24 апреля, 2024

Вирустук кене энцефалитин кантип жуктуруп алышыбыз мʏмкʏн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирусту алып жʏрʏʏчʏ кене соргон биринчи мʏнɵттɵн баштап ооруну басуучу шилекей аркылуу берилет:

— вирустук кене энцефалити байырлаган аймактарга (токойлорго, токой парктары, жеке бак-огородго тилкелери) барган учурда;

— кене жабышкан жаныбарлар (ит, мышыктар) аркылуу;

— вирустук кене энцефалити боюнча жагымсыз аймактарда тамак-ашка эчкинин (кɵп учурда), койдун, уйдун чийки сʏтʏн пайдаланууда жугушу мʏмкʏн, кене массалык тʏрдɵ каптаган учурда вирус сʏттɵ дагы болушу ыктымал. Ушул себептен чийки сʏт азыктарын кайнаткандан кийин гана ичʏʏ керек. Чийки сʏттɵн эле эмес, андан даярдалган быштак, каймак ж.б. азыктар дагы кооптуу боло тургандыгын белгилей кетʏʏ керек;

— кенени сыгып ɵлтʏргɵндɵ же ал чагып алган жерди тырмаган учурда териге вирус сыйпалганда.

Оорунун мезгилдʏʏлʏгʏ жана анын негизги белгилери

Оору кенелердин абдан активдʏʏлʏгʏнɵ байланыштуу болгон жаз-кʏз мезгилине мʏнɵздʏʏ (апрель-сентябрь). Инкубациялык мезгили (жуктуруп алган учурдан тарта оорунун биринчи белгилери пайда болгонго чейинки учур) кɵп учурда 7-14 кʏнгɵ, кээде 1 кʏндɵн 60 кʏнгɵ чейин созулат. Оору кескин кармап, калчылдоо, баштын катуу оорушу, дене табынын 38-39 градуска чейин кескин жогорулашы, кɵңʏлдʏн айнышы, кусуу менен башталат. Кɵп учурда моюн жана ийин, кɵкʏрɵк, арканын бел тарабы, колу-бутта орун алган булчуң оорулары оорулуунун тынчын алат. Оорулуунун тышкы кɵрʏнʏшʏ: жʏзʏ кызарып чыгат, ал кɵп учурда денеге дагы жайылат. Эгерде адамда оорунун жогорудагы белгилери пайда болсо, анда ɵз учурунда дарылоо-алдын алуу уюмуна медициналык жардам алуу ʏчʏн кайрылуу зарыл.

Оорунун кесепеттери: толук айыгуудан, ден соолуктун бузулушуна, майыптыкка жана ɵлʏмгɵ чейин алып келет.

Кимдер жуктуруп алат?

Вирустук кене энцефалитине бардык адамдар курагы жана жынысына карабастан кабылышат. Ишмердʏʏлʏгʏ токойдо болуу менен байланышкан (токой ɵнɵр жай чарбасынын, геологиялык чалгындоо кызматтарынын кызматкерлери, автоунаа жана темир жол, мунай жана газ тʏтʏктɵрʏ, электр чубалгылары менен иштегендер, топографтар, аңчылар, туристтер) адамдар кɵбʏрɵɵк коркунучка дуушар болушат. Шаардыктар эс алуу учурунда шаардын четиндеги токойлордон, токой парктарынан, бак-огород тилкелеринен жуктуруп алышат.

Кантип коргонууга болот?

Кене энцефалити менен ооруп калууга спецификалуу эмес жана спецификалык алдын алуунун жардамы менен бɵгɵт коюуга болот.

Спецификалык эмес алдын алуу жака менен жеңдин кайрылган учу аркылуу кенелердин кирип кетʏʏсʏнɵ жол бербеши керек болгон атайы коргоочу костюмдарды (кооптуу топтор ʏчʏн) же ыңгайлаштырылган кийимди колдонууну камтыйт. Кɵйнɵктʏн жеңдери узун болушу керек, аны билекке резинка менен бекитишет. Кɵйнɵктʏ шымга шымдап, шымдын багалегин байпак менен ɵтʏккɵ киргизип коюшат. Баш жана моюнду жоолук менен жабышат.

Кенелерден коргонуу ʏчʏн чочутуучу каражаттарды (репелленттерди) пайдаланышат, аны дененин ачык бɵлʏктɵрʏнɵ сыйпап жана кийимге чачышат. Каражаттарды колдоноор алдында нускамасы менен таанышуу зарыл.

Спецификалуу алдын алуу чаралары: вирустук кене энцефалитине каршы алдын алуу эмдɵɵлɵрʏ эндемикалуу уюктарда иштеген айрым кесип ээлерине же ал жерлерге баруучуларга (командировкага жɵнɵтʏлгɵндɵр, курулуш отряддарынын студенттери, туристтер ж.б.) жасалат.

Эгерде кенеге чактырып алсаңыз эмне кылуу жана кайда кайрылуу керек?

Бул инфекцияга каршы эмделбеген адамдарга серопрофилактика жʏргʏзʏлɵт, б.а. вирустук кене энцефалитине каршы адам иммуноглобулини оору алып жʏрʏʏчʏ кенелер чаккандан кийин 72 сааттын ичинде республиканын саламаттык сактоо тармагынын тиешелʏʏ уюмдарына (ооруларды алдын алуу жана мамсанэпидкɵзɵмɵлдʏн аймактык борборлору, ʏй-бʏлɵлʏк медицина борборлору) медициналык жардамга ɵз учурунда кайрылган учурда куюлат.

Кенени кантип чыгарабыз?

Муну ʏй-бʏлɵлʏк медицина борборунун ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери менен же сынык-жаракат пунктунда жасаган жакшы.

Эгерде ʏй шарттарында же табият кучагында эс алуу учурунда болсо, кан соруу учурунда адамдын денесине терең жана бекем кирип калган тумшугун ʏзʏп албаш ʏчʏн кенени абдан кылдат чыгаруу керек. Жабышып калган кенени тапкан учурда аны учу ийри пинцет же хирургиялык кычкач менен чыгарган ыңгайлуу. Кенени мʏмкʏн болушунча тумшугуна жакын жерден кыпчыйт. Андан кийин аны кылдаттык менен тартып жана ошол эле учурда аны ɵз огунда ыңгайлуу тарапка айландырат. 1-3 айландыруудан кийин кене тумшугу менен бирге бʏтʏн чыгат. Эгерде кенени жулуп алууга аракеттенсе, анда анын айрылып кетʏʏ коркунучу жогору.

Азыр сатыкта кенелерди чыгаруу ʏчʏн атайы илмектер бар. Мындай илмек эки тиштʏʏ ийилген айрыга окшош. Кене тиштердин арасына коюлат жана ошондой эле буралат. Эгерде аспаптар жок болсо, анда жоон жиптен жасалган илмек жип менен чыгарууга болот. Илмек жипке кене мʏмкʏн болушунча териге жакын жерден алынат жана эки тарапка козгоо менен тартылат. Кенени кол менен сыгууга болбойт. Кенени чыгаргандан кийин колду жууш керек. Жаракатты 70% спирт же 5% йод менен тазалайт. Чыгарылган кенени чакан айнек шишеге бир аз сууга чыланган кебездин ʏзʏгʏ менен биргеликте салуу керек. Саламаттык сактоонун жакын арадагы уюмуна жɵнɵткɵнгɵ чейин шишени сɵзсʏз тыгыз капкак менен жаап, аны муздаткычта сактоо зарыл. Микроскопиялык диагностика ʏчʏн кенени лабораторияга тирʏʏ жеткирʏʏ керек.

Жабышып калган кенени ага канды кɵпкɵ сорууга жол бербестен мʏмкʏн болушунча тезирээк чыгаруу абдан маанилʏʏ, анткени кене канды канчалык кɵп соро турган болсо, ал жабыркаган адамдын организмине вирусту ошончолук кɵбʏрɵɵк бɵлʏп чыгара баштайт, буга байланыштуу оору оорураак ɵтɵт.

Кенени чыгарууда тɵмɵнкʏлɵрдʏ жасоого болбойт:

Кенеге май сыйпоого (май сыйпоо кенени тумшугун чыгарууга мажбурлабайт. Ал дем алуу жолдорун бʏтɵɵ менен кенени ɵлтʏрɵт. Май кенени ичиндегисин жаратка кусууга аргасыз кылат, бул ооруну жуктуруу коркунучун кɵбɵйтʏʏгɵ гана ɵбɵлгɵ тʏзɵт);

Кенени кескин тʏрдɵ тартып ийʏʏгɵ болбойт — ал ʏзʏлʏп кетет;

Чаккан жерге ар кандай компресстерди коюуга, жегич суюктуктарды — нашатырь спиртин, бензин ж.б. куюуга. Кенени тамеки менен кʏйгʏзʏʏгɵ;

Жаратты кир ийне менен чукулоого;

Кенени манжалар менен басууга болбойт.

Чыгарылган кенени сɵзсʏз тʏрдɵ ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдʏн (санэпидкызмат) аймактык борборлоруна изилдɵɵгɵ жеткирʏʏ керек.

Дарыгер паразитолог  Абдурахманова Аселя