26 апреля, 2024

Канат Папишов: «Жакшы иштерге себепкер болуу аракетиндемин»

«Бир топ алгылыктуу иштерди жасадым дегенден алысмын, мен аз да болсо ɵз салымымды коштум» дейт бʏгʏнкʏ маектешим. Ал Ош шаардык Кеңешиндеги «Биздин Кыргызстан» фракциясынын лидери Папишов Канат Муратович. Эл ɵкʏлʏ менен депутаттык ишмердʏʏлʏгʏ, фракциянын жетишкендиктери, ɵзʏ тууралуу азыноолак кеп кылдык.

-Канат Муратович, депутат болуп шайланганыңыздарга жакында эки жыл болот экен. Бул убакыт сиздер ʏчʏн канчалык жемиштʏʏ болду?

-Ооба, жакында эки жыл болот. Шайлоочулар бизге ишеним артып, шайлагандан кийин милдетибизди так жана жогорку деңгээлде аткарууга аракет кылып жатабыз. Эл кызматынын бул дʏйнɵдɵ эле эмес аркы дʏйнɵдɵ да жоопкерчилиги чоң. Бʏгʏн тургундар кʏнʏ-тʏнʏ маселелерин айтып, тыгыз байланышып турат, жолугушууларды уюштурабыз жана кɵйгɵйлɵр менен жеринен таанышабыз. Маселен, Жапалак айыл аймактык башкармалыгында ушул тапта электр чубалгылары тартылган электр мамычалары жок айылдар бар, жашоочулар ɵз алдынча тал-теректин жыгачынан коюп алышкан. Бул боюнча мэриянын тийиштʏʏ кызматына кайрылган элем, учурда жергиликтʏʏ казынадан 5 млн. сом акча каражаты каралып, маселе чечилʏʏ алдында. Ал эми калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого да кɵңʏл бурулуп, айылдардагы бир топ кɵмɵкчʏ чордондор алмаштырылды.

Мындан сырткары Жоро Атабаев атындагы №35 орто мектебинин курулушу убагында сапатсыз болуп, кайрадан оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏʏнʏ талап кылгандыктан, шаардын казынасынан акча каражаты бɵлʏнʏп, калыбына келтирʏʏ иштери жʏргʏзʏлдʏ.

Ошондой эле Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын мамлекеттик актысы болгон эмес. Аны тʏптɵɵ максатында жергиликтʏʏ бюджеттен атайын каражат каралды.

Президенттин саясатын колдоп, аймактын жашоочуларын спортко тартуу максатында Орке айылына футбол аянтын куруу ʏчʏн 2 млн. сом акча каражатын кароого да ɵз салымымды кошо алдым. Буюрса, бул жаатта дагы иш алып барылып, аймакта спорт комплексин куруу максатталып, долбоору даяр турат.

Аймакта маршруттук каттамдардын маселеси бар болчу. Жашоочуларга шарт тʏзʏʏ максатында коомдук 53-автобус каттамы ишке кирди. Ушул сыяктуу жана башка демилгелер, сунуштар аткарылып жатат. 

-Тургундар тарабынан келген кайрылууларда негизги кɵйгɵйлɵр кайсылар?

— Ар аймактан келген кайрылуулардагы негизги кɵйгɵйлɵрдʏн бири жолдорго асфальт тɵшɵɵ, тротуар куруу. Жапалактын кээ бир кɵчɵлɵрʏндɵ бул маселелер бар. Азыркы тапта тротуарлардын жоктугу негизги маселе. Себеби жашоочулардын, жɵɵ жʏргʏнчʏлɵрдʏн коопсуздугу ʏчʏн тротуарлардын болуусу абдан маанилʏʏ. Аймакта жашоочулардын да саны ɵстʏ, мурун 23-27 миң эл жашаса, кудайга шʏгʏр бʏгʏн 35 миңди тʏзɵт. Андыктан, биринчи кезекте тротуар меселесин чечʏʏнʏн ʏстʏндɵ иш жʏргʏзʏп келебиз.

Аймактагы айылдарда калкты тейлɵɵчʏ заманбап ФАП жетишсиз. ʏч айылда бир ФАП бар, ал дагы эски, урап калуу коркунучунда турат. Ар жылы тиешелʏʏ жакка билдирʏʏ берчʏмʏн, буюрса быйыл шаар мэри Бакытбек Жеңишбекович жаңы имарат куруларын убадалады.

Ал эми Арек айылынын негизги жолдорунун абалы начар болуп, чаңы кɵтɵрʏлʏп, кɵчɵдɵ жʏрʏʏ кыйын эле. Жаңыдан шайланып келгенде эле асфальт тɵшɵɵ боюнча маселени кɵтɵрʏп, учурда 3,5 км жолго асфальт тɵшɵлдʏ. Муну менен катар Жапалак айыл аймагындагы Ш. Ɵмʏралиев, К.Эргешов, Б.Эргешов жана О.Абылов кɵчɵлɵрʏнʏн жолдоруна дагы асфальт жол курулду.  Буюрса, ʏстʏбʏздɵгʏ жылы да асфальт тɵшɵɵ ʏчʏн жалпысынан тогуз кɵчɵ планга киргизилди.

Дагы бир орчундуу маселелердин бири болуп, союз мезгилинен бери  Ош шаарынын таштанды талаасынан келген жагымсыз жыттар жашоочуларды убайымга салып келет. Кʏн ысыган сайын маселе курчуйт. Анткени экологияга канчалаган зыян нерселер бɵлʏнʏп чыгып, адамдын ден соолугу ʏчʏн коркунуч туудурат. Аймакта жашаган жаран катары айта алам, кʏндɵ кечки саат 18-19дар чамаларында абанын булгануусу жогорулап, аймакты кɵк тʏтʏн каптап калат. Бʏгʏнкʏгɵ дейре аталган маселени чечʏʏ аракеттерин кɵрʏп келебиз.

-Маселелер кɵп, баарын чечʏʏгɵ шаардын капчыгы дагы жол бербейт эмеспи. Эл ɵкʏлʏ катары аткаруу бийлигине кандай сунуш-пикирлерди айта аласыз?

-Депутаттардын бардыгы элдин маселесин чечкени, чечʏʏгɵ жардам берʏʏгɵ аракет кылат. Эч бир депутат келип мэрияны жамандабайт. Казынада каражат болсо, элдин кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏдɵн мэрия деле аянбайт. Бирок, казынада жетишпей жатпайбы. ʏстʏбʏздɵгʏ жылы шаар башчысы таза суу маселесин чечʏʏгɵ басым жасоодо. Туура, тʏшʏнʏш керек, жамгыр жааган сайын таза суу ʏлгʏлтʏккɵ учурап, кɵп жыл жашадык. Мэрия алгылыктуу аракеттерди жасоодо. Акыркы жылдары ɵлкɵдɵ тейлɵɵ кызматтарында ККМ-аппараттарын орнотуу, кɵмʏскɵ экономиканы жоюу маселелери катуу тартипте каралып жатат. Жергиликтʏʏ бийлик каражаттардын казынага тʏшʏʏсʏн жакшы кɵзɵмɵлгɵ алса, анын натыйжасында шаарыбыздын бюджети ɵсʏп, ɵнʏгʏʏгɵ кɵбʏрɵɵк акча каражаты сарпталып, ɵсʏʏ орун алат деген ишеничим чоң. 

-“Биздин Кыргызстан” партиясы салыштырмалуу басымдуу бɵлʏгʏ жаштардан куралган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ фракция менен кандай жетишкендиктерге жетишип жатасыздар?

-Фракциябыз менен биргеликте да эл кɵйгɵйлɵрʏн аткаруу органдарына жеткирип, чечилʏʏсʏнɵ салымдарыбызды кошуудабыз. Ооба, командабыздын басымдуу бɵлʏгʏн жаштар тʏзɵт. Баары билимдʏʏ, акылдуу. Кандай иш чара болбосун активдʏʏ катышып келишет. Ар аймактан шайланып келишкен, ар тармактын ɵкʏлдɵрʏ. Баары ɵз аракетин кɵрсɵтʏп, жакшы иш алып барышууда деп айта алам. Фракция биримдикте, бир туугандай иштешип жатабыз.

-Депутат болгонго чейин кандай кызматтарды аркаладыңыз?

-Мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга келгенге чейин Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ жʏрдʏм. Башка мекендештер сыяктуу эле Европанын бʏт ɵлкɵлɵрʏн кыдырып, Кыргызстанга кандай техника керек болсо жɵнɵтʏп, жеке ишкерлик менен алектенип, ʏй-бʏлɵмдʏ бактым. Эң мыкты ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ болдум. Ош шаарыбыз дагы ошондой ɵнʏксɵ деген ниеттер менен ал жактан кɵргɵн тажрыйбаларды бул жакта колдонууга аракет кылып, жетекчилерге сунуштарды берип келем. Мисалы, эки-ʏч жылдан бери олуттуу кɵйгɵй боло баштаган кышкысын абанын булгануусун ооздуктоо максатында ар бир аймакка от казандарды куруп, жер ʏйлɵрдʏ туташтырып, борборлоштурууну сунуштагам. Бир от казан 4-5 млн. сомго бааланган эле. Ар бир ʏй ɵзʏнчɵ кɵмʏр жакканда абага канчалаган зыяндуу заттар чыгат, муну борборлоштуруу менен гана азайтсак болот. Шаарды жашылдандыруу, кɵрктɵндʏрʏʏ, курулуш жаатында болсун Европадан жакшы эмнени кɵрсɵм, бул жакка жеткиргени аракет кылам.

Кийин Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштегем. Ошол учурда аймактын бир топ чоң кɵчɵлɵрлʏндɵгʏ тʏнкʏ жарыктандыруу маселелерин чечʏʏгɵ жетиштим. Ошондой эле мэрияга кат жазып, окуучулардын коопсуздугу ʏчʏн Курманжан Датка атындагы орто мектебинин жанына жол чырак коюуну суранып, ал ишке ашкан.

Андан соң беш жылдан ашык убакыт мэриянын алдындагы муниципалдык автогараж ишканасынын жетекчиси кызматын аркаладым. Жалпылап айтканда, шаардагы кɵйгɵйлʏʏ делген кɵптɵгɵн маселелер менен жакындан таанышмын.

-ʏй-бʏлɵңʏз тууралуу да айта кетсеңиз… Европа деп калдыңыз, чет тилдеринде сʏйлɵйсʏзбʏ?

-ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн, беш уул, бир кыздын атасымын. Балдарымдын баары спорт менен машыгып, тарбияланышууда. Улуу эки балам спорттун дзюдо тʏрʏ боюнча чемпиондор. Бирɵɵсʏ 15 жашында дʏйнɵлʏк чемпионатты багындырды. Апасы экɵɵбʏз балдарыбыздын ар бир мелдешин калтырбай кɵрʏп, жеңсе чогуу сʏйʏнʏп, жеңилип баратса чогуу кайгырабыз. Албетте, ата катары уулдарым менен сыймыктанам. Кудайга шʏгʏр, колдорунан келишинче мамлекетибиздин желегин кɵтɵрʏп, чет жерлерде ɵз кʏчтɵрʏн сынап, жеңиштерди багынтып келʏʏдɵ. Ал эми ʏчʏнчʏ уулум бокс менен машыгып жаткан мезгили. Ошону менен катар эле балдарым тил курстарында окушуп, англис тилин жакшы ɵздɵштʏрʏштʏ. Бири-бири менен эркин маектешишет. Себеби тил билʏʏнʏн зарылчылыгын мен чет ɵлкɵлɵрдɵ жʏргɵндɵ билдим. Азыркы тапта беш тилде сʏйлɵй алам.

-Жыйынтыктоочу сɵзʏңʏзгɵ кезек берсек…

-Бʏгʏн Кыргызстаныбыз оозго аларлык ɵнʏгʏʏ жолунда баратат. Кɵптɵгɵн социалдык обьекттер курулуп, экономикада ɵсʏʏ орун алууда. Анын ичинде Ош шаарыбызда да жакшы иштер демилгеленип жатат. Биз да шаар тургуну катары ɵз салымыбызды кошууга, жакшы иштерге себепчи болууга болгон кʏч-аракетибизди жумшайбыз. Ата-бабаларыбыз айткандай, “Ата уулу болуш оңой, элдин уулу болуш кыйын”. Андыктан, ар бир жаран патриоттук дух менен ɵлкɵбʏздʏн ɵнʏгʏʏсʏнɵ салымдарын кошсо деп ниет кылам.

Жумагʏл Кочкорбай кызы