24 апреля, 2024

БУЛ СЕЗИМ БАШКАЧА БОЛОТ. ТҮРКИЯНЫ ВЕЛОСИПЕД МЕНЕН ТҮРӨ КЫДЫРЫҢЫЗ

Түркияны велосипед менен түрө кыдырганга даярсызбы? Жер Ортолук деңизинен Эгейге чейин жашыл, көк аралаш кооз булуңдарды аралап өтүп, тунук сууларжана учу-кыйры жок деңиздерди көрүп, ошондой эле байыркы цивилизациялардын издерин басып өтүү  мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Велосипед мененбаратып,  түрк ашканасынын каңылжаарды кытыгылаган тамак-аштарынан ооз тийип, керегинче курсакты да кампайта кетсеңиз болот.  Муну менен катар Түркияда вело саякатчылар үчүн кемпинг жана глампинг зоналары, велосипедге ылайыктуу мейманканалар, улуттук жана эл аралык экологиялык белгилери менен ар кандай масштабдагы отелдер жана хостелдер да бар. Түркиявелосипеддер үчүн коопсуз унаа токтотуучу жайларды камсыз кылган, велосипеддерди коопсуз сактоо жана тазалоо сыяктуу критерийлерге жооп берген мейманканаларга«Велосипедге ылайыктуу турак жай» сертификатын берип,  жергиликтүү велосипед жолдору тууралуу маалыматы бар кызматкерлерди болсо жумушка орноштуруп келет. Мындай аракеттер өлкөдө Велосипед туризми жана туруктуу туризмди өнүктүрүү максатында жасалып жатат.

ТАРЫХ МЕНЕН ЖАРАТЫЛЫШТЫ АЙКАЛЫШТЫРГАН EUROVELO

Түркияны велосипеддер менен айланып чыгууну каалагандар үчүн атайын түзүлгөн маршруттар бар. Түркия менен Европаны бири-бири менен байлаган,  узактыгы ар кандай болгон 17 велосипед жолун бириктирген EuroVeloИзмир, Эдирне жана Кыркларели шаарларын да айланып өтөт. Велосипед менен өлкөнүн  төрт бурчун түрө кыдыруу менен сиз EuroVelo 13 — Темир көшөгө чыйырын же EuroVelo 8 — Жер Ортолук деңиз жолун басып өтүп, тарых жана жаратылыш аркылуу унутулгус саякатка чыга аласыз.Измирдин Дикили портунан Түркияга кирген EuroVelo 8 багыты ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген байыркы Пергамон шаарынан башталып, Измир куш коругу, Каршыяка, Алсанжак, Сеферихисар, Сыгажык, Урла жана Алачатыдан өтүп, Эфес шаарында аяктайт.

ЭГЕЙДЕЙ ЖАШОО ТАРТУУЛАГАН ТУРКЕГЕЙ

Кереметтүүпляждары, туркуазсууларыжанакутучасыяктуужертамдарымененбелгилүү Туркегейде(Түркиянын Эгей жээгиндеги жер)өткөргөн күнүңүз менен түнүңүз өмүрдө эсте калчу көз ирмемдердин бири болуп калат. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Түркэгейдеги байыркы шаарлар Эфес жана ПергамEuroVelo 8дин жолунда жайгашкан. Ошондой эле Фоча, Сеферихисар жана Йенипазар сыяктуу эң кооз булуңдар бар. Муну менен катар бул уникалдуу локация, зайтундун, инжирдин, чөптөрдүн жана жүзүмдөрдүн көптөгөн түрлөрү, уникалдуу түрк шараптары жана зайтун майына негизделген укмуштуудай даамдуу жана пайдалуу ашканасы менен дүйнөгө белгилүү. 

КҮНГӨ ЖАКЫН ТҮРК РИВЬЕРАСЫ

Веложолдор сизди Түрк Ривьерасына жетелеп барып, Жер Ортолук деңизини жээгиндеги токойлордо катылган улуу Таурус тоолору жана байыркы шаарларды да аралатып, кыдыртып өтүп кетет. Байыркы цивилизациялардын изин басасыз. Мисалы, токойлордун арасына катылган байыркы Олимпос шаары сизди өзүнө тартат. Бул саякатта сизди түбү терең көк деңиз, берметтей кумдар, байыркы шаарлар, каньондор жана жашыл түскө таянган кооз жолдор күтүп турат. Бир жерде токтоп, эс алайын десеңиз чатырлагерлери, бунгало үйлөрү жанаыңгайлуумейманканаларбүт шарттары, профессионал персоналдары менен сизди кучак жая тосуп алат.


ПЕРИ МОРУЛОРУНА САЯКАТ

Пери морулары менен сыйкырдуу көрүнгөн Кападокия вело саякатчылар үчүн да эң кызыктуу локация болуп саналат. Велосипедиңиз менен бул уникалдуу географияны кыдырып жүрүп, байыркы чиркөөлөр, жер астындагы шаарлар жана уникалдуу жаратылышка күбө болосуз.Кападокияга келип жер астындагы шаарларды көрүп, аскалуу мейманканада түнөп, аймакта миңдеген жылдар бою өндүрүлгөн шараптардын даамын татып кетиңиз.