29 марта, 2024

Сʏйʏнбек Касмамбетов: “Наркыбызда сɵз оңолмоюн ɵзʏбʏз да оңолбойбуз деп айтылат”

Элижуртубузду аралаган, атагы таш жарган, даңкы баш жарган акындарыбыздын ыр сабы менен учурашкым келип турат

Арыба, кыргыз кутман эл,

Ааламды кɵздɵй учкан эл.

Караңгы тʏшсɵ башына,

Кайгысын ичке жуткан эл.

Акыйкаттын ачкычын,

Кастарлап бийик туткан эл.

Ар кандай заман болсо да,

Аркасын салбай досуна,

Бооруна бекем кыскан эл.

Сɵздʏн атасы – ыр, катасы – чыр

-Сɵз оңолмоюн ɵзʏбʏз да оңолбойбуз деп наркыбызда айтат. Сɵз ɵнɵрʏн аздектеген, сɵзгɵ кызыккан, адегенде сɵз болуп андан кийин ɵз, андан кийин кɵз болорун билген-сезген.

Сɵздʏн атасы – ыр, катасы – чыр. Сɵз адегенде кулагыңдан боюңа кирет, боюңдан кийин оюңа кирет. Ошол оюндагысын калып кетпесин деп дʏйнɵдɵгʏ бардык улуттар нарк-насилин байлап, укум-тукумду тарбиялай баштайт. Ɵлкɵ президенти Садыр Жапаровдун идеология жаатындагы 7 жарлыгынын тегерегинде айтайын. “Инсандын адеп-ахлактык  ɵнʏгʏʏсʏ жана дене тарбиясы жɵнʏндɵ”, “Кыргыз жараны жɵнʏндɵ”, “Манастын ʏчилтигин ɵркʏндɵтʏʏ, жайылтуу жɵнʏндɵ”, “Мамлекетибизде кыргыз наркын ɵркʏндɵтʏʏ жɵнʏндɵ”. Мына ушул указды 5 жаштагы баланын тили менен жеткиргенге аракет кылайын.

Курсактагы баланын кулагы ачылып калыптыр…

Жоокерчилик заман. Мындан миң жыл мурда болсо керек, ɵргɵɵнʏн ичинде тɵрдɵ отурган даанышманга мыкты азаматтар кабар айтып жатышат:

-Карыям, кечээ кʏнʏ кыр арканын ары жагынан миңдеген жылкыны ашырып келдик,- дейт бирɵɵсʏ. Экинчиси “тизесинен чаап жыгып салдык” дейт.  ʏчʏнчʏ да баарын чаптык, жайладык деп аксакалга ошол учурдагы кырдаалды айтып жатат.  Ошол убакта боз ʏйдʏн ичинде кош бойлуу кыргыз айымы кымызы тʏгɵнʏп сыртка чыгууга камынат. Келин ордунан жер таянып турганын тɵрдɵ отурган карыя байкап калып:

-Эй, жигиттер, токтоткула, чаптык, ɵрттɵдʏк дегенди. Курсактагы баланын кулагы ачылып калган турбайбы. Жакшы сɵзгɵ ɵткʏлɵ,- дейт экен. Кɵрсɵ, жʏктʏʏ айымдын боюндагы бала 6 айга жетип, кулагы ачылып, дабышты угуп, эненин мээримин, ʏйдɵгʏ сɵздʏн баарын угат экен. Биздин наркыбызда ошол аксакал эч кандай билими жок айтып жатат. Келин кайра кымызды толтуруп  ʏйгɵ киргенде жакшынакай сɵздɵр менен мамиле уланган экен. Азыр коомдо интернет айдыңында “башка ɵлкɵлɵрдɵ баланы курсактан баштап тарбиялашат экен” деген сɵздʏ окуп жʏрɵсʏңɵр. Аны болсо кыргыз журтунда миң жыл мурун эле курсактагы балага мамилени баштаган. Биз кечээ кʏнʏ укпаптырбыз, муну ата-бабалар нарк кылып жылдан-жылга, укумдан тукумга айтып келишкен.

Наркыбызда, салтыбызда баарын тундуруу керек

Агасы менен иниси келатат, иниси тестиер бала. Кʏн ысып, бир ысык, бир муздак тиет. Кийимдери жабышып, тердеп калган иниси суунун жанына келгенде аттан ыргып тʏшʏп мɵлтʏрɵп турган булакка барып, жуунуп-чайынып сергип, анан кочуштап ичейин дегенде агасы:

-Токтот, бир аз кое тур.

Бир аздан кийин баягы булак тунат,  иниси булакты караса кооз таштар  агы, кɵгʏ, кызыл-жашылы кɵрʏнгɵндɵн  кийин бала акырын уурттап ичет. Ошондо агасы айтат:

-Наркыбызда, салтыбызда баарын тундуруу керек.

Ой дагы тунуш керек, суу дагы тунуш керек, пикир да тунуш керек, мɵлтʏрɵп чыкканда гана аны пайдаланыш керек.  Бул азыркы мектептерде философиялык ой жортумдарда ар кандай тʏрдɵ айтылат.  А биздин ата-бабаларыбыз кичинекей баланын сууга барып мамиле кылганын айтып жатат.

Уктар алдында кɵздʏ да, сɵздʏ да аруулап-тазалоо керек

Таенеси менен кызы кечке ийрик ийрип, шырдак шырат. Чарчаган байбиче кечинде чайын берип, тɵшɵк салып жатмакчы болот. Кызы таенесинин коюнуна кирип кетет.

-Кызым, колуңду жуудуңбу?

-Жуудум, апа, жуудум.

-Кɵзʏңдʏ, кулакты жуудуңбу?

-Апа, кɵздʏ кантип жууйм, бетти жууганда эле баары таза болбодубу…

-Жок, кɵзʏң менен кɵп нерсени кɵрдʏң, чымчыктын кумурсканы ɵлтʏрʏп, жеп жатканын кɵрдʏң,  экинчи кумурска чыгалбай жатса ʏчʏнчʏ кумурска жардам бергенин кɵрдʏң. Бир эле учурда жакшылыкты да, жамандыкты да кɵрдʏң. Кɵздʏ жууганда жакшы нерсени сактап калып, жаман нерсенин баарын тазалап жууп сал оюң менен.

Кечке чуркап жʏрɵсʏң, иттин улуганын уктуң, эшиктин ачылып-жабылганын, балдардын кʏлгɵнʏн уктуң. Ошондо дагы жакшыны сактап, жаманды тазалап салышың керек,- деп эркелетип, чекесинен ɵɵп уктатып коёт.

Мындай укканда, сʏйлɵгɵндɵ жɵнɵкɵй эле сɵз, а бирок бул жердеги ой жортумда жатарда сɵздʏ, кɵздʏ, ɵзʏңдʏ да тазалап- аруулап, жакшы ниет менен укташ керек дегенди  байбиче  айтып жатат. Анткени дененин тазалыгы, ойдун тазалыгы бул коомдун тазалыгына алып келет.

Умтулган кишинин ʏмʏтʏ ишке ашат

Ата баласын учкаштырып келе жатат. Аты бадалды аралап жɵнɵгɵндɵ чымчык учуп кетиптир, ат басып кеткен гʏлдʏн башы да кайра кɵтɵрʏлʏптʏр, байкап калган бала:

-Ата, эмне эле баары ɵйдɵ карап талпынып, умтула берет?

-Туура, куш-канаттуунун баары ɵйдɵ карай учат, чɵп да ɵйдɵ карай кɵтɵрʏлɵт, бак да ɵйдɵ карай ɵсɵт, адам да ɵйдɵлɵгʏсʏ келет. Эки жакты кɵргʏсʏ келген адам бийик жерди издейт. Балам, муну кыргыз наркында умтулуу дейт. Чɵптɵн баштап тɵшкɵ чейин, адамдан баштап атка чейин. Бʏт баарыбыз ɵйдɵ жакка умтулушубуз керек,-деген экен.

Умтулган кишинин гана ʏмʏтʏ ишке ашат. Мында да тестиер «Алиппени» окубаган, Тоголок Молдонун  “Торпогун” жаттабаган, адабиятты окубаган мындан  эки жʏз жылдагы ата-энелердин умтулгула деп балдарына айткан насаатын кɵрсɵк болот.

Жɵнɵкɵй жорго сɵз менен тарбия айтышат

Кыргыздын аска тоолорунда улар деген куш жашайт.  Ордунан ɵйдɵ карай тик учат.  Элестетип кɵргʏлɵ, турган ордуңардан ɵйдɵ карай учканды. Бул ошол куштун касиети.  Биздин гана тоолордо жашайт. Ошол ʏчʏн кыргыз наркында, салтында: улуу тоого чыккан барбы, улар ʏнʏн уккан барбы деп аңыз кеп кылышат. Мына ушундай жɵнɵкɵй жорго сɵздɵр менен бала-бакырага тарбия айтып турушкан.

Бир кичинекей кыз кɵчɵгɵ ойноп чыга калса,ɵтʏп бараткан байбиче эки кызыл алманы кармата коёт колуна, мɵлтʏрɵгɵн кызыл алма дейт. Чуркап ʏйʏнɵ кирип:

— Апа, карачы, кооз кызыл алмам бар,- дейт. Апасы жылмайып кʏлʏп, кызын карап калганда кызы бир алманы тиштеп жиберет.  Апасы тогуз ай кɵтɵрдʏм, омуртка бошоду,  жакшы тарбия бердим, эми экинчисин мага берип кубандырат го деп терең ойго батып кетет экен. Ошол учурда кызы экинчи алманы да тиштеп жибергенде жылмайып турган энесинин кабагы ылдый тʏшʏп, сабыры суз болуп “мен кандай адамды тарбияладым” деген ойго келгенче тиги кыз:

-Апа, мунусун жечи, бул таттуураак экен,- дейт.

Ошол ʏчʏн бала- бакыраңар же ɵзʏңɵр жыйынтык чыгарардан мурун аягына чейин чыдап, сабырдуулук менен кʏтʏш керек. Кичинекей наристе экɵɵнʏ тең тиштеп ийгени менен ал наристенин аракетинде “апам таттуураагын жесин” деп айтып жатат. Биздин адеп-ахлактык указда “аруулукту, чыдамкайлыкты жана баланын дʏйнɵсʏнɵ кирʏʏнʏ колго алгыла” деп айтып жатат.

Кош бойлуу келин сɵɵк чыккан ʏйгɵ барган эмес

Айылда бир байбиче кайтыш болуп ʏн чыгып, сɵɵк узатуу каадасы башталып калат.  Кайнене чапанын бʏктɵп, чачын тʏздɵп, алчусун алып сɵɵккɵ кɵз кɵргɵзгɵнʏ барайын деп ордунан козголот. Ошол эле учурда кош бойлуу келини да камдана баштайт, кайненеси:

-Топ бузган той-топурларга, сɵɵк-ɵлʏк чыккан жайларга кош бойлуу келиндин барганы туура эмес. Ɵлʏк жалгыз кетти, ɵлʏмгɵ ар бир инсан жалгыз барат. Сен болсо эки кишисиң, балам, айланайын, курсактагы балаңдын ɵзʏнʏн дʏйнɵсʏ, кубанычы-кайгысы бар. Ал ɵзʏ жарык дʏйнɵгɵ келгенде кɵрɵт. Жарык дʏйнɵгɵ келе электе той-топурду аралатып, сɵɵк зыйнаттарына баруу кош бойлуу аялдын милдетине кирбейт,- дейт экен.

Мына наркыбызды карагылачы. Кой, уят болот деп араң баскан келиндерди жетелеп алып кɵрʏнгɵн жерде жʏргɵн кɵрʏнʏштɵрʏбʏз деле бар. Муну одоно ката деп айтпасак дагы ушундай улуу наркыбыз менен айтып, улуу сɵз менен белгилеп жеткирип турушубуз керек.

 (Уландысы кийинки санда).