20 августа, 2025

Мектеп рэкети – коом кɵйгɵйʏ

Бала боор этиңен бʏтɵт, аны аялзаты тогуз ай курсакта  кɵтɵрʏп андан кийин алаканга салып алпештейсиң. Анан эле балаңды башка бир бала  басмырлап же ɵзɵртɵ чаап, ɵлʏмʏнɵ себепкер болгону азап эмей эмне? ИИМдин маалыматын карап отуруп жакаңды кармаган заман болуп турат, бир айда 6 ɵспʏрʏп ɵз жанын кыйып атат… Коомчулук азыр ар кимди кʏнɵɵлɵп, себебин ар кандай айтканы менен тʏбʏ келип ʏйдɵгʏ тарбия, миграция, социалдык абал,  кɵзɵмɵлсʏз мектеп, телефонго такалат. 

 ИИМдин маалыматы боюнча, мектептеги рекетчилик соңку 4 айдын ичинде ɵткɵн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 2 эсеге кɵп, 4 айдын ичинде эле 50дɵй факты катталган. Адистер муну миграциянын айынан балдардын кɵзɵмɵлсʏз калуусу менен тʏшʏндʏрʏшсɵ, ɵспʏрʏмдɵр ɵздɵрʏ бул кɵрʏнʏштʏ мыйзам ченемдʏʏ жагдай катары кабыл алышат.

«Ата-энелер балдарынын эмне менен алектенгенин, чɵйрɵсʏн, мектептеги жана башка жактагы жʏрʏм-турумун кɵзɵмɵлдɵɵсʏн ɵтʏнɵбʏз. Аларга агрессиянын кесепетин тʏшʏндʏргʏлɵ. Балдардын маанайындагы, кызыкчылыгындагы жана кыймыл-аракеттериндеги ɵзгɵрʏʏлɵргɵ сɵзсʏз кɵңʏл бургула, андай учурлар байкалса, мугалимдерге, психологдорго жана укук коргоо кызматтарына кайрылгыла», — деп билдирди ИИМ. Юнисеф уюмунун маалыматына таянсак жапа чеккен  балдардын 73 пайызы ʏй-бʏлɵдɵгʏ мамиледен, ал эми 83.5 пайызы мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. Адистердин айтымында, зордук-зомбулукка кабылган балдардын басымдуу бɵлʏгʏ ата-энелери жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге кетишкен эмгек мигранттардын балдары.

Ар бир ата-эне балдарын кимдер менен достошуп жатканын билип турганы оң. Анткени кɵп учурларда чɵйрɵ менен болгон мамиленин аркасынан коркутуулар келип чыгат. Классташтары же ɵзʏнɵн улуу жаштагы балдар “муну жасабасаң сабайм, кошпойм же акча алып кел” деген сɵздɵр менен коркута баштайт. Мындай учурда бала жалгыз калбоо максатында  суроо-талаптарды аткарууну туура кɵрɵт. Ɵз айланасында кысымга кɵп дуушар болуучу окуучулардын тайпасына жоош, ɵзʏнɵ ишеничи аз, санаалуу жана дайыма ɵзʏн кɵзɵмɵлдɵп жʏргɵн окуучулар экенин психологдор далилдешкен.

Бишкек шаарындагы №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун ɵлʏмʏнɵ шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалды. Тергɵɵнʏн жʏрʏшʏндɵ шектʏʏ 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы аныкталган. Ал 8-класстын окуучусу А.А.нын денесине залал келтирип, ал эсин жоготуп, ооруканага жаткырылып, каза болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирʏʏ») жана 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козголгон. Жʏргʏзʏлгɵн тергɵɵ-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында 2009-жылы туулган Т.И. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергɵɵ кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

12-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Адылбек Султанов атындагы мектепте кайгылуу окуя катталды. Аталган мектептин 9-классынын жана 11-классынын окуучулары мушташып, натыйжада 9-А класстын окуучусу А.Турдубаев жабыркаган. Бала ооруканада кɵз жумган.  Баткен шаарында 2008-жылы туулган М.Ч. жана А.Д. аттуу эки ɵспʏрʏм 8-февраль кʏнʏ таңкы саат 6:00 чамасында чырдашып, А.Д. аттуу ɵспʏрʏм теңтушунун сол кɵкʏрɵгʏнɵ ашкана бычагы менен сайып жибергенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 13-февралга караган тʏндɵ Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу чатакташып, натыйжада балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жабыркаган бала классташы менен уюлдук телефон талашып, уруша кетишкенин, классташы аны учтуу нерсе менен сол санына сайып, качып кеткенин айтып берген. Милиция жабыркаган ɵспʏрʏмдʏн ата-энеси арыз жазуудан баш тартканын, тергɵɵгɵ чейинки териштирʏʏ жʏрʏп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев Министрлер кабинетин жана Ички иштер министрлигин (ИИМ) орто мектептердеги чоңсунууга, рэкетчиликке каршы кʏрɵштʏ кʏчɵтʏʏгɵ чакырды. “Директорлор иштей албаса алмаштырыш керек. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мектептерде балдар менен сʏйлɵшʏп, тарбиялык сааттарды ɵтсʏн. Келечек муунду азыр карабасак кийин кеч болуп калат”, – деди ал.

Билим берʏʏ жана илим министри Догдуркʏл Кендирбаева  «Балдарга зыян келиши ɵтɵ ɵкʏнʏчтʏʏ окуя. №72 мектептин кызматкерлери кызматтан кетти. Кара-Сууда дагы жети киши кызматтан кетти. Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштɵɵчʏ инспекторлорунун санын кɵбɵйтʏп, мектептерди психолог менен камсыздоо да зарыл», – деди министр. Депутат Жанарбек Акаев балдардын ɵлʏмʏ тууралуу Министрлер кабинетин чукул жыйын ɵткɵрʏʏгɵ чакырып, чара кɵрʏʏ керек дейт. “Бир жуманын ичинде беш-алты баланын ɵлʏмʏ катталды, Ысык-Кɵлдɵ, Ноокатта, Токмокто, 10-11-класстын балдары асынып ɵлʏм жатпайбы азыр. Ушул боюнча иштеп, премьер-министр чукул жыйын ɵткɵрʏш керек эле. Эмнеге ɵткɵрбɵй жатасыңар? Министрлер кабинетинин тɵрагасы бардык министрлерди чогултуп, жыйын ɵткɵрʏшʏ керек. Бул – трагедия. Беш-алты бала ɵлдʏ, арасында ɵз жанын кыйганы, сабалып каза болгону бар. Мамлекет, ата-эне ʏчʏн баладан кымбат, баладан баалуу эмне бар? Эч нерсе жок. Ошондуктан тʏшʏндʏрʏʏ иштери боюнча ИИМ, билим берʏʏ министрлиги, маданият министриги ыкчам иштерди алып барышы керек, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏш керек. Балдардын коопсуздугу чоң коркунучта” деди  депутат Акаев.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы он айда Кыргызстанда 75 бала ɵз жанын кыйган. Милиция буга негизинен балдардын ата-энеси миграцияда жʏргɵнʏ таасир эткенин билдирген. Балдардын кɵбʏнʏн жакындары суицидге айлана-чɵйрɵсʏндɵгʏ буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышкан.

Февраль айында эле алты ɵспʏрʏмдʏн ɵмʏрʏ кыйылды. Милиция алар ɵз жанын ɵзʏ кыйган деп билдирди. 5-февралда Ысык-Кɵл облусунда 18 жаштагы кыз жипке асынган абалда табылган, ал оор абалда жандандыруу бɵлʏмʏнɵ жеткирилген. Кыз ɵзʏнɵ келбей ооруканада кɵз жумган. Кийинчерээк кыздын ɵлʏмʏнɵ шек саналып дене тарбия мугалими кармалганы кабарланган. 16-февралда Токмокто 16 жаштагы ɵспʏрʏм каза тапканы, анын асынган сɵɵгʏ уктоочу бɵлмɵдɵн табылган. Бала мектепте «эң жакшы» баага окуганы, ʏлгʏлʏʏ жʏрʏм-турумда болгон. 21-февралда Каракол шаарындагы кароосуз имаратта 2008-жылы туулган ɵспʏрʏм асынып, каза болгон. 22-февралда Ноокат районунун Бел айыл аймагында жашаган С.А. аттуу 12 жаштагы бала ɵз ʏйʏнʏн короосунда асынып каза тапканы жергиликтʏʏ милицияга кабарланган. 26-февралда Тʏп районунун ички иштер бɵлʏмʏнɵ (РИИБ) Тʏп айылынын 2012-жылы туулган ɵспʏрʏм ɵз ʏйʏнʏн жанындагы уй сарайында асынып алганы тууралуу билдирʏʏ келип тʏшкɵн. Милициянын маалыматында, 2012-жылы туулган бала 26-февраль кʏнʏ болжол менен саат 13:00 чамасында ɵзʏнʏн жашаган ʏйʏнʏн мал сарайында шпагат жипке асынып каза болгон.

Баланын дене-бой жактан зордук-зомбулукка кабылгандыгынан кабар берʏʏчʏ психологиялык абалына жана жʏрʏм-турумунун ɵзгɵрʏʏсʏнɵ байланышкан белгилерди байкоо кажет. Алар:

• бала ата-энесине жакындагандан коркот;

•  ыкшоо, тʏнт же зулум;

• бардык эле адамдар жакындаганда, жалтаңдай берет;

• корккону кɵзʏнɵн да сезилип турат;

•  кɵңʏлʏ чɵккɵн, санаалуу, кыжаалат;

• жʏрʏм-турумунда тʏшʏнʏксʏз ɵзгɵрʏʏлɵр байкалат;

•  мектептен кетип жатканда коркуп, тынчсыздана баштайт;

•  ʏйдɵн качат;

•  колундагы жана мойнундагы канталап, кɵгɵргɵн жерлерин жашырууга аракеттенет, мисалы, жеңи, этеги узун кɵйнɵк же свитер кийип жʏрɵт;

•  сабактагы кемчиликтерин ата-энесине айтпоону суранат.

• Дене-бой жагынан зомбулукка кабылган балдардын жʏрʏм-турумундагы ɵзгɵчɵлʏктɵр: Мектеп жашындагы кенже курак:  жаракат алган, кɵгала болгон жерлеринин себебин жашырууга далалат кылат; 

• жалгыз жʏрɵт, достору жок;

• мектептен кийин ʏйгɵ баруудан коркот ж.б.

Ушул нерселерди баладан байкасаңыз дароо аны менен ачык сʏйлɵшʏʏгɵ барып, кыржаалды алдын алуу кажет.

About The Author