28 марта, 2024

ДYЙНƟЛYК ИШ-ЧАРА. ТYРКИЯ ТYРК АШКАНАСЫНЫН ЖУМАЛЫГЫН ƟТКƟРƟТ

21- майда дʏйнɵ боюнча Тʏрк ашканасынын жумалыгы башталат. Аталган кулинардык иш-чара тʏрдʏʏ, ондогон цивилизациялардын изин чагылдырган, берекелʏʏ география жана бай тарыхка ээ тʏрк гастрономиясынын глобалдык майрамы болот. Быйыл экинчи жолу ɵткɵрʏлʏп жаткан Тʏрк ашканасынын жумалыгында  ЮНЕСКОнун Чыгармачыл шаарлар тармагы тарабынан«Дʏйнɵнʏн 26-гастрономиялык шаары» деп таанылганХатайдын аймактык ашканасына басым жасалат. Ошондой эле тʏрк тамак-аш маданиятында калдыксыз ɵндʏрʏш практикасын жайылтууга ɵзгɵчɵ маани берилет. Тамак-аш апталыгы 27-майга чейин уланат.

Тʏрк ашканасы жумалыгын Тʏркиянын Маданият жана туризм министрлиги координациялап жатат. Ашкана апталыгында Тʏркияда иш алып барган тʏрдʏʏ ɵлкɵлɵрдʏн дипломаттарына Хатай ашканасынын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ таанытуу иш-чаралары уюштурулат.

ТYРК АШКАНАСЫНЫН БАЙЫРКЫ САЛТТАРЫ

Тʏрк ашканасы жумалыгынын катышуучулары жергиликтʏʏ ингредиенттерди жана салттуу тамак жасоо ыкмаларын колдонуу менен Хатайдын жергиликтʏʏ тамактарын даярдап, байыркы жана туруктуу тʏрк ашканасы менен кеңири таанышышат. Ошол эле учурда алар тʏрк ашканасынын бай биологиялык ар тʏрдʏʏлʏгʏ жана анын ар кандай жеп-ичʏʏ тенденцияларына жооп берʏʏгɵ даярдыгы, потенциалы жɵнʏндɵ маалымат алышат. Ошондой эле жумалыкка келгендер тʏрк ашканасынын туруктуу жана калдыксыз мамилеге негизделген тамак жасоо методологиясын практикалык тʏрдɵ жасап кɵрʏп, тажрыйба алышат. Иш-чаранын жʏрʏшʏндɵ тʏрк кофеси, тʏрк чайы жана тʏрк локумдары сунушталып, катышуучулар тʏрк ашканасынын кɵптɵгɵн тʏрлɵрʏнʏн даамын тата алышат.

ХАТАЙ ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР ТАБЛИЦАСЫ

Дʏйнɵ боюнча ɵткɵрʏлɵ турган Тʏрк ашканасы жумалыгында Хатай ашканасынын даамдарына арналган ɵзгɵчɵ меню кɵрсɵтʏлɵт. Гастрономия тармагында ЮНЕСКОнун Чыгармачыл шаарлар тармагынын бир бɵлʏгʏ болгон Хатай, ɵзгɵчɵ ашканасы менен кɵпчʏлʏктʏн кɵңʏл бурган тʏрк шаарларынын бири. Хатай ашканасы жогорку сапаттагы зайтун майы жана дан эгиндери, буурчак ɵсʏмдʏктɵрʏ, жашылчалары, мɵмɵлɵрʏ, жергиликтʏʏ чɵптɵрʏ жана Жер Ортолук деңизинин климаты ʏстɵмдʏк кылган тʏшʏмдʏʏ топурактарда ɵстʏрʏлгɵн жыпар жыттуу заттары менен ɵзгɵчɵлɵнʏп турат.

Тарыхта кɵптɵгɵн тʏрдʏʏ цивилизациялардын изи калган шаардын кулинардык мурасы ɵзгɵчɵ таңкы тамагы жана тʏрдʏʏ менюлары менен кишинин кɵңʏлʏн бурат. Тʏрк ашканасы жумалыгынын алкагында даярдала турган Хатай менюсуна «биберли экмек» (кызыл калемпир пастасы кошулган нан), «зайтун салаты», «хумус», «кысыр», «тепси кебап» сыяктуу тамактар да киргизилет.