27 апреля, 2024

“КЫЗЫЛ  СЫЗЫК” КАНТИП ЖОГОЛДУ?

Чабуул жасоочу куралды  кыскартуу (СНВ) боюнча Келишимдин биринчи вариантына тээ 1991-жылдын июлунда СССРдеги ГКЧП тополоңунан ʏч жума мурун ал кездеги президенттер М.Горбачев менен Буш кол коюшканы белгилʏʏ. Азыркы оболу АКШ анын жоболорун бузуп, андан ары Россия колдонуудан баш тартканын билдирген СНВ-3 келишими Медведев менен Барак Обаманын маалында тʏзʏлʏп, кийинчерээк колдонуу мɵɵнɵтʏ 2026-жылдын февралына дейре узартылган эле. Дʏйнɵ азыр ʏчʏнчʏ дʏйнɵлʏк, болгондо да анын бетин ары кылсын, ядролук согуштун башталып кетʏʏ чегинде турат деген  пикир-божомолдор айтыла баштаганына ушул фактор да тʏз таасир этип жатканы талашсыз.

“Б” ПЛАНЫ ДА, АЛЬТЕРНАТИВА ДА ЖОК

Азыркы тапта Россиянын Украинада жʏргʏзʏп жаткан атайын аскердик операциясы качан жана кантип аяктарын алдынан болжоп айтууга эч мʏмкʏн эместей кырдаал тʏзʏлʏп олтурганы жалпыга маалым. Маселе Украинада эле жатпаганын эч ким танбайт. Согуш Украинада жʏрʏп, эки бир тууган славяндар кырылып жатканы менен,  согуш театрындагы сценарийлерди жазуу укугу украиндерде же орустарда эмес экени да белгилʏʏ. Ошону менен бирге эксперттердин баамына  азырынча АКШда  кандайдыр бир дʏрбɵлɵңдʏʏ “Б” планы жок экендигинен жана маселени жɵн-жай эле чечʏʏнʏ баштоо ʏчʏн альтернативалык сунуштары деле иштелип чыга электигинен башка оңдуу жана олуттуу кɵрʏнʏш илешпей жатат. “Окуя мындан ары кандай  ɵнʏгʏшʏн биздин каршылаштар кантип элестетет?» деген суроо жоопсуз калууда. “Эскалациялык тепкичтер менен илгери жыла берʏʏгɵ умтулуудан башка эч нерсени кɵрбɵй турам”,- дейт Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин олрун басары Сергей Рябков. -Муну менен бирге коркунучтуу моментке кептеп кое турган тепкичтер абдан эле азайып баратканын айрыкча белгилегим келет. Болуп жаткан окуяларга карата толук жоопкерчилик дагы бир аз кыса тʏшсɵк, Россия капитуляцияланат деген идеяга жетелинип алгандардын мойнунда”,-дейт ал. Эмне болуп кеткен кʏндɵ да Россия эми АКШнын бир тараптуу чегинʏʏлɵрʏнɵ эч качан азгырылбайт, ал ɵлкɵнʏн алдында тизе бʏгʏʏ кысым-басымды кескин кʏчɵтʏʏ ʏчʏн ага тʏрткʏ берʏʏнʏ билдирет. Россия муну башынан кɵп эле  жолу ɵткɵргɵнʏн белгилейт ал андан ары. Рябковдун пикиринде, азыр  кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрдɵ алака-мамилени жогорулатылган тон менен аныктоо жʏрʏп жатат. Батыш багытына карата алганда, тышкы саясаттын бʏткʏл ландшафтында кардиналдуу бʏлʏнʏʏ процесси жʏрʏп жатат. Энең- байтал айтышуу, ɵз ара нараазычылактар менен бирин-бири кɵзгɵ сайып туруу, тилекке каршы, азыркы коомдук турмуштун нормасы болуп калгансыйт. Азыркы кырдаал, аналитиктердин пикиринде атаандаштарга, биринчи кезекте Вашингтонго карата жумшак мамиле жасоого Россияда эч кандай ресурс калбагандыгы менен да тʏшʏндʏрʏлɵт.

ЖАРЫША КУРАЛДАНУУНУН ЖАҢЫ ЭТАБЫ

АКШ азыркы учурда алардын максаты “Россияны стратегиялык жактан утуп алуу” деп билдирип, ядролук куралга ээ алардын НАТОдогу башка шериктештери мындай коркутууга колдоо кɵрсɵтʏп жаткан кырдаалда СНВ-3 келишиминин мурдараак Россия тарабынан так сакталган, башкача айтканда,  америкалык инспекторлорду Россиянын атомдук обьектилерине кое берʏʏ сыяктуу жоболорун аткаруу эми эч кандай мааниге ээ эместигин эксперттер баса белгилешет.Ядролук жактан жарыша куралдануунун жаңы тилкесине кирʏʏнʏ Россия баштабаганын дʏйнɵ коомчулугу кɵрбɵй-сезбей турат деп эч ким айта албайт. “Ядролук паритетти Россия бузуп жаткан жок, аны АКШ бузууга аракет жасап жатат” деген пикир чындыкка жакыныраак.

Чабуул коюучу куралды кыскартуу  жɵнʏндɵгʏ келишим боюнча эки тарап тең ядролук дʏрмɵттɵрдʏ 1550гɵ жеткирип, ал эми континенттер аралык баллистикалык, анын ичинде суу астындагы кемелердеги жана оор бомбардировщиктердеги ракеталарды 700 бирдикке чейин кыскартуулары керек эле (ар бир ракетада бир нече  согуштук дʏрмɵттɵр бар экени тʏшʏнʏктʏʏ).

Америкалык инспекторлордун эсеби боюнча, Россияда 527 даана ракета болуп, алардын 1458  согуштук дʏрмɵтʏ бар. Россиялык инспекторлордун эсеби боюнча, АКШда 598 ракета,1498 согуштук дʏрмɵт болгон. Кɵрʏнʏп тургандай, эки ɵлкɵ тең ракеталык-ядролук кʏчтɵрʏн келишимде кɵрсɵтʏлгɵн планкадан да тɵмɵн дɵтʏшкɵн. Бирок, аз гана артыкчылыкка АКШ ээ болуп, ошол бойдон келе жатат.

Кайрылууларынын биринде орус президенти Путиндин келишимде Американын эле ядролук куралын эмес, НАТОдогу башка ядролук ɵлкɵлɵрдʏн, тактап айтканда, Франция менен Британиянын да тиешелʏʏ  куралдары эсепке алынуусу керек эле деп белгилегени бар. Болгондо да бул эки ɵлкɵ ядролук куралга ээ болуп тим калбай, ракеталарын Москва тарапка мээлеп коюшкан.

Стокгольмдук дʏйнɵ проблемалары институтунун маалыматтары боюнча, Францияда 101 ракета, 290 согуштук дʏрмɵт, Англияда 76 ракета, 225 согуштук дʏрмɵт бар. АКШ, Франция жана Британиядагы ядролук куралдардын санын бириктиргенде алар Россияныкынан олуттуу ашып тʏшɵт. Мунун баары  баягы келишимде кɵрсɵтʏлгɵн бирдей коопсуздук принцибине карама-каршы келет.

СНВ-3 аракеттенип баштаганда эле АКШ да кɵз боемочулугун баштаган.Мисалы, орус инспекторлорун ядролук обьектилерди толук кɵлɵмдɵ текшерип чыгууга кое беришкен эмес. Айрым алынган жерлерди гана текшерʏʏ жетиштʏʏ болот дешкен. Кийинчерээк инспекциялоодон таптакыр баш тартышкан. Кызыгы, Украинадагы аскердик операцияга байланыштуу, АКШ бʏгʏн “алардын максаты Россияны стратегиялык жактан жеңʏʏ” деп ачык эле билдирип, ошол эле убакта Россиянын ядролук обьектилерин инспекциялоону да каалап жатышканын ачыкташат.  Орустарды ошончолук эле аңкоо деп ойлошот сыягы.

Кыскасы, а деп, бу деп будаймалап олтуруп АКШ ядролук ракеталардын  санын жашыруун тʏрдɵ кɵбɵйтʏп алууга жетишти.2020-жылдын акырына келип АКШдагы ракеталардын саны 675ти тʏзʏп калды.

Келишимди тʏзʏп жатканда орус  эксперттери бомбалоочу бир оор  учакты бир ядролук заряд деп эсептɵɵ  адилетсиз болуп калаарын какшап айткандары америкалыктарды такыр ынандырбай койду. Бир борт 24 ракета же бомбаны ташуууга жарайт. Оор бомбардировщиктер Россияга караганда АКШда кɵптʏк кылат.

ЖООПСУЗ СОККУ  УРУУ ДАЛБАСАСЫ

“Кансыз согуш” доорунун жарыша куралдануу атаандашуусу апогейине жете жаздап турган маалында бир атактуу адамдан журналисттер “ядролук кыргынды ким биринчи баштаганын кийин кантип эстешет деп ойлойсуз” деп сурашса, тигил киши кʏрсʏнɵ мынтип жооп бергенин окуганым бар: “Анын бетин ары кылсын, ядролук согуштан кийин аны унута турган адам калса кана…”

Ядролук согушта жеңʏʏчʏ да, жеңилʏʏчʏ да болбойт деген аксиома бар.

Путиндин бая айтылып ɵткɵн кайрылуусунда “Вашингтондун айрым ишмерлеринде ɵздɵрʏнʏн ядролук куралын АКШда азыркы тапта жаңы типтеги ядролук куралдар иштелип чыгып жатканын эсепке алуу менен натуралай сынап кɵрʏʏ кыялы бар”,-деп белгилеп ɵткɵнʏ бар.

Чындыгында, акыркы жылдарда АКШда  чакан кубаттуулуктагы ядролук дʏрмɵттɵрдʏ иштеп чыгуу активдештирилген. Аларды гиперʏндʏʏ системаларга  (аларды тезинен жасоого америкалыктарда аракет кʏчтʏʏ) ыңгайлаштыруу аркылуу  бул жагынан Россияны кууп жетʏʏ мʏдɵɵсʏ бар.

АКШда азыр эки  баскычтуу ракеталар долбоору иштелип жатат. Башкача айтканда, америкалыктардын ядролук согушта жооп кайтаруудан кооптонбой туруп эле биринчи соккуну массалык уруунун схемасын иштеп чыгуу далбасасын байкоого болот.

Гиперʏндʏʏ ракеталар азыр абдан кʏчтʏʏ мааниге ээ болуп жатканы жашыруун эмес. Мисалы, шахтада жайгаштырма, бешинчи муундагы “Сармат” ракеталык комлекси. Бул ракетадагы “орбиталдык бомбардировщик” технологиясы душмандын аймагына суборбиталдык траектория боюнча, Тʏштʏк уюл аркылуу, америкалыктардын ракетага каршы батареяларын буйтап ɵтʏʏ менен сокку урууга жɵндɵмдʏʏ. Андагы”Авангард” согуштук блокторуна дʏйнɵдɵ теңдеш чыга элек.

Абдираим Мамытов