20 августа, 2025

Татыктуу билим – келечектин ачкычы

Ош шаарындагы Тойчу Алтыбаев атындагы №113 кесиптик лицейи кɵптɵгɵн окуучуларды тарбиялап, кесипке багыттап келʏʏдɵ. Ɵз ишин мыкты билген эмгек жамааты жыл сайын ар кандай иш-чараларды ɵткɵрʏп, жаңы окуу программаларын кошууга аркет кылышат. Кесиптик лицейге баш багып, андагы ишмердʏʏлʏк тууралуу маалымат алдык.

Азиз кызы Назгʏл, Тойчу Алтыбаев атындагы №113 кесиптик лицейинин директору. 

-Ушул кесиптик лицейде 7 жыл окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштегем. Апрель айынан баштап конкурстун негизинде директор болуп шайландым. Учурда окуучуларды 10 айлык мɵɵнɵт менен 3 кесипке даярдап жатабыз. Алар: ашпозчу-кондитер, тигʏʏчʏ жана чач тарач кесиптери. Эмгек рыногу талап кылбай калган кээ бир кесиптер мен келгенге чейин эле жоюлган экен. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ заман талабына ылайык жаңы кесиптерди кошууга аракет кылып жатабыз. Негизи лицейге 11-классты бʏтʏп келген окуучулар аттестат менен кабыл алынат. Бирок, кээ бир ата-энелер 9-классты бʏткɵн баласын же кызын киргизʏʏнʏ суранып келгендиктен, ʏй-бʏлɵжʏк шартка карап, 9-класстын базасында да кабыл алабыз. Мындан сырткары бардык кесиптин кыска мɵɵнɵттʏк курстары бар. Мындай курстарга 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандарыбыз келип окушат. Окууну бʏтʏргɵн ар бир студентке диплом, курсту бʏткɵн ар бир бʏтʏрʏʏчʏгɵ сертификат берилет.

-Эмгек жамаатыбызда жалпы штаттык тизме боюнча 48 адам эмгектенет. Бардык мугалимдер жогорку жана орто билимдʏʏ. Ар бир мугалим теориялык жана ɵндʏрʏштʏк окуу боюнча билим алып турат. 5 жылда бирден квалификацияны жогорулатуу ʏчʏн атайы окууларга катышышат. Андан сырткары башка облус, чет жактарга чыгып, тажрыйба алмашып, тʏрдʏʏ долбоорлорго, тренинг, семинарларга катышып, билимин ɵркʏндɵтʏп жаткан мугалимдерибиз да бар. Ынтымактуу эмгек жамаатыбыз менен билим берʏʏнʏн сапатын жакшыртууга аракет кылып келебиз.

-Материалдык жана техникалык базаны чыңдоого, айрым жетишсиз жабдыктарды толуктоо ʏчʏн ар кандай долбоорлор менен кызматташып турабыз. Мисалы, 2018-жылы Азия ɵнʏктʏрʏʏ банкынын колдоосу менен окуу кааналарга жана 3 лабораториябызга атайы жабдуулар берилди. Гермаиянын “GIZ” программасы менен да кызматташып, тигʏʏ тармагы боюнча ɵндʏрʏштʏк каанабыздын бирɵсʏн жаңы тигʏʏ машиналары менен жаңыладык. Андан сырткары “Мерсико” сыяктуу уюмдар менен биргеликте алыскы жана жакынкы райондордогу мектеп ашпозчуларын кайра даярдоодон ɵткɵрдʏк. Жакында 45 ашпозчубуздун “Мерсико” тарабынан кайрадан квалификациядан ɵтʏʏсʏ кʏтʏлʏп жатат.

Венера Кайыпбердиева, окуу жайдын ага устаты:

-Бизде окуган балдардын жаркын келечегин тʏзʏʏ ʏчʏн Оштогу “Калкты иш менен камсыз кылууга кɵмɵктɵшʏʏ” сыяктуу борборлор менен чогуу иш алып барабыз. Ага ылайык экзамендерибиз жумуш берʏʏчʏлɵр менен бирге алынат. Атайын комиссиянын курамына жумуш берʏʏчʏлɵр да кирет. Мындан сырткары акыркы жылдары “дуалдык окутуу” программасы да ишке кирген. Мунун натыйжасында жумуш берʏʏчʏлɵр менен тыгыз байланышта болуп, окуучулардын кызыкчылыгын кɵздɵп келʏʏдɵбʏз. Алгач бʏтʏрʏʏчʏлɵрдʏ изилдеп баштаганымда кɵпчʏлʏгʏ эле башка мамлекеттерге иштегени чыгып кетишчʏ. Акыркы жылдардагы кɵрсɵткʏчтɵргɵ таянсак, Кыргызстанда калып, иш менен камсыз болгондорун байкоого болот. Бул абдан жакшы кɵрʏнʏш. Ɵзʏбʏздʏн мамлекет ʏчʏн мыкты адистерди даярдап берʏʏ биз ʏчʏн сыймык.

Инаят Жунусова, кыска мɵɵнɵттʏʏ курстарды окутуунун жетекчиси.

-Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен тыгыз иш алып барабыз. Дээрлик ар бир ай сайын окуу жайында даярдалган кесиптер боюнча жумушсуз жарандарды 3 айлык кыска мɵɵнɵттʏʏ курстарга окутуу жʏргʏзʏлʏп турулат. Мында ашпозчу-кондитер, тигʏʏчʏ жана чач тарач кесиптерине даярдайбыз. 3 айлык теорияны окугандан кийин эл аралык сертификат тапшырылат. Сертификаттар 8-9 мамлекетке жарамдуу. Мындан сырткары, кыска мɵɵнɵттʏʏ курсубузга эч жерде окубаган, эч жерде иштебеген кыздар акысыз окуй алышат. Тигʏʏ машинасына отургандан баштап кийимдерди тигʏʏгɵ чейин ʏйрɵтɵбʏз. Ошондой эле окуучуларга стипендия да каралган.

Наргиза Абдыкапарова, жумуш берʏʏчʏ:

-Ɵзʏм 9 жылдан бери кондитер болуп иштейм. Аталган лицейде 2 жылдан бери комиссиянын мʏчɵсʏ катары экзамендерине катышып келем. Бардык талапка жооп берген студент болсо, албетте, ишке алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз бар. Ишке алуудагы менин биринчи талабым жоопкерчилик жана тазалык. №113 лицейге алгач келгенимде студенттер ʏйрɵнгɵн нерсесин так аткарып, жоопкерчиликтʏʏлʏгʏн кɵрсɵтɵ алышкан. Мага аябай жаккан.

Инаят Тажибаева, тигʏʏчʏ кесиби боюнча ɵндʏрʏштʏк окуунун устаты:

-Тигʏʏ ɵндʏрʏшʏ боюнча кɵптɵгɵн балдарды окутуп чыгардык. Ɵндʏрʏштʏк окууда кɵптɵгɵн ишканалар менен келишимдер тʏзʏлгɵн. Ошол келишимдин негизинде окуучуларыбызды ɵндʏрʏштʏк практикага жɵнɵтɵбʏз. Мисалы, “Кыргызтекстиль” менен эки жыл катар иштештик. Ушул сыяктуу эле башка ишканалар менен дагы иштешебиз. Кыздарыбыз кызматташкан ишканаларга баргандан баштап эле ɵздɵрʏн кɵргɵзʏп, билимдерин бышыктаган соң дароо айлык алып иштеп башташат. Айлыктары кылган ишине жараша тɵлɵнɵ берет. Ошол ʏчʏн дагы кыздарыбыз кызыгуу менен иштешет. Атайы кɵзɵмɵлдɵп текшерʏʏ дагы жʏргʏзʏп турабыз.

Гʏлзада Эшалиева, окуу жайдын усулчусу.

-Менин кызматым окуу жайдагы окуу иштерине кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ. Ар бир мугалимге сабак ɵтʏʏ, практика жʏргʏзʏʏдɵ жардамдарды кɵрсɵтʏʏ. Биздин усулдук бирикмебиз 5 адамдан турат. Усулчулардын милдетине окуу пландарын тʏзʏп, аларды кɵзɵмɵлдɵп жана программаларды жаңылоо кирет. Ар бир тʏзʏлгɵн окуу пландын негизинде бардык мугалим календардык тематикалык пландарын тʏзʏшɵт. Мындан сырткары ар жыл сайын салтка айланган январь айындагы 15 кʏндʏк каникулда педагогикалык окууларды ɵткɵрɵбʏз. Бул нерсеге октябрь айынан эле даярданып, ар бир мугалим бирден тема тандап алып, аларды талкуулайбыз.

Таңсулуу Сʏйʏали кызы

About The Author