Бариатриялык хирургия же болбосо ашказан кичирейтʏʏ боюнча алгачкы аракеттер 1950-жылдары Европа мамлекеттеринде башталган. Медицинанын ɵнʏгʏшʏ менен хирургиянын бул тʏрʏ ийгиликтʏʏ жолго коюлуп, ашыкча салмак менен кʏрɵшʏʏдɵ жана кант диабетинин эки тибине колдонулуп келет. Ал эми Борбордук Азияда акыркы беш-он жылдан бери активдʏʏ жасалууда. Ашказан кичирейтʏʏ операциясы тууралуу кенени билʏʏ ʏчʏн жалпы хирург, бариатриялык хирург жана гинекологиялык операцияларды жасоо боюнча адис Калысбек Гапуровго кайрылганбыз.

-Калысбек мырза, ашказанды кичирейтʏʏ операциясы кимдерге, кайсы учурда жасалат?
-Медицинанын бул тармагын ашыкча салмакты дарылоонун заманбап ыкмасы десек болот. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой, бизге кайрылгандардын басымдуу бɵлʏгʏ ашыкча салмак менен жабыркагандар. Бариатриялык операциялар экиге бɵлʏнɵт: ашказанды кичирейтʏʏ жана кичирейтилген ашказанга ар кандай узундуктагы ичегилерди улоо (шунтирование желудка). Негизи бариатриялык операциялардан эң кɵп таралганы ашказан кичирейтʏʏ, ал “продольная резекция”, “слив, рукав резекция” деген аттар менен эл арасында белгилʏʏ.
-Операция жасаганга чейин бейтаптын ден соолугу кандай талаптарга жооп берʏʏсʏ керек?
-Операция жасоодо атайы критерийлер каралат. Биринчиден, дененин массалык индекси, тагыраагы, адам боюнун салмакка карата дал келʏʏсʏн текшеребиз. Эгерде дененин массалык индексинин нормасы 33тɵн тɵмɵн болсо, пациенттерге ɵзʏнʏн арыктоо мʏмкʏнчʏлʏ бар экенин, операциясыз эле диета сактап, спорт менен машыгууну сунуштап жɵнɵтɵбʏз. Эгерде 33тɵн ɵйдɵ болуп, ɵзʏ арыктоого мʏмкʏнчʏлʏгʏ, эрки жетпесе жардам бере алабыз. Баса белгилеп кетʏʏчʏ нерсе ашказанда рак оорулары же башка органдардан онкологиялык оорулары аныкталса операция жасоого болбойт. Мындан сырткары анемия, аз кандуулук менен жабыркагандар, кандагы гемоглобинди кɵтɵрʏп, анан бизге келʏʏсʏ керек. Ошондой эле кошумча ɵнɵкɵт оорулары, кант диабетинин 2 тиби текшерилет. Ашказан, ичеги жаралары, эрозия да кооптуу, анткени операциядан кийин канды суюлтуп туруучу дары-уколдор берилгендиктен жара ачылып, кан агуусу (кровотечение) мʏмкʏн. Кош бойлуу жана тɵрɵттɵн кийин, эмчек эмизген аялдарга, гормондук ɵзгɵрʏʏгɵ душар болгондорго гормондук фонду жакшыртмай сайын операция жасалбайт. Гормон жайында болбосо операциядан кийин деле ашыкча салмак кетпей калуусу ыктымал.

-Бариатриялык операциянын башка тʏрлɵрʏнɵн да мисал келтирип ɵтсɵңʏз?
-Ашказан кичирейтʏʏнʏн башка бир нече тʏрлɵрʏ бар. Анын ичинде кант диабетине да бɵлɵк анализдерди тапшыртып, жыйынтыгы жакшы чыкса кант диабетине да операция жасоого болот.
-Мында кайрылгандардын жаш курагы чектелеби?
-Албетте, 18 жаштан баштап 70 жашка чейинкилерге бариатриялык хирургия жасалат. Эгерде кɵп салмактуулук ɵмʏрʏнɵ коркунуч жаратып жатса, атайы кɵрсɵтмɵлɵрдʏн негизинде 18 жашка чейин же 70тен ɵйдɵ курактагы адамга деле жасалуусу мʏмкʏн. Эң жаш пациентибиз 14 жаштагы германиялык бала болду. Ɵткɵн жылдын август айында операция жасадык. Салмагы 110 килограмм болгондуктан айлана-чɵйрɵсʏнɵн, тең туштарынан кɵп басынууга кабылат экен. Психиатриялык ооруканага чейин жатып, ата-энесинин айтуусу боюнча акыркы кʏндɵрʏ ɵзʏнɵ кол салууга аракет кыла баштаган. Ошондуктан ата-энеси бариатриялык операция жасатууну чечишкен. Апасы кыргыз болгондуктан Бишкекке алып келишиптир. Балага операция жасалды, учурда абалы жакшы, 28 килограмм салмак таштаптыр. Ата-энеси баланын видеолорун тынбай жɵнɵтʏп, денесиндеги ɵзгɵрʏʏлɵр тууралуу кабарлап турушат.
-Ашказанын кичирейткен пациенттер тамакты мурдагыдай ашыкча жеп алуусу кооптуу эмеспи?
-Бариатриялык операциянын тʏзмɵ-тʏз механизми бул рестрикция. Тагыраак айтканда, тамакты ашыкча кабыл алдырбайт. Негизи адамдын ашказанынын бир бɵлʏгʏндɵ эң кɵп ачкалык гормонун чакырган грелин гормону бɵлʏнʏп чыгат. Ашказандын ошол бɵлʏгʏ да алынгандыктан операциядан кийин ач калуу сезими 90 пайызга кыскарат. Ошентсе да аз-аздан чай ичип, тамактанып туруусу зарыл.

-Турмушка чыга элек кыздар хирургиянын бул тʏрʏн жасатса келечекте тɵрɵтʏнɵ терс таасир тийгизбейби?
-Турмуш кура элек кыздар жасатса болот, бирок, бир жарым жылдан кийин кош бойлуулукту пландоого уруксат беребиз. Операциядан кийин тɵрɵгɵн пациенттерибиз кɵп эле. Буга чейин кызктуу бир окуяга кʏбɵ болдук. Пациенттерибиздин бири операцияга чейин эки ирет Тʏркияга барып ЭКО жасатып келген экен. Анын бири ийгиликтʏʏ болуп, тɵрɵп, баласы жетиге чыгыптыр. Ошондон кийин боюна бʏткɵн эмес. Биздин операциядан кийин бир жарым жыл ɵтʏп, ɵзʏ кош бойлуу болуп, кыз тɵрɵдʏ. Демек мында арыктоо менен бирге зат алмашуу(метаболизм) да жакшырат.
-Негизи адам ашказанынын кɵлɵмʏ канча?
-Ашказандын кɵлɵмʏ ар кандай болуусу мʏмкʏн. Айрым адамдарда чоң, айрымдарда кичине, орточо кɵлɵмʏ 1-1,5 литр.
-Операциядан кийинки контролдук кɵзɵмɵл тууралуу айтсаңыз?
-Операциядан кийин алгачы 7 кʏн аралыгында суюк тамактарды ичʏʏ зарыл. Андан кийин атайы режимдерге ылайык тамактанышат. Пациенттерди 10 кʏн, 1, 3, 6 ай, 1, 1 жарым жыл аралыгында контролдоп, байланышып турабыз. Кыймылга келсек, операциядан кийин пациентке кɵп жатууга болбойт, 2 саат ɵтʏп, дароо палатанын ичинде бастырууга аракет кылабыз. Ооруканда 3-5 кʏн кармалат, чыккандан кийин кɵп басып, сейилдеп турууга болот. Бир айдан кийин гана кадимкидей физикалык кыймылга уруксат беребиз.
-Медицинанын бул тармагын ɵздɵштʏрʏʏңʏзгɵ ким тʏрткʏ болгон?
-Бул тармакты ɵздɵштʏрʏʏдɵ ɵзʏмдʏн агайым, профессор, медицина илимдеринин доктору Асылбек Байгазаков тʏрткʏ болгон. Агайым 2014-жылы Германияга барып бариатриялык хирургия боюнча билим алып келген. Кийин мага да ʏйрɵттʏ. Жылына бир жолу чет ɵлкɵдɵгʏ башка бариатриялык хирургдар менен тажрыйба алмашып келебиз, алар да бизге келип турушат. Мурда Кыргызстанда биринчилерден болуп, Мураталы Рысбеков агай ачык операция, тагыраагы курсакты ачып, ашказан кичирейтʏʏ операциясын жасап келген. Агайдын айтуусу боюнча 11 дей операция жасаптыр. Кийинчерэк Асылбек Байзаков агай биринчилерден болуп эл оозунда айтылып жʏргɵн лазердик, лапароскопиялык бариартия хирургиясын Кыргызстанга алып келген.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы