27 июля, 2024

“ЭНЕДЕ ƟЗYМ ЖЕБЕСЕМ ДА, БАЛАМ ЖЕСЕ ДЕГЕН ОЙ КАЛЫПТАНГАН”

Ɵлкɵбʏздɵ ар жылы май айынын ʏчʏнчʏ жекшембиси энелер кʏнʏ майрамдалат. “Эне, сага кандай мактоо жарашат, эне, сенден ким сыймыкты талашат?” деп акындарыбыз жазгандай, энелердин эмгегине, сʏйʏʏсʏнɵ, мээримине дʏйнɵдɵ теңдеш нерсе жок. Ɵмʏрдɵ эне баласына ʏч нерсени белек кыларын окуган элем. Анын биринчиси – жашоо, экинчиси – сʏйʏʏ, ʏчʏнчʏсʏ – тʏшʏнʏʏ. Энелер гана балдарына жашоо тартуулап, сʏйʏʏсʏ ʏчʏн эч нерсе талап кылбай, кандай болсо ошондой сʏйɵт. Энелер гана балдарын кандай кырдаал болбосун кечирип, тʏшʏнʏп, дʏйнɵ каршы чыкса да баласы тарапта боло алат. Мындай энеде гана, мындай сʏйʏʏ энеде гана…

Аптада ɵзгɵ энелерден ɵзгɵрɵɵк тʏйшʏк тарткан ɵзгɵчɵ балдардын энелери жɵнʏндɵ баяндайбыз. Каарманыбыз ʏч кыздын энеси Гʏлжамал Нурмат кызы. Анын ортончу кызына ДЦП диагнозу коюлган. Ал кызы менен Ош шаарындагы кыймыл- таяныч тутумундагы мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирʏʏ борборуна келип, маал-маалы менен дарыгерлердин кɵзɵмɵлʏнɵн ɵтʏп турат. “Энелер ɵздɵрʏн таштабай, алгач ɵздɵрʏнʏн ден соолугун карашса” дейт ал.

“БУЛ ДYЙНƟДƟ БЕРИЛГЕН СЫНОО ДЕП КАБЫЛ АЛДЫМ…”

-Кыймыл таяныч тутумундагы мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирʏʏ борборуна келип дарыланып жатканыбызга 4-5 жылдын жʏзʏ болду. Тɵрɵлгɵндɵн 15 кʏндɵн кийин эле кызым кɵп ыйлай баштаган. Эки айлыгында Ошто дарыланып, беш ай болгондо Бишкекке алып бардык. Ал жактан дарыгерлер “ДЦП смешанная форма” деп диагноз коюшту.  Кызым учурда 6 жарым жашта. Башка балдарым катар эле ай-кʏнʏнɵ жетип кɵз жаргам, дарыгерлер деле тɵрɵтканадан жакшы деп ʏйгɵ узатышкан. Билбейм, кудайдан келген сыноо экен… дарыгерлерди кʏнɵɵлɵй албайм. Кызымдын мындай болуп калуусунун себептерин адистер ар тʏрдʏʏ болжошот. Бирɵɵсʏ тɵрɵт учурунда травма алган десе, экинчилери “башында дарылоону туура эмес кылгансыңар” деген жʏйɵлɵрдʏ келтиришет. Канткен кʏндɵ да бизге бул дʏйнɵдɵ берилген сыноо деп кабыл алдым… 

“АЛТЫГА ЧЫКСА ДА ЫМЫРКАЙ БОЮНЧА ЭЛЕ”

-Кызымда эпилепсия дагы бар. Убагы менен дарылоодон ɵткɵрʏп турабыз. Дарылануу мезгилинде организмге кʏч келип же дене табы кɵтɵрʏлгɵн болсо дароо эсин жоготот. Бул учурда дарылануусу текке кетип калат. Ошондуктан ага жеткирбегенге аракет кылабыз.

Боюнун ɵсʏʏсʏ жакшы, анткен менен салмагы аз. Моюнун кармай албайт, ымыркай боюнча эле. Мууну жок. Менин сʏйлɵгɵнʏмдʏ кээде тʏшʏнсɵ, кээде тʏшʏнбɵйт. Уйкусу аз. Мындай балдарда тонус кɵп болгон ʏчʏн тамак сиңбей кыйналышат.

Башында бул ооруну кабыл алуу ʏй-бʏлɵбʏзгɵ, баарыбызга кыйын болду.  Эне катары мен да ɵтɵ оор кабылдадым. Стресс болдук. Жаңы тɵрɵлгɵндɵ эле ыйлап, уктабайт болчу. Эми азыр кудайга шʏгʏр калыбына тʏшʏп калды десем болот.

“БИРИНЧИ ЖЫЛДАРЫ ƟТƟ ООР КYНДƟРДY БАШТАН КЕЧИРДИМ”

-Ɵзгɵчɵ балдар менен биздин коомго аралашуу абдан кыйын. Биринчиден, коомдук унаага чыга албайсың. Чыксаң эле элдин баары сени, балаңы тиктейт. Анан бул жакта турган бизге кемсинтʏʏ сыяктуу тиет. Балаң ыйласа эч ким жактырбайт, башкача кɵз караштар менен тигилишет. Мындан улам биринчи жылдары ɵтɵ оор кʏндɵрдʏ баштан кечирдим, ыйлап жʏргɵн учурларым болду. Азыр болсо сабыр кылып, жараткандын сыноосун кабыл алдым.

Мен сыяктуу балдары бар ата-энелерге ошол балаңарды карап ʏйдɵ отуруп калбагыла дейт элем. Аял адам биринчи ɵзʏн карашы керек. Кызым ооруп калганда эч жакка чыкпадым. Тааныштарымды кɵргɵндɵ кызымды кɵтɵрʏп же коляскага салып тʏртʏп алып, кɵрбɵсɵ экен деп ʏйдʏ кɵздɵй каччумун. Азыр андай кылбайм. Ɵзʏмдʏ да карайм, кызымды кɵчɵгɵ алып чыгып сейилдетем. Мындай балдардын ата-энелери уялбастан, сыймыктануу менен балдарыбызды карашыбыз керек деп ойлойм. Балким, бул бизге бейишке карай жол болушу мʏмкʏн. Жараткан бизди жеңил сыноо менен сынап жаткандыр.

“ЭНЕЛЕР БИРИНЧИ ƟЗ ДЕН СООЛУГУН КАРАШСА…”

-Ɵзгɵчɵ балдарды кароо ɵтɵ оор. Бир жагынан моралдык жактан чарчайсың. Той-топур, айыл дегенди унутасың. Балким, бизге ал нерсе керек эместир. Бешенебизге ошондой жазылыптыр. Кээде гана жакындарыма кыска убакытка таштап бир жакка бара алам. Болбосо ɵзʏм менен кошо алганча кетем же барбай кызым менен ʏйдɵ калам. Кызым кɵрʏп, сʏйлɵп, баса албаса дагы жок дегенде кийими жакшы болсун деп жакшы кийиндиргенге, даамдуу тамактарды жедиргенге аракет кылам. Ɵзʏм эмне жебейин ушул кызым да жесе экен деген ой дайым менде жашайт.

Кызыма тамакты чайнап берем. Бир кʏнʏ ɵзʏм ооруп калганда кызым ачка калды. Ошондуктан, балдарыбыз жакшы болсун десек, энелер биринчи ɵзʏбʏздʏн ден соолугубузду карообуз керек экенине ынандым. Жараткан канча ɵмʏр берет ɵзʏ билет, бирок энелер балдарыбызга кам кɵрʏʏдɵн чарчабайлы, ɵзʏбʏздʏ таштабайлы.

Кесибим боюнча мугалиммин. Кичинемден мугалим болууну кыялданчумун. Бирок, тагдырдын буйругу менен иштеген жокмун.

“БАЛДАРЫМДЫН МАСЕЛЕСИ МЕНЕН АТА-ЭНЕМДИН ТЫНЧЫН АЛГЫМ КЕЛБЕЙТ”

-“Балам балалуу болгондо билесиң” деп коюшат эмеспи. Мен да апамдын кадырын балалуу болгондо тʏшʏнʏп жеттим. Тогуз ай ичиңде сактап, толгонуп, толготуп жарык дʏйнɵгɵ алып келген балаң “ɵзгɵчɵ” болуп калса, андан да жакшы тʏшʏнɵсʏң. Бʏгʏн апамды “балам мынтти, ооруду” деп мени чоңойткону аз келгенсип, балдарымдын тʏйшʏгʏн да аларга айтып, санаасын бɵлгʏм келбейт. Албетте, ата-эне балдарын сырттан карап тура албайт, тʏйшʏгʏбʏздʏ жеңилдетип, жардам бергилери келет. Бирок, мен аларды аяйм.

“КИЙИНКИ БАЛАМ ДА ООРУЛУУ БОЛУП КАЛСАЧЫ” ДЕГЕН ОЙ ЭЭЛЕП АЛГАН”

-Бул кызым мага башкача таасир калтырган экен. ʏчʏнчʏ кызымды да ойлонуп, санаркап жʏрʏп тɵрɵдʏм. “Кийинки балам да ошондой болуп калсачы” деп коркот экенсиң. Чочулоо ээлеп алат экен, бʏгʏн кичинемди тез-тез дарыгерлердин кароосунан ɵткɵрʏп турам. Алгач дарыгерге барып тɵрɵй берсем болобу деп кеңешкенмин. Анализ тапшырдым. Дарыгер менде баары жакшы экенин айтып: “Тɵрɵй бер, кызыңа бир тууган ини, сиңди керек, келечегине жакшы” деп мотивация берген. Ошол сɵздɵр мени кайраттандырып, ʏчʏнчʏ кызымды жарыкка алып келдим. Тɵрɵт ʏйʏнɵн келгенден кийин эки кызым эки жакта ыйласа, эми кантип карайм деп ɵзʏм кошо ыйлагам. Жок, кыйынчылык болгон жок. Жараткан пендесине кɵтɵрɵ ала турган сыноо берет экен. Буюрса, кичʏʏ кызым чоңоюп келе жатат. 

Жолдошум да мен менен катар эле кызымдын тʏйшʏгʏн тартып карашат. Кичʏʏ кызымды тɵрɵгɵн мезгилде жолдошум ɵзʏ карады. Ата-эне кайсы баласы ооруса, кыйналса ошого кɵбʏрɵɵк кɵңʏл буруп, мээрим берет эмеспи. Кээде ортончу кызымды гана ойлоп, эки кызымды унутта калтыргандай, аларга жетиштʏʏ кɵңʏл бура албай жатканымдай ɵзʏмдʏ кʏнɵɵлʏʏ сезип кетем. Балдарымдын баарын бирдей кɵрʏп, аларга бирдей мээрим, тарбия берип ɵстʏргɵнʏ атасы экɵɵбʏз аракет кылып келебиз.

Жумагʏл Кочкорбай кызы