Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, кɵрктɵндʏрʏʏ жана санитардык тазалоо боюнча штабынын биринчи отуруму ɵттʏ.
Ага Ош шаарынын мэри Жеɵишбек Токторбаев, Ош шаардык кеɵешинин тɵрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жыйында жарыяланган ʏч айлык боюнча айтылып, айлана чɵйрɵгɵ кам кɵрʏʏ боюнча сɵз болду. Аны менен бирге жооптуу кызматкерлерге тиешелʏʏ талаптар коюлуп, жазгы ʏч айлык боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, жазгы ʏч айлыктын жыйынтыгы тɵмɵндɵгʏ номинациялар боюнча чыгарылат:
— Мыкты муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыгы;
— Мыкты кɵп кабаттуу ʏй;
— Мыкты социалдык мекеме;
— Мыкты муниципалдык ишкана;
— Мыкты кɵчɵ;
— Шаардын кɵрктɵндʏрʏʏсʏнɵ кɵмɵк кɵрсɵткɵн жеке менчик ишкана.
Жогоруда белгиленген номинациялар боюнча мыктыларга соɵунда Ош шаарын мэриясы тарабынан 1 миллион сом бɵлʏп берилет.
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр