“Жеңдим баарын”, “Эх, махабат”, “Ыйлагым келет” жана башка бир нече чыгармалардын автору, гитара менен кыргыз обондорун созолонтуп, интернет айдыңында, шоу чɵйрɵсʏндɵ ɵз кʏйɵрмандарын табууга жетишкен таланттуу кыз Нурила редакциябыздын кезектеги коногу. Жылдыздуу каарманыбыз менен чыгармачылыгы жана жеке жашоосу жɵнʏндɵ кенен маектешкенбиз. Ырчынын айтымында гитара чертип ырдоо жɵндɵмʏ ага апасынан ɵткɵн.


-Нурила айым, адатта ырчылар аты-фамилиясы менен кошо чыгышат эмеспи, сиз жɵн гана “Нурила” деп элге таанымал болдуңуз. Бул ɵзʏңʏздʏн атыңызбы же лакап атпы?
-Менин азан чакырылып коюлган атым Нурила, атам ɵзʏ койгон экен. Мен тɵрɵлгɵнгɵ чейин Нурила деген эжем кичинекейинде чарчап калып, ысымын кийин мага ыйгарышыптыр. “Нурила” сɵзʏ араб тилинде “Алланын нуру” деген маанини тʏшʏндʏрɵт. Буга чейин атымды ɵзгɵртʏʏнʏ, ылакап ат менен чыгууну такыр ойлонгон эмесмин. Болгону, чыгармачылыгымдын башында, “Нурила” деп аккаунт ачылып, гитара менен ырдаган видеолорум ошол аккаунт менен элге жайылды. Бир чети шоу чɵйрɵсʏндɵ “Нурила” деген ат жок, ошондуктан менин атым ɵзгɵчɵ деп ойлойм.
-Туулуп ɵскɵн айылыңыз жɵнʏндɵ айтып берсеңиз?
-Ош облусунун Ɵзгɵн районуна караштуу Мырзаке айылында тɵрɵлгɵмʏн. 9-классты аяктаган соң апам менен Бишкекке кɵчʏп келгенбиз. Ошондон бери борбордо жашап калдым.
-Музыкага болгон сʏйʏʏңʏз канча жашыңызда ойгонду?
-Апамын жан дʏйнɵсʏ да музыкага жакын болгон. Бала кезимден апамдын гитара менен ырдаган ырларын угуп чоңойдум. Ак гитарасы бар эле, азырга чейин эсимде. ʏйгɵ коноктор келгенде аларга ырдап берчʏ. ʏнʏ азыр деле аябай жакшы, жагымдуу чыгат. Биринчи жолу 6-7-класстарда гитара ʏйрɵнɵм деп, мектепте гитара ийримине барып, колумду аябай чор кылып келгемин. Бир жолу апамдын гитарасын кɵтɵрʏп барып, сындырып келгеним эсимде. Ошентип ɵспʏрʏм куракта гитара кармап, ошол бойдон таштаган жокмун.
-Алгачкы аткарган ырыңыздын аталышы?
-Башында мен эски кыргыз ырларын кавер аткарып жʏрдʏм. Ɵзʏмдʏн алгач жараткан, элге алып чыккан чыгармам “Маралым” деп аталган дуэт болгон. Элдияр Малик уулу деген жигиттин чыгармасы. Ошол ырды жактырып, аранжировкага алып бардым. Кийин Бахтияр Раушанбеков деген байке менен чогуу аткарганбыз. Ал эми автордук чыгармам, обону, сɵзʏ ɵзʏмɵ таандык “Ыйлагым келет” деген чыгарма. Жаралуу тарыхына токтолсок, 3-4-жыл мурда апам аябай катуу ооруп, жакындарыбыздын баары алыста болуп калды. Апам экɵɵбʏз жалгыз калганбыз. Апамды кɵргɵн сайын ыйлагым келип, буулукканда жаралган ыр. Апама арналып бир куплети жазылган соң, кийинчерээк кайырмасы сʏйʏʏ темасында жазылып, элге да сʏйʏʏ темасында тартууланып калды. Негизи ыр саптары “кучагыңа боюм таштап, ыйлагым келет” деп апама арнап жазылган эле.

-Ыр жазууда эмнеден эргʏʏ аласыз?
-Кɵрсɵ менде ырдын сɵзʏн жазуу бала кезден эле бар экен. Азыр эстесем мектепте окуп жʏргɵндɵ эки сапты чиймелей коюп, Алыкул Осмоновдун чыгармаларын аткарып, поэзия окуп жʏрʏптʏрмʏн. Бала кезден сɵздʏн маанисине басым жасап, куйма кулак болчумун. Азыр да “ɵзгɵчɵ” сɵздɵрдʏ издеп жʏрɵм. Сɵз жазууда мага китеп окуу, фильмдерди кɵрʏʏ, же болбосо спектакль, концерттерге барып, сɵздʏ баккан адамдар менен маек курганда идеялар келет. Ал эми обон жаратуу, тек гана кудайдан бериле турган жɵндɵм. Аны кармасаң кармап калдың, кармабасаң учуп кетет тура.
-Жʏрɵгʏңʏзгɵ ɵзгɵчɵ жакын ырыңыз кайсы?
-Жʏрɵгʏмɵ эң жакыны “Баары акча” деген чыгарма. Бул ырдын обону меники, сɵзʏ Бердибек Жамгырчиев агайга таандык. Ырды ɵзгɵчɵ кабыл алганымын себеби, азыркы кʏндɵ бардык нерсе акчага байланып, сезим, ишеним деген ыйык нерселер артта калып калууда. Материалдык жагдай биринчи орунга чыгып бараткандай. Ошон ʏчʏн элге чакырык катары ырда “бардык нерсе акча эмес, адамдын кɵңʏлʏ, ʏй-бʏлɵ деген баалуулуктарды алдыга койгула” деген ɵзʏнʏн жакшы мотиви бар.
-Ырларыңыздагы каармандар жашоонуздагы адамдарга негизделгенби?
-Автордук чыгармаларымы атай кетсем, “Жеңдим баарын”, “Ыйлагым келет”, “Жек кɵрɵм”, “Эх, махабат”. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, чыгарма чынчылдыкты жакшы кɵрɵт экен. Ырларымдагы персонаждар так жашоомдон алынган, же болбосо бир адамга арналган деп айта албайм. Ар бир чыгармада кандайдыр бир даражада жашоомдо болгон окуяларды эстеп, ошол эмоцияларды кайра ɵзʏмɵн ɵткɵрʏп кɵрʏп, анан чыгарма жазганы аракет кылам. Мисалы, бала кезде болгон сʏйʏʏлɵрдɵн, балким кɵңʏл жарааттарынан калган сезимдерди ырга салам. Аткарууда, дал аткаруучу ɵзʏ, сɵзʏн так билип, ошол сɵздʏ ɵзʏнɵн ɵткɵрʏп, жон териси менен сезип, обонду дагы туя билʏʏсʏ зарыл. Аты айтып тургандай “аткаруучу” бул деле актерлук чеберчиликтин бир тʏрʏ. Тандаган образына тɵп келсе элдин жʏрɵгʏнɵ жетет деп ойлойм.
-Концерт учурундагы эсте калган окуяларыңыз менен бɵлʏшсɵңʏз?
-Бир окуя эч эсимден кетпейт. Таласка барганда гитара менен сахнага чыктым. ʏч ырымды аткарган соң, эл дʏркʏрɵтɵ кол чаап, дагы бир ыр суранып калды. “Мейли эми, бир чыгарма аткарып берейин. Бектин чыгармаларын ырдайынбы, же Сыймык байкеникинби?” десем залдан бирɵɵ “Эмне, Бек классташыңбы?” – деп кыйкырган. Эл дуу кʏлʏп жиберди. Ɵзʏм да кʏлкʏм келип, дароо “Кечириңиздер, мен чыгармачылыкка жаңы эле аралашып келе жатам” деп элден кечирим сурадым. Ошондон кийин ɵзʏмдɵн улуу ырчылардын атын атабас болдум.


-Эгерде убакыт артка кайтып, кесип тандоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ кайра берилсе, кайсы кесипти тандамаксыз?
-Дизайнер же журналист болуу бала кездеги кыялдарымдын бири болчу. Эл менен баарлашканды жакшы кɵрɵм. Ырчы болбогонумда, балким менден алып баруучу чыкмак.
-Чыгармачылыкта кимге таянып, кимдерди ишенимдʏʏ колдоочуларым деп билесиз?
-Ишенимдʏʏ колдоочум алгач жараткан кудай, андан кийин апам. Менеджер, продюссерим Мырзагʏл Абдырахманова эже. Кезинде, маркум Бекжан Темирхан менен иштеген. Азыр болсо мени менен иштеп, бир топ ийгиликтеримдин себепчиси болуп келе жатат.
-Жʏрɵгʏңʏздʏ багынткан мырза бар болду бекен?
-Азырынча жигитим жок, башым бош. 24 жаштан ɵткɵндɵн кийин элдин баарынын “качан турмушка чыгат, дагы деле жʏрɵбʏ?” деген суроолуу кɵз караштарын байкап баштадым. “Ар кимдин старты, ар кимдин финиши ар кайсы жерден башталат” деген сɵз бар го, ошон ʏчʏн кɵпчʏлʏккɵ айтып жʏрɵм “бирɵɵнʏн качан ʏйлɵнɵрʏнɵ, канча табарына кызыкпагыла” деп. Мен да кудай буюруган кʏнʏ ɵз жарымымды табам деп ишенем.
-Жакынкы убакта угармандарыңызды кандай жаңылыктар менен кубантасыз, жаңы жанрларда ɵзʏңʏздʏ сынап кɵргʏңʏз келеби?
-Быйыл 3 чыгарма даярдап жатабыз. Бири орточо темпте, бири жай, бири чыгыш стилиндеги шаңдуу чыгарма. Бул ырларды клиби менен жай мезгилине чейин алып чыкканы аракет кылабыз. Ушулардын бирɵɵсʏ “Жеңдим баарын” сыяктуу ырыма окшош. Башка рок, R&B, хип-хоп стилдеги ырлар мага жарашпайт жана мени эл башка стилде кабыл ала албайт деген ойдомун.
-Кайсы ырчы менен дуэт жаздырууну кыялданасыз?
-Буга чейин эмгек сиңирген эл артисттеринен, жаңы чыгып келе жаткан ырчылардан, коңшу мамлекеттердин ырчыларынан “дуэт ырдайлы” деп кɵп сунуштар тʏштʏ. Азырынча, ɵзʏмдʏн атымды пропаганда кылып, элге сиңирип алайын деген максат менен 2 жыл такыр дуэт ырдаган жокмун. Алдыда Калыс Жакыпов менен шаңдуу коллаб даярдап жатабыз. “Жашырган махабатым” аттуу чыгармасы абдан популярдуу болуп жаткан Сагыныч байке менен да жаңы дуэт жаздыруунун ʏстʏндɵ иштеп жатам.
-Ɵнɵрʏңʏз аркылуу коомго кандай таасир калтыргыңыз келет?
-Ырларым аркылуу сʏйʏʏ же маанай кɵтɵрʏʏ максатында гана эмес, мен башынан эле айтып келем, акыл-насаат катары, жок дегенде, 1-2 сɵзʏм элдин жʏрɵгʏндɵ уюп калса, кээ бир жолдон адашкандар, бир аз да болсо менин чыгармаларымдын таасири астында жакшы жака оңолсо, бул мен ʏчʏн чоң жетишкендик болмок.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы