20 августа, 2025

ДYЙНƟЛYК СООДА СОГУШУ ЖАКЫНБЫ?

Ак ʏйгɵ кайтып келген Трамп дʏйнɵгɵ  сооданын жаңы шарттарын таңуулоо аракетин кɵрʏп жатканын аңдоо кыйын эмес. Канада жана Мексиканын импорттук товарларына салынуучу пошлинаны 25 пайызга,  Кытайдан келʏʏчʏ товарлардын пошлинасын 10 пайызга кɵтɵрдʏ. Эгерде БРИКС мамлекеттери бирдиктʏʏ валюта киргизе турган болсо, “анда алардын товарларына салынуучу пошлиналык салыктар 100 пайызга кɵтɵрʏлɵт.” Бул  Евробиримдикке карата да болуп ɵтɵт. Анткени, алар иш жʏзʏндɵ бизди пайдаланып гана жʏрʏшɵт”.

Кеп мында дʏйнɵлʏк соода согушу туурасында жʏрʏп жатабы же жокпу жана болуп жаткан окуяларга кандай ɵңʏттɵн баа берʏʏгɵ болот, бул жагын саясат таануучу Григорий  Бовт тʏшʏндʏрʏʏгɵ аракет кылат. Эксперттин ой-пикирлеринин урунтуу моменттерин угуп коюу ашыкча бошбойт.

 -Пошлина темасына Трамп неге мынча кызыгып калды деген суроо туулат. Кызыгы, соода пошлинасы Трамп ʏчʏн жеке максат деле деле эмес. Анын козутуп-коркутууларын тигил же бул маселелер боюнча ар кандай сʏйлɵшʏʏлɵрдɵ АКШнын  позициясын кʏчтɵндʏрʏʏгɵ карата аракет катары кароо керек. Мексика менен Канада Вашингтондун талабын аткараары менен (ал ɵлкɵлɵр легалдуу эмес мигранттар жана наркотрафик менен  кʏрɵшʏʏ ʏчʏн чек араны бекемдɵɵгɵ убада беришкен)  Трамп пошлинаны токтоткон. Колумбияга каршы пошлина болсо эсептелʏʏ саатарга ɵкʏм сʏрдʏ. Богота акылына тез келип,мигранттардын депортациялык рейстерин кабыл алууга макулдугун берди.

АКШнын эски жаңы президентинин айрым учурда жана айрымдар ʏчʏн калпыс, кээде компетенттʏʏ эместей сезилген аракеттери анын бизнес жана ишкерлик жааттагы бай сапаттары мурдагы президенттик, жардыраак тажрыйбасын жандап жатканы менен да тʏшʏндʏрʏлʏʏсʏ мʏмкʏн. Негизинен, Байдендин демократияга жамынган алешемдиктеринен тажай баштаган АКШга азыр дал ушундай сапаттагы президент зарыл болуп жаткандай.

Ал эми Кытайга келсек, Кытай Вашингтондун пошлинаны кɵтɵрʏʏ  кадамынан коркуп же тайсалдап калды дешке такыр мʏмкʏн эмес. Кытай Америкага жооп катары АКШтоварларына карата пошлиналык салыкты жогорулатты. Бирок, Трамп баары бир оюнан кайткан жок. Конфликттин курчушу анын пикиринде, АКШга Кытай менен сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏ  процессине чыгууга жардам берет.

Неге дегенде АКШнын Кытай менен болгон соодасында оңбогондой деффицит орун алган. 2024-жылдын жыйынтыгы менен АКШдан Кытайга барган  товарлардын баасы 163, 62 миллиард долларга жетип, Кытайдан АКШга барган товарлардын баасы 554, 66 миллиард долларды тʏзгɵн. Бул абалды америкалыктар ɵз пайдасына оодаргысы келет. Таптаза бизнес. Европа менен деле дал ушундай кɵрʏнʏш:АКШга импорттоо кɵлɵмʏ АКШдан экспорттоого караганда 300 миллиард долларга ашыкчалык кылат. Андыктан европалык товарларга пошлина киргизʏʏ ыктымалдуулугу бар десе болот. Бул чара АКШга Евробиримдик менен башкачараак сʏйлɵшʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет. Болгондо да АКШдан товар сатып алуунун кɵлɵмʏн арттыруу ʏчʏн эле эмес, маселе Евробиримдик ɵлкɵлɵрʏнʏн аскердик чыгашаларын да кɵбɵйтʏʏгɵ барып такалуусу ыктымал.

Учурдагы шарт-кырдаалдын ырайы дʏйнɵ соода согушуна  жакындап бараткансыгандай таасир калтырат. Бирок, азыр андайды эч бир тарап каалабай турат. Ал турсун Кытайдын кайтарма  жооп чарасы да этияттык менен  киргизилгенин байкоого  мʏмкʏн. Эгерде Америка Кытайдын бʏткʏл товарына 52,46 миллиард доллар ɵлчɵмʏндɵ пошлина кийирсе, Кытай Америкадан келʏʏчʏ товарларга 20 миллиард долларлык кɵлɵмдɵгʏ тариф менен чектелген. Сыягы, Кытай Трамп менен сʏйлɵшʏʏнʏ кʏтʏʏ ɵңʏтʏн ээлеп турат. Трамп Кытайга визит жасоо убадасын берген. Кытай эркин атаандаштыкка умтулса, АКШ андайды чектеп жатат дегендердики да туура эмес. Башкаларга шартты диктовкалоо жагынан АКШга албетте, суроо арбын.Бирок, бул жаатта Кытайга деле суроолор бар. Алар экспортчуларга карата жасалган преференциялар, интеллектуалдык менчик укуктарынын сакталышы менен байланышкан. Юандын курсу жасалма тɵмɵндɵтʏлгɵн жана бул фактор кытайлык экспортчуларга артыкчылыктарды берет деген пикирди кɵптɵгɵн эксперттер карманып келишет. Иши кылып эл аралык соодада периште деп саналган бир да  ɵлкɵ жок. Баары ɵз кызыкчылыктарын ар кандай каражаттар жана жолдор менен коргоого кам кɵрʏшɵт.

Албетте, кимдир-бирɵɵ адинен аша чапкан ɵз кызыкчылыгын коргоп чыкса, ага каршы чара кɵрʏʏ ʏчʏн Бʏткʏл дʏйнɵлʏк соода уюму(ВТО) деген бар. Бирок, бул уюм бир нече жылдан бери маанилʏʏ бир иш жасабай, иш жʏзʏндɵ жарым жан абалда турат. Ооба, ал жерде кайсыл бир  ɵлкɵнʏн бир жактуу аракетин талдоого алып, чечʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк бере турган аппеляциялык комитет бар. Бирок, Кошмо Штаттар бул комитеттин  толук курамынын тʏзʏлʏʏсʏн блокировкалап салган. Башкача айтканда, бул комитет  шал болуп, пошлиналар маселесинде бир нерсени чечет албайт.

Канткен менен эркин рынок принциптерин кɵмʏʏгɵ эртелик кылат.

Пошлина –импорттолгон товарлардан алынган салык жана мамлекеттик кирешенин булагы болуп саналат. АКШ менен Кытай азырынча пошлиналарды алгачкы чекишʏʏдɵн ɵткɵрʏштʏ. Бирок, иш активдʏʏ фазага жетип калчу болсо, бʏткʏл дʏйнɵлʏк соода кургуйга кулайт.

Америкалык пошлиналар  бир убактарда дʏйнɵлʏк экономиканы жарга  такаган учур бар жана анын аягы аянычтуу болгону белгилʏʏ.

1922-жылы президент Гардинг АКШ га кирген товарларга бажы пошлиналарын кɵтɵрʏʏ жɵнʏндɵгʏ мыйзмды киргизген. Чет элдик атандашуудан ата мекендик ɵндʏрʏшчʏлɵрдʏ коргоо шайлоо алдындагы убадалардын бири болгон. Баары жаман бʏттʏ. Биринчиден, айрым мамлекеттер биринчи дʏйнɵлʏк согуш  мезгилинен бери тɵлɵп келаткан кредиттик келишимдин милдеттенмелерин аткара албай калышты, анткени алар америкалык рыноктон айрылып калышкан. Бул маселе америкалык банктарды  оор абалга алып келип, алар ɵз ɵлкɵсʏндɵгʏ  кредиттик ставканы кɵтɵрʏшкɵн. Экинчиден, импортко карата коюлган жаңы тариф баалардын ɵсʏʏсʏнɵ алып келген. Yчʏнчʏдɵн, Европа жооп чараларын кийирип,  бул АКШнын  экспорттук кирешесине тескери таасир тийгизген. Проблемалар иттин жʏнʏндɵй кɵбɵйʏп олтурган. Экспорттун тɵмɵндɵɵсʏнɵ каршы туруу ʏчʏн АКШ арзан кредит, баарынан мурда Германия жана Австрияга, ал жактарда америкалык товарларды сатуу рынокторун тʏзʏʏ максатында кымбат эмес кредит  берʏʏчʏлɵргɵ сый мамиле жасаган. Бирок, долбоор ɵзʏн актабай, берилген карыздар да жок болгон.

Жыйынтыгында, 1930-жылга барып бʏт дʏйнɵдɵ экономикалык каатчылык ɵкʏм сʏрʏп калган да, Кошмо Штаттардын ɵзʏндɵ Улуу Депрессия башталган.

Абдираим  Мамытов

About The Author