Жашоо, турмуш, ɵмʏр деген адам баласынын жашоосунда жалпылаштырылып айтылган сɵз. Бул жалпы сɵздɵр адамзатына жалпылап айтылганы менен ааламдагы ар бир инсандын ɵз керт башына таандык болгон жашоосу, турмуш образы, ɵмʏр жолу, баскан издери, жасаган эмгеги болот тура. Айрым адамдар турмуш арабасына тʏшʏп алып, кɵпчʏлʏктʏн кɵңʏл чордонунда ɵмʏр жолун жашап ɵтсɵ, кээ бирлери адам ʏчʏн, коом ʏчʏн опол тоодой эмгек кылып, ɵз эмгектеринен каниет таап, эли-жери ʏчʏн тарыхта кала тургандай жашап ɵтɵт. Ошондой адамдардын бири Кыргыз Республикасынын “Даңк” орденинин ээси, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, саясий илимдердин доктору, Сока Гаккая университетинин (Япония) ардактуу профессору, биздин эжекебиз Омукеева Джумакан Алинуровна.
Агартуу тармагына арналган жарым кылым

Джумакан Алинуровна Кыргызстандын билим жана илим тармагына из калтырган ɵзгɵчɵ инсан, себеби жарым кылымдан бери мугалимдик милдетин ɵтɵ бийик деңгээлде аркалап келе жатат. Алыскы тоо арасында, Ысык-Кɵл облусуна караштуу Жыргалаң айылында 1950-жылдын 25-августунда жарык дʏйнɵгɵ келип, ошол жерден 8 жылдык мектепти бʏтʏргɵн. 10-классты Боз-Учук айылында аяктайт. Азыр Жыргалаң менен Боз-Учук Президентибиздин демилгеси менен ʏч-Чоку проектисине кирди. Джумакан эжеке 2023-жылы ошол Боз-Учук айылындагы Муса Жусупов атындагы мектептин “Ардактуу мугалими” медалы менен сыйланды.
1970-жылы Россия Федерациясынын Мичуринск шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплом менен бʏтʏргɵн. Институтта окуп жʏргɵн кезинде билимге гана эмес, илимге да кызыкдар болуп, студенттик илимий-изилдɵɵ конференцияларына активдʏʏ катышып келген. 1973-жылы жогорку окуу жайлар аралык конференцияда жеңʏʏчʏ болуп, Москва шаарында ɵткɵн союздук студенттик конференцияга делегат катары барып катышат. Жеңʏʏчʏлɵрдʏн катарында Казань шаарындагы В.И. Ленин окуган университетте болуп, студент Володя Ульянов отурган блокко отурган. Министрликтен Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна жолдомо алып, 1975-жылдын 18-августунда ɵмʏрʏндɵ биринчи жолу Ош шаарына келиптир. Институттун ректору Р.К. Кулуев жылуу кабыл алып, орус тили мугалими катары С.А. Алымкулова жетектеген факультеттер аралык орус тили кафедрасына жɵнɵткɵн. Сакен Алымкуловнанын жетекчилиги алдында мыкты адис болуп тарбия алган. Жаш мугалимди мыкты адис кылып тарбиялоого кафедранын мʏчɵлɵрʏ Н. Александрова, Н. Заитова, Н. Турова, Т. Аппалонова, Г. Чен чоң салым кошушкан. Джумакан эжеке устаттары жɵнʏндɵ ушул кʏнгɵ чейин ɵтɵ ыраазычылык менен эскерип, айтып жʏрɵт. Ошентип жарым кылымдан бери Ош шаарынын агартуу системасында ʏзʏрлʏʏ эмгектенип келе жатат. 2024-жылы эжекеге “Ош облусунун Ардактуу атуулу” деген наам берилди.
Саясий илимдеринин доктору наамына ээ болгон биринчи айым
Ошол, алыста калган 1975-жылдан бери эжеке мугалим катары студенттерине билим берип, аң-сезимдерин ɵстʏрʏп, масштабдуу ой-жʏгʏртʏʏгɵ, илимге тартып, чарчабай, талыкпай ɵзʏнʏн билимин дагы да тереңдетип, илимин ɵркʏндɵтʏп, албан ийгиликтерди жаратып келет. 1977-жылы Фрунзедеги педагогика илимий-изилдɵɵ институтуна орус тили секторуна аспирантурага ɵтʏп, кандидаттык диссертациясын жактоого бел байлаган. 1985-жылы илимий ишин Ташкенттеги В.В. Решетов атындагы орус тили жана адабияты институтунун диссертациялык кеңешмесинде ийгиликтʏʏ жактап, СССРдин Жогорку аттестациялык кеңештен бекитилип, педагогика илимдеринин кандидаты деген наамына, ал эми 1991-жылы СССРдин билим берʏʏ мамлекеттик комитетинин чечими менен доцент наамына ээ болот.
1980-1996-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили кафедрасында мугалим, улук окутуучу, педагогикалык факультеттин деканы, мектепке чейинки билим берʏʏ факультетинин деканы, башталгыч билим берʏʏдɵгʏ орус тили кафедрасынын доценти. Аталган жылдары эжекебиз Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ɵнʏгʏшʏнɵ бараандуу салым кошкон. Ошол мезгилдерде Джумакан эжеке эки факультеттин деканы болуп, иш билгилиги, калыстыгы, чынчылдыгы, ар маселени туура, тез чечкени, чыйрактыгы, сɵзгɵ чеберчилиги, мырзалар менен тең тайлашкан, аялзатынын арасынан суурулуп чыккан биринчи декан аял болуп таанылган. Ошол эле жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчылыгына кɵрсɵтʏлгɵн биринчи аял. Мугалим эжеке окутуу, тарбиялык иштери менен илимий изилдɵɵлɵрдʏ кошо улантып жʏргɵн.
1996-2009-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинин Оштогу филиалынын, Укук, бизнес жана компьютердик технологиялар институтунун директору. Бул жылдар аралыгында Джумакан эжеке докторлук диссертациясын коргоого даярдайт. Актуалдуу маселелерди изилдɵɵгɵ алып, “Кыргыз мамлекетинин этноулуттук саясаты” деген илимий ишин жазган. Кыргызстандан академик Какеев Аскар Чукутаевич, Россиядан саясий илимдеринин доктору, профессор, Госдуманын депутаты, Россия элдеринин ассамблеясынын жетекчиси Абдулатипов Рамазан Гаджимурадович илимий консультанты болууга макулдугун беришкен. Иштин жыйынтыгында 2003-жылдын октябрь айында Москва шаарындагы Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы мамлекеттик кызматтардын россиялык академиясында докторлук диссертациясын ийгиликтʏʏ коргоду. Кыргызстанда саясий илимдеринин доктору наамына ээ болгон биринчи айым катары таанылган.

Айтматовдун батасы
2003-жылдын октябрь айында аталган академияда заманыбыздын эки залкар адамы: Чынгыз Айтматов менен академик Капица чоң залда жолугушуу ɵткɵрʏшʏп, окумуштуулар, студенттер, аспиранттар, докторанттар менен бир кɵйгɵйлʏʏ маселе боюнча ой-пикирлерин ортого салышты. “Цивилизациянын диалогу” “Цивилизациянын кагылышы” теориясына каршы темасында кызуу талкуу болуп, бʏткɵн соң Чыңгыз Тɵрɵкуловичке Москвадагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси А.Аттокуров менен кыргыз студенттер, аспиранттар, арасында эжекебиз дагы жолугушуп, пикир алмашып, сʏйлɵшʏп калышат.
Фойеде чоң банерде докторлук ишти жактоого жарандарды чакыруу жарыясын Чыңгыз агай окуп, “Бул ишти ким коргойт, атына караганда кыргыз окшойт” дейт. Эжекебиз “Агай, мен коргойм” дептир, ошондо Чыңгыз агай эжекенин колунан кармап, “Биздин кыргыздын кызы Москвага келип, ушул жерде докторлук диссертациясын жактап жатканына мен сыймыктанам. Бар бол кызым, ийгилик сага, элиңдин сыймыгы болуп жʏр, ак жол!” деген экен. Ушул жолугушууну эжеке бакыт катары сыпаттап жʏрɵт.
Эжекебиз 4-5 монография жана 50дɵн ашуун илимий макалаларды жаратты. 1998-жылы Джумакан эжекеге Кыргыз Республикасынын билим берʏʏсʏнʏн отличниги деген наам берилди. Удаа эле Билим берʏʏ, илим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасына, Ош облусунун жана Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарына ээ болгон.
Кайсы окуу жайда иштебесин, эми окуусун бʏтʏп, жаңыдан эмгек жолуна аттанган жаш мугалимдерди аябай бапестеп, ɵстʏрʏп жʏрдʏ. Ошолордун катарында С.Т. Сарыков – бʏгʏн ал филология илимдеринин кандидаты, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Ɵзбек эл аралык университетинин проректору; Э.А. Обдунов – география илимдеринин кандидаты, Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин проректору; Н.А. Сопубеков – техника илимдеринин кандидаты, Ош технологиялык университетинин кафедра башчысы; Т.Т. Мойдунов – техника илимдеринин кандидаты, Ош технологиялык университетинин кафедра башчысы; С.Э. Юлдашева, Ж.А. Токошева, А.Ы. Шайбекова, З.К. Мусаева – Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏсʏнʏн отличниктери ж.б.
Эжекенин миңдеген студенттери ɵлкɵбʏздʏн ɵнʏгʏшʏнɵ салымдарын кошуп, эмгектенип жʏрʏшɵт. Алардын арасында К.А. Талиева – КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты; М. Абдыманапов – Ош шаардык Кеңешинин депутаты; У. Абилов – генерал-майор, КРнын Конституциялык сотунун кызматкери; Р. Абылов – экономика илимдеринин кандидаты, Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин башкы бухгалтери; Б. Кубанычбекова – ООНдун кызматкери; А. Эрмеков – КРнын салык кызматынын кызматкери ж.б.
2005-жылы эжекенин кʏжʏрмɵн эмгегин эске алып, Президент К.С. Бакиевдин колу коюлган Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы ыйгарылган. 2009-2014 жылдары эжекебиз Кыргыз-кытай гуманитардык-экономикалык институтун тʏптɵп, окуу жайдын ректору кызматын аркалап келген. 2010-жылы Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарында жайгашкан Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университети менен келишим тʏзʏлʏп, университет тарабынан Кыргыз-кытай гуманитардык-экономикалык институтуна 5(беш) мугалим жɵнɵтʏлгɵн. Маяналарын тɵлɵɵ Кытай тарапка, жатакана менен камсыз кылуу Кыргызстан тарапка жʏктɵлгɵн. Институт ʏзʏрлʏʏ иштеди, кʏчтʏʏ адистерди даярдады. Бул институтту бʏткɵндɵр Конфуций институттарында, элчиликтерде, бизнесте ж.б. тармактарда жумуш ордун табышты.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏсʏнɵ эмгек сиңирген кызматкер деген ардактуу наам ыйгарылып, ал мезгилдеги Президентибиз Роза Исаковна Отунбаеванын колунан тɵш белгисин алган.
2013-жылы Кыргызстан Аялдар конгрессинин “Эң мыкты ректор” номинациясынын ээси болгон.
2013-2023 жылдары эжекебиз Ош аймактык медициналык колледжин ачып, анын директору болуп кызмат ɵтɵп келген. 2023-жылдан бери аталган колледжде кеңешчи болуп эмгектенет.
Эжекебиз билимдин, илимдин чордонунда жʏрсɵ дагы далай коомдук иштерге активдʏʏ катышып келет: 20 жылдан бери диссертациялык кеңештердин мʏчɵсʏ, илим, техника жана маданият жаатындагы сыйлыктарды ыйгаруу боюнча комиссиянын мʏчɵсʏ, Ош шаарындагы Аялдар кеңешинин мʏчɵсʏ, онкобейтаптардын “Жашоого бирге” коомдук бирикмесинин катчысы. Ɵзʏ 2004-жылы “рак” оорусун жеңгендигине байланыштуу аталган коомдук уюмда активист. “Ракты” жеңип, бакубат жашап жʏргɵнʏнɵ 20 жыл болду. Далай ушул дартка кабылган аялдарга кызмат кылып, ʏлгʏ болуп жʏрɵт. Кыргызстан Элдик Курултайынын 2 жолку чакырылышынын делегаты, билим берʏʏ программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо эл аралык агенттигинин эксперти, “Жетиген” журналынын 2024-жылдагы номинанты, “Кыргызстан элитасы” биографиялык жыйнактын номинанты.
Коомго татыктуу салым кошкондугу ʏчʏн эжекебиз “Кыргыздын мырзайымы”, “Калктын кадырлуу инсаны”, “Эне мээрими”, “Ɵрнɵктʏʏ эне” медалдардын ээси. Уул, кыздарынын алтындай апасы, неберелеринин чоң энеси, тайэнеси. Уул-кыздары, келиндери, кʏйɵɵ балдары жогорку билимдʏʏ. Ар бири ɵз кызматында иштеп, мекенинин ɵнʏгʏшʏнɵ кɵмɵктɵш болууда.
Ɵмʏрлʏк жолдошу Эрмеков Жунусмамат – кесиби боюнча мугалим. Ош педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бʏтʏргɵн. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын билим берʏʏсʏнʏн отличниги, Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏсʏнɵ эмгек сиңирген кызматкер, “Манас-1000” медалынын ээси.
Эжекебиз акылдуу аял, мээримдʏʏ эне, жароокер жар, ʏйдʏн куту, ʏй-бʏлɵнʏн, билимдин, илимдин жоокери. Бʏтʏндɵй жарым кылымдан ашуун эмгегин эң ардактуу кесип мугалимдикке, педагогдукка арнап миңдеген атуулдарыбыздын жана ɵлкɵ башчыларыбыздын алкышына ээ болду: 2024-жылы ɵлкɵбʏзгɵ, билим жана илим тармагына жасаган эмгеги жогору бааланып Джумакан эжеке “Даңк” ордени менен сыйланды.
Джумакан эжекебиз ушул жылы 75 жашка чыгат. Баскан-турганы так, чыйрак, сɵзгɵ чебер, шайыр, ачык мʏнɵз, шатыра-шатман жʏрɵт. Эжекебиз бʏгʏнкʏ кʏнʏ да директорго кеңешчи болуп, жаш муунду тарбиялап, эмгектенип, элдин сʏймɵнчʏгʏ, насаатчысы, бактылуу эне, чоң эне болуп активдʏʏ, позитивдʏʏ карылыкты сʏрʏʏдɵ. Кутман курагыңыз кут болсун, эжеке! Таланттуу педагог, чыгаан окумуштуу, кʏжʏрмɵн уюштуруучу жана тажрыйбалуу, кең пейил, ак ниет мугалим, белгилʏʏ илимпоз эжекебиздин ɵмʏрʏ жаш муундар ʏчʏн ɵрнɵк.
Ош аймактык медициналык колледжинин кызматкерлери:
Юлдашева С.Э.
Тɵрɵбекова Т.Ы
Байышов Э.А.
Тажидинова Д.З.
Жунусова Ж.Э.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы