20 августа, 2025

Башкаруу системасын жана тейлɵɵ сапатын жакшыртууга багыт

Мамлекеттин эң чоң байлыгы элдин саламаттыгы. Ошондуктан медицина тармагы, ар дайым колдоого, кɵңʏл бурууга татыктуу. Бул ирет шаар тургундарын тейлеген ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунда болуп, ал жердеги ɵзгɵрʏʏлɵр тууралуу маалымат алдык.

Раатбек Мамаев, №2 ʏй-бʏлɵлʏк медициналык борборунун жетекчиси.

-Yй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунун эки бɵлʏнʏʏсʏ тейлɵɵнʏн сапатына кандай таасирин тийгизет?

-Ɵткɵн жылы административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунан Кызыл-Кыштак, Тɵлɵйкɵн айыл аймактары жана бир нече участкалар шаар аймагына кошулган эле. Аймак кеңейгендиктен калкты медициналык тейлɵɵдɵ кызматкерлердин жетишсиздиги байкалган. Башкаруу системасын жана тейлɵɵ сапатын жакшыртуу максатында ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борбору экиге бɵлʏндʏ. Кара-Суу районунан кошулган аймактар №1 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборуна кат тʏрʏндɵ 92 миң калк бар экенин билдиришкен. Ага чейин биз шаарда каттоосу бар 370 миң калкты тейлеп келгенбиз. Учурда 450 миңден ашуун. Калктын жарымы №1 ʏБД борборуна, жарымы бизге бɵлʏндʏ. Бизде 8 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобу, 9 ФАП элге кызмат кылат. ʏМБны аймактык тартипте бɵлʏштʏрʏʏдɵ бир аз кемчилдиктер кеткен. Ошондой болсо да Саламаттыкты сактоо министрлигине буга чейин каттарды жолдогонбуз. Азыр да аймактардагы поликлиникалардын жайгашкан ордун, радиусун, аралыгын, калктын санын тактоо иштерин жʏргʏзʏп жатабыз.

-Кара-Суу районунан ɵткɵн ФАПтардын абалына токтолсоңуз?

-Абалы жакшы деп айтууга болбойт, кызматкерлерге толук кандуу шарттар тʏзʏлгɵн эмес. Мисалы, 20 миң калкы бар Кызыл-Кыштак айыл аймагында 5 дарыгер, 9 медайым эмгектенет, бул абдан аз. Жакында мэр Жеңишбек Шермаматович барып, ал жерден кабар алып келди. Тез жардам унаасы да коюлары кʏтʏлʏп жатат. Жаңы кошулган ФАПтарга УЗИ аппараттары орнотулду. Ар бир врачка бирден компьютер, палншет берилип, керектʏʏ эмеректер жана башка жабдыктар менен жабдылды. Дары-дармек боюнча азырынча кɵйгɵй жок.

Штаттык тʏзʏмдɵрдʏн толук эместиги адистердин жоктугуна же айлык маянанын аздыгына байланыштуу. Мисалы, 12,5 миң калкка 0,25 штат берилет. Ушул нормативдердин негизинде ФАПтарга хирург, кардиолог, уролог, лор, окулист, офтальмолог адистерин жайгаштыра албайбыз.

-Yй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунда кɵп жыл эмгектенген адам катары поликлиникалардын абалы, муктаждыктары, жетишкендиктери тууралуу эмнелерди айта аласыз?

-2003-жылдан 2006-жылга чейин Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын микрохирургия бɵлʏмʏндɵ иштеп, 2007-жылдан тарта Ош шаардык №5 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунда жумушумду баштагамын. 2014-жылдан 2024-жылдын октябрь айына чейин ошол эле поликлиникада башкы дарыгер кызматын аркаладым. Шаарда дайыма элдин саламаттыгы боюнча жакшы кɵрсɵткʏчтɵрʏ кɵрсɵтʏп, коллективдин ынтымактуулугу, коомдук жана спорттук иш- чараларда алдыңкы поликлиника болду. АРИС долбоорунун жардамы, жергиликтʏʏ бийликтин колдоосу менен заманбап, бардык талаптары менен оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵн, шарты аябай жакшы эмканага айланды.

Ош шаарында эмкана жетишсиздик кɵйгɵйʏ бар. Ош шаарындагы поликлиникалардын теңинен кɵбʏнʏн ремонту азыркы талаптарга жооп бербегендиктен, медицина кызматкерлеринин иш жʏргʏзʏʏсʏнɵ кɵптɵгɵн тоскоолдуктарды жаратат. Кызматчылардын иштɵɵсʏнɵ жакшы шарт тʏзʏлсɵ алардын калкты тейлɵɵсʏ жакшыланып, элдин ден соолугун чыңдоодо жакшы кɵрсɵткʏчтɵргɵ жетише алабыз.  Азыр 10 чарчы метр тар кабинетте 2 врач, 2 медайым отурат, ага 4 бейтап кɵрʏнгɵнʏ кирет. Эрежеге ылайык ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерге жок дегенде 30 чарчы метр бɵлмɵдɵ отуруусу керек. ʏй-бʏлɵлʏк врачтардын азыркы функциясына жарааттарды тигʏʏ да каралган. Уколун жасайт, эмдейт, кош бойлууну тыңшап кɵрɵт, кичинекей наристелердин, чоң адамдардын ɵпкɵ-жʏрɵгʏн угат.

Мындан сырткары, эне менен бала ɵлʏмʏ кудайга шʏгʏр, жылдан-жылга азаюуда. Бул биздин шаардагы медицина кызматкерлеринин ʏзʏрлʏʏ эмгеги деп билем. Негизи калктын саны кɵбɵйгɵндɵ бул кɵрсɵткʏч жогорулоосу турган иш. Ошентсе да врачтарыбыз чуркап жʏрʏп, кɵрсɵткʏчтɵрдʏ жакшыртуу ʏчʏн аракет кылып жатышат. Алдын алуу, дарылоо иштеринен сырткары социалдык иштерди кошо алып кетебиз. Аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵ, майыптыгы бар, жалгыз бой энелер, ажырашкан ʏй-бʏлɵлɵр зордук-зомбулукка кабылган жарандар менен да иштешебиз. Бул боюнча атайын 17 социалдык критерий каралып, жумуштар алынып барылат. Быйылкы пландаган негизги иштеримдин бири врачтарга жакшы шарт тʏзʏʏ. Жергиликтʏʏ бийлик менен депутаттарга да канткенде дарыгерлердин укугун, жашоо-тиричилигин жакшыртып, иштɵɵсʏнɵ шарт тʏзʏʏ боюнча сунуштарыбызды бердик.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author