке жеткен учурда оюңузга биринчи эмне келет?
— Чынын айтсам, эң биринчи «Альхамдулиллах» деген сөз оозума келет. Ушундай жеңиштерге жетүүгө, ушул даражага көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берген Алла Таалага ыраазычылык билдирем. Андан кийин жеңиштин кубанычы, эйфория башталат. Ошол учурда Кыргызстаным, кыргыз элим үчүн сүйлөп, элимдин атын чыгарсам деген ой келет.
— Жеке жашооңуз тууралуу да айтып берсеңиз. үй-бүлөңүзгө канчалык убакыт бөлө аласыз?
— Мен 20 жашымда үйлөнгөм. Жубайым экөөбүздүн баш кошконубузга тогуз жылдай болуп калды. Эки балам бар. Улуу балам мектепке барып калды, кичүүсү болсо бала бакчага барганы турат. Жашоодо жөнөкөй, ачык жүргөнгө аракет кылам. Азырынча башка бизнес менен алектенбейм, негизги көңүлүмдү спортко бурам. Ошол эле учурда элге пайдам тийсе экен деп аракет кылам.


— Акбар ага, сиздин жолуңузду жолдоп, ММАга кызыгып, мушкер болгусу келген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Чынын айтсам, жаштарга «ММАга келбегиле» деп айтат элем. Анткени бул кооптуу спорттун түрү. Жакшы киреше табуу деңгээлине жетүү үчүн көп убакыт талап кылынат, тобокелчилиги да чоң. Сырттан караганда оңой же кирешелүү көрүнүшү мүмкүн, бирок анын артында чоң эмгек, убакыт жана көптөгөн кыйынчылыктар турат. Ошондуктан бул жолду тандаардан мурун жакшылап ойлонуп, анын жоопкерчилигин түшүнүү керек.
Жаңылай Арстанбек кызы