27 апреля, 2024

ААЛАМДЫН АКЫЛДУУ БАЛДАРЫ

Балдар акылы менен дʏйнɵнʏ таң калтырышат. Ооба, айрыкча вундеркинд балдар ааламды таң калтырары анык. 5 жашында тɵрт тилде сʏйлɵгɵн же 1,5 жашында гезит окуган, 15 жашында илимдин доктору болгон балдарды угуп, таң калбай койбойсуз. 1-июнь – Балдарды коргоо кʏнʏнɵ карата дʏйнɵдɵгʏ ɵзгɵчɵ акылы, жɵндɵмʏ менен башкалардан айырмаланган вундеркинд балдарды назарыңыздарга сунабыз. Ким билет, балким сиздин балаңызда да мындай жɵндɵмдɵр бар!

УНИВЕРСИТЕТТИ АЛТЫ ЖАШЫНДА АЯКТАГАН

Ɵзгɵчɵ бала Ким Унг-Йонг 1962-жылы Кореяда жарык дʏйнɵгɵ келген. Баланын акыл эсинин IQ коэффиценти 210 жогорку деңгээлин тʏзʏп, кɵпчʏлʏктʏ таң калтырган. Ал 5 жашында тɵрт тилде сʏйлɵй билип, эң кыйын делген математикалык кɵнʏгʏʏнʏ чыгара алган. Hanyang университетин вундеркинд 6 жашында аяктап, америкалык НАСА компаниясынан иштɵɵгɵ сунуш тʏшкɵн. Ал эми 15 жашка толгондо Ким физика илиминин доктору даражасына ээ болуп, АКШдагы эң алдыңкы Colorado State University окуу жайынын профессору болууга жетишкен. Мындай артыкчылыктары менен ал 2012-жылы дʏйнɵдɵгʏ эң акылдуу он адамдын катарына кирген.

40 ТИЛДЕ СYЙЛƟЙ АЛГАН УИЛЬЯМ

Дʏйнɵдɵгʏ эң акылдуу балдардын катарын 20-кылымдын башында белгилʏʏ болгон  Уильям Жеймс Сидис да толуктайт. Анын IQ коэффиценти 250дɵн баштап 300 чейинки кɵрсɵткʏчтʏ тʏзгɵн. Ал АКШнын Бостон шаарында жашаган эң таланттуу бала катары таанымал. Бир жарым жашында «Нью-Йорк Таймс» гезитин окуп, 6-8 жашында 4 китеп жазган.

Кичинекей Уильям мектеп жашына келгенде 1-классты 1 кʏндɵ, 2-классты 3 кʏндɵ, 3-классты 3 айда, 4-классты бир жумада бʏтʏргɵн. Натыйжада бала 7 жылдык билимин бир жылга жетпеген убакытта окуп, ɵзʏнɵ сиңире алган. 8 жашында сегиз тилде эркин сʏйлɵп, ɵмʏрʏнʏн аягына чейин 40 тилди ɵздɵштʏргɵн. Ошондой эле “Vendergood” аталышындагы ɵзʏнʏн жеке тилин да ойлоп тапкан. 9 жашында Гарвард университетине кабыл алынып, бирок жетекчилик эмоционалдык жактан жетиле электигинен окууга мʏмкʏн эмес деп эсептеген. Ошентип, ал 11 жашында Гарвардда окуусун баштаган жана тарыхтагы эң жаш студент болуп калган. Кɵп ɵтпɵй ал жерде кɵптɵгɵн профессорлор ʏчʏн лекция окууну колго алган.

16 ЖАШЫНДА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫ АЯКТАГАН ПРОФЕССОР

Ал эми жаш вундеркинддердин катарында 1991-жылы тɵрɵлгɵн Микаэла Айрин Фудолиг бар. Микаэла 11 жашында Филиппин университетине тапшырып, 16 жашында артыкчылык диплому менен аяктап, физика илимдеринин бакалавры наамын алган. Учурда философия илимдеринин доктору жана ошол эле университеттин профессору болуп эмгектенет.

7 ЖАШТА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАН

Кɵпчʏлʏктʏ таң калтырган Акрит Йасуал 10 айлык кезинде эле басып, сʏйлɵй баштаган. 2 жашында окуганды жана жазганды ɵздɵштʏрʏп, 4 жашында химия жана физика боюнча олуттуу илимий эмгектерди окуган. Ал алгачкы операциясын 7 жашында жасаган. Анда кʏйʏктɵн колунун манжалары кыймылдабай калган кошуна кызга операция жасап, операциядан кийин кыздын колу иштей баштаган. Жаш медициналык гений 12 жашында медициналык колледжге кабыл алынып, окуусун ийгиликтʏʏ аяктаган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 30 жаштагы индиялык хирург ракка каршы дары табууга белсенип жаткан учуру.

Акрит IQ тестинин жыйынтыгы боюнча Индиянын эң акылдуу тургуну деп таанылган, анын IQ деңгээли 146ны тʏзгɵн.

11 ЖАШЫНДА ШАХМАТ ЧЕБЕРЛЕРИН ЖЕҢГЕН ШАХМАТЧЫ

Самуэль Решевский чоң мастерлерди оңой жеңген жаш шахмат генийи. Ал 1911-жылы Россия империясында туулган. Тɵрт жашында шахмат ойногонду ʏйрɵнʏп, кɵп ɵтпɵй ата-энеси сыймыктана турган натыйжаларды кɵрсɵткɵн. Сегиз жашында Францияда чоңдор менен бир убакта бир нече сеанс ɵткɵрʏп, бардык атаандаштарын жеңе алган.

1920-жылы анын ата-энеси Америка Кошмо Штаттарына кɵчʏп барып, уулунун талантын колдонууну чечишкен. Решевский Американы кыдырып, шахмат мелдештерине катышып, улуу атаандаштарын дайыма жеңип турган. 1922-жылы он бир жаштагы Решевский Нью-Йоркто ɵткɵн шахмат чеберлеринин мелдешине катышып, экинчи орунду ээлеген. Бирок, ал шахмат боюнча карьерасын ийгиликтʏʏ алып кете алган эмес. Себеби шахматка алаксып жʏрʏп, мектепке барбай койгондугу мыйзам чегинде ата-энесин убайга салган. Ошентип, ал андан кийинки жети жылында шахматтан четтеп кеткен. Окууну бʏткɵн соң дароо шахмат боюнча АКШнын ачык чемпионатына катышып, жеңип чыккан. Бирок, ал эч качан профессионал боло алган эмес. Ɵмʏрʏнʏн аягына чейин катардагы эсепчи болуп иштеп, маал-маалы менен турнирлерге катышып жʏргɵн. Анын акыркы жеңиши 72 жашында болгон.