Атпактуу Т-34 сыноодон ɵткɵндɵн соң Сталин анын конструктору Михаил Кошкинге: “Танкыңа эми ысым бер” дептир. Бирок, конструктор танкка ɵз ысмын ыйгарбай, сынактын катар номери менен гана атаган. Машина кабыл алыгандан кийин ал танк чыгаруучу заводко телеграмма урган: “Сыйлыкка кɵрсɵтʏлʏʏчʏ тизмени даярдагыла. Кошкин”.
КОНДИТЕРДЕН КОНСТРУКТОРЛУККА

Вяткадагы кондитердик фабриканын директору Михаил Кошкин Москвага 1909-жылы Ярославль губерниясынан жɵɵ, Ломоносов сыяктуу чокой менен келген. Анда 23 жашта эле. Атасы кайтыш болгондон кийин ʏй-бʏлɵнʏн чоң эркеги катары, тʏйшʏк моюнга тʏшкɵн. Yйдɵ андан кичʏʏ дагы эки бала бар эле. Апасына жардам берʏʏ ʏчʏн иштеп акча тапмак максаты менен Москвага жɵнɵйт. Бирок, Москвада кызынын айтуусу боюнча, бир бейтааныш жигитти коргоп калуу ʏчʏн мушташка тʏшʏп, бара турган тууганынын дареги жазылган баракчаны жоготуп алат. Кɵзʏ-башы кɵгɵргɵн боюнча ачка абалда бир дарбазанын алдында уктап калат. Аны Вяткадагы кондитердик фабрикада иштеген бир жумушчу ойготот. Жакшы адам экен, ʏйʏнɵ кондуруп, кийин фабрикадан жумуш тапканга да жардам берет. Кийинчерээк тири карак жигит ошол кондитердик фабриканын директорлук кызматына да кɵтɵрʏлʏʏгɵ жетишет. Директорлугуна жыл айланбай ал жетектеген фабрика ɵндʏрʏштʏн эң алдыңкы катардагыларына кошулат. Фабрикада ɵндʏрʏштʏк тартип бекемделген. Кошкин алкоголдук ичимдиктерди кɵп ичкен жумушчулардын баарын аты-жɵнʏнɵн ɵйдɵ жатка билген. Андыктан, андайлардын айлык акыларын алардын ʏй-бʏлɵсʏнɵ, биринчи кезекте аялдарына берʏʏ жагын камсыз кылган.
Албетте, анын Вяткадан кетип калуусу текши баарынын ичин ачыштырган. Ɵлкɵгɵ инженердик кадрлар ɵтɵ керек болуп турган. Кошкин Ленинградка жол тарткан. Ал ошондо 31 жашта эле. Болгон-неткен билими чиркɵɵ-приходдук мектептин ʏч классынан турган Михаил Ленинграддагы технологиялык институтунун партасына олтурган. Анкета толтуруп жатканда, Михаил “кесиби” деген графага “кондитер” деп жазган. Тɵрт жылдан ашыгыраак мезгилде ал 40тан ашык дисциплинаны окуп-ʏйрɵнʏп, суткасына 4-5 сааттан гана уктаган.
Институттун программасын узун-туурасынан “аш” кылган Кошкин Ленинграддагы 186-тажрыйба заводунун директорунун орун басары болуп калат. Ал эми эки жылдан кийин аны Харьковго, БТ-7 жеңил танкын чыгаруучу заводдун Конструктордук Бюросунун(КБ) начальниги кызматына жɵнɵтʏшɵт. “Кызмат, тʏз эле айталы, ары дегенде атылып, бери дегенде кесилип кетʏʏ ыктымалдуугу бар кызмат эле –мурдагы начальник Фирсовду “саботаж” деген статья менен лагерге жɵнɵтʏшʏп, ал жакта ал каза тапкан. Анткени, БТ-7 танкы “чийки” жасалып, 700дɵн ашуун машина эксплуатациядан алынып салынган эле. Ал эми Кошкиндин алдында жаңы, орто танкты тʏзʏʏ милдети турган.
Биринчи дʏйнɵлʏк согушта эле ал англис танкын кɵргɵн жана ошондо эле ага орус мужигинин акылы мындан жакшы танк жасоого жетет деген ой келген. Ал падышалык армиянын катарына 1917-жылдын февралында чакырылган. Фронтто тиф илдетин баштан ɵткɵргɵн, туткунга тʏшкɵн, качкан, жарадар болуп демобилизацияланган. Кийин Кызыл Армияда кызмат кылган, Коммунисттик университеттин угуучусу да болгон.
Жаңы начальник мурдагы жетекчи камалгандан кийин коркок болуп, биротоло ʏлдʏрɵп калган коллективге жаңы дем берген. Кошкин башканы кой, Берия менен да талашып-тартышкандан коркчу эмес. Сталиндик жыйында Кошкин ошол маалдарда жайылтылып-калыптанып кеткен дɵңгɵлɵктʏʏ-каз тамандуу танкка караманча каршы туруп, каз тамандуу танкты жактаган. Конструктор ага эмне жакканын эмес, буюртмачыга (б.а армияга) керек жана ɵнɵр жайы жасай ала турган нерсени жасоого тийиш экенин Кошкин эң жакшы тʏшʏнʏп турган жана ошол принципте аракеттенген.
Ошентип жогорку окуу жайын аяктагандан болгону алты жыл ɵтʏп, ушул заманда аскердик параддардын сап башында ардакталып ɵтɵ турган эң мыкты техниканы тʏзʏʏгɵ жетишкен. “Отуз тɵртʏнчʏ” барып турган заманбап танктардын жана артиллериялык-ракеталык системалардын ири алдыда параддан ɵтɵт. Ал мындай сый-урматка абдан татыктуу.
“ДYЙНƟДƟГY МЫКТЫ ТАНК”

“Немец аскрлери 1941-жылдын жайында кɵргɵн Т-34 танкы буга чейинки кɵргɵн согуштук техникалардын баарынан ашып тʏшкɵн жана акылын алты, сезимин сенек кылып, урɵйʏн учуруп, ʏшʏн алган. “Унтерменшендер” (“кишисымалдар” нацисттер орустарды ушундайча аташкан ) ушундай, биздикинен ашып тʏшкɵн согуштук машинаны жасаптыр деген ачылыш аларды шок кылган” деп жазган англис тарыхчысы Дуглас Орджилл.Тарыхчы вермахтын генералдарынын кʏбɵлɵндʏрʏʏлɵрʏнɵ таянган.
“Т-34 танкынын согуштук ɵтɵ жогорку сапаттары бар” деп моюнга алган немецтик 48-танкалык корпустун штаб начальниги, генерал-майор фон Мелентин. “Дʏйнɵдɵгʏ мыкты танк”деп констатциялаган немецтик 1-танкалык армиянын командачысы фельдмаршал Эвалд фон Клейст. Ал эми Москвага дейре жеткен генерал-полковник Гудериан: “Танкалык кʏчтɵрдʏн биз буга дейре ээлеп келген ʏстɵмдʏгʏ-артыкчылыгы жылас болду жана ал душман тарапка ɵттʏ” деп айткан.
“Т-34 менен бет келишкенде немецтердин акылы айран болуп жатты. Алардын самолет,замбирек, танк таануу-альбомунда эч кандай Т-34 жок эле-дейт “Т-34 танкынын тарыхы” музейинин улук кызматкери Андрей Карпов. -Алар ɵз отчетторунда орус танкынын жаңы тиби, ага танкага каршы 37 миллиметрлик замбиректи колдонуу да пайдасыз экендигин жазышкан. Алардын ишениминде маданиятсыз, орой орустар мындай танкты ойлоп табуусу кʏмɵндʏʏ эле. Андыктан, алгачкы мезгилдерде бул танкты америкалыктардыкы окшойт деген ойдо “Кристи” деп атап жʏрʏштʏ”.
ГИТЛЕРДИН ЖЕКЕ ДУШМАНЫ
Т-34 Гитлерди да жарыша куралданууга тʏрткɵн. Фюрер ашууда ат алмаштыруудан да кайра тартпай, жаңы танктарды иштеп чыгууга жана модернизациялоого карай бир катар аракеттер жасалган. “Тигр” жана “Пантера” ошолордун катарында эле. Бирок, андан утулду. Бир “Пантеранын” ɵздʏк наркы 8 “отуз тɵртʏнчʏкʏнɵ” барабар болуп чыкты. Согуштун орто чендерин барып, Т-34 “Уралвагонзаводдон” ар бир кырк мʏнɵттɵ чыгып турду. Ага кошумча, Кошкин Т-34 такын андан ары да модернизациялдоо мʏмкʏнчʏлʏгʏн эсепке алуу менен иштеп чыккан.
Т-34тʏн согуш майданындагы триумфуна чейин жашаганды кудай Кошкинге насип кылбаптыр. Ал 1940-жылдын 26-сентябрында эки Т-34 танкынын, жогорку жетекчиликке кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн жасалган Харьковдон Москвага чейинки легендарлуу жʏрʏшʏнɵн кɵп ɵтпɵй эле каза болуп калган. Бул жʏрʏштʏн маалында Кошкин бир нече ирет механик-айдоочунун ордуна олтуруп, кар-кʏрткʏнʏ аралап кыймылдоого туура келген. Кайра кайткан жолдо конструктор абдан катуу суукка урунуп, ʏйʏндɵ жатып калат. Москвадан хирург учуп келет. Бир ɵпкɵсʏ алынат, бирок кеч болуп калган эле…
Кошкиндин мʏрзɵсʏ азыр белгисиз. Харьковдогу болжолдуу жай аны жеке душманым деп эесептɵɵгɵ аргасыз болгон Гитлердин буйругу менен люфтваффдын самолеттору тарабынан жер менен жексен кылына бомбаланган.
Т-34 болсо атактуу жашоосун улантып келип, Россия Армиясынын куралдык курамынан 1993-жылы гана “отставкага” кеткен. Бирок,тарыхтын тамашасыбы, бул жагдай Донбасста, эстеликке деп колган бул танктар биздин кʏндɵрдɵ эле согуштук техника катары пайдалаланылган учурлар болгону ырас.Постаментен алынган танктар душмандды кыйратуу ʏчʏн шыр эле жʏрʏп кеткен.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы