29 марта, 2024

КОЁ БЕРИЛГЕН МYМКYНЧYЛYКТƟРДYН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ

Экс-президент Аскар Акаевдин пландалган ʏч лекциясы тең токтотулду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Билим берʏʏ жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, мурдагы президент Илимдер Академиясында, Улуттук университетинде жана Техникалык университетинде лекция окууну пландаштырган.

УБАКЫТ АРТКА КАЙТПАЙТ

“Yчɵɵ тең биз менен макулдашылган эмес. Ал 26-29-майга белгиленген. Yчɵɵ тең болбойт. Бул жерде саясий, моралдык маселе. Коомчулуктун терс реакциясын эске алып, ʏчɵɵ тең лекция болбойт деп чечим чыгарыптыр”,-деди Каныбек Иманалиев.

Белгилей кетсек, Аскар Акаевдин лекция ɵтʏʏсʏнɵ Раззаков атындагы КМТУнун студенттери каршы чыгып, кайрылуу жɵнɵтʏшкɵн.

Мурдагы президент 2005-жылдан бери Москвада жашайт. Ага кылмыш иши козголуп, эл аралык издɵɵ жарыяланган. 2021-жылы ага каршы козголгон кылмыш иштери токтотулганы маалымдалган. Андан кийин Кумтɵр алтын кени боюнча жаралган маселелерге байланыштуу кʏбɵ катары суракка да чакырылганы жалпыга маалым. Бул окуялардан кийин Акаев Кыргызстанга каалаган маалда келип, каалаган иш-аракеттерди жʏргʏзʏʏгɵ толук укуктуумун деп ойлоп калса керек. Каалаган жайда каалаган темадагы лекцияларды окуганга да акым бар деп эсеп кылган сыягы.

Убакыт менен мейкиндиктин диалектикалык чоо-жайын айтылуу эле окумуштуу Акаевге айтып олтуруунун ɵзʏ олдоксондук. Убакыт ɵткɵндɵн келечекти карай гана ɵтɵрʏн академик катары ал эң жакшы билет болушу керек. Тек гана мурдагы президент эмес, пенде катары да убакытка да, мейкиндикке да аңдоо сала жʏрсɵ, дурусураак болор беле деген ой жаралбай койбойт. Кыргызстанда убакыт ал кеткенден кийин тык токтоп, кыргыз кыйыр- мейкиндиги, айрыкча ɵзʏ мурас кылгандай арсыз абалда таштап кеткен саясий талаа уй жалагандай уңулдап бош калган жок да, тыгыздалса тыгыздалды да, кызыса кызылдай кызыды. Аны ɵзʏ бʏгʏнкʏдɵй оңтойсуз абалда каларын да эч ким ойлобогон.

ЭҢ ОБОЛУ СƟЗ БОЛГОН, СƟЗ БОЙДОН КАЛГАН

Аскар Акаев азыр  78ге чыгып калды. 2005-жылдагы “жоогазын революциясынын” натыйжасында ɵлкɵдɵн качып кеткенден кийин Москвада он беш жылдан бери жашайт. Кыргызстандын мурдагы президенттеринин ичинен Аскар Акаев ɵлкɵнʏ эң узак мезгил-дээрлик он беш жыл башкарганы менен гана эсте калды. Орусча кайрыганда, то-ли еще будет. Тилекке каршы, Акаев ага тарыхый шарт-кырдаал ыйгарган бардык мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ карабастан, канчалык каалап турса да, кыргыздын Ататʏркʏ боло алган жок. Ал ʏчʏн ага дагы канча убакыт керек эле, билип болбойт.

Аскар Акаевге тарых ɵзгɵчɵ миссияны ыйгарганын эч ким танбайт: Кыргызстан жаңы гана кɵз карандысыздыкка бут койгон. Жаш кыргыз демократиясы бир караганда лотереялык бактылуу билетти сууруп чыккандай таасир калтырган. Анткени анын колуна президент болуп постсоветтик башка республикалардагыдай компартиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы эмес, башка типаж тʏшкɵн. Таптаза  баракты элестеткен кыргыздын соңку жаңы  тарыхына каалаган жакшы башталыштарды ашыгы менен  киргизгенге мʏмкʏнчʏлʏк бар эле. Коомчулукта Аскар Акаевден ʏмʏт чоң болгонун жашырууга мʏмкʏн эмес.

Эгемендʏʏлʏктʏн алгачкы эле  мезгилинде ɵлкɵ дароо эле “демократия аралчасы” жана “экинчи Швейцария” атала баштап, Батыш аны  ɵзʏнʏн ʏлгʏсʏндɵгʏ демократияны жайылтуунун эксперименталдык аянтчасы катары карай баштаганы белгилʏʏ. Арийне, эйфория узакка созулган жок. Демократиялык институттар иштеп баштабай эле, ширма болуп кала берген. Кландык экономика жана кландык коомдук тʏзʏлʏшкɵ жараша кландык башкаруу режими да ɵз ролдорун ойноп,Кыргызстанды жок дегенде чɵлкɵмдʏк масштабда болсо да демократиялык бейише айлантуу долбоору жабылды да, жалдыраган бойдон кала берди.

Акаев ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏшʏнɵ пайдубал тʏптɵбɵй эле  тим калбастан, тескерисинче, ал ɵзʏ башкаруу системасынын ичинде аракеттенген туташ коррупциялык дубляждын  моделин тʏзʏп, анын оор кесепеттеринен мамлекет ушул  убакка дейре арыла албай келатканына коомчулук кʏбɵ. Акаевдик доордун жакшы,  элдин эсинде кɵпкɵ каларлык окуялар жана ɵзгɵрʏʏлɵр балким, аз эмес болгон чыгар, бирок ɵнʏгʏʏдɵгʏ оркойгон каталыктар менен кемчиликтер, “жетинчи кабатка чейин” жеткен коррупция менен кошо тараза ташынын оор жагына ооп кетекенин эч ким танбайт.

БАКИЕВ ЖАНА БАШКАЛАР

Акаевди алмаштырган Бакиевге да коомчулук Акаевден ашса ашаар, бирок асти  кем эмес ʏмʏт байлаганын белгилей кетʏʏ керек. Бирок,Бакиев кандай гана дурус иштерди жасоону пландаштырбасын, баары бир ага Акаевдик аз эмес доордо биротоло калыптанып алган коррупциялык элита(  ушинтип атоого мʏмкʏн болсо) жана ал сайран курган жапайы шарт-кырдаал эч бир жол коймок эмес.

Курманбек Бакиев 2004-жылы антиакаевдик кыймылга кошулуп, Бириккен элдик кыймылды жетектеген.

2005-жылдын 24-мартындагы “Жоогазын” деген сыпаттама кошулуп айтылган (айтымда, ошондогу оппозиячылар  Отунбаева баш болуп кɵчɵгɵ кɵкʏрɵктɵрʏнɵ жоогазын тагынып чыгышкандыктан улам ушундайча аталып калган)  элдик революциянын акыбетинде Акаевдик режим кулагандан кийин ɵлкɵнʏ башкаруу Бакиевдин колуна ɵткɵн.

“Бул революцияны атайылап эч ким, Россия,Америка тарабынан да даярдалган жок. Формасы жагынан да, мазмуну жагынан да бул  элдик революция болду. Акыркы жыларда мамлекетте болуп ɵткɵндɵрдʏн жыйынтыгы ушуга алып келди. Бийлик элди укпай калганда ушундай кырдаалга алып келет”,-деген Бакиев ошондо. Кызыгы, дагы беш жылдан кийин болжолдуу тʏрдɵ ушундай эле шарт-кырдаал шылтоо кылынган маанайда жасалган, коомдук жана тарыхый статустарын эч бир эксперт ушул кʏнгɵ дейре ийине жеткире ажырата албай келе жаткан “Апрель революциясынын” акыбетинде бийликтен Бакиев ɵзʏ да шыпырылаарын кʏткɵн эмес. Классикалык революциянын айрым бир кырдаалдары бышып-жетилгендей болгон Март ыңкылабынан беш жыл ɵтʏп эле кийинки революциянын мыйзам ченемдʏʏ кырдаалдары, дегеле бул ыңкылаптын кереги бар беле деген суроо менен кошо кантип жарала калганы табышмак бойдон калып келе жатат. Бакиевдик режимдин тушунда коомдук-саясий турмуштун терс кɵрʏнʏштɵрʏ да ɵйдɵгɵ калкып чыкканын жашырууга болбойт. Саясий куугунтук жана буюртма ɵлтʏрʏʏлɵр да кʏчɵп кеткенин жашырууга мʏмкʏн эмес. Бул маселелерге негизинен Бакиевдин ɵзʏ олуттуу тактоолорду жана тʏшʏндʏрмɵлɵрдʏ бере алмак.

Бакиев эгерде эл алдында ачык сот ɵткɵрʏлсɵ, кыргыз тергɵɵчʏлɵрʏнʏн бардык суроолоруна так жооп берʏʏгɵ даяр экендигин,  бийлик эгер кааласа,  ачык соттук териштирʏʏнʏ теле кɵрсɵтʏʏ аркылуу чагылдырса болорун, анын ишениминде эл аны ”100  пайызга актап алаарын” былтыртан бери билдирип келе жатат. Бирок, бул маселеде чечиле элек бир кɵйгɵй, тактап айтканда, Курманбек Бакиевге ачылган кылмыш иште соттун аны узак мезгилге эркинен ажыратуу боюнча ɵкʏмʏ бар экендигин, кылмыш ишин кайрадан кароого эч кандай тоскоолдук  болбой турганын, Бакиевдин эрки жетсе, Кыргызстанга келип, тергɵɵдɵн ɵтсɵ каршылык жок экендигин кошуп былтыркы жылдын сентябрында эскерткен. Канткен менен  Баш прокурордун “Бакиевдин эрки жетсе” деген сɵзʏндɵ биз билбеген бир мандем жок эмес экендигин белгилеп коюуга туура келет.

Абдираим Мамытов