2025-жылдын 27-феварлында Ош шаарыдык Кеңешинин кезектеги VI сессиясы болуп ɵттʏ. Сессияга Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, мэрдин орун басарлары, мекеме ишканалардын жетекчилери, депутаттар жана массалык маалымат каражаттарынын ɵкʏлдɵрʏ катышты. Кʏн тартибине 8 маселе коюлган. 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтʏʏ бюджетин бекитʏʏ жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жɵнʏндɵ биринчи маселенин баяндамачысы, Ош финансы башкармалыгын башчысы Каныбек Абдыкадыровдун айтымында Ош шаарынын быйылкы жылга пландалган бюджети — 3 млрд 425 млн сомду тʏзɵт. Бюджеттин киреше жана чыгаша бɵлʏгʏ, тармактар боюнча бɵлʏштʏрʏʏлʏсʏ тууралуу маалымат берилген соң, депутаттар суроо-жооп бɵлʏгʏнɵ ɵтʏштʏ.

“Ара тɵрɵлгɵн балдарга аппараттар жетишсиз”
Айжан Тогузакова, депутат. Ош тɵрɵт стационарында ара тɵрɵлгɵн балдарга аппараттар жетишсиз. Ал жерде ремонт иштери жʏргɵнʏнɵ байланыштуу акыркы 8 айдын статистикалык маалыматын алдым. Жалпысынан 802 ымыркай айына жетпей тɵрɵлгɵн. Алардан 56 ымыркай апаратка жаткырылып, 22си жашап кеткен, калган 34 бала каза болуп калган. Ушул кɵйгɵй боюнча жергиликтʏʏ бийлик кандай аракеттерди кɵрʏʏдɵ?
Нурбек Сʏйʏнбаев, мэрдин орун басары. Шаардык тɵрɵт стационары жакында толугу менен капиталдык ремонттон ɵттʏ. Аппараттарды алуу боюнча буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жазылган. Ал имарат муниципалдык болуп эсептелет жана ремонт иштерине жергиликтʏʏ бюджеттен каражаттарды бɵлʏп бере алабыз. Ал эми ички жабдыкатарына министрликтен гана бɵлʏнɵт.
Мындан сырткары депутат Бекболот Арзибаев жол жээктерин жашылдандыруу ʏчʏн бардык кɵчɵттʏ сатып алууга бюджеттен каражат жетишсиз экенин, кошумча булактарды табуу маселесин кɵтɵрсɵ, депутат Медербек Абдыманапов Достук кичи районундагы 47-кɵчɵнʏн асфальты бʏтпɵй турганын белгиледи. Ошондой эле Муниципалдык менчик башкармалыгынын ɵз мʏлкʏн так билбестигин сындап, Ош шаарынын мэриясына санариптештʏʏрʏнʏн алкагында шаарды алаканга салгандай кɵзɵмɵлдɵй ала турган кʏчтʏʏ IT адистери бар даяр команда менен иштешʏʏ сунушун айтты. Бюджет бекитʏʏ маселесинен сырткары ар тʏрдʏʏ маселелер кошо каралып, депутаттар сʏрдʏрʏлʏп жаткан объект ээлерине тʏшʏндʏрʏʏ иштерин дагы да жакшыртууну, жолду кеңейтʏʏ, жашылдандыруу, таза суу, билим берʏʏ, саламаттыкты сактоо маселелерине сунуш-пикирлерин айтышты.

Жергиликтʏʏ бюджетке тʏшʏʏчʏ салыктарды кɵзɵмɵлдɵɵ
Кушбак Шайиев, бюджет комитетинин тɵрагасы.
-Бюджет маселеси боюнча тɵрт кʏнгɵ созулган туруктуу депутаттык комиссиянын депутаттарына ыраазычылык билдиребиз. Шаардын кызыкчылыгы ʏчʏн эртеден кечке ушул жерде жʏрʏп, карап беришти. Мындан сырткары киреше салыгынын жергиликтʏʏ бюджетке максаттуу тʏшʏʏсʏ, ɵндʏрʏштʏк аймак куруу боюнча буга чейин тынбай айтып келем. Кат жʏзʏндɵ да кайрылганбыз. Ɵндʏрʏштʏк аймак шаар ʏчʏн зарыл.
Биринчи маселенин соңунда тɵрага Болот Баетов укук коргоо органдарына кайрылып, жаш балдар арасында суицид кɵбɵйгɵнʏн, шаар ичинде ар кан кандай наркотикалык каражаттарды жарнамалап, сатууга аракет кылган жазуулар пайда болгонун, алдын алуу иштерин жʏргʏзʏп, мектеп жамааты психологдор менен тыгыз иштешпесе, жаман кесепеттерге алып барарын белгиледи. Биринчи маселе негиз катары кабыл алынып, сунуштардын негизинде токтом долбоору толугу менен кабыл алынды. Ал эми Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы “Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу ʏчʏн жыйымдын ставкасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ” №31 токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ, Ош шаарынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине жергиликтʏʏ бюджетине (бириктирилген) ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ жана толуктоолорду бекитʏʏ жɵнʏндɵ, Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мʏлк салыгын эсептɵɵдɵ мʏлктʏн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ, Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон тɵлɵмдɵрдʏ жогорулатуу жɵнʏндɵ” №143 токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бɵлʏнʏп берилген 500,0 млн. сом акча каражатына атайын техникаларды сатып алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ жана Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏ куруу ʏчʏн мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ маселелер депутаттык комитетте каралгандыктан, добушка коюлуп токтом долбоору кабыл алынды.
Айрым географиялык обьекттерге аталыш берʏʏгɵ 2-3 жыл мораторий жарыялап туруу сунушталды
Кʏн тартибиндеги акыркы маселе, Ош шаарынын айрым географиялык обьекттерине аталыштарды ыйгаруу жɵнʏндɵ Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов баяндама жасап, депутаттардан тɵмɵнкʏдɵй сунуштар берилди.
Айдар Камалов: Азырынча шаардагы аты жок айрым географиялык обьекттерге аталыш берʏʏгɵ 2-3 жыл мораторий жарыялап турууну сунуштайм. Мисалы, аталыш берилип же ɵзгɵрʏп гана тим болбой техникалык жактан, материалдык жактан бир топ чыгымга алып келет. Бюджетибизде ансыз да кɵйгɵйлɵр толтура. Бир чети ат койдурууга талапкер болгон айрым адамдардын ɵмʏр баянын уксак “8-классты аяктаган, молдодон билим алган” деп жʏрɵт.
Бекболот Арзибаев: кесиптешим туура белгилеп ɵттʏ, ат коюунун да мыйзам талаптары бар. Билимдʏʏ, элге эмгеги сиңген адамдардын аты коюлса туура болмок. Жɵн эле жолду асфальттап же кɵчолɵрдʏ жарыктандырып берген адамдардын атын коео берсек болбойт. Мисалы, жазуучу же журналист болуп иштеп, бирок акчасы жок болуп, жол оңдобогонунан аты коюлбай калабы, ушул жагын эске алсак.
Медербек Абдыманапов: социалдык обьекттерге адам аттарын берʏʏ туура эмес деп ойлойм. Мисалы, тɵрɵт ʏйлɵрʏнɵ номер менен гана аталыштарды берсек болот.
Депутат Айдар Камаловдон жобону кайра карап, иштеп чыгуу боюнча комитетте каралусу сунунушталды.

Сессиянын аягында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге сɵз берилди.
-Элдин жʏгʏн тартуу оор. Урматтуу депутаттар, мен башында белгилеп ɵткɵндɵй шаардык Кеңеш менен мэриянын кызыкчылыгы бир. Шаардагы кɵйгɵйлɵрдʏ айтуу сиздерден, биз аткарууга милдеттʏʏбʏз. Азыр актуалдуу болуп жаткан “снос” маселеси боюнча бизге жардам бериңиздер. Артыңыздарда сиздерди колдогон шайлоочулар бар. Шаардын эртеңи ʏчʏн кызыл сызыкка чыгып кеткен обьекттерди тазалап, тартипке келтиришибиз керек. Мыйзам баарыбызга бирдей. Мына ушундай кɵйгɵйлɵрдʏ чечип, элибиз ʏчʏн, шаарыбыз ʏчʏн чогуу аракеттенип, алгылыктуу иштерди жасайбыз деп ишенем.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы