27 апреля, 2024

МОЛДО НИЯЗ  –  ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ДАҢАЗАЛАГАН АКЫН

Педагогика илиминде таанымал окумуштуулар Абдыкерим Муратов, Бекмурза Зулуев, Мисиралы Колдошов биргелешип «Молдо Нияз – алгачкы агартуучу» деген китеп жазып, басмадан чыгып жатат. Ал басылма быйыл белгилене турган акын бабабыздын туулган кʏнʏнʏн 200 жылдыгына арналат. Ошол эмгектеги айрым учурлар тууралуу китептин авторлорунун бири профессор Абдыкерим Муратов менен Бишкек шаарында маектештик.

— Абдыкерим, агай, сиздер Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата китеп жазган экенсиздер, жакында окурмандардын колуна тиет деп турасыздар, ошол китепте акындын тарыхый инсандар тууралуу жазгандарын да чечмелеген экенсиздир. Алардын бири – Курманжан датка деп жʏрɵбʏз.

-Ооба. Курманжан датка – бул белгилʏʏ коомдук ишмер, 1811-жылдан 1907-жылга дейре жашаган, «Алай ханышасы» деген наам менен таанымал, айтылуу Алымбек датканын жубайы, окурмандар ал тууралуу жакшы билет. Молдо Нияздын ага арналган атайын ыры бар. Ошол ырына караганда ал Курманжан датка менен бир нече жолу жолуккан сыяктанат. Бул ыр адам жана анын жашоосу тууралуу философиялык ой толгоолор менен башталат. Датканын «Камчыбек деп кан жутуп» жʏргɵн кезин айтат, демек, бул мезгил, 1895-жылдан кийин. Алымбек датканын убагында зор болуп, бирок акыры оруска кор болгонун айтат. Жети миң кагаз пул чачып куткара албаганын, Мурзапаяз, Баатырбек Сибирге айдалганын эскерип ɵтɵт. Макмутбек деп, Камчыбек деп гаш болгонун, ичкени заар аш болгонун, душмандын боору таш болгонун, эки кɵзʏ жаш болгонун айтат. Анан Курманжандын эки учурун салыштырат, кʏйɵɵсʏ Алымбектин доорунда: «Кийгениң кымкап киш болду, ит аягың мис болду, дɵɵлɵр келип кашыңа, давлат куш конуп башыңа, аалымдын баары дос болду». Азыр эми: «Кара кʏн менен гам басып, карып болдуң бу чакта», Абдылдабектен айрылып, дʏйнɵң кетти шо чакта, муңдуу болдуң бу чакта», «Жалтанчаак болдуң бу чакта», «Орустун карап кɵзʏнɵ, осол болдуң бу чакта». Ошону ʏчʏн акын ыр башында ɵмʏр-ɵлʏм тууралуу ой калчап, окурманын Курманжандын трагедиясын бɵлʏшʏʏгɵ, кабыл алууга чакырык таштаган ɵңдɵнɵт.  Курманжандын дɵɵлɵтʏ да, сɵɵлɵтʏ да, триумфу да, трагедиясы да балдарында экенин мындай тʏшʏндʏрɵт:

Алымбек датка балдары

Абдылдабек, Асанбек

Айры калпак кыргызда

Ашкере тʏшкɵн тɵрɵ эде.

Ак шумкардай эр эде.

Баатырбек менен Махмутбек,

Карчыга сындуу Камчыбек

Куландай катуу эр эде.

Ак жолборстой марттариң

Азалдан кылган сɵɵлатти.

Кɵк жолборстой марттариң

Кɵрʏп келген давлатти.

Кɵп жерде кылган сɵɵлатти,

Азалдан кɵргɵн дɵɵлатти

Ар жерде кылган сɵɵлатти.

Мына ушул балдар Курманжанды, Молдо Нияз ушундай Курбанжан деп жазат, чынында тʏштʏк диалектисинде Курбанжан деген ысым диний жɵрɵлгɵ «курбан», «курбан айт», «курбандык» дегендер менен байланышат, ак элечек султан кылган, атын чыгарган, малынын башы Алайга батпаган, пулу казыйнага батпаган, эшигинде кулу-кызматкерлери кɵп болгон, койлору колотко батпаган, жазда Кызыл-Арт, кышта Кызыл-Жар жайлаган, кыш салганы куш болгон, ордолуу жайы Ош болгон. Ал кезде «Ногой менен орустан, ноюбаган датка айым». Кийин дал ошол орустардан кырсык тапты, аны ушундай кайгыга алып келген – орус бийлиги, «Камчыбек кетти асылып», «Мурзапаяз, Махмутбек Сибирдин жолун кɵздɵдʏ, Алымбек датка авлади, амалы жок боздоду». Молдо Нияздын ыры мына ушундай оор кайгы менен калган Курбанжан даткага кɵңʏл айтуу, оптимизмге чакыруу ниетинде жазылган экен:

Асылып кетти балам деп,

Арман кылба, Даткайым!

Сибирге балам кетти деп,

Сил болбогун, Даткайым!

Айтып ɵттʏм илгери

Алымбектин савлатин,

Арман кылба, Даткайым!

Жан Эгем берер жаннатти –

О дʏйнɵнʏн давлатин,- деп андан ары «Буракка минип махшарда, кылдан ничке кɵпʏрɵдɵн ɵткʏн, алганың менен балдарың пардазоримахшарда, шейиттердин ичиден шербет ичип отурар кавсардан тапкын, Даткайым, жан кʏйдʏргɵн балдарың, жаннаттан тапкын, Даткайым, эрте-кеч баарын дуба кыл, эненин жашы нур болот, ата-энедеген Пир болот, энеси ыраазы болгондун жайы болуп жаннатта, жан жолдошу ʏр болот» деп келип:

Камчыбекке кабыр кыл,

Мурзапаяз, Мамытбек,

Баатырбекке сабыр кыл!

Алымбекти арман кыл!

Асанбекке шʏгʏр кыл!

Акыретти пикир кыл!

Эч арманың калбады

Эгемди дайым зикир кыл! – деп бʏтʏм чыгарат.

Курманжан датканы ал эки тараптан ооматтуу жылдардан жана бактысы баштан тайыган жылдардан карайт да, бир мамлекеттик ишмердин жана бир эненин тагдырын философиялык-педагогикалык аспектиден ачып берет. Негизгиси каниетке чакыруу, сабырга чакыруу, аны ʏчʏн ислам ибадаттарын кылуу керектиги айтылат. Биздин оюбузча, бул чыгарманы кат формасында жазып, аны даткага жиберген же ɵзʏ алып барган болушу мʏмкʏн.

-Курманжан датканын кʏйɵɵсʏ Алымбек датка менен Молдо Нияздын мамилеси кандай болгон?

-Айрым бир маалыматтарга караганда Молдо Нияз Алымбек датканын Ош шаарындагы атактуу Ак медресесинде мударис болуп, талабаларга сабак берген. Датка ошол кезде бʏт кыргыз аттуулар жашаган жерлерди кыдырып чыгып, алар жɵнʏндɵ жазып келгин деп Нияз Молдого тапшырма берген сыяктанат. Ошону ʏчʏн ал Кашкар, Суусамыр, Жерге-Тал, Жумгал, Кетмен-Тɵбɵ, Чʏй, Фергана кыргыздарын тʏрɵ кыдырып, алардын этнографиялык, диалектологиялык ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн жазып чыгат. Молдо Нияз тарыхта жашап ɵткɵн Арка журтундагы Атантай менен Тайлактын балдарын, Рыскулбекти, Акылбекти, Талканбай бийди, Качыбек бийдин баласы Эралини, Рыскулбектин агасы Шералини, кыздары сулуу, кара кɵз, байлыгы таин, ширин сɵз Багышбек байды, хандардан улук Качыбектей Карымшак бийди, Бешкемпир менен Багышта Сарымсак бийди, Жумай баатыр небереси Чолпонбайды, Тɵрɵкелди иниси Бектенбайды, Тɵлɵгɵндʏн Кангелди, Чарки менен, Осмондун Дыйканбайын, Жантайдын уулу Шабданды кɵргɵнʏн, Нарын-Суу ɵткɵн Курткада Алымбек менен Койчунун сыйында ʏлфат болгонун  ырында жазганы бар. 1860-жылы Алымбек датка Канаат-шаа менен Орусия империясынын колун тоскону Узун-Агачка барып, бирок алардын кʏчʏн кɵрʏп, аскерлерин алып чыгып кеткенде Коконго барбай Ак-Талаанын Курткасында жʏргɵндɵ Молдо Ниязга зыяпат кɵрсɵткɵн болуу керек. Ошол кезде жалпы кыргыздарды бириктирип, бир мамлекет тʏзʏʏ идеясы кɵтɵрʏлʏп жаткан. Албетте, мындай жолугушуулар Молдо Нияздын тарыхты, коомдук абалды тʏшʏнʏʏсʏнɵ жардам берген, ɵзʏ да руханий жактан байып, аларды да байыткан.

-Молдо Нияздын Токтогул акынды Сибирге айдаткан деген Дыйканбай Рыскулбек уулу тууралуу да жазгандары бар деп укканбыз…

-Сиз айткан Дыйканбай 1835-жылы туулган, Молдо Нияз менен жашташ. Кетмен-Тɵбɵнʏн Кашкат деген айылындагы атактуу Рыскулбек Нарбото уулунун баласы, 1851-жылы атасынын ордуна болуш болот. Молдо Нияз 1885-жылы Дыйканбай каза болгондо топурак салганы бара албай калып, жыл айланып, ашына келип, ошол ашына карата ыр чыгарылган сыяктанат. Аш берген Дыйканбайдын уулу Акмат:

«Башы Токмок, Чʏй, Талас

Кара багыш, кɵп мундуз.

Анжиан, Ак-Суу, Наманган,

Ашка келе берсин», — деп чабарман жиберип кабар кылат. Ашында «Жетимиш согум союлду, жеткилең озгон кʏлʏккɵ, жети жʏз кагаз коюлду», алтымыш ак ɵргɵɵ тигилди. Кетмен-Тɵбɵ жеринде, тʏнкатар саяк элинде апасы Сайкал байбиченин, аялы Сейилкандын кошок кошконун айтуу менен ыр башталат. Дыйканбай Анжиан менен Аркага аты, ногой менен оруска наамы чыккан. Акматбек (Акмат), Бактыяр, Ашырбек деген балдары жетим калганын ɵксʏʏ менен айтат. Анын курсагы ачканга аш бергендиги, алтынын чачкандыгы Ташкенге чейин жеткенин белгилейт. Аны «Суусамырдын султаны», «Жанып турган чырактай», «Ажыбектин балдары: Кудаяр менен Нурактай», «жер сулуусу Таластай», «Кырк чоронун тɵрɵсʏ – байыркы ɵткɵн Манастай»,  «Бошкой Канай баласы, Бɵлɵкбай солто тɵрɵсʏ», «Боларман чыккан Байтиктей», «Пишкек, Токмок жердеген, сарбагыш, тынай уруусу Жантай баатыр баласы Атамтай чыккан Шабдандай», «Гʏлмыкка кʏлʏк байлаган, кʏмʏш тоону жайлаган, миң башы датка Максыттай», «Базар-Коргон жердеген… Жолборс менен Кушпактай», «Кɵк-Жаңгак, Кɵк-Арт ортосу, кɵрʏп ɵткɵн давлатти Нусуп менен Чыйбылдай», «Абдылдабек, Асанбек – Алымбектин баласы», «Кара багыш сарасы Жантɵрɵ Койчу баласы», «Пират байдын баласы, миң башы мырза Жарматтай», «Алымкулдун баласы Адɵɵлɵт мырза Шерматтай», «Тескей журттан мен айтсам, Мырзакул менен Ташбектей», «Эрдиги кɵп зор эде Эрдɵɵлɵт менен Курбандай» ж.б. салыштыруулары, адамдарга теңɵɵлɵрʏ бар. Мына ошондон Молдо Нияздын ошол кездеги саясый-коомдук абалды, тарыхый личностторду, алардын эл турмушундагы ордун аябай жакшы билгендей жана кɵбʏ менен ɵзʏ тааныш экендиги сезилет. Алымбек датканын балдарынын ɵкʏнʏчтʏʏ тагдырын айтат, Акматтын сегиз ай тʏрмɵгɵ камалганын айтат. Дыйканбайды ак жолборско салыштырат. Ата-бала мурасы, ɵлʏм-ɵмʏр философиясы, адамдагы кайрымдуулук тууралуу да орундуу ойлор айтылат.

Журт сураган ɵкʏмдар

Март жакшысын кɵп айттым.

Азамат эрлер арвайын

Сыйласаңчы деп айттым, — деп «Китеп  кылдым  ырымды» деген чыгармасында ɵз максатын ачык тʏшʏндʏрʏп берет.Эгер биз Совет учурунда бирɵɵлɵрдɵн жазылып элге тараган Токтогул Сатылгановдун «Беш каман» деген ырында Дыйканбайдын «Акмат, Дыйкан – алдамчы, Атакан, Миңбай – жалганчы, Эгемберди, Бактыяр – эл жегенге жардамчы» балдарын кɵрсɵк, андан жарым кылым мурда жазылган Молдо Нияздын ырынан башкача Дыйканбайды жана анын балдарын кɵрɵбʏз.

 -Молдо Нияз эмне себептен тарыхый темада кɵп жазган деп ойлойсуз?

-Молдо Нияздын ырларында диний тема, адеп-ыйман темасы басымдуулук кылса да, ɵз заманында жашап ɵткɵн Алымбек, Курманжан, Ташбек, Ɵмʏрбек даткалар тууралуу ырлары бар. Анын тарыхый инсандар жɵнʏндɵгʏ ырлары ошол доордун тарыхый абалын, адамдардын бири-бири менен болгон мамилелерин, коомдук-саясый кырдаалды тереңирээк тʏшʏнʏʏгɵ жардам берет. Ал ошол ырларын медресе талабаларына окутуу менен алардын коомдук-тарыхый билимин жогорулатууга, айрым адамдарды идеал кылып, ошолордун ɵрнɵгʏндɵ жаштарды тарбиялоого салым кошкон.

Айжылдыз Тойчиева