Аял назиктиктин, сулуулуктун гана символу болбостон, коомду ɵзгɵртʏʏгɵ таасир эте алган негизги кʏч. Алар ʏй-бʏлɵгɵ, балдарына чоң жоопкерчилик менен карагандай кызматына да аяр мамиле жасайт. 8-март майрамын утурлай жоопкерчиликтʏʏ, ары тʏйшʏктʏʏ билим берʏʏ жана медицина тармагында эмгектенген жетекчи айымдар менен маектешкенбиз.
Майрамкан Жээнбекова, Ош облустар аралык тери-венерология борборунун жетекчиси.
-Майрамкан Ысмайыловна, жетекчилик кызматты канча жылдан бери аркалап келесиз, мыкты жетекчи болуу ʏчʏн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

-Жетекчи болуп иштеп жатканыма 5 жылдын жʏзʏ болду. Биздин кызмат чоң жоопкерчиликти талап кылат. Менин негизги милдеттерим, кадрдык маселелерди кароо, кызматкерлердин ортосундагы конфликтерди чечʏʏ, жаңы кызматкерлерди тандоо, ар кандай пландары тʏзʏʏ жана аларды ишке ашыруу ʏчʏн туура чечимдерди кабыл алуу. Жетекчи болууда кээде кʏтʏлбɵгɵн кырдаалдар да болуп калат. Мындайда дароо чечим кабыл ала билип, маселени туура жакка чечʏʏбʏз зарыл. Мыкты жетекчи болуу ʏчʏн адам ɵзʏн тынбай ɵнʏктʏрʏп, кесиптик билимди жогорулатуу, китеп окуу, курстарга катышуу сыяктуу кɵндʏмдɵрдʏ аткаруусу керек. Жеке практикамда ар кайсы тармакты кɵрɵ билип, тажрыйбалуу болууга тырышам. Ошондуктан тʏрдʏʏ долбоорлорго катышып, команда менен иштɵɵнʏ ʏйрɵнʏп, тажрыйбалуу жетекчилерден да кеңеш алып турам. Ɵзʏм да жетишкендиктеримди, тажрыйбамды башкалар менен бɵлʏшɵм.
-Кызматкерлерге мотивация берʏʏ, ишке кызыктыруу боюнча кандай ыкмаларды колдоносуз?
-Кызматкерлерим менен дагы тыгыз иштешем, дегеле ар бир иште коммуникация, байланыш маанилʏʏ. Алардын ɵнʏгʏп-ɵсʏʏсʏнɵ шарт тʏзʏʏ милдетим деп билем. Кызматкерлердин арасында чек ара болбосу ʏчʏн, ачык жана так байланышты орнотуп, жыйындарды ɵткɵрʏп, пикир алмашууларды жʏргʏзʏʏнʏ бекем кɵзɵмɵлдɵйм. Командалык ишти ɵнʏктʏрʏʏдɵ кызыктуу иш-чараларды уюштуруп турабыз. Колдоо ʏчʏн, иш процессине бири-бирибизге жардам беребиз. Мотивация берʏʏдɵ эмгегин баалап, сыйлык берʏʏ менен белгилейбиз. Жумуш боюнча ар бир кызматкерлеримдин пикирлерин угуп, сунуштарын эске алам. Кызматкерлерди дайыма коомдук иш-чараларга, долбоорлорго активдʏʏ катышууга тартам.
Миргʏл Султаналиева, Ош облустук адам репродукциясы борборунун жетекчиси.
-Эмгек жамааты канткенде ынтымактуу болот?

-Ар бир кызматкерге бирдей, жоопкерчиликтʏʏ мамиле кылганда гана эмгек жамаатында ынтымак болот. Ошондой эле алардын жакшы иштɵɵсʏ ʏчʏн шарттарды тʏзʏп берʏʏ керек. Адам репродукциясы борборунда жетекчи болуп иштегениме бир жылдын жʏзʏ болду. Буга чейин тɵрɵт стационарында иштегемин. Жетекчиликтин ɵзʏнʏн кыйынчылыктары аябай кɵп экенин сездим.
-Дарыгер болуу бала кездеги кыялыңыз беле?
-Ооба, апам кичинекейимде эле врач болосуң деп айтып калчу. Ɵзʏм да ушул кесипке кызыгып, кийин Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетине тапшырганмын. Иштеп жʏргɵндɵ устаттарым Мырза Мырзаевич, Айнагʏл Эргешалиевналар кеп-кеңештерин айтып, дайыма туура багыт берип, азыркы деңгээлге жетишиме салымдары чоң.
-Жумушуңуз сизге эмнеси менен жагат?
-Жетекчи катары уюштуруу иштери жагат. Ɵз ишинин мыктысы болгон команда менен иштɵɵ мага дем-кʏч берет. Калктын саламаттыгына кам кɵрʏп, дайыма бейтаптарга жардам беребиз. Ɵткɵн жылдын эсебинен 10 врачыбыз анын ичинен ʏчɵɵ чет ɵлкɵдɵн билим деңгээлин жогорулатып келишти. Калган врачтар ɵзʏбʏздʏн ɵлкɵдɵгʏ алдыңкы академиялардан билимин тереңдетишти. Дагы бир жетишкендигибиз катары лабораторияга эки жаңы аппарат жана УЗИ сатып алдык. Мурда тукумсуздукту гана дарылап келген болсок, жакында мини хирургиялык операцияларды да киргиздик.
-Жумуш менен ʏй-бʏлɵнʏ чогуу алып кетʏʏдɵ кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?
-Кесибим боюнча иштегениме 20 жыл болуп калды. Жаш балдарың менен иштɵɵ абдан кыйын. Кээде стационарда нɵɵмɵтчʏлʏк кыласың. Ɵзʏм тɵрт баланын энесимин. Чоң уулум азыр студент, медициналык академияда окуп жатат. Жумуш менен ʏй-бʏлɵнʏ чогуу алып кетʏʏдɵ жолдошумдун, ата-энемдин, кайын эне, кайын атамдын, кайын-журтумдун колдоосу, салымы абдан чоң.
Салтанат Аманова, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын башчысы.
-Жетекчи болуунун тʏйшʏктʏʏ жактарын айтып берсеңиз?

-Аялдардын мамлекетик кызматты алып кетʏʏсʏ эркектерге караганда эки эсе кыйын. Себеби, балдардын тарбиясына кɵңʏл буруп, тууган-урук, кайын-журт менен жакшы мамиледе болуусу керек. Эл жʏгʏн кɵтɵрʏʏдɵ аял-эркек деген болбойт. Мʏмкʏнчʏлʏгʏң, акыл-эсиң жетип турса, чечкиндʏʏ болсоң эл кызматын аткара бересиң. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой жетекчиге абдан катуу талаптар коюлат. Кыргыз Республикасынын Кониституциясы тарабынанан коюлган талап бир болсо, экинчиси эл тарабынан коюулган талап. Жумушта олуттуу каталарды кетирсең эл эч качан кечирбейт. Ошондуктан аял ʏчʏн мыкты жетекчи болууга чоң мээнет, чыдамдуулук сапаттар зарыл. Мен педагог катары иштеп жатканыма 27 жыл болду. Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгына келгенге чейин мектепте директорлук кызматты аткардым. Ош Мамлекеттик университетинде 16 жыл окутуучу болуп, андан сырткары 2 жылдай маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде министрдин орун басары саясий кызматын аркаладым. Бул абдан жоопкерчиликтʏʏ саясий кызмат. Жогорку Кеңеште консультант, Ош шаарынын мэринин кенешчиси болуп иштедим. Мамлекеттик жумушта кандай гана ийгилик жаратпайын, баары педагогдук кесибимдин тийгизген таасири артынан деп ойлойм.
-Педагог болуп калууңузга ким себеп болгон?
-Педагог кесибин тандоомо атам себепчи болгон. Ɵзʏм эл аралык мамилелер факултетине тапшырып, элчи болууну кыялданар элем. Мектепти медаль менен аяктап, англис тилинен аябай катуу даярдангам. Атам “аял кишиге элчи болуу бир аз оор, ʏй-бʏлɵ кʏтʏп, бала-чакалуу болушуң керек” деп Ош МУнун филология факультетинде ошол кезде жаңы ачылган “Кыргыз тили улуттук мектептерде” адистигине менин каршы болгондугума карабай тапшырткан. Алгачкы курстарда окууга кɵңʏлʏм келбей жʏргɵндɵ мыкты профессордук окутуучу жамааттын бизге берген сапаттуу билиминин аркасынан бюджеттик группада жалаң 5 деген баага окуп, артыкчылык диплому менен окуумду аяктадым. Кезинде профессор Токтосун Аширбаев, Жээналы Шериев, Акбараалы Сыдыков агайлар баш болгон абдан мыкты педагогикалык жааматтан билим алдык. Атам ɵзʏ да 45 жыл Алай районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 24 жыл директордук кызматты аркалап коммунист, мыкты жетекчи болчу. Токтогул Сатылганов мектеби облуста бир нече жолу биринчиликти алган. Аманов Абдылданын кызы деген атка татыктуу болуп, атам кандай адилеттʏʏ, мыкты иштесе ошондой тартип менен иштɵɵгɵ аракет кылып келем.
-Мурда мугалимдер аз айлык алчу, ушул жагыннан кээде ɵкʏнгɵн учурларыңыз болду беле?
-Бир мисал менен жооп берсем, университетте иштеп жʏргɵнʏмдɵ №52 “Кыргыз-Тʏрк достугу” атындагы таланттуу балдар мектебинде директорлук кызматка чакырышты. Анда мен декандын окуу-иштери боюнча орун басары болчумун. Окуу жайда 15 миң айлык алсам, “мектепти ɵнʏктʏрʏп бер” деп ишенип чакырышкандыктан кайра 7 миңдик айлыкка кеткенмин. ʏч жылда бир канча реформаларды киргиздик, эң алдыңкы мектепке айланды. Кээде акчаны эмес, эл ʏчʏн таалыкпай кызмат кылып, барган жерди ɵнʏктʏрʏʏнʏ негизги максат катары коюшубуз керек деп ойлойм.
-Кызматка дайындалышыңыз, билим берʏʏ системасынын бурулуш жасап жаткан мезгилине туш келди, сиздин оюңузча балдар канткенде талапка ылайык билим ала алышат?
-Алгачкы кадамда балдарды комплекстʏʏ ɵнʏктʏрʏʏнʏ камсыздашыбыз керек. Мисалы, билиминин сапаты, тарбиясы, коомдук иштерге аралашуусу, спорт жана искусство менен алектенʏʏсʏ. Ата-энелер менен тыгыз иш алып барууну жолго коюп жатабыз. Буга чейин окуучулар Союздун эски методикасы менен окутулуп келген. Ал да жакшы, фундаменталдуу, классикалык билим болчу. Бирок, Союздун системасы менен окутуп туруп, Американын усулу менен ЖТРны алып коюудабыз. Кɵбʏнчɵ фактологиялык принцип менен окутулган балдар экзаменде логикалык, аналогиялык,концептуалдык принципке негизделген суроолорго даяр эместигинен босого балдан ɵтпɵй калышууда. Ушул сыяктуу кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏнʏн ʏстʏндɵ иш алып баруудабыз. Заман талабына ылайык билим берʏʏнʏ жолго коюуда мугалимдер менен иш алып баруудабыз.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы