16 апреля, 2024

Сыймыктуу кыргыз сомунун ɵткɵɵл мезгили, ɵнʏгʏʏ тарыхы

Кыргыз сомунун жаралышы оор мезгилге туш келди. Алгачкы чыгарылган кыргыз акчаларын момпосуйдун кагазына салыштыргандар да болгон. Азыр болсо сом КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн ичинен эң кооз, туруктуу, бекем акча бирдиги болуп саналат.

“Сомдун биринчи эскиздери тʏстʏʏ калемдер менен тартылып, кагазынын сапаты начар болгон”

Кыргыз сомунун алгачкы дизайнын тʏзгɵндɵрдʏн бири Дмитрий Лысогоровдун мындай эскерʏʏсʏ бар: “Сомдун биринчи эскиздерин тʏстʏʏ калемдер менен тартканбыз. Алар ɵтɵ жɵнɵкɵй кɵрʏнʏштɵ болгонун моюнга алуу керек. Ал кезде мамлекеттин кымбат басмаларга каражаты жетишсиз болгондуктан, сомдун кагаздарынын сапаты начар болчу. Бир жолу келинчегим шымдын чɵнтɵгʏндɵгʏ жаңы акчаларды карабай жууп салат, ɵкʏнʏчтʏʏсʏ акчалар жɵнɵкɵй кагазга айланып калган”. Советтер союзунун кулашы, экономикалык туруксуздук, гиперинфляцияга кептелʏʏ. Мындай катаал шарттан чыгып кетʏʏнʏн бир жолу катары ошол кездеги бийлик улуттук валютаны тез арада иштеп чыгууну кɵздɵгɵн. Адатта бул иштер 2-3 жылды талап кылса, Кыргызстан 6-8 айда аткарууга бел байлады. Адегенде улуттук банк Сʏрɵтчʏлɵр союзуна кайрылып, графикалык дизайнер Дмитрий Лысогоров жана Анатолий Цыганков  менен иштешмек болот. Тарыхчы, тилчилерден турган комиссия тʏзʏлʏп, тарыхчылар банкноттордо чагылдырылышы керек болгон каармандар тууралуу, тилчилер болсо акча бетиндеги жазууларды карап беришмек. Дизайнерлер болсо эскиздерди тʏзʏʏгɵ дароо киришкен эмес. Адегенде алар Латвия, Тʏркия, Англия сыяктуу башка ɵлкɵлɵрдʏн акча чыгаруу тажрыйбасын изилдешкен. Сʏрɵтчʏлɵрдʏн Улуу Британияга болгон сапарынан кийин эскиздерди тʏзʏʏ боюнча деталдуу иштер башталган.

1 сом=200 рубль же 4 долларга бааланган

Улуттук валюта иштелип чыккан соң Кыргызстандын жарандарына рублду сомго алмаштыруу ʏчʏн тɵрт кʏн убакыт берилген. Тагыраагы, 1993-жылдын 10-майынан тарта 14-майга чейин эл колдон келишинче жогорку тараптын буйругун аткарууга киришкен. Кызыгы, 1 сом 200 рубль же 4 доллар деп бааланды. Ошентип 14-майда саат 18.00гɵ карата сом республиканын аймагындагы жалгыз мыйзамдуу тɵлɵм каражатына айланат. Акчасын рублдан сомго айлантууга ʏлгʏрбɵй калгандар ʏчʏн 3-4-июнга дагы эки кʏндʏк убакыт берилет. Бул аралыкта рублдун куну мурдагыдан да тɵмɵндɵп, 1 сом 260 сомду тʏзʏп калган. Кыргызстан мурдагы союздук мамлекеттердин ичинен биринчи болуп ɵзʏнʏн улуттук валютасын жʏгʏртʏʏгɵ киргизген.

Белгилʏʏ инсандардын сʏрɵтʏнʏн оң тараптан сол тарапка жылдырылышы же сомдун эң ийгиликтʏʏ делген 4-сериясы 

Ошентип, сомдун биринчи сериясында кагаз тʏрʏндɵгʏ 1, 5, 10 тыйындар чыгарылды. Бул ɵткɵɵл мезгил узакка созулган жок, 1994-жылы тыйындардын катарын 20, 50, 100 сомдуктар толуктады. Ал эми 1, 200, 500, 1000 сомдуктар ʏчʏнчʏ серияда 1997-жылы чыгарылган. Экинчи сериядан айырмаланып, акчалар бирдей эмес, ар башка кɵлɵмдʏ тʏзгɵн. Кыргыз сому жыл ɵткɵн сайын толукталып отуруп, тɵртʏнчʏ серия таптакыр ɵзгɵчɵ чыккан. Белгилʏʏ инсандардын сʏрɵтʏ оң тараптан сол тарапка жылдырылды. Акчалардын кɵлɵмʏ бир аз кичирейтилип, тʏстɵрʏ жаңыртылган. 1, 5, 10 сомдуктар темир тыйынга алмашып, эң чоң банкнот 5 000 сомду тʏзгɵн. Улуттук банк бул чыгарлышты эң ийгиликтʏʏ деп эсептейт. Анткени 5000 сомдукка алгачкы жолу “spark” деп аталган жашыл тик бурчтуу коргоо элементи коюлган. Тɵртʏнчʏ серияга чейин сомду Улуу Британиянын De La Rue компаниясы басып келген болсо, кийинчерээк бул укугун франциялык Oberthur Fiduciaire компаниясы менен бɵлʏшкɵн. Тыйындар коңшу Казакстанда чыгарылып, курамы 94-95% болоттон, сырты никель менен капталган. Улуттук банк тыйындын коргоо элементин жакшыртуу ʏчʏн 2014-жылы 1-сентябрда 10 сомдук тыйындын кырын айланта “ОН СОМ жана 10 СОМ” деген жазуулар менен чыгара баштайт. Мындай тыйындар тууралуу эл арасында ар кандай кеп болуп, кɵпчʏлʏгʏ муну жасалма деп ойлогон.

2000 сом — байыркы доордон бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейинки кыргыз мамлекетинин тʏптɵлʏшʏн чагылдырган банкнот 

Кɵз карандысыздыктын 25 жылдыгына карата Улуттук банк кыргыз элине 2000 сомдук банкнотту белек кылды. Анын негизги ɵзгɵчɵлʏгʏ вертикалдуу. Тиражы чектелген, башка банкноттордой дайыма басылбайт. Тагыраагы, бул Улуттук банк тарабынан чыгарылган алгачкы эстелик банкноту. Дизайны кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн тʏптɵлʏшʏнɵн баштап, азыркы мезгилге чейинки доорду жана жаңы муундун корголушун чагылдырып, терең маанини камтып турат. 2018-жылы Борбордук жана Чыгыш Европа, КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн арасындагы сынакта “Мыкты аймактык банкнот” номинациясынын жеңʏʏчʏсʏ.

Улуттук валютанын жаңы 5-сериясы кут болсун!

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 10-майынан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жʏгʏртʏʏгɵ чыгарды.  Жаңы сериядагы банкноттор Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жʏгʏртʏʏгɵ киргизилишинин 30 жылдыгынын урматына арналат. Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу жана негизги тʏсʏ, ɵлчɵмʏ  ɵзгɵрʏʏсʏз калды. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды.

Кыргызстандын жаңы сериясынын банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, ʏч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтеринин комплексин камтыйт. 

Билип алыңыз!

• Кыргыз сомунун банкноттору 100% пахтадан жасалган. Ошондуктан 5 миң жолу бʏктɵлгɵнгɵ жɵндɵмдʏʏ. Ал эми кадимки целлюлоза кагазы 80 ирет бʏктɵлгɵндɵн кийин эле жыртылат.

• “Сом” деген cɵз “таза” деген маанини билдирет. Тʏрк тилинде байыркы тыйындарга да колдонулган. Мисалы, som altуn деп таза алтындарды айтышкан.

• 2010-жылкы эл аралык сынакта 5000 сом “Жылдын банкноту” номинациясын жеңип алган.

• 2009-жылдын 2-мартында жʏгʏртʏʏгɵ киргизилген тɵртʏнчʏ сериядагы банкнотту жакшылап байкаса, адамдын портрети чакан тексттерден куралганын байкоого болот. Мындан сырткары кыргыз акча бирдиктеринде жаныбарлар да бар.

• Кыргыз сому кʏн желесиндеги бардык тʏстʏ ɵзʏнɵ камтыйт. Эң кооз акча бирдиги саналганынын негизги себеби да ошол. 

Дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ акчалар тууралуу кызыктар

Вьетнам банкноттору (донг) жыртылбайт, чɵкпɵйт жана кʏйбɵйт – алар эң ичке пластиктен жасалып, кайчы менен кескенде гана бузулат. Ошондой эле  пластикалык банкнотторду Австралия, Таиланд, Жаңы Зеландия жана башка бир нече ɵлкɵлɵр колдонуп келет. Бирок, кɵпчʏлʏк ɵлкɵлɵр кагаз акча жʏгʏртʏʏ системасын гана колдойт.  

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ валюталарынын курамын алтын менен толуктаган ɵлкɵлɵр жок. Британия 1931-жылы, АКШ 1933-жылы алтындын мындай системасын токтоткон. Учурда финансы рыногунда кагаз акча ɵзʏнчɵ, алтын слиткалар ɵзʏнчɵ жʏгʏртʏлɵт.

Валютанын кунуна экономикалык, саясий жана башка бир нече факторлор таасир этет. Ошол ɵлкɵнʏн товар жʏгʏртʏʏсʏ, кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрʏнɵ суроо-талаптын кɵптʏгʏ, туруктуу экономикасы маанилʏʏ. Мисалы, азыр Кувейт динары дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат акча бирдиги болуп саналат. Мында валютанын кунуна таасир эткен негизги факторлор туруктуу экономикасы, жумушсуздуктун аздыгы жана мунай продуктуларын дʏйнɵлʏк рынокко олуттуу экспорттоосу. Болжолдуу эсептɵɵлɵр боюнча, дʏйнɵлʏк мунай запастарынын 8-9%га жакыны Кувейтте жайгашкан.

Айжылдыз Тойчиева