20 апреля, 2024

Атырдын жытына уулануу мʏмкʏнбʏ?

“Уулуу жыт чыгарган атырлар сатылып жатыптыр” деген так эмес маалыматтар азырга чейин вотсап группалардан тарап келет. Ал ортодо Кара-Суу районунда катталган мектеп окуучуларынын атырга уулануусу элдин тынчсыздануусун ого бетер кʏчɵткɵн. Кɵп ɵтпɵй Жалал-Абад облусунда да мындай факты катталганы тууралуу маалымат тарады. Адистер окуучуларды уулаган заттын эмне экенин такташтыбы? Дегеле адам кандай учурларда жытка ууланат? Ош шаары боюнча оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборуна кайрылганбыз.

Камчыбек уулу Бексултан, санитардык дарыгер.

-Адам эмнелердин жытына ууланышы мʏмкʏн?

-Аба аркылуу уулануунун тʏрлɵрʏ аябай кɵп. Мисалы, эң кеңири таралган кɵмʏрдʏн жыты, андан сырткары сымаптын жана ар кандай буулардын, курулуш материалдарынын, фенол-формальдегид сыяктуу заттар ден соолукка терс таасирин тийгизет. Уулуу заттарды токсикологиялык химия деген атайы илим изилдейт. Кɵпчʏлʏк учурда уулуу заттардын жыты билинбей эле организмди уулап коюушу мʏмкʏн.

-Аба аркылуу уулангандагы белгилерди кантип айырмалайбыз?

-Алгач дем алуу жолдору жабыркап, адамдын деми кысылат. Баштын оорушу, кɵңʏлʏ айнуу, кусуу сыяктуу белгилер менен коштолот. Мындай учурда токтоосуз тез жардам чакыруу керек. Тез жардам келгенге чейин бейтаптын кыскан кийимдерин чечип, денесин эркин кармайбыз. Кайнатылган сууну муздатып 5-6 стакан ичирʏʏ зарыл. Бул кɵрʏнʏш кайра кустуруп, организмдеги уулуу заттардын сыртка чыгып кетʏʏсʏн камсыздайт. Тез жардам келген учурда врачтын кɵрсɵтмɵсʏ менен гана дарылоо сунушталат.  

-Атайы клей жыттаган балдар ден соолугуна кандай коркунуч жаратышат?

-Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, акыркы кезде жаштар арасында клей жыттаган фактылар катталып жатат. Клейдин жыты баланы мас абалга чейин жеткирип, психикалык абалына доо кетет. Мээнин иштешин начарлатып, ɵзʏн билбей калуу, эсин жоготууга душар болушат. Клейдин жыты эң биринчи ɵпкɵгɵ зыян, андан сырткары ичеги-карын жана нерв клеткаларын жабыркатат.

-Акыркы учурда катталып жаткан окуучулар арасындагы атырга уулануу фактылары элди бир топ дʏрбɵттʏ. Окуучулар атырдын кайсы тʏрʏнɵ ууланганы жɵнʏндɵ маалыматыңыздар барбы?

-ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын 29-мартында Кара-Суу районундагы Кумар Момбеков атындагы орто мектепте 24 бала белгисиз жыт берʏʏчʏ затка ууланганы боюнча маалымат тараган. Окуя катталган  кʏндɵн тарта Кара-Суу районунун санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун адистеринен тынбай маалымат алып турдук. 6-7-класстын окуучулары ууланган дешти. Алар кандай атырды сепкени азырга чейин изилденип жатат. Жыйынтык чыга элек. Биздеги маалымат боюнча окуучу ал атырды ʏйʏнɵн алып келген. Кайсы тараптан алганы жɵнʏндɵ териштирʏʏ иши бʏтɵ элек. Парфюмериялык каражаттын аталышы аныкталса тез арада дʏкɵндɵр текшерʏʏгɵ алынат. Негизи косметиканын курамындагы фенол, стирол, формальдегид деген заттардын бар же жок экени лабораторияларда текшерилет. Косметиканын курамында бул заттар жок болсо, адам ɵмʏрʏ ʏчʏн коопсуз болуп саналат. Парфюмерия каражаттары да лабораторияда текшерилип, корутндусу менен лицензиясы бар болсо, алардан уулануу мʏмкʏн эмес. Керектʏʏ уруксат кагаздары жок, химиялык заттар кошулуп жасалган атыр, дезодорант, одеколондор жогоруда айтылып ɵткɵн жагымсыз окуяларга жеткириши мʏмкʏн. 

-Сапатсыз атырларга карата кандай чараларды кɵрʏʏнʏ пландап жатасыздар?

-Акыркы окуя катталгандан кийин биздин мекеме тарабынан атайы буйрук даярдалды. Жакынкы кʏндɵрʏ Ош шаарынын мэриясында координациялык кеңешме болот. Уруксат кагазы жок, талапка жооп бербеген атыр, дезодорант, одеколон сыяктуу косметикалык каражаттарды жок кылуу боюнча комиссия тʏзʏлɵт.

-Кʏнʏмдʏк турмушта ар кандай жыттарга ууланып калбоо ʏчʏн эмне кылуу керек?

-Айрыкча курулуш тармагында иштеген адистер сɵзсʏз бет кап, респиратор тагынышсын. Профилактика ʏчʏн кайнак суу ичип, 2-3 саат сайын таза абага чыгып, 10-15 мʏнɵт эс алып туруу сунушталат.