21 августа, 2025

“Седеп” долбоору. Туризм жана креативдʏʏ индустрияларда аялдарды колдоо

Аялдар мамлекеттин ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошууда негизги тарап болуп эсептелет. Алар жакындарынын колдоосу менен татыктуу билим алып, татыктуу балдарды тарбиялап коомго кошот. Айрым учурда аялдарга карата басым, ар тараптуу кысуулар, зомбулук фактылары катталып келʏʏдɵ. Мына ушундай кɵрʏнʏштɵрдʏ алдын алып, аярлуу катмардагы айымдарга колдоо кɵрсɵтʏп келе жаткан “Седеп” долбоору тууралуу кеп кылууну туура кɵрдʏк.

Гʏлсана Абытова, “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси.

— Гʏлсана айым, аярлуу катмардагы кыз-келиндерди колдоо багытында сиздердин коомдук фонд кандай иш-чараларга басым жасоодо?

-Биздин коомдук фонд 2014-жылы декабрда тʏзʏлгɵн. 10 жылдан ашуун убактан бери элеттик аялдардын экономикалык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн кеңейтʏʏнʏн ʏстʏндɵ иштеп келет. Аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу, анын кесепеттерин чечʏʏ жолдору тууралуу иш алып барып, кийинчерээк аялдардын кирешесин кɵбɵйтʏʏ керектигин ойлондук. Аярлуу катмардан кʏчтʏʏ катмарга чыгарсак аң-сезими ɵɵрчʏп, ɵзʏнɵ ишеним пайда болуп, аларга коомдун мамилеси ɵзгɵрʏп, зордук-зомбулуктан арылат деп ойлогонбуз. Ошондуктан акыркы беш жылдан бери экономикалык проектилерди аткарып жатабыз. Токтогул, Тогуз-Торо, Арстанбап, Кыргыз-Ата айыл аймактарында тоо жана окуялуу туризмди ɵнʏктʏрʏʏгɵ басым жасап келʏʏдɵбʏз. Ал эми калган райондордо креативдʏʏ индустрияларды ɵнʏктʏрʏʏ аракетиндебиз. Креативдʏʏ индустриялар 20 дан ашуун багыттан турат. Алардын ичинен кол ɵнɵрчʏлʏктʏ тандап алып, кыргыздын унутта калып бараткан баалуулуктарын жаш кыз-келиндерге ʏйрɵтʏʏдɵбʏз. Алар жаңы дизайн, жаңыча кɵз караш менен креативдʏʏ продукттарды алып чыгып, сатып, ʏй-бʏлɵлʏк кирешеге чыкса болот. Бул иш-аракеттер “СЕДЕП” долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду тарабынан “Pro.NGO! e.V.” уюму (Кельн, Германия) менен ɵнɵктɵштʏктɵ аткарылууда.

-Туризм менен алектенген аялдарга конок тосуунун эл аралык стандарттарын окутабыз. Конок тосуу маданиятыбызды, боз ʏйлɵр шаарчасын, ат турлар, жɵɵ турлар боюнча туристтер таанып-билʏʏсʏ ʏчʏн Booking.com, Tripadvisor эл аралык туристтик платформаларга жана Гугл карта, 2 гиске жайгаштырдык. Аялдарыбыз санариптик туристтик платформалардын ыкмаларын да ʏйрɵнʏʏсʏ зарыл. Мисалы, Кыргыз-Атадагы конок ʏйлɵрдʏ Booking.com сайтына жайгаштырсак ал жердеги конок ʏйлɵрдʏн сʏрɵттɵрʏ жана маалыматы чыгып, жер жʏзʏндɵгʏ бардык туристтер кɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏн алат.

-Аймактардагы кол ɵнɵрчʏлɵр кандай продукцияларды иштеп чыгышууда?

-Креативдʏʏ индустрияда иштеген айымдар ʏчʏн хабдарыбыз Ош шаары, Араван району, Кызыл-Кыя шаары, Кулунду айыл аймагы Лейлек району, Жалал-Абад шаары, Сузак райондору. Аялдарга тигʏʏ машинасында кантип иштɵɵ керектигин ʏйрɵтʏп, тигʏʏ машиналарын, чакан ижара орундарын алып бердик. Учурда дизайнерлер тарабынан даярдалып берилген баштыктарды, белдемчилерди иштеп чыгуудабыз. Алар Кыргызпатент ишканасы тарабынан патенттелгенге берилген, азыр анын чечимин кʏтʏп жатабыз. Ɵзгɵчɵ хабдарыбыздын бири Лейлектеги Кулунду айыл аймагында. Тажикстан менен чектеш, конфликттик зонадагы, психологиялык, материалдык жактан аярлуу катмарда кыз-келиндер кɵп десек болот. Ал жердеги аялдар айтылуу кыргыз лейлек килемдерин согушат. Мурда сепке берилʏʏчʏ чоң-чоң килемдер согулса, азыр чакан килемдерди да иштеп чыгышууда. Килемдердин дизайнына айгʏл гʏлʏн, илек-илек куштун сʏрɵтʏн тʏшʏрʏп дизайн иштеп чыкканбыз. Эми ɵрʏктʏн бышкан кездегисин тʏшʏрсɵк деп дизайнерлер иштеп жатышат.

-Хабдын мʏчɵлɵрʏнɵ кол ɵнɵрчʏлʏктʏ ʏйрɵтʏп гана тим болбой, чыгарган продукцияларын оффлайн, онлайн сатууну да ʏйрɵтɵбʏз. Апрель айында электрондук коммерция боюнча атайын тренингдерибиз бар. Тренингде “ɵзʏбʏз жараткан сувенирлерди чет ɵлкɵгɵ кандай платформаларда сатса болот?” деген темага басым жасалат. Кара-Койдун ɵзʏнʏн ɵзгɵчɵлʏгʏн, Тогуз-Торонун, Токтогулдун, Арстанбаптын ɵзʏнɵ тиешелʏʏ ɵзгɵчɵлʏгʏн чагылдырган сувенирлерди чыгарууну кɵздɵп жатабыз. Анткени келген туристтер ошол жердин ɵзʏнɵ тиешелʏʏ болгон ɵзгɵчɵ сувенирди алып кетʏʏнʏ жактырышат. Ɵлкɵбʏздʏн тʏндʏк тарабында кол ɵнɵрчʏлʏк жакшы колго алынган. Ошол эжелерге тажрыйбасын таанышуу ʏчʏн барабыз. Жай мезгилинде интенсивдʏʏ иш алып баруу кʏтʏлʏʏдɵ. Аялдарды тажрыйба алмашуу турларына алып бармакчыбыз. Мисалы, креативдʏʏ хабдарды Нарындагы шырдак шырган кол ɵнɵрчʏлɵргɵ, Бишкектеги “Kyrgyz Handmade” ишканасына алып барып, сырьёну каяктан аларын, кантип ɵндʏрɵрʏн, кɵлɵмʏнɵ жана сапатына жетʏʏнʏ, аны сатууну кɵрʏп келишет. Ал эми туристтик хабдарды Ысык-Кɵлдʏн тескей жээгиндеги конок ʏйлɵрʏнɵ, боз ʏй шаарчаларына алып барабыз. Конок ʏйлɵрдʏн ашканаларында эрте мененки тамактар кантип жасалат, алардын тʏрлɵрʏн, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын, конок тосуунун стандарттарын жеринен кɵрʏшɵт. Биздин тоолуу аймактарда талаптар анчалык сакталбай, кɵп адамды кабыл алып, арзан тейлɵɵ кɵрсɵтʏшɵт. Андан кɵрɵ бардык шарты менен, аз турист болсо да кымбат тейлɵɵгɵ ɵткɵн оң. Мындан сырткары Ɵзбекстандын ишкер айымдары менен да тажрыйба алмашып келʏʏ пландалууда.

Химия Суеркулова, “Седеп Ош” долбоорунда жергиликтʏʏ координатор.

-Кɵпчʏлʏк кыз-келиндер ʏй оокатынан, бала-чакасынан бошобойт эмеспи, чогуу иштешʏʏдɵ кыйынчылыктар болсо керек?

-“Седеп” долбоорунда 18ден 35 жашка чейинки жаш кыз-келиндер менен иштедик. Кыздардын сабакка келʏʏсʏндɵ кээде кɵйгɵйлɵр жаралат. Кʏйɵɵсʏ, кайненеси жɵнɵтпɵй коет же балдары менен кыйналып келишет. Башка аймакта тренинг ɵткɵрсɵк кʏйɵɵлɵрʏ жɵнɵтпɵй, балдары кичине болуп, бара албай калышат. Ушул тарабынан кыз-келиндер менен иштɵɵ бир аз кыйын болсо да, алардын билимге суусап, бир нерсени ʏйрɵнʏп калайын деп балдарын кɵтɵрʏп келип болсо да окуганы бизге кʏч-дем берип, эң мыкты тренерлерди алып келип, билимибиз жугумдуу болуусу ʏчʏн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. “Седеп” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз иш алып барабыз. Экономика, тышкы байланыштар, туризм боюнча бɵлʏмдɵрʏ жана Ош облустук администрациясы Ɵзбекстанга турларга чыкканда эки мамлекеттин келишиминин негизинде бир топ шарттарды тʏзʏп беришет. Ɵзбекстан тарап да келишимдин негизинде бизди кабыл алып, ишмердʏʏлʏгʏ менен тааныштырып, ишканаларына алып барып тааныштырышат. Кыздарды долбоорго кабыл алып жатканда МАБдар, аялдар кеңештери, жаштар комитети да жардамдашып, ишибизди жеңилдетти десем болот.

-Кыздардын команда болуп иштɵɵсʏндɵгʏ артыкчылыктарды белгилеп ɵтсɵңʏз?

-Кыздарыбыз ынтымактуу топко айланып, билбегендерин бири-бирине ʏйрɵтʏп иштеп жатышат. Арасында сайманы, токуганды, шурулар менен иштегенди мыкты билген кыздар бар. Башка билбеген кыздарга ʏйрɵтʏшʏп, бир нече ɵнɵр ʏйрɵнʏп чыгышууда. Ушул темпте алгылыктуу иштеп, кооператив болсок деген максатыбыз бар. Мисалы, башка мекемелерде сɵзсʏз 8 саат иштɵɵ талаптары коюлат. Кɵп балалуу аялдар баласынан чыга албайт, ошон ʏчʏн биздин хаб жана келечектеги кооператив кыздардын шартына ылайык, эркин графикте иштесе дейбиз.

Учурда сапатка басым жасап, рынокту анализ кылууга, маркетинг, реклама боюнча ʏйрɵнʏп жатышат. Алдыда дагы кɵп иштерди пландаганбыз. Шаардагы мектептер менен да байланышып, окуучуларды мастер-класстарга алып келсек деген ойлорубуз бар. Учурда балдар арасында кылмыштуулук, рэкетчилик сыяктуу адаттардын баары бекерчиликтен келип чыгат. Кʏч-энергиясы ашып турган балдарга кыргыздын унутта калып бараткан ɵнɵрлɵрʏн, баалуулуктарын ʏйрɵтʏп, пайдалуу жакка багытташыбыз керек.

Бегимай Исакова, долбоордун катышуучусу.

-Долбоорго кантип келип калдыңыз, кандай тажрыйбаларга ээ болдуңуз?

-Бул долбоор жɵнʏндɵ сиңдимен угуп, сентябрь айында келип калдым. Учурда 5 баланын энесимин. Келгенден бери эки ирет кɵргɵзмɵ-жарманкеге катыштым. ʏчʏнчʏ жарманке Бишкек шаарында болуп, эки кʏндʏк жарманкеде кыздардын колунан жаралган буюм-тайымдарыбызды сатып келдик. Оштун хабынын буюмдары эң кɵп сатылды. ʏйдɵ тигʏʏ машинам бар, хабга келип тʏшкɵн буюртамаларды тигип жатабыз. Жеке менчик мектептердин фартуктарын, супараларды, дасторкон, шейшептерди, косметика салган баштык жана башка кʏнʏмдʏк турмушта тынбай колдонулган буюмдарды тигип, даярдадык. Бир иш менен алек болгонго, ɵнɵр ʏйрɵнгɵнгɵ, алдыга жаңы максаттарды койгонго жакшы мʏмкʏнчʏлʏк жаралат экен. Хабдагы кыздар командасы кыйла тажрыйба топтоп калдык.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author