14 июня, 2024

Куурчак ойнотуу, жомок коюу кыйынга турат

 «Балдарды ишендирʏʏ кыйын. Имарат, кадр, колдоо болсо, ишибиз дагы илгерилемек»,- дейт Надырбек Шамурзаев атындагы Ош облустук  куурчак театрынын директору Замирбек Райымбеков. Баладан да чоңдорго  тʏшʏндʏрʏʏ кыйын окшойт деп калдым.  Театрды тʏшʏнгɵн,  талантты баалаган, ɵнɵрдʏ сыйлаган, маданияттуу,  мекенчил, аң-сезимдʏʏ муунду тʏптɵш ʏчʏн балдарды куурчак театрына  алып баралы.

Куурчак театрына 32 жыл

-Замир ага, куурчак театрынын тарыхынан сɵздʏ баштасак…

-Куурчак театры Ош шаарында 1991-жылы  Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повести менен ачылган.  Куурчак театрды Надырбек Шамырзаев негиздеп, азыркы учурда Надырбек  Шамырзаев атындагы Ош облустук куурчак театры деп аталат. Театрдын негиздɵɵчʏсʏ  Надырбек Шамырзаев ɵзʏ ушул жерден бир топ балдарды топтоп Ташкентке куурчак театрын окуу ʏчʏн  жиберип, ошол жактан  бʏтʏрʏп келип, 1991-жылы бизде тʏптɵлгɵн. Ошол кʏндɵн ушул кʏнгɵ чейин  иштеп келе жатат . Быйыл кудай буюрса 6-ноябрда  32 жыл болот.   Театр ачылган кʏндɵн бери кыргызча, орусча, ɵзбекче спектаклдерди жаратып, канчалаган кɵрʏʏчʏлɵрдʏн  купулуна толуп келген. Азыркы учурда  театр кызматкерлери «Дʏрпашша»  деген спектаклдин ʏстʏндɵ иштеп жатышат. Биздин чыгармачыл топ алдыда дагы Ч. Айтматовдун повесттеринин негизинде жазылган Кадырбек Калыковдун «Бɵтɵн бала» деген спектаклин чыгаруунун алдында турабыз.

-Канча адам эмгектенет?

-Быйыл Эл аралык экинчи «Ортеке» аттуу Казакстанда ɵткɵн фестивалга барып катышып,  жакшы ийгиликтерге жетишип, бир топ наамдарды алып келдик. Фестивалга театр эч кандай бийликтин жардамысыз ɵз кʏчʏбʏз менен 10 артистти алып бара алдык.  Ошондой эле эң башкысы биз ɵзʏбʏзгɵ кɵптɵгɵн кɵрʏʏчʏлɵрдʏ таба алдык  десем жаңылышпайм. Эмгек жамаатыбыз жɵнʏндɵ айта кетсем, бизде чыгармачыл топто бардыгы биригип 16 адам эмгектенет. Алардын жетɵɵсʏ атайын Ташкенттен куурчак театрын бʏтʏп келишкен. Калган кызматкерлерибиз да ар кандай искусство окуу жайларын аяктаган. Кызматкерлерибиздин алды  32 жылдан бери эмгектенгендери бар, арты 18, 19  жылдан бери иштеп келишет.

«Жаман пикир уккан эмеспиз»

-Жылына канча спектакль коюшуңуздар керек?

-Театрда жылына тɵрт спектакль коюлуш  керек. Буга  классикалык,  тарыхый, эпостордон жана заманбап спектаклдер кирет.  Куурчак ойнотуу ɵтɵ кыйынчылыкка  турат. Аны иштеп чыгуу   ʏчʏн дагы бир  топ эмгек талап кылынат. Анан ɵзʏңʏз билгендей эле жаш балдарды ишендирʏʏ  ɵтɵ эле кыйын нерсе. Ошондуктан бизде спектаклдер узак   убакыттын ичинде иштелип чыгат. Андан сырткары  ɵзʏбʏздʏн  сʏрɵтчʏлɵр бар. Алар каармандарыбызга ылайыктап образдарды жасашып,  ошого ылайык  кийим- кечелерди тигишет.  Биз кɵбʏнчɵ спектаклдердин тарбиялык маанисине  кɵңʏл бурабыз. Жомокторду Билим берʏʏ министрлигинен комиссия кɵрɵт. Комиссиядан ɵтсɵ, элге алып чыгабыз.  Улууну урматтап, кичʏʏнʏ сыйлоого, ата- энени урматтоого, жаратылышты  сʏйʏʏгɵ жана мекенди кɵздʏн карегиндей сактоого, жаныбарларды аёого  чакыра турган тарбиялык мааниси ɵтɵ кʏчтʏʏ,   патриоттуулукка багыттаган жомокторду тандап алабыз. Ошонун негизинде  мектеп окуучуларына тартуулап келебиз. Азыркы кʏнгɵ чейин эч кандай жаман пикир уккан  эмеспиз. Барган жерибизде ыраазы болушуп, келип тургула деп узатышат. Мектептин башталгыч класстары, бала бакчаларындагы тарбиялык сааттарда мугалим оозеки айткандан караганда биздин аткаруубузда  кɵргɵнʏ бир кыйла таасирдʏʏ болот.

«Акча чогултпагыла дейт»

-Биз бала кезде мектептерге куурчак театры жомок коюп барат эле, азыр да барасыздарбы?

-Биздин негизги кɵрʏʏчʏлɵрʏбʏз мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар болгондуктан мектептер менен иштешебиз. Азыр мектептерди уюштуруу деле ɵтɵ оорчулукка турат. Анткени мыйзамдар кʏндɵн кʏнгɵ кʏч алып жатат, акча топтоо жок, ата-энелерден  акча чогултпагыла дейт. Ошол ʏчʏн бизге билим берʏʏ башкармалыктары уруксат бербей кыйнайт. Ош областындагы  мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдарга жана жатак мектеп интернаттарына, балдар ʏйлɵрʏнɵ барып, кайрымдуулук катары бекер коюп, балдардын кɵңʏлʏн кɵтɵрʏп турабыз. Азыр кɵп учурда спектаклдердин  кыскача видео роликтерин  даярдап жɵнɵтɵбʏз. Ата-энелер балдарынын эмне кɵрʏп атканын кɵрсʏн  ʏчʏн.

Биздин негизги программа президенттин жарлыктары менен министрликтен келген буйруктарга жараша болот.  Замандын талабына жараша балдарды тарбиялоо багытында иш алып барабыз. Азыркы учурда биздин эң кɵйгɵйлʏʏ маселебиз — телефон. Баланы зыяндуу жактан бери тартып, пайдалуу нерселерди кɵрсɵтʏʏ керек да.  Жол коопсуздугу, жаратылыш кырсыктарынан сактануу боюнча кʏздɵ пьесаларды жазып,  жомокторду иштеп чыгып, аны балдарга тартуулайбыз деген  пландарыбыз турат.  Азыр балдардын кɵрʏʏсʏ, кызыгуусу абдан жакшы. Биз тез тез койсок бала ошончолук кызыгып кɵрɵт.  Бала ʏчʏн деп сʏйлɵп туруп бирок балага пайдалуу  нерсеге келгенде биз анча кɵңʏлдɵнбɵй, тетири буруп,  булар акча алып атат деп сɵз болуп кетет да. Биздин эсепке тʏшкɵн акчага кийинки жомок ʏчʏн жаңы куурчактарга керектʏʏ шаймандарды сатып алууга жумшайбыз. Азыр ɵзʏңɵр билгендей кымбатчылык заман.

“Театрдын бир бурчунда эле турабыз…”

-Тʏптɵлгɵнʏнɵ отуз жылдан ашыптыр, ɵзʏңʏздɵргɵ тиешелʏʏ имарат жок экен…

-Ооба, Куурчак театрынын ɵзʏнʏн имараты жок. Ошондуктан биз С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 3-кабатында, кичинекей бурчунда эле турабыз. Толук кандуу, кенен иш алып барууга шарт тʏзʏлɵ элек. Ишемби, жекшемби кʏндɵрʏ биз спектакль койгонго кээде шарт болот. Кɵпчʏлʏк учурда драма театрдын ɵздɵрʏнʏн иш-чараларынан бошобойт да. Ошондуктан биз ɵзʏбʏздʏ жакшы жарнамалай  албай жатабыз. Бийлик тарабынан кɵйгɵйлɵрдʏ  чечип беребиз деген сɵздɵрʏ бар. Кудай буюруп имараттуу  болуп калсак, мындан да жигердʏʏ иштейт элек.

Биздин чыгармачыл топ бир жакка спектакль коюп барарыбызда жарнамаларды илебиз. Фейсбук баракчабызга ар бир ишибизди жʏктɵп турабыз. Эки жылдан бери биз жергиликтʏʏ бийликтин, президенттин Оштогу ыйгарым укуктуу  ɵкʏлʏнʏн буйругу менен Ош облусун  аябай кыдырдык. Райондорду кыдырып бʏтɵйʏн деп  калдык. Райондорго  барарда жергиликтʏʏ бийликке кат жазып, каттын негизинде райондорго, ар бир мектепке барып, ɵздɵрʏ тандаган жомокту  коюп беребиз. Быйылкы жылы мектеп аяктап калганына байланыштуу сезонду  жаптык. Муну менен отуруп калбайбыз. Буюрса, аста-секин бала бакчаларга, каалоочуларга  коюп тура беребиз. Каникулда театрларга да уюштуруп кɵрɵбʏз.  Кɵрʏʏчʏлɵргɵ  дагы шарттарды  карайбыз. Буга чейин апрель айында Баткен облусуна барып, 3 кʏн Баткен шаарын тейлеп келдик. Ушул эле иш -чара менен Жалал-Абадга кʏздɵ баралы деп турабыз. Кʏчʏбʏз жетишинче райондоруна  чейин барууну  пландап  турабыз.

«Атаңа бар, энеңе бар деп отуруп араң коёбуз. Себеби, жетекчилер…»

-Гастролго чыгууда кандай кыйынчылыктарга туш болосуздар?

-Башка жакка барарда ошол облустун ыйгарым  укуктуу ɵкʏлʏнɵ кат жолдойбуз. Уруксат берсе, райондордун акимдеринен анан билим берʏʏ башкармалыгына барып, уруксат беришсе мектепке барабыз. Жомокторду коюу абдан кыйынчылыкка турат. Барсаң эле дароо ала койбойт. Кой дейт. Чоң адамдар муну тʏшʏнбɵйт да. Бала кɵрʏш керек, театр эмне экенин,  маданият  эмне экенин кɵрсʏн, аң-сезими ɵссʏн деп айтабыз. Кээ бир тʏшʏнбɵгɵн жетекчилер болот. «Башты оорутпай жɵн эле койчу» дегендер болот. Жогоруда айткандай бизге да ар кандай тапшырмалар келет. Президенттин жарлыктарын  аткарышыбыз  керек. Ушундай кыйынчылыкка карабастан барып коюп келебиз. Билим берʏʏ министрине кат жазсаң, алар жергиликтʏʏ  билим берʏʏ башкармалыгына кайрыл дейт. Ага барсаң, билим берʏʏ министрлигинен кат алып кел дейт. Атаңа бар, энеңе бар деп отуруп зорго коёбуз чынында. Ыйгарым укуктуу ɵкʏлдɵр аркылуу барып, тʏшʏндʏрɵбʏз. Ɵтɵ оорчулукка  турат. Ошентсе дагы иштеп келатабыз. Азыр мурункуга  караганда жетекчилер тʏшʏнʏʏ менен кабыл алып калган. Кээ бир илгертен  бери отуруп калган жетекчилер ɵзʏнʏн позициясын  бербейт. Киргизбейт. Ар кандай жетекчилерге  жолугабыз. Биздин балдарга ушул керек деп ɵздɵрʏ кошулуп ʏгʏттɵɵ иштерин жʏргʏзʏп бергендер болот. Ар жетекчи ɵзʏнʏн аң-сезимине жараша кабыл алат. Кандай болсо да биз ɵз ишибизди аткарып келебиз. Биздин максат тʏштʏк жергесин  толук тейлɵɵ. Балдарга тарбиялык мааниси терең жомокторду кɵрсɵтʏʏ.

Куурчак театры башкалардан айырмасы, алды жакты тосуп алып, куурчакка жан берʏʏ. Бул ɵтɵ оор. Ага караганда ɵзʏң сахнага чыгып образ  жараткан, ар бир сɵзʏн ɵзʏнʏн кыймылы менен иштеген жеңилирээк. Куурчак театрында ар бир куурчакты  кɵтɵрʏп алып, ар бир кыймылын, ар бир деталын иштеп чыгыш биз ʏчʏн ɵтɵ чоң мээнетти, чоң талантты талап кылат.

Негизги кɵйгɵйʏбʏз  кадрдын  жетишпегендиги.  Кыргызстанда куурчак театрына даярдай турган адистиктин  жоктугу. Актёрлордун  жоктугу бизди кыйла аксатат.  Бизде буга чейин иштеп келген агай-эжелерибиз  жашы 50дɵн ɵтʏп калса дагы, ден соолугуна, буга чейин айлык аздыгына карабай  иштеп  келгендери ʏчʏн рахмат. Президенттин буйругу менен айлыгыбыз  кɵбɵйʏп калды. Актерлор ошого сʏйʏнʏп, шыктанып иш алып барып жатышат. Ушул жерден пайдаланып чыгармачыл топко, куурчак театрында иштеген бардык жамаатка ыраазычылык билдирем. Оорудум, кыйналдым, айлыгым аз дебестен, ооруганын билдирбестен  балдар ʏчʏн барып ойноп, балдар ʏчʏн ɵмʏрʏн арнап келатышат. Дагы да иштешет буюрса. Алдыда коё турган жомокторубуз  кɵп. Кʏжʏрмɵн эмгектин арты менен кɵптɵгɵн кɵрʏʏчʏлɵрдʏ  багынтабыз. Кыргызстандын  бардык аймактарына,  борборго барууга аракет кылып атабыз. Ушундай дем-кʏч менен Кыргызстанды тʏрɵ кыдырып коюп келерибизге ишенем.

Бʏкалча Маматали кызы