28 марта, 2024

Биз менен дʏйнɵнʏн эшигин ач!

ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобековдун абитуриенттерге кайрылуусу:

Кымбаттуу абитуриент!

Бʏгʏн силер билим, тарбия берип турмуштун узак жолуна аттантып жаткан мектебиңерге ыраазычылык айтып, колуңарга орто мектептин бʏтʏрʏʏ аттестатын алуу алдында турасыңар.

Жашооңордун жаңы барагы ачылып, ɵлкɵмдʏн намысына жарасам, ата-энемдин аруу тилегин, мʏдɵɵсʏн аткарсам, эң негизгиси жʏрɵгʏмдɵгʏ бɵпɵлɵп келген таттуу кыялдарымды ишке ашырсам деп турган чагыңар.

Азыр ар бириңер университеттердин аброюн, билим берʏʏ деңгээлин, илимий потенциалын, сапаттык салмагын, эл аралык беделин, студенттик кʏндɵрдʏ мазмундуу жана маңыздуу ɵткɵрʏʏ ʏчʏн тʏзʏлгɵн шарттарын карап, терең ойлонуп жаткан кезиңер.

Эгерде жʏрɵгʏңɵрдʏн тʏпкʏрʏндɵ келечек муундарга татыктуу тарбия жана билим берген педагог болууну каалап турсаңар, ɵмʏр сакчысы болууну эңсеп жатсаңар, элдин укугун коргогон юрист болгуңар келсе, ыйман жолуна ʏндɵгɵн теолог болууга ниет кылып жатсаңар, экономиканы кɵтɵргɵн финансист, экономист же бизнесмен болгуңар келсе, заманбап IT адис, компьютердин тилин билген кесипкɵй инсан болууну самасаңар, ɵлкɵ желегин желбиреткен спортчу болууга, кыргыз элинин улуттук маданиятын дʏйнɵгɵ тааныткан искусство адамы болууну эңсеп жʏрсɵңɵр, мамлекеттер арасында достукта кɵпʏрɵ болууну каалап англис, француз, немис, араб, кытай, корей, япон тилдерин ɵздɵштʏрʏп дипломат, тилчи мугалим, котормочу болууну кааласаңар, ɵлкɵбʏздʏн энергетикалык булагын ɵнʏктʏргɵн адис болууну кыялданып жатсаңар, акылмандуулукка умтулган философ, башкаруучу болгуңар келсе же жɵн эле ак ниет менен элибизге кызмат кылган жакшы адам, татыктуу адис болууну кааласаңар, анда билим берʏʏнʏн алтын уясы болгон Ош мамлекеттик университетин тандагыла.            Биздин окуу жайда гана Жаштар бизнес паркы аркылуу студент болуп туруп, талантына жана билимиңе тирек болгон кошумча билим алып, эң мыкты долбоорлорду алып чыгып, бизнестеги алгачкы чыйырыңды салууга болот! Чыныгы билим алууга дилгирленгендерге, таланттуу жана жɵндɵмдʏʏлɵргɵ, мыкты адис болууну эңсегендерге, жакшы адам болууга умтулган улан-кыздарга Ош мамлекеттик университетинин билим эшиги дайыма ачык.

ОшМУда гана эң мыкты билим алган 10 студент жылына 1,200 $ ɵлчɵмʏндɵ “Атуулдук стипендия” алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Ар бир окуу жылынын аягында ТОП 20га кирген студенттерибизге жылына 10 000 сомдон стипендия да ыйгарабыз.

Евразиядагы эң мыкты 3 университеттин катарына кирген Ош мамлекеттик университетине куш келгиле!

Урматтуу абитуриент! Биздин окуу жай кʏн санап ɵнʏгʏʏ жолунда баратат. Кел, оку, ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏʏсʏнɵ салымыңды кош! Бардыгы сенин колуңда экенин унутпа!

Ош мамлекеттик университети 2023-2024-окуу жылына тɵмɵнкʏ багыттар/адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт:

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

550300. Филологиялык билим берʏʏ: (негизги тест, кыргыз тили жана адабияты)

— Кыргыз тили жана адабияты;

— Ɵзбек тили жана адабияты;

— Окутуу кыргыз тилинде жʏргʏзʏлбɵгɵн билим берʏʏ мекемелериндеги мамлекеттик тил;

530600. Журналистика (негизги тест, тарых же англис тили)

— Мультимедиалык журналистика;

— IT жана мобилдик журналистика;

— Масс-медиа жана полингвизм.

ОРУС ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

550300. Филологиялык билим берʏʏ: (негизги тест, орус тили жана адабияты)

— Орус тили жана адабияты.

531100 Лингвистика (негизги тест)

— Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы.

ДYЙНƟЛYК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИ

550300. Филологиялык билим берʏʏ: (негизги тест, англис тили)

— Англис тили

— Немис тили

— Корей тили

531100 Лингвистика (негизги тест, англис тили)

— Котормо жана котормо таануу;

ПЕДАГОГИКА ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

550700. Педагогика: (негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты)

— Башталгыч билим берʏʏнʏн педагогикасы жана методикасы;

— Мектепке чейинки билим берʏʏнʏн педагогикасы жана методикасы.

530300. Психология (негизги тест)

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

532000. Дене тарбия (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)

ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИ

550600. Кɵркɵм билим берʏʏ: (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)

Музыкалык искусство; Кɵркɵм ɵнɵр искусствосу.

570012. Эстраданын музыкалык ɵнɵрʏ (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)

570400. Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)

570700. Костюм жана текстиль искусствосу (негизги тест, жɵндɵмдʏʏлʏгʏн сыноо)

570014. Актердук ɵнɵр (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)

570015. Режиссура-Кино, ТВ (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)

570006. Кинооператорлук-Кино, ТВ (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)

ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ИШТЕР ФАКУЛЬТЕТИ

550400. Социалдык-экономикалык билим берʏʏ — Тарых (негизги тест, тарых)

540200. Социалдык иш (негизги тест)

570600. Китепкана таануу жана документ жʏргʏзʏʏ: Башкарууну документтик камсыздоо (негизги тест)

ЮРИДИКА ФАКУЛЬТЕТИ

530500. Юриспруденция (негизги тест, тарых)

532200. Укук коргоо иши (негизги тест)

530002. Сот экспертизасы (негизги тест)

530004. Бажы иши (негизги тест, математика)

ТАБИЯТ ТААНУУ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

550100. Табигый-илимий билим берʏʏ (Биология, Химия, География) (негизги тест, химия же биология профилине жараша)

520200. Биология (негизги тест, биология же химия)

520100. Химия (негизги тест, химия же биология)

— Химиялык-экологиялык, криминалистикалык экспертиза

520400. География (негизги тест)

600200. Туризм (негизги тест, тарых же англис тили)

610001. Ветеринария (негизги тест)

610200. Агрономия (негизги тест)

620001. Колдонмо геодезия (негизги тест)

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

550200. Физика-математикалык билим берʏʏ:

(негизги тест, математика же физика)

— Математика;- Информатика.

510100 Математика (негизги тест, математика же физика)

510200 Колдонмо математика жана информатика (негизги тест, математика же физика)

710300. Колдонмо информатика: (негизги тест, математика же физика)

— Экономикадагы колдонмо информатика;

— Архитектурадагы колдонмо информатика;

— Бизнес-процесстерди жана финансыны автоматташтырылган башкаруу.

710100. Информатика жана эсептɵɵ техникасы: (негизги тест, математика же физика)

— Эсептɵɵ техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС);

— Информацияны иштетʏʏнʏн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (АСОИУ).

710200. Информациялык системалар жана технологиялар:

(негизги тест, математика же физика)

— Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар.

590100. Маалыматтык коопсуздук (негизги тест, математика же физика)

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (негизги тест)

510700. Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо (негизги тест, математика же физика)

710400. Программалык инженерия: (негизги тест, математика же физика)

— Веб-технологиялар жана мобилдик системаларды программалык камсыздоо

570400. Дизайн: графикалык дизайн (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)

ФИЗИКА – ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИ

550200. Физика-математикалык билим берʏʏ — Физика

(негизги тест, математика же физика)

510400. Физика (негизги тест, физика же математика)

640200. Электроэнергетика жана электротехника — Электр менен камсыздоо.

(негизги тест, физика же математика)

610300. Агроинженерия (негизги тест)

750100. Архитектура (негизги тест, чыгармачылыгын сыноо)

710400. Программалык инженерия: (негизги тест, математика же физика)

— Электромобилдер жана роботтук техникалык системаларды автоматтык башкаруу ʏчʏн программаларды иштеп чыгуу

700800. Техникалык физика: (негизги тест, математика же физика)

— Медициналык физика;

— Криминалистикалык экспертизанын физикалык методдору.

Эмгек жана жалпы техникалык дисциплиналар (негизги тест)

БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ

580100. Экономика (негизги тест, математика):

— Финансы жана кредит;

— Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

— Ишканалардын экономикасы жана башкаруу;

— Салык жана салык салуу;

— Экономикадагы математикалык методдор.

580200. Менеджмент (негизги тест, математика):

Менеджмент; Уюмдун менеджменти; Персоналды башкаруу.

580500. Бизнес информатика (негизги тест, математика)

580700. Бизнес жана башкаруу (негизги тест, математика)

580900. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (негизги тест, тарых)

581000. Маркетинг (негизги тест, математика)

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИ

530800. Эл аралык мамилелер (негизги тест, англис тили же тарых)

530200. Саясат таануу (негизги тест)

ЧЫГЫШ ТААНУУ ИНСТИТУТУ

530900. Чыгыш таануу, африка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)

Конфликтология (негизги тест)

531100. Лингвистика: Котормо жана котормо таануу (корей, араб, фарс, япон тилдери);

ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРʏʏ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ

РОССИЯЛЫК ЖАНА ЕВРАЗИЯЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БƟЛYМY

531500. Аймак таануу: Чыгыш Азия (негизги тест, англис тили же тарых)

Россия менен кош дипломдуу программа;

Башталгыч билим берʏʏ. Англис тили (негизги тест)

Россия менен кош дипломдуу программа;

Математика жана компьютердик илимдер: Инженердик жана технологиялык долбоорлоодо компьютердик моделдɵɵ (негизги тест)

Россия менен кош дипломдуу программа;

Эл аралык мамилелердеги санариптик дипломатия. (негизги тест)

Россия менен кош дипломдуу программа;

ТYРК ТИЛДYY МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ИНТЕГРАЦИЯ БƟЛYМY

710400. Программалык инженерия (негизги тест, математика же физика)

710500. Интернет технологиялар жана башкаруу (негизги тест, математика же физика)

580100. Экономика: Дʏйнɵлʏк экономика (негизги тест, математика):

600200. Туризм: (негизги тест, тарых же англис тили)

— Туризм менеджменти жана мейманкана иши;

— Эл аралык туризм.

ЕВРОПАЛЫК ЖАНА АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БƟЛYМY

531800 Европа таануу (негизги тест, англис тили же тарых)

580700. Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес (негизги тест, математика)

530500. Юриспруденция: Эл аралык жана европалык укук (негизги тест, тарых)

Англис тили кошумча котормо жана котормо таануу профили менен (негизги тест)

Англис тили кошумча компьютердик лингвистика профили менен (негизги тест)

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ

532300. Кытай таануу (негизги тест)

531100. Лингвистика: Котормо жана котормо таануу (негизги тест)

531000. Филология: (негизги тест)

— Филологиялык дисциплиналарды окутуунун методикасы (Англис тили);

— Филологиялык дисциплиналарды окутуунун методикасы (Кытай тили).

710400. Программалык инженерия: (негизги тест, математика же физика)

— Информатика жана технология; — Электрондук маалымат инженериясы.

МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ

560001. Дарылоо иши (негизги тест, химия, биология)

560002. Педиатрия (негизги тест, химия, биология)

560003. Медициналык алдын алуу иши (негизги тест, химия, биология)

560004. Стоматология (негизги тест, химия, биология)

560005. Фармация (негизги тест, химия, биология)

560006. Медициналык айым иши (кечки)

ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ

Дарылоо иши (чет элдик жарандар ʏчʏн)

ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

531600. Теология (негизги тест)

АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК ИНСТИТУТУ

531600. Теология (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРYYЧY АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050717 Теология

IT АКАДЕМИЯ

WEB–технология – окуу мɵɵнɵтʏ 1 жыл

Локалдык тармактар администратору – окуу мɵɵнɵтʏ 1 жыл

Программалоо курстары – окуу мɵɵнɵтʏ 3 ай

Робототехника – окуу мɵɵнɵтʏ 3 ай

МАГИСТРАТУРА

Окуу мɵɵнɵтʏ – 2 жыл;

510100 Математика

510200 Колдонмо математика жана информатика

510400 Физика

520100 Химия

520200 Биология

530200 Саясат таануу

530300 Психология

530500 Юриспруденция

530800 Эл аралык мамилелер

530900 Чыгыш таануу, африка таануу

531000 Филология

531100 Лингвистика

531500 Аймак таануу

531600 Теология

532000 Дене тарбия жана спорт

532300 Кытай таануу

540200 Социалдык иш

550100 Табигый-илимий билим берʏʏ

550200 Физика-математикалык билим берʏʏ (Математика, Физика, Информатика)

550300 Филологиялык билим берʏʏ (Кыргыз тили ж-а адабияты; Орус тили ж-а адабияты; Чет тили;)

550400 Социалдык-экономикалык билим берʏʏ (Тарых)

550600 Кɵркɵм билим берʏʏ (Музыкалык искусство; Кɵркɵм ɵнɵр искусствосу)

550700 Педагогика

560100 Коомдук саламаттыкты сактоо

570700 Костюм жана текстиль искусствосу

580100 Экономика

580200 Менеджмент

580700 Бизнес жана башкаруу

581000 Маркетинг

600200 Туризм

640200 Электроэнергетика жана электротехника

710100 Информатика жана эсептɵɵ техникасы

710200 Информациялык системалар жана технологиялар

710300 Колдонмо информатика

Билим берʏʏнʏн менеджменти

Медициналык колледж

(11-класстын базасында)

060102. Акушердик иш 2 жыл 10 ай

060109. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай

060101. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай

060106. Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай

060107. Профилактикалык стоматология    2 жыл 10 ай

060108. Фармация 2 жыл 10 ай

060110. Лабораториялык диагностика 2 жыл 10 ай

Ɵзгɵн эл аралык медициналык колледжи

(11-класстын базасында)

060102. Акушердик иш 2 жыл 10 ай

060109. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай

060101. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай

060106. Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай

060107. Профилактикалык стоматология    2 жыл 10 ай

060108. Фармация 2 жыл 10 ай

060113. Физикалык терапия (9, 11-кл.баз.) 1,2 жыл 10 ай

Финансы – юридикалык колледж

Окуу мɵɵнɵтʏ: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

030503. Укук таануу

030505. Укук коргоо ишмердʏʏлʏгʏ

080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп

080106. Финансы

080107. Салык жана салык салуу

080108. Банк иши

050717 Теология

Индустриалдык-педагогикалык колледж

Окуу мɵɵнɵтʏ: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

050709 Башталгыч класстарда окутуу;

050704 Мектепке чейинки билим берʏʏ;

050721 Дене тарбия;

230109. Эсептɵɵ техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС);

070602 Дизайн;

260903. Тигʏʏ буюмдарын конструкциялоо, моделдештирʏʏ жана технологиясы

040101. Социалдык иш.

040104. Социалдык патронаж.

032002. Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жʏргʏзʏʏ

Эл аралык билим берʏʏ программалары колледжи

Окуу мɵɵнɵтʏ: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

050303. Чет тили

050720 Котормо иши (англис, немис, корей, япон, араб, тʏрк, кытай)

STEM инновациялык колледжи

Окуу мɵɵнɵтʏ: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

140212. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)

190604. Автомобиль унааларын техникалык тейлɵɵ жана оңдоо

190503. Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо

200403 Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлɵɵ жана монтаждоо

230110. Эсептɵɵ техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлɵɵ;

230701. Колдонмо информатика (экономика аймагында);

220206. Информацияны иштетʏʏнʏн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары;

111801. Ветеринария

100201. Туризм

120101. Колдонмо геодезия

“АДИС” окуу борбору

(окуу курстарынын мɵɵнɵтʏ 1-5 ай)

• Компьютердик курстар (Web-программалоо, оператор, компьютердик графика, видеомонтаж);

• Тил курстары (англис, кытай, орус, араб, фарс, тʏрк, корей, немец тилдери);

• Экономика боюнча курстар (Бизнести долбоорлоо, 1С Бухгалтерия 8.2, Бухгалтердик эсеп, Салык, Финансылык эсеп, Мамлекеттик сатуу жана сатып алуулар);

• Психология;

• Музыкалык сабаттуулук курстары (комуз, гитара, аккордеон, фортепиано);

• Кулинария (Ашпозчу-кулинар, бармен, официант);

• Кийимдерди долбоорлоо жана конструкциялоо. Элиталык пардаларды тигʏʏ;

• Уюлдук телефондорду техникалык кароо, ремонттоо;

• Декоративдик колдонмо искусство;

Жалпы республикалык тестке даярдоо

• негизги тест (математика, кыргыз тили же орус тили)

• медицина багыты(математика, кыргыз тили же орус тили, кошумча химия, биология)