Бабур атындагы театрда КРнын “Аялдар кеɵеши” коомдук бирикмесинин 100 жылдыгына карата “Аялдар коомдо зор кʏч” аталышындагы иш-чара ɵтʏп, ага Ош шаарынын мэриясынын, шаардык Кеɵешинин ɵкʏлдɵрʏ, КР Аялдар кеɵешинин тɵрайымы Айнуру Алтыбаева, КР “Аялдар кеɵеши” коомдук бирикмесинин Ош шаарындагы аялдар кеɵешинин тɵрайымы Атыргʏл Кожоева, билим берʏʏ жана медицина тармагынын ɵкʏлдɵрʏ катышты.
Иш-чаранын жʏрʏшʏндɵ кыргыз чыгаан аялдарын чагылдырган сахналаштырылган кɵрʏнʏш, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, улуттук колориттеги кɵргɵзмɵ уюштурулду.
Ошондой эле аялдардын коомдогу орду тууралуу баяндама айтылып, коомдук иштерге активдʏʏ катышкан, кɵрʏнʏктʏʏ иштерди алып барган айымдар сыйланды.
Иш-чара аялдардын Кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн тʏптɵлʏшʏнɵ кошкон ɵзгɵчɵ салымын чагылдырып, алардын кадыр-баркын жогорулатып, ɵлкɵнʏн жаɵылануу багытындагы ɵнʏгʏʏ процесстерине активдʏʏ катышуусун колдоо менен бирге жаштарды тарбиялоо жоопкерчилигин кʏчɵтʏп, аларга туура багыт берʏʏ максатында ɵткɵрʏлдʏ.


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды