26 апреля, 2024

“Мен жер бетине жашоодон ырахат алуу ʏчʏн келген адаммын”

Сезим — адамдын дʏйнɵгɵ жана ɵзʏнɵ жасаган мамилесинин ɵзгɵчɵ чагылышы. Алардын ичинен ырахат алуу сезими ɵзгɵчɵ кызык болду. Бир кийимди кийип, жыртып,  жараксыз болгондо аны жокко чыгарып, калган кийим-кечеңди жыйнап коюу ʏй тазалап чыккандай эле ырахат тартуулайт.  А сиз эмнеден ырахат аларыңыз  жɵнʏндɵ ойлондуңуз беле?

•  Эгерде биз жашоодон ырахат алууну кааласак, анда эртең же кийинки жылы эмес, убакыт келди.  (Томас Драйер)

• Кээде жашоодон кандайча ырахат алууну билʏʏдɵн мурун, таштын тʏбʏнɵ урунушубуз керек. (Майкл Палмер)

• Мен чындыгында абдан оптимистмин жана абдан позитивдʏʏ адаммын. Менин негизги максатым — жашоодон ырахат алуу. Аны майрамдагыла. (Люк Брайан)

• Мен апамдын мен ʏчʏн болгон пайызынын 10 пайызы болом деп гана ʏмʏттɵнɵм. Ал мени коопсуз болуп, жашоодон ырахат алууга ʏндɵдʏ. Мен балама ушуну каалайм. (Шарлиз Терон)

• Мен жер бетине жашоодон ырахат алуу ʏчʏн келген адаммын. Кудай каалаган нерсесин берсин. Мен ʏчʏн жашоодон ырахат алуу кадимки нерсе. (Мохамед Аль-Файед)

•  Эгерде сиз ийгиликке жете албай жатсаңыз, жок дегенде ɵзʏңʏзгɵ жаккан нерсени жасаңыз. (Сильвестр Сталлоне)

• Жашоодон ырахат алуу керек. Ар дайым сизге жаккан, жагымдуу маектешкен адамдардын курчоосунда болуңуз. Ойлоно турган оң нерселер кɵп. (София Лорен)

• Жашоодон ырахат алыңыз. Бул репетиция эмес. (Фридрих Ницше)

• Жашоодон ырахат алыңыз, анын жарактуулук мɵɵнɵтʏ бар. (Зейн Малик)

Зинакан Пасанова, жазуучу:

«Сɵз менен иштɵɵ ырахат тартуулайт»

-Бʏкалча, адам ɵзʏнɵ жаккан ишти жасаганда гана ырахат алса керек. Мага жага турган иштерим кɵп: кɵркɵм чыгарма жазып жатканымда жайнаган сɵздɵрдʏн ичинен эң керектʏʏсʏн, кɵркɵмдʏʏсʏн, оюмду так бере турган маанилʏʏсʏн издɵɵ, башкача айтканда сɵз менен иштɵɵ ырахат тартуулайт.

 Экинчиден, гʏл ɵстʏрʏʏнʏ жакшы кɵрɵм. Жазында жер тырмалап, топурагын жаңылап, гʏл кɵчɵтʏн тандап олтургузуп, кʏнʏгɵ карап, сугарып, ийилгенин тʏздɵп, соолуганын дарылап баккан гʏлдɵрʏм гʏл ача баштаганда аябай ырахат тартуулайт. Балдарым ʏчʏн даамдуу тамак бышыруу да мен ʏчʏн жыргалдуу мʏнɵттɵр болот.  Алар ʏчʏн тамакты сʏйʏʏ менен жасайм. Жакшы адамдар менен маектешʏʏ да мага жагымдуу болот.

Тʏмɵнбай Колдошов, обончу:

«Ырахатты сезʏʏ маанилʏʏ»

-Адамдардын арасында ырахат алууну билгендер бар, билбегендер бар. Кɵп учурда тиричилик менен алпурушуп жʏрʏп ɵзʏбʏзгɵ анализ жасабайбыз. Ырахатты эс алганда сезет киши. Бир чоң максаты ишке ашканда ырахаттанат. Болгону ырахатты сезʏʏ маанилʏʏ деп ойлойм.

Капар Момуналиев, мугалим:

«Ырахаттануу – жан дʏйнɵнʏн каалоосун канааттандыруу»

-«Ырахат алуу» бул субьективдʏʏ тʏшʏнʏк, тагыраак айтканда, ар бир адам ɵз алдынча жеке тʏшʏнʏк, дʏйнɵ тааным, ой жʏгʏртʏʏ кабыл алуу, сезʏʏ-туюу жана баалуулуктарды  кантип тааный билгендигине, кызыкчылыктарга байланыштуу. Бул адамдын ɵз иш-аракетине, ошол учурдагы эмоционалдык абалына канааттангандыктын белгиси. Дагы тереңдесек, бул жан дʏйнɵнʏн каалоосун канааттандыруу. Айрым адамдар алдына эбегейсиз чоң максаттарды, пландарды коюп алып, ошону жʏзɵгɵ ашырмайынча, айланасына кɵз чаптырбай, бир гана ошол чекитке концентрация алып, эки жагын фокустан сырткары калтырат. Ал эми башкалары болсо, майда нерселерге да кылдат кɵңʏл буруп, кичинекей нерселерге ыраазы болуп, ирмем сайын жашоонун ырахатын татып жашоонун ʏстʏндɵ болушат. Бул — туура. Адам дʏйнɵсʏ бир чоң нерседен эмес, кɵп майда нерселерден куралганда кооз болот. ʏй салганда деле жалгыз цемент менен тургузуп коюу мʏмкʏн эмес го акыры.  Балким, кɵпчʏлʏккɵ арзыбагандай туюлар, бирок андай эмес. Маселен, эрте таңдан ойгонуп, муздак абадан кɵкʏрɵк толтура дем алуу, муздак сууну кочушуң толтура сузуп, жʏз чайкоо, тоо артынан кызарып чыгып келе жаткан кʏндʏ колуңдагы жыты каңылжаарды жара кɵбʏктɵнгɵн кофе даамын татканча тосуу ырахат го. Жашоонун ырахатын сезʏʏ ʏчʏн сɵзсʏз эле Дубайдын беш жылдыздуу мейманканасында  же Мальдивдин кумдуу жээктеринде болуу керек деген тʏшʏнʏк акылга сыйбаган тʏшʏнʏк деп айтсам болмок, бирок башында айтканымдай, бул ар бир адам ɵз алдынча кабыл алчу субьективдʏʏ тʏшʏнʏк. Андыктан ар кимдин тандоосу баалуу. Же болбосо, наабайканага жɵɵ басып барып, тандырдан жаңы ʏзгɵн жыты буркурап, адамды кол булгап ɵзʏнɵ чакырган кыпкызыл жумшак нанды ошол жерден сындырып жеп кɵрʏп, кичинекейиңде таенең казандан чыгарып эле колуңа карматкан нанын элестетʏʏчʏ… Ыммм! Болбосо, мен — мугалиммин. Сабагым окуучуларыма болуп кɵрбɵгɵндɵй шаңдуу маанай тартуулап, баары миң ирет рахмат айтып чыгып кетишти. Жʏздɵрʏндɵ жылмаюу, кɵздɵрʏндɵ нур. Ырахат! Же эки уулум кайсы бир даамды жегилери келди. Алып бердим. Ушунчалык берилип тамактанып жатышат. Аларды карап олтуруунун ɵзʏчʏ. Айтор, айта берсек, сɵздʏн аягы жок. Ар бир баскан кадамыбыз ырахат. Биз болгону адамдарга таандык ɵз учурунда баалай албай калуу сапатынын ээсибиз, ошондуктан эч нерсеге ыраазы болбой, кейинип-ноюнуп жашагандан башка амалыбыз жок калат.

Элиза Кочкор кызы, теле алып баруучу:

«Жакшылык кылуудан кийинки ырахат да жагымдуу»

— Эң биринчи сʏйгɵн ишиң менен алектенгенде ырахат аласың. Жумушуң ɵзʏңɵ жакса, берилип, майын чыгарып жасайсың. Жан дʏйнɵң кубанат. Кɵзʏң жайнайт. Мисалы, мен алып баруучу болуп эмгектенгендиктен, чоң сахналарда иш-чараларды алып барып, ийгиликтʏʏ жыйынтыктаганда, тʏз эфирдеги берʏʏлɵрʏбʏз кɵрɵрман, угармандардын купулуна толуп, жылуу пикирлерин билдиришкенде кадимкидей ырахат алам. Ага чейин тʏмɵн тʏйшʏктɵрдʏн баары унутулат. Тренинг ɵткɵндɵ, сен ʏйрɵтʏп, окутуп жаткан студенттериңдин ийгилигин кɵргɵндɵ кубанасың. Канчалык кыйынчылык болсо да, бирок ошол иштин натыйжасы оң болсо, кадимкидей ырахат аласың.

Анан дагы менин жеке пикиримде бардык адамдарда ушул сезим болсо керек. Бул — жакшылык кылуудан кийинки ырахат алуу. Сен башкалар ʏчʏн колуңдан келген жакшылыгыңды жасасаң, алардын кубанганын кɵрʏп сен да бактылуу боло тʏшɵсʏң. Бул да кылган ишиңден ырахат алуу. Китепке жакынмын.  Китеп окуганда да ырахат алам. Берилип, ичине сʏңгʏп кирип кетем. Алган маалыматтарды башкалар менен бɵлʏшʏʏгɵ шашам.Мындан сырткары ʏй тазалап болгондон кийинки ырахат ар бир аялзатына жакса керек. Кыскасы ɵзʏңɵ жаккан, жан дʏйнɵң менен каалаган жумушту жаса, ырахат ал, жаша! Чоң ийгилик ошонун артынан эле ɵзʏ келет.

 Бʏкалча Маматали кызы