26 апреля, 2024

ТYЙШƟЛТКƟН ТАЗА СУУ. “МАСЕЛЕ 80% ЧЕЧИЛДИ”

Шаар калкын таза суу менен камсыздоо боюнча акыркы кезде иш аракеттер жогорку дем менен жʏрʏп жаткансыйт. “Жаан-чачын мезгилинде шаардыктарды таза суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо маселеси 80% чечилди” дейт жергиликтʏʏ бийлик. Албетте, калаа башчысы Бакытбек Жетигеновдун “ушул жылы таза суу маселеси толук чечилет” деген коомчулуктун алдында айткан кеби бар эмеспи. Тургундар “суу кɵйгɵйʏ чечилди” деген кептерге анчейин ишенбей калган эле. Бирок, бул ирет элдин ʏмʏтʏ акталабы, алдыңкы убакытта бирге кɵрɵрбʏз. Ал эми ʏмʏттɵрдʏ актоого болгон аракеттер тууралуу тɵмɵндɵ кеп кылабыз.

YЧ+БИР ДОЛБООР

Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бɵлʏмʏнʏн башчысы Эшмамбет Кармышаков шаарды таза суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо боюнча учурда ʏч долбоордун ʏстʏнɵн иш жʏрʏп жатканын айтат:

-2023-жылга шаар мэри Бакытбек Жеңишбековичтин кɵп жылдан бери чечилбей келген таза суу маселесин чечʏʏ боюнча тапшырмасы бар. Бул  багытта ʏч долбоор ишке ашууда.

Биринчиси, скважиналарды ишке киргизʏʏ, эски скважиналарды калыбына келтирʏʏ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жалпысынан 12 скважина даяр. Анын алтоосу жаңы казылып даярдалса, алтоо мурун каралбай калган скважиналар калыбына келтирилди. Системага уланып даяр, таза суу ʏзгʏлтʏккɵ учураганда автоматтык тʏрдɵ ишке кирет.

Экинчиси, суу кампа куруу (резервуар). Шаарыбыздын Иминов кɵчɵсʏндɵ насостук станциябыз бар. Ошол аймакка тɵрт даана 6 миң кубдук суу кампасын куруу боюнча тиешелʏʏ иштер жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Долбоору даяр, жакынкы аралыкта курулуш иштери башталат. Буюрса, ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын кʏз айларына чейин аягына чыгат.

Ал эми ʏчʏнчʏсʏ, Тɵлɵйкɵн айылын аралап ɵткɵн Кодогочун каналынан Озгур айылындагы «Ошшаарсууканал» ишканасынын суу тосмосуна суу тʏтʏгʏ аркылуу суу алып ɵтʏʏ. Буга чейин Ак-Буура дарыясы ылайкаланганда аталган тосмо жабылып, суу берʏʏ токтотулчу. Бʏгʏн Кодогочун каналынан алынган суу жамгыр жааган мезгилде да ʏлгʏлтʏксʏз шаар калкын суу менен камсыздоого мʏмкʏнчʏлʏк берет. Учурда аталган каналдан жалпы узундугу 475 метр, диаметри 1000 мм болгон суу тʏтʏгʏ тартылды. Суу тʏтʏгʏ Ак-Буура дарыясынын ʏстʏнɵн тартылып ɵткɵрʏлʏп, долбоорубуз ийгиликтʏʏ ишке ашты десек болот.

Мындан сырткары жаан-чачын мезгилинде суунун ылайкалануусун алдын алуу иштери жʏргʏзʏлʏп, белгилʏʏ болгон Кызыл-Кыштак жылгасында атайын чуңкурчалар казылган. Мурда жамгыр жааган мезгилде жылганын жогору жагындагы карьерлерден казылган отвал суу менен агып, Ак-Буурага кошулуп, булганчу. Ошол себептʏʏ аталган жылганын ичине “Ошшаарсууканал” ишканасы тарабынан атайын жети чуңкур казылды. Сел келген учурда биринчи чуңкурга толуп, ылайлары тʏбʏнɵ тʏшʏп, суу тунуганда экинчисине кое берилип ошентип, жети чуңкурга агызылып келгенче суу тунуп калууда. Же башкача айтканда Ак-Буурага ылайка аз келип, суу ʏзгʏлтʏккɵ учурабай жатат. Ага тиешелʏʏ мекеменин кызматкерлери дайындалып, чуңкурлар ылайкага толгон мезгилде тазаланып, кɵзɵмɵлдɵнʏп турат. Коопсуздук эрежесине ылайык, эскертʏʏ жазуулары жазылган. Бул эми убактылуу чара. Бирок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ ал дагы ɵз таасирин берʏʏдɵ.

“ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫ БУЛГАНГАНДА ДОЛБООРЛОР ДАГЫ НАТЫЙЖАСЫН БЕРБЕЙТ”

-Калкты таза суу менен камсыздоо маселеси 80% чечилди десек болот. 20 пайызы ар дайым айтып келгендей, Папан суу сактагычы булганган кезде биздин жогорудагы долбоорлор дагы натыйжасын бербей калат. Бирок, скважиналар казылып, жер алдынан алынып жаткандыктан, мунун эффективдʏʏлʏгʏ бар. Алдыда скважиналардын санын дагы кɵбɵйтɵбʏз. Мында суу Ак-Буура дарыясынын жээгинен алынууда. Анткени ушул суулар гана тиешелʏʏ нормаларга жооп берет экен.  

ИРИ ДОЛБООР ЭКИ ЭТАП МЕНЕН ИШКЕ АШАТ

Бир нече жылдан бери таза суу багытындагы ири долбоорлордун бири Азия ɵнʏктʏрʏʏ банкынын колдоосу астында ишке ашары айтылып келет. Мында гранттык негизде 3 млн. АКШ доллары каралган. Бирок, али кʏнгɵ чейин тендер ийгиликтʏʏ болбой, куруучу компания тандала элек. Ал боюнча бɵлʏм башчы буларды кошумчалады:

-Долбоор боюнча ɵткɵн жылы эки ирет тендер ɵткɵрʏлдʏ. Биринчисинде катышуучулардын тиешелʏʏ иш кагаздары талапка жооп берген жок. Экинчисинде сунуш кɵрсɵтʏлгɵн суммадан жогору болуп, 6,3 млн. АКШ долларына сунуш берилген. Акча каражатынын жетишпегендигинен улам азыркы тапта долбоорго тиешелʏʏ ɵзгɵртʏʏлɵр киргизилʏʏдɵ. Андан соң кайрадан тендерге коюлат. Долбоорду эки этап менен ишке ашырууну пландап жатабыз.

ЖЕРГИЛИКТYY БЮДЖЕТТЕН КАНЧА КАРАЖАТ ЖУМШАЛДЫ?

Жогоруда аталган долбоорлорго жергиликтʏʏ бюджеттен канча каражат жумшалганы тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев жооп берип, демɵɵрчʏлɵр да колдоо кɵрсɵткɵнʏн белгиледи:

-Шаар калкын таза суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо иштери этап-этап менен жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Алгачкы этапта жаңы алты скважина куруп, эски алты скважинаны калыбына келтирип, магистралдык суу тʏтʏктɵрʏнɵ кошуу ишке ашты. Экинчи этапта суу кампа куруу боюнча долбоору даярдалып, тендер ɵткɵрʏлдʏ. Долбоор 194 млн. сомго бааланып, куруучу компания тандалды. Буюрса, аптанын аягынан курулуш иштерин баштайбыз. Жалпысынан таза суу маселесинде скважина жана кампа куруу долбоорлорун ишке ашырууга жергиликтʏʏ бюджеттен 250 млн. сомдон ашык каражат талап кылынат. Мындан сырткары Кодогочун каналынан суу тʏтʏгʏн тартуу ашар ыкмасы менен демɵɵрчʏлɵрдʏн колдоосунда ишке ашты. Негизинен Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ чейин Ош шаарында таза суу маселесин толук чечебиз деп пландоодобуз.

Эске салсак, буга чейин таза суу маселесин чечʏʏдɵ эки ири долбоор ишке ашкан. Алгачкы жолу муниципалитет 2008-2009-жылдары шаардык бюджеттен 23 млн. сом караса, экинчи долбоор Азия ɵнʏктʏрʏʏ банкы тарабынан каржыланып, бирок маселе чечилген эмес.

Жумагʏл Кочкорбай кызы