Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 2025-жылдын 17-февраль күнү Савай айыл аймагынын тургуну 1967-жылы Р.А. аттуу тургундун үйүнө белгисиз адам кирип, бөлмөдө турган 100 000 (жүз миң сум) өзбек сумун жашыруун түрдө уурдап, үйдүн короосунда турган “Хундай Аванте” үлгүсүндөгү автоунаасын укук ченемсиз ээлеп алып, айдап качып кеткендиги тууралуу маалымат катталган.


Бул факты боюнча чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды ыкчам-издөө иштери башталган.
Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 24-февраль күнү кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1993-жылы туулган А.С. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. Ал уурдалган автоунаага Россия Федерациясынын мамлекеттик белгисин тагып алып жүргөндүгү маалым болгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жаран дагы башка 9 адамдын батирине кирип, ар кандай буюмдарды уурдап кеткендиги аныкталды. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда шектүүнүн башка кылмышка тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы